Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июнь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Экономика

“Азаттыктын” таңкы түз обосунда экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдарды реформалоо маселесине кайрылдык. Кабарчыбыздын суроолоруна “Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун” жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жооп берди.

- Ушул тапта Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүү канчалык эркин, ачык жана таза? Мурдагы экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдардын ишинде өзгөрүш байкалабы?

- Биринчиден, тилекке каршы экономикалык эркиндиктерге байланышкан процесстер туура эмес өтүп аткандыктан, көптөгөн ишкерлер, инвесторлор азыркы тапта бизнести баштоодон коркуп турушат. Себеби рынок экономикасынын эң башкы элементи болгон жеке менчик бизде жакшы сакталбай атат. Бир тараптан коррупцияланган мамлекет жолтоо болсо, экинчи тараптан ар кыл окуялар болуп кеткен учурда көптөгөн бизнестер уурдалып, талкаланып же тартып алынышы мүмкүн.

Ошондуктан азыркы тапта ар кыл көйгөйлөрдүн аркасынан чечилбей турган проблемалар пайда болуп атат.

- Олуттуу реформаларды жүргүзүүгө эмнелер тоскоол болуп атат? Маселен Грузиянын мисалын толук албасак да, андагы элементтерди колдонуу менен ИИМди, Каржы полициясын реформалоого болбойт беле?

- Менин оюмча бул жерде эң негизгиси – саясий эрк. Себеби Грузиянын мисалын карап көрсөк, М.Саакашвили өзүнүн командасы менен кандайдыр бир идеяны ортого сала турган болушса, аны дароо эле аткарып коюп атышты. Мисалы алар айтышкан, “Келгиле бир катар өлкөлөр үчүн визалык режимди алып салалы” деп. Ошентип алар атайын тизмеге кирген өнүккөн мамлекеттер үчүн визалык режимди дароо эле жок кылып салышты. Андан башка көптөгөн иштерди тез жасап атышты.

Ал эми бизде болсо баягы советтик системадагыдай бардыгы бири-бири менен макулдашууга аргасыз болуп, талаш-тартыш болуп эле чечилбей атат. Эгер президент Р.Отунбаеванын бир министри жакшы идея көтөрүп, бирок Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бирөө эле макул болбой койсо, ошол бойдон ал жакшы идея токтоп калып атат. Р.Отунбаева болобу же башкасы болобу чоңураак эрктүүлүк көрсөтүп, өз министрине сын айтып, өз министрине ошол чечимди кабыл алдыртчу күч жок болуп атат.

- Мирсулжан, балким реформалар үчүн иш башаты катары күч структураларынан баштап, эрктүүлүк кылып ИИМди толук реформалоо керектир. Ошол эле Грузияда ИИМ кызматкерлеринин 90 пайызы толук алмаштырылган болчу. Натыйжада таптакыр жаңы полиция башка тармактардагы коррупцияны да токтоткон эле. Биз да бул практиканы алсак болоттур?

- Менин оюмча, азыркы учурда адамдарга эң керектүү нерсе – бул коопсуздук. Эгерде көптөгөн ишкерлер, инвесторлор бул жактагы кырдаалды карап көрүп, анан бул жактан аларды көчөдөн бирөөлөр сабап кете турганын же бизнесин жөнү жок тартып ала турганын көрүшсө, анда алар Кыргызстанга келбей коёт. Бул эң негизги маанилүү маселе. Биздин өзүбүзгө да керек. Ошондуктан биринчи кезекте милицияны реформалоо керек. Бул жерде биз Грузиянын тажрыйбасын карабай коё албайбыз. Менин оюмча ошолордон эле өрнөк алыш керек. Анткени эч бир жерде мынчалык революциялык реформалар болгон эмес.

Эгерде мурда Грузияда милиция кызматкерлерине болгон ишеним 10-20 пайыз гана болсо, азыр аларга болгон адамдардын ишеними 80 пайызга жетти. Бул Грузиядагы эң чоң ишеним. Ал тургай чиркөөгө болгон ишеним алардан кийинки орунда турат.

- Рахмат маегиңизге!

Эл аралык донор уюмдар жана мамлекеттер Кыргызстанга 1 миллиард 100 миллион доллар бермей болушту. Бул каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жаатындагы “Азаттыктын” суроолоруна Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев жооп берди.

- Эмил мырза, эл аралык донор уюмдар, мамлекеттер бере турчу 1 миллиард 100 миллион долларды натыйжалуу, максаттуу пайдалануу бирден-бир маанилүү маселе болсо керек. Бул ири сумманын натыйжалуу колдонулушун көзөмөлдөй турган сапаттуу механизмдер болобу?

- Эң биринчи иретте келе турчу каражаттар боюнча жаңы шарттар, жаңы механизмдер сунуш кылынып атат. Азыр ошол бөлүнүп берилип аткан каражаттар элдин көзөмөлүндө, элдин катышуусу менен максаттуу пайдаланылсын деп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын көзөмөл уюму түзүлүп атат. Президент бул боюнча өз сунушун жарыялады. Ал сунуш боюнча дирекциянын бардык каржылык ишмердүүлүктөрүн, колдонгон каражаттарын көзөмөлдөй турган топко жарандык коомчулуктун өкүлдөрү да кирет. Бул жерде көз карандысыз бизнес бирикмелери, коомдук уюмдар да бар. Ал жердеги өкүлдөр коомчулуктун кызыкчылыгын көздөп, дирекциянын каржылык ишмердүүлүгүн текшерип турганга укуктары бар.

- Демек каражаттарды пайдаланууда ачыкты принциптери сакталат экен да..?

- Биздин тарыхта биринчи жолу бийик деңгээлде мамлекеттик кызматта ушундай принциптер киргизиле баштады.

- Кыргызстандын тышкы карызы ушул күндөрү 2,4 миллиард долларга жакындап калган экен. Эгер бул акчалар кошулса тышкы карыз канчага өсөрү тууралуу алдын-ала эсептөөлөр барбы? Мунун канчасы кредит түрүндө, канчасы грант болот?

- Канчасы грант, канчасы кредит болорун азыркы тапта эч ким так айта элек. Анткени донорлор бизге “1 миллиард 100 миллион доллар бериш керек” деп сүйлөшүп аткан мезгилде анын кандай негизде келери тууралуу тактап айтыла элек болчу. Бирок алар бири-бирин үгүттөп, грант өлчөмүн көбөйтүүгө аракет кылалы деп кайрылып атышты. Биз да бул боюнча иштеп аттык. Ошондуктан грант өлчөмү алардын мурдагы айткандарынан аз болбой, келген каражаттын кыйла бөлүгүн түзүшү мүмкүн. Бирок так сандар бүгүнкү күнү белгисиз.

- Келе турган каражаттын 600 миллиону кышка чейин келери айтылбадыбы. Бирок ал каражатты өткөрүү үчүн парламент болушу керектиги айтылган. Кандай ойлойсуз, парламент түзүлгүчө бул акчаларды күтпөй эле койсо болобу?

- Өтө зарыл иштер үчүн ал каражаттар ага чейин деле келе баштайт деп биз чоң үмүт кылабыз. Биздин мамлекет жетекчилиги, дүйнөлүк банктын жетекчилиги каражатты алып келүү боюнча бардык болгон процедураларды мыйзам түрүндө сактайт. Бирок парламент түзүлгүчө деле ошол процедураларды бузбай, укуктуу жол таап, мүмкүнчүлүк таап каражаттарды алып келебиз деген ишеничте болушубуз керек. Анткени парламент түзүлгүчө күтүп отура берсек, анда элдин кышка даярдыгын толук камсыз кыла албай калабыз. Мен андай укуктук жол табылат деп толук ишенем.

- Рахмат маегиңизге!

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG