Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Борбор Азия

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы нааразылык, 21-апрель 2021-жыл.
Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдындагы нааразылык, 21-апрель 2021-жыл.

Алматыдагы кытай консулдугунун алдында Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын айыптаган акция башталганына 73 күн болду. Чогулгандар Кытайдан Шинжаңдагы лагерлерде кармалган жакындарын бошотууну талап кылышууда. Бирок дээрлик эки жарым айдан бери нааразылык билдиргендерге консулдуктан эч ким чыга элек.

"Жазыксыз кармалган тууган-туушкандарыбызды бошотсун!". Мындай талаптар дээрлик эки жарым айдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында күн сайын жаңырууда.

Көп жыл мурда Кытайдан келип, казак жарандыгын алган бир нече адам 21-апрелде да жамгырга жана суукка карабай акция чыгышты. Колдорунда адаттагыдай эле Шинжаңдагы дайынсыз кеткен жакындарынын сүрөттөрү бар. Бул күнү да алар менен Кытайдын эч бир расмий өкүлү жолуккан жок.

"Мына бүгүн Кытайдагы Алматы консулдугунун алдында турганыбызга 73 күн болду. 73 күндөн бери кытай тарап бизге эч кандай жооп бербей жатат. Кытай элчилигинен бизге тез арада жооп берүүнү, бул жакта турган адамдардын үй-бүлөлөрүн Казакстанга жиберүүнү катуу талап кылабыз. Булардын баары бейкүнөө адамдар. Эч кандай Кытайдын саясатына каршы чыкпаган бейкүнөө жандар", - деди акцияга чыккан Алматы шаарынын тургуну Жеңиш Заркан.

Полиция кызматкерлери анда-санда гана чогулгандардан жолду бошотууну талап кылганы болсо көп учурда сырттан гана байкоо салып турат. Нааразылык билдиргендер кытай консулдугу расмий жооп бербесе, акцияны токтотпой турганын айтышууда.

"Бул балам эч күнөөсү жок түрмөдө отурат. Кытай өзү динге уруксат берип жүргөн учурунда 13 жашында эки ай окуп, намаз үйрөнгөн. Ал үчүн узак жылга соттоп жиберишти", - деди жаш жигиттин сүрөтүн көтөрүп акцияга чыккан Гүлбарам Өмүрали.

Казакстанда Кытайдагы жакындары менен жолуга албай жаткан канча адам бар экени белгисиз. Андай статистика жок. Бирок Кытайда калган тууган-туушкандары кысым көрүп жатканын айткан ондогон казак жарандары бир канча жылдан бери маал-маалы менен басма сөз жыйынын, же акцияларды өткөрүп, өкмөттөн жардам сурап келишет.

19-апрелде "Human Rights Watch" уюму Кытай бийлиги Шинжаңда адамзатка каршы кылмыштарга барганын билдирген. Уюмдун жаңы баяндамасында Шинжаңдын тургундарынын соттун чечими жок камакка алынганы, айрымдарынын дайынсыз жоголгону, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-биринен ажыратылганы, кара жумушка айдалганы жана сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу бир топ фактылар документтештирилген. Ошондой эле баяндамада Шинжаңда жергиликтүү мусулман жамааттарынын маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн жок кылуу аракети жүрүп жатканы белгиленген.

Шинжаңдагы казактардын көйгөйүн көтөрүп жүргөн "Ата журттун чыныгы ыктыярчылары" уюмунун өкүлү Меллатхан Айткали Бээжин укук коргоо уюмдарынын талаптарына кулак салбаганын, Шинжаңдагы куугунтук уланып жатканын айтууда.

"Кээ бир лагерлердин сырткы көрүнүшүн өзгөртүп, ичиндеги адамдардын санын азайтып, маалымат берип коюшат. Анан кайра эле мурдагы калыбында уланта беришет. Камоо, коркутуу мурдагыдай эле уланып жатат. Лагерден чыккандан кийин Казакстанга келген канча адам ачык айтып чыгуудан карманып турушат. Алар Шинжаңдагы туугандарын "күрөөгө" коюп келишкенин, бийлик аларды камап коюшарын айтышат", - деди Айткали.

Шинжаңдагы "саясий тарбия берүүчү лагерлер".
Шинжаңдагы "саясий тарбия берүүчү лагерлер".

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

"Өкмөт кабыл алган чаралар оң жыйынтыктарга алып келди жана Шинжаң төрт жылдан бери террорчул окуялардан арылды", - деп билдирген 16-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь.

Бээжин Шинжаңдын тургундары кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. Ошондой эле бул аймактагы чараларын экстремизмди ооздуктоо аракети менен түшүндүрүп жүрөт. Бирок жакындарын зарыгып күткөн казак жарандары Шинжаңдагы кырдаалдын кесепетин жон териси менен сезишүүдө.

Ээр чапкан Сагынбай
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

Чаткалдык Сагынбай Салибаев үй-бүлөсү менен ээр чабат. Жубайлар мээнет менен табылган акчага 7 баласын багып келишет. Өкмөткө салмагын салбай, өз тирилигин өзү өнөр аркасы менен багып, камсыздап келаткан үй-бүлөнүн жашоосу көптөргө үлгү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG