Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Экономика

27-июлда Бишкекте өткөн эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн жыйынында Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы вице премьер-министр Эсенкул Өмүралиев жооп берди.

- Бишкекте өткөн эл аралык донорлордун форумунда Кыргызстанга берилчү каражаттын 600 миллиону жылдын аягына чейин, калганы 30 айдын ичинде берилет деп убада кылынды. Чын эле ушул каражттын бардыгы Кыргызстанга толук кандуу түшөт деп ишенсе болобу?

Эсенкул Өмүралиев: Биринчиден, Кыргызстан үчүн бул абдан жакшы окуя болду. Отунбаева менен Сариевдин аракеттери жыйынтыгын берди окшойт. Экинчиден, бул донорлордун конференциясында чечилген маселе сөзсүз түрдө эртеби-кечпи аткарылат. Эл аралык уюмдар бекеринен чогулган жок бул жерде, булар адегенде ич ара макулдашып алып, бир келишимге келип, анан ушул донорлордун конференцияга келип катышып, өздөрүнүн мурдагы чечилген маселелерин жарыя кылып атат.

- Мисал катары айтсак Ооганстанга деле ушундай эле суммадагы акчалар берилип, бирок уюмдар каражатты өздөрү кошо жиберген өкүлдөргө да сарпталып калган учурлары белгилүү. Кыргызстанда да ошол көрүнүш кайталанып калбайбы, жардам берчү тарап өзүнүн өкүлүн жөнөтүп, чыгымдары да ошол акчанын эсебинен бөлүнүп калбайбы?

Эсенкул Өмүралиев: Каражатты берген киши аны көзөмөлдөш керек. Ал каражатты 600 млн. жылдын аягына дейре деп атпайбы, аны алуу үчүн ошончо мүмкүнчүлүк, күч, даярдык болуш керек. Эгер даярдык болбосо ал акчаны алалбайсың да. Мисалы, алар берген күндө да 600 млн. долларды жылдын аягына чейин сиңирип кетишке менин чоң күмөнүм бар. Себеби азыр маселелер ыкчам болбой атат. Мындай кырдаалда мамлекеттин башчысы болбосо ошонун биринчи орун басары барып, ошол жерде отуруп алып ыкчам чечип, артынан, астынан ишти кое берип иштеш керек. Андан чоң жумуш жок бүгүн.

- Азыр айтып жатабыз чечиш керек, аткарыш керек деп. Бирок бул акчаны Кыргызстанда максаттуу пайдаланышына чын эле шарт барбы?

Эсенкул Өмүралиев: Максаттуу пайдаланышына шарт бар. Себеби бүгүн ошондой муктаждык, ошондой саясий эрк бар, аны көзөмөлдөй турган кишилер бар, аткара турган орган бар. Ошон үчүн, менимче, бул маселе туура багытта кетип баратат, туура чечилет деп ойлойм.

- Рахмат.

27-июлда Бишкекте өткөн эл аралык каржы уюмдарынын, донор өлкөлөрдүн жыйынында Кыргызстанга 1,1 миллиард доллар жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Көмөк акчанын 600 миллиону быйыл, калган 500 миллион доллары кийинки эки жылда кезек-кезеги менен берилип турмакчы. Карыз акчанын канчасы грант, канчасы насыя түрүндө берилери азырынча тактала элек.


Олчойгон карыз, өчөйгөн бюджет

Кыргызстан бюджетинин киреше бөлүгү азайгандын үстүнө азайып, чыгашасы шишип-көөп көбөйүп баратканы элдин баарына дайын. Каржы министр Чоробек Имашовдун ырасташынча, жыл аягына чейин бюджет таңкыстыгы 619 миллион долларга жетери күтүлүүдө. Ош менен Жалал-Абаддагы кыйраган шаар, кыштактарды калыбына келтирүүгө 500 миллион ашуун доллар сарп кылынары эсептелип чыккан. Иши кылып өтөле оор ахывалга капталып турган өлкөгө эл аралык каржы уюмдары менен донор өлкөлөрдүн экономикалык көмөк көрсөтүшү кыйла огожо болду.

Бишкектеги конференция соңундагы маалымат жыйынында президент Р.Отунбаева маалында берилген жардамга ыраазы экенин жашырган жок.

- Бул болсо ошол Кыргызстан тезирээк ушул абалдан чыгып кетсин деген мааниде берилип жатат. Жылдан-жылга созулуп кетсе, ар бирибиз бирибизден өч алып отурсак, анда Кыргшызстан ордунда туруп калып, биздин өлкөбүз кандайдыр бир партизандык согуш болуп аткан өлкөгө айланып кетерин баары көрүп атышат. Башка жерлерде ушундай учурлар болгон.

Кыш түшкөнчө үйүнөн ажырап калгандарга баш калка жай салып, ортодогу тирешти ынтымакка өткөрүш үчүн берилип жаткан каражаттар Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы аркылуу сарпталат. Анын ар бир тыйыны эл аралык байкоочулар кеңешинин көзөмөлүндө болору донорлор жыйынында айтылды. 1 миллиард ашуун доллар акча ансыз да тышкы карызы 2,5 миллиардды бучкактап отурган Кыргызстанды биротоло күнкор мамлекетке айлантып койбойбу суроосу да турат.

Экономикалык өнүгүү министри Эмил Үмөталиев ыкчам көмөк көрсөтүү максатында берилип жаткан акчанын кыйласы грант түрүндө болорун, бирок анын канчасы бекер, канчасы жеңилдетилген шартта берилери дагы такталарын ырастады.

- Аны аягына чейин тактап бүтө элекпиз. Бүгүнкү күндө мындай ниети гана айтылды. А бирок чечими Алматыдан, анан Алматы чечиминин артынан Казакстан менен Орусиянын добушу аябай салмактуу.

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов кезектеги жардам акча ансыз деле арбып бараткан тышкы карызды опсуз чоңойтуп жибере албайт деген пикирде.

- Себеп дегенде биз коммерциялык кредит албайбыз. Эларалык өнүгүү ассоциациясынын шарты менен 40 жылга 8 жыл каникул мезгили менен анан да үстөк пайызы экиден ашпаган шарт менен алып атабыз.

Ч.Имашов жеңилдетилген шарт менен алынган кредит эсебинен өлкөнүн тышкы карызы дагы 8 - 9% көбөйөрүн белгиледи.

Куруп коюш кыйын деле эмес

Талкаланган шаар-кыштактарды калыбына келтирүү жүгү ошентип барып-келип эле бюджетке түшмөкчү. Үй-жайларды тикелөө иштерине баш-көз болчу мамлекеттик дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев өрттөлгөн үй-жайларды тургузуш жумуштары чындай келсе анчалык деле оорчулукка турбасын, жаатташкан тараптарды элдештирүү, мамыр-жумур тынч жашоого көндүрүү кыйын ишке айланарын конференцияда атайын белгиледи.

Дүйнөлүк банктын стратегия жана операциялар жаатындагы жетекчиси Теодор Алерс Кыргызстандын түштүгүндө ойнолгон трагедиянын жалыны дагы башка жактарга жайылып кетишине жол бербеш үчүн өкмөт, эл аралык уюмдар биргелешип колдон келген аракеттерди жасашы абзел деген пикирде.

- Кыргызстандын түштүгүндө июнда болуп өткөн калаймандын оорчулугун сезип эл аралык уюмдар, донор өлкөлөр ири көлөмдөгү жардамдардын кайсы багыттарга жумшалышы керектегин аныктап алышты. Эларалык өнөктөштөр түштүктө өткөн кайгылуу окуяларды көрүп-билгенден кийин ал жердегилерге жардам көрсөтүшкө даяр.

Кыргызстандын түштүгүндөгү калаймандан жабыр тарткан айрым айылдарда калыбына келтирүү иштери башталууда. Ал эми Ош менен Жалал-Абаддын борбордук көчөлөрүндө заманбап үйлөр, көп кабаттуу имараттар салынмакчы. Бул жаатташкан тараптардын аралаш, мамыр-жумур жашоосуна жол ачат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG