Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Экономика

Эл аралык донорлордун жыйыны, 27-июль, Бишкек.
Эл аралык донорлордун жыйыны, 27-июль, Бишкек.

Бишкекте өткөн Эл аралык донорлордун форумунда 14 өлкөнүн, 15 эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү Кыргызстанга 600 миллион доллар каражатты ушул жылдын соңуна чейин берүү, калганын 30 айдын ичинде которуу чечимин кабыл алышты.

Жыйында айтылган маалыматка караганда июнь айында түштүктөгү тополоңдо 375 миң адам жашап жаткан жеринен козголуп, анын ичинен 75 миңи үй жайы жок кыйын акыбалда калган. Чет элдик донор өлкөлөр жана уюмдар Кыргызстанга ар тараптуу каржылык колдоо көрсөтүшөрүн билдиришти.

Фонд бар, акча жок

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин ырасташынча, сырттан келген жардам акчалардын ар бир тыйынынын эсеп-чоту көз карандысыз эл аралык байкоочулар кеңешинин алдында айтылып, кылдат текшерилип турат. Кыргыз өкмөтү жаздан бери жаңжалдан башы чыкпаган өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө 1 миллиард ашуун доллар акча сарп кылынарын болжолдоп отурат. Анын кыйласы өлкөнүн түштүгүн көтөрмөлөөгө жумшалмакчы.

Эл аралык донорлордун жыйыны
- Азырынча бир да жамааттан же бир да патриоттон же ишкерден түзүлгөн фондго бир да тыйын келип түшө элек. Урматтуу бейөкмөт уюм өкүлдөрү ушуну угуп койгула. Текшерип көргүлө, эсеп ачылган, турак-жай сертификаты үчүн 50 миллион алганбыз, аны таратып бердик. Дагы акча алабыз, аны да таратып беребиз.

Ж.Сатыбалдиев Ош менен Жалал-Абад шаарларынын борбордук бөлүгүндө заманбап шарттагы көп кабаттуу үйлөр курулары болжолдонуп жатканын, ал жерлердеги жеке менчик үй ээлерине жер акысы, үй акысы төлөнүп, ордуна башка жер сунушталары, кааласа жаңы үйгө кирип жашай тургандыгын маалымдады.

Каржы каатчылыгы башбактап турат

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов быйыл Кыргызстан бюджетинин таңкыстыгы 619 млн. долларга жетерин, бул ички дүң продукттун 13,5% түзөрүн белгиледи. Анын айтуусунда, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга 170 млн. доллар, жетиштүү азык-түлүк менен камсыздоого 50 млн. доллар, өлкөнүн түштүгүндөгү инфраструктураны калыбына келтирүүгө 230 миллион доллар сарп кылынат.

Президент Роза Отунбаева донорлордун жыйынында.
Антип марттык менен суралып жаткан 1 миллиард 160 миллион доллар ансыз да тышкы карызы 2,5 миллиардды чапчып калган Кыргызстанды кыйла эле оор ахывалга алып келери турулуу иш. Бул акча Кыргызстан жыл бою өндүргөн ички дүң продуктунун теңинен көбүн түзчү сан.

Донор өлкөлөр менен эларалык уюмдардын жыйынында президент Р.Отунбаева өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуялардын артында чагымчыл күчтөр турганын белгиледи.

- Кыргызстан мындай кайгылуу капсалаңга биринчи ирет тушукту. Кыргыз мамлекеттүүлүгү сакталабы же жокпу? Мамлекеттик башкаруунун нукура демократиялык принциптерин киргизүү боюнча биздин өкмөттүн аракеттерин теңирден тескери бурууга бир нече ирет аракеттер болду.

Жардамдын эсеби бар

Улуттар уюмунун Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча чөлкөмдүк уюмунун жетекчиси Кори Удовички Кыргызстан эли демократиялык жаңыланууларга даяр экенин белгилеп, экономикалык көмөк өлкөнүн кыйынчылыктардан ыкчам кутулушуна жардам берилерин эскертти.

- Эки жолку саясий окуялардан элдин көбү, саясий элита да сабак алды. Көпчүлүк өзгөрүүлөргө даяр экендиктерин көрсөтүштү. Биринчиден, бул жерде калк бирууч топтун бийликти колго алып, каалагандай башкаруусун көтөрө албастыгын, муну болочокто бийликке келчүлөр да эске алышы керектигин айгинеледи.

Дүйнөлүк банктын стратегия жана операциялар жетекчиси Теодор Алерс эл аралык каржы уюмдары биргелешип Ош менен Жалал-Абаддагы апааттын зыяндары иликтенип чыкканын ырастап, анын негизинде каржылык көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

- Көмөк көрсөтүүнүн эларалык программасы алдыга коюлган милдеттерди аткарууга көмөк көрсөтөт, колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук сарптоого шарт түзөт.

Келерки айда Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү, Кыргызстан экономикасына көмөк көрсөтүү проблемалары Алматыда өтчү жыйында да талкууланмакчы.

Кыргызстанга донорлор жардам берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
Эл аралык донорлордун жыйыны. Бишкек, 27-июль.
Эл аралык донорлордун жыйыны. Бишкек, 27-июль.

Эл аралык донорлордун жыйынына 26 мамлекеттин, 15ке чукул эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Жыйында ачкан Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий-экономикалык абалга кыскача токтолуп, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө ири өлчөмдөгү каражат жумшаларын белгиледи.

Кыргыз президенти өлкө түштүгүндө кырдаал турукташып калганын, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо багытында бийлик тарабынанан тиешелүү иш чаралар көрүлүп жатканын да айтып өттү. Өлкө башчысы жаңы өкмөттүн алдында саясий атаандаштыктын негизин түзүү, идеяларды эркин билдирүү, бийликти узурпациялоого жол бербөө, Борбор Азияда биринчилерден болуп Жогорку Кеңешке көп партиялуу шайлоону ачык, калыс өткөрүү милдети турганын белгиледи. Ал ошондой эле Ош, Жалал-Абаддагы кайгылуу окуяда жабыркаган калк жашаган аймактарды калыбына келтирүү үчүн 350 миллион доллардан ашык каражат керектигин, андан сырткары түштүктүн экономикасын көтөрүү үчүн 100 миллон доллар сарпталарын айтты.

БУУнун Кыргызстандагы “Гуманитардык чакырык” программасынын координатору Нил Волкер болсо июндагы коогалаңда 375 миң адам өлкө аймагынан качып чыгууга мажбур болуп, учурда 75 миң адам мажбурлап көчүрүү абалында турганын айтты. Ал ошондой эле БУУнун адистери түштүктөгү кырдаалга көзөмөл жүргүзүп турушканын, ал жерде азык-түлүк менен камсыздоо коопсуздугуна коркунуч бар экенин белгиледи. Нил Волкер эл аралык донор уюмдарын Кыргызстандын түштүгүнө мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылык жардамды тез берүүгө чакырып, түштүктө үй-жайынан ажыраган адамдарга кыш түшкөнгө чейин турак-жай куруп берүү зарылдыгын айтты.

Кыргызстандын каржы министри Чоробек Имашев өлкөнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга 1 млрд. доллардан ашуун каражат керектелээрине токтолду. Ал каражаттар түштүктү калыбына келтирүүгө, Камбар-Ата ГЭСтерин курууга, Датка-Кемин электр зымын тартууга жумшалат. Министр ошондой эле алдын ала эконмикалык божомол боюнча жыл соңуна чейин ички дүң продукту 5,4 пайызга кыскарарын, бюджет тартыштыгы 619 млн. долларды түзөрүн, Кыргызстан эки жыл аралыгында 145 миллион сырткы карызын төлөшү керектигин белгиледи.

БУУнун КМШ жана Европа өлкөлөрү боюнча аймактык бюросунун директору Кори Удовички Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө 1 млрд. доллар каражат жумшалары тиешелүү жетекчилер тарабынан туура эсептелип, ашыкча көрсөтүлбөгүнүн белгиледи жана дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанга зарыл жардамын берерине ишеним артарын билдирди.

Эл аралык донорлордун жыйыны бүгүн кечке чейин уланат.

Кыргызстанга донорлор жардам берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG