Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:07

Экономика

Соодасы солгундаган "Дордой"
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00

Коронавирус пандемиясынан улам “Дордой” базарындагы соода солгундады. Буга базардан чогулган салыктын көлөмү далил. Мисалы, “Дордойдогу” ишкерлер 2019-жылы 414 млн. 585 миң сомду мамлекеттин казынасына төккөн. Бул жылдын тогуз айында 160 млн. 498,6 миң сом чогулган. Орто Азиядагы ири базардагы сооданы токтоп калышынан 100 миңдеген адамдар жабыр тартып, тигүү цехтери четинен жабыла баштады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-ноябрда Жогорку Кеңеш 2021-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда колдоду.

Кыргыз өкмөтү келерки жылы каражатты натыйжалуу пайдаланып, чыгаша казынага түшкөн акчага жараша болорун билдирди. 2021-жылы да буга чейинкидей эле бюджеттин тартыштыгы 7 млрд. сом деп болжолдонууда. Коронавирус пандемиясы жана саясий каатчылыктын фонунда келерки жылы өлкөнүн бюджети кандай болот?

Бюджеттин долбоору

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. сом, чыгаша 170 млрд. сом деп болжолдонууда. Натыйжада тартыштык 7 млрд. сомду түзөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткаруу бийлиги бизнеске шарт түзүп, көмүскө экономикага каршы күрөшөрүн билдирди. Ал өкмөт 2021-жылы каражатты сарамжалдуу пайдаланып, чыгашаны кирешеге жараша жасайт деп убада берди:

Артем Новиков.
Артем Новиков.

«Биз ички ресурстарыбызды натыйжалуу пайдаланып, өз акчабызга жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Ошондуктан Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктан түшкөн акчанын эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат».

Новиков 2021-жылы экономиканы санариптештирүүгө 500 млн. сом, мамлекеттик ипотеканы өнүктүрүүгө да 500 млн. сом, чек арага чектеш аймактарга 100 млн сом, медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү үчүн 500 млн. сом бөлүнөрүн билдирди.

Өкмөт келерки жылы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жөнгө салынып, турукташтырылгандан кийин экономика калыбына келет деп пландоодо. Ага ылайык, ички дүң өнүмдүн өсүшү 635 млрд. сом болот деп каралган. Бул беш пайызды түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 2021-жылга карата бюджетти реалдуу эмес деп эсептейт:

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

«Фантастикалык бюджетти угуп жаткандай сезим калтырууда. Бюджет ушул тапта кабыл алына турчу антикризистик чаралардын талабына жооп бербейт. Артем Эдуардович, сизди болгону «бул бюджет мурдагы өкмөттөн калган мурас. Эми аны өзгөртүп жатабыз» деп айтканыңыз эле сактап жатат. Бул бюджетке жок эле дегенде 70% өзгөртүү киргизилиши керек. Себеби, ал коронавирус пандемиясында жашап жаткан шартка жооп бербейт. Азыркы долбоор январь айынан тартып өзгөчө кырдаал алынып, бардык тармактар иштеп кете турчудай жазылыптыр. Келгиле элге ачык айталы да».

2021-жылдын бюджетин легитимдүүлүгү талаш жаратып жаткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышы талкуулап атат. Парламентте өлкөнүн экономикалык негизги документин октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн техникалык өкмөт коргоп жатат.

Депутат Аалы Карашев 2021-жылдын бюджетинде айлык акы, пенсия жана жөлөк пулду көтөрүү максаты бар-жогун өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиковдон сурады. Новиков азырынча өкмөттө ал үчүн каражат жок экенин айтты.

Карашев өкмөт 2020-жылкы мамлекеттик бюджеттин кыскартылгандан кийинки 96 млрд. сом өлчөмүндөгү кирешесин да аткара албаганын айтып, келерки жылы Мамлекеттик салык кызматы жана Бажы кызматынан чогултулат делген 126 млрд. сомду аткаруу оңой болбой турганын эскертти.

Кыстаган тышкы карыз

Жыйында эң көп көтөрүлгөн маселердин бири мамлекеттин тышкы карызы болду. Депутат Акылбек Жапаров кандай болгон күндө да аны төлөөгө туура келерин айтып жатат:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Тилекке каршы биздин болгон президенттер элди карыздын эсебинен багып келген. Аткезчиликке жол ачып, экономиканы карабай коюшкан. Укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери, фискалдык кызматкерлер салык чогулткандын ордуна аткезчиликтин эсебинен жашап келген. Алмазбек Шаршенович 3 млрд. 740 млн. доллар карыз алган. Үч жыл иштеген Сооронбай Шарипович 1 млрд. 339 млн. доллар карыз алды. Акыркы 1 млрд. долларды эсептебегенде 2025-жылы жыл сайын тышкы карызды төлөө үчүн 405 млн. доллар бөлүш керек. Ички карызды кошкондо 420-450 млн. доллар төлөй баштайбыз».

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 827 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 646 млн. доллар ички карыз, 4 млрд. 180 млн. доллар тышкы карыз болуп саналат. Мунун 1 млрд. 778 млн. доллары Кытайдын Эксимбанкына туура келет.

Новиков карыз төлөөдөгү жеңилдиктер тууралуу Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Анын сөзү боюнча, Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуш кылып жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2% деп аныктоодо. Бул сумма боюнча ашыкча төлөө 2,9 миллиард сом болот.

Акылбек Жапаров экономикалык кризис учурунда аткарыла турчу иштерди санап берди:

«Биринчиден, карызды төлөшүбүз керек. Экинчиден, элди оорудан (коронавирус) жеңилирээк алып өтүшүбүз зарыл. Жана 220 миңге жакын колунда жок үй-бүлөлөрдү ачарчылыктан сакташыбыз керек. Биздин 80% жакын жашоо турмушубуз импортко байланган. Долларга аябай көз каранды болгондуктан баалар мындан ары өсө берет. Үчүнчүдөн, экономиканы реанимациялоо зарыл».

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан тыштан 25 млрд. сомдой карыз, грант алган. Анын 17 млрд. сомго жакыны пенсия, айлык акы, жөлөк пул сыяктуу төлөмдөргө сарпталды.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев бийлик экономикалык оор кырдаалда саясат менен алектенбеши керек экенин белгиледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Негизи бийлик алмашкандан кийин биз экономика, тышкы карыз, социалдык маселелер менен алек болушубуз керек эле. Биз ушул документти өзгөртүп өлкөнү өргө сүйрөгөндүн ордуна«Баш мыйзамды өзгөртөбүз» деп убакыт, энергиябызды кетирип атабыз. Эски кишилердин баарын чогултуп алып «өлкөнүн атын өзгөртөбүз, курултай кылабыз» деп атабыз. Бул туура эмес жол».

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору биринчи окууда бир добуштан колдоп беришти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG