Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Аймактык реформа: элет эмнеге нааразы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта өлкөдө административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрүн бириктирип, аймактарды ирилештирүү жүрүп жатат. Аны колдогондор менен катар кемчиликтерин көрсөтүп, нааразылыгын айткандар да чыгууда. Мындай пикирлерин акыркы убактарды Алай, Айтматов (мурдагы Кара-Буура-ред.) жана Ат-Башы райондорунун тургундары билдирүүдө.

Өлкөдө административдик-аймактык реформа тууралуу көп жылдардан бери сөз болуп жүрөт. Бирок эксперттер буга чейинки бийликтер аны батыл баштоого чыгынбай келгенин белгилешет.

Алгач пилоттук долбоорго Садыр Жапаров туулуп-өскөн Түп району тандап алынган. Ал жакта 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен беш айыл аймагы түзүлмөк.

Андан кийин Нарын облусунун жетекчилиги бул демилгени жалпы облустун деңгээлинде ишке ашырууга бел байлаган болчу. Анын жүрүшүндө Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургундары айылдык аймактын борбору катары коңшу Кызыл-Туу айылынын тандалышына каршылык билдиришкен. Алар айыл тургундарынын пикири эске алынган жок дешет.

Жакында ушуга үндөш ойлорун Алайдын Сары-Могол жана Айтматов районунун (мурдагы Кара-Буура-ред.) Шекер айылынын тургундары айтып чыгышты. Бул эки айылдын жашоочулары президент Садыр Жапаровго жана бийликтин башка бутактарына кайрылып, адилеттик издеп жаткан убагы.

Шекердин тургуну, айылдык кеңештин мурдагы депутаты Канат Андашов айылдын борборун аныктоодо кемчиликтер кетип жатат деген пикирде:

“Мен негизинен административдик-аймактык реформаны колдойм. Бирок аны ишке ашырууда кемчиликтер кетип жатат. Мисалы, биздин Таласка келсек, акыркы маалыматтарда, айылдык аймактын борбору катары Көк-Сай айылы тандалып жатыптыр. Ал үчүн тургундар жолдон тетири Көк-Сайга барып, жумушун бүтүрүп, кайра Шекерге келип, анан райондун борборуна барышы керек. Бул эми элге эле түшкөн убарагерчилик. Бул бир. Экинчиден, айыл аймактын борборун аныктоодо айылдардын тарыхын, макамын, жайгашкан жерин карап, эске алышса болмок. Шекер - Чыңгыз Айтматовдун айылы катары дүйнөгө таанылган. Ошондуктан Шекерге бир жылда ички-тышкы болуп 3 миң турист келет, алардын айрымдары, мисалы, айыл өкмөт менен жолугат, музейге барат, мөөр бастырат дегендей. Анан алардын арасында донорлор бар, ошолордун баары эми Шекерден чыгып, башка айылга катташы керек болуп жатат. Ушул жагдайлар эске алынса жакшы болмок.”

Ушундай эле оюн Алайдын Сары-Могол айылынын тургундары да билдиришүүдө. Алар Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу айылдарын бириктирип, Памир-Алай аймагын түзүүгө каршы. Алар аймактын өзгөчөлүгү эске алынбай жатат, Сары-Могол аймактын борбору болушу керек болчу дешүүдө.

“Сары-Могол Тажикстандан 2004-жылы өткөрүп алынган. Ошондон бери бул айылдын жерин тургундар келишимдин негизинде пайдаланып келет. Жер тартыш, өзүбүзгө жетпейт. Анын үстүнө жолдун өйдө жагы Талды-Суу айылына, жолдун алды Сары-Моголго карайт. Эгер биз Сары-Таш айыл аймагына карасак, анда жайытыбызды башкалар да пайдаланып калат. Жайыт өзүбүзгө да жетпей турган чагы. Бул биринчиден. Экинчиден, Сары-Моголдо ушул аймактагы эң чоң базар бар, ар бейшембиде тигил жагы Чоң-Алай, бул жагы Оштон бери келишип, соода кызыйт. Үчүнчүдөн, Сары-Моголдо башка айылдарга караганда калктын саны көп”, - деди бул айылдын тургуну Канатали Кенжеев. Алар да башка ушуга окшош көйгөй чыккан айылдардын тургундары сыяктуу эле президент баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан.

Көп жылдар бою жергиликтүү өзүн өзү башкаруу тармагында эмгектенип келген эксперт Болотбек Асанакунов реформа жүргүзүү узак убакыттан бери демилгеленип, бирок ага башкаруучулардын саясий эрки жетпей келгенин айтууда. Аны ишке ашырууда калктын ой-пикирлери эске алынбай калгандыктан нааразычылыктар жаралып жатат деди:

“Буга чейин деле реформа тууралуу көп сөз болуп, айрым жумуштар жасалып келген. Бирок бул жолкудай чечкиндүү баштоого саясий эрк жетпей келген. Мурдагы жылдарда облустарды жоёбуз деген демилгелер көп болгон. Алардын жетекчилери губернатор эмес, өкмөт өкүлү болуп калган. Райондорду ирилештиребиз деп алардын бюджети, райондук кеңештер жоюлуп кетти. Кыскасы, ушундай көп аракеттер болгон. Эми бул ирет Түп районунан жана Нарын облусунан иш башталды. Алгач реформа Кочкор районунан гана башталмак, бирок облус жетекчилиги “биз бүтүндөй облуста реформа жасайбыз” деп жарлыкка жалпы облусту коштурган экен. Жакында биз бул облуска комиссия менен барып келдик. Аймактагы 67 айыл өкмөттөн 27ин гана калтырабыз, кыркын жоёбуз деген максат коюшкан экен. Бирок буга эл дагы, жергиликтүү муниципалдык кызматкерлер да каршы. Себеби кээ бир айыл аймактардын борборуна жетиш үчүн айыл өкмөттүн кызматкерлери 40 чакырымга күн сайын барып-келип иштеши керек болуп калат экен. Буга, албетте, эл дагы, кызматкерлердин өздөрү дагы каршы. Реформаны айтканда ушул Нарындын мисалын эске алыш керек, анткени ал жакта эл арасында нааразычылык күч”.

Аймактарды ирилештирүү жараяны кандай жүрүүдө? Айылдарды бириктирүүдө алардын аймактык өзгөчөлүгү эске алынып жатабы? Экономикалык жактан канча сом үнөмдөлдү жана үнөмдөлөт? Аймактардын борборун аныктоодо кайсы критерийлер эске алынат?

Мына ушул суроолор менен Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искендер Маматовго кайрылганда, буларды айтты:

“Реформанын алгачкы отчёттук мезгили 2024-жылдын декабры деп белгиленген. Алдын ала алынган анализдер боюнча жакшы уюштурулду, жакшы өттү деген жыйынтыктар бар. Реформанын негизги максаты чиновниктердин санын кыскартуу эмес, айыл өкмөттөрдүн шартын жакшыртуу, аларга жакшы кызмат көрсөтүү, алардын өнүгүүсүн жолго салуу. Айыл аймактары ирилештирилгенде, жумушсуз калган айыл өкмөт кызматкерлери башка жумуштарга орноштурулду. Ал эми айыл аймактарынын жаңы борборлорун аныктоого келсек, бул жерде дагы деле болсо биздин элде ар бир жаран өзү жашаган айылды борбор кылууга тартып турат экен. Айыл аймагынын аталышы дагы тийиштүү бир топко тиешелүү болсо дешет экен. Мисалы, Таластагы Шекер айылын алсак, мен ал жердеги жыйынга катышып келдим. Шарты боюнча салыштырсак, Шекерге караганда Көк-Сай айылы аймактын борбору болгонго ылайыктуу. Жеринде эл менен кеңешип чечип жатат, аларга кимдир бирөө тыштан таңуулаган жок”.

Искендер Маматовдун пикири боюнча, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу башкы максат эмес. Тескерисинче, бул реформанын алкагында айрым айыл өкмөттөргө бюджеттен каражат бөлүнүп, автоунаалар таратылган.

2022-жылдын 18-октябрында президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” деген жарлыкка кол койгон.

2022-жылдын 30-сентябрында президенттин андагы маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, “реформанын максаты - элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу” деген болчу.

Ошол эле учурда ал айыл аймактарын дотациядан чыгаруу зарылдыгы турганын, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу үчүн класстердик ыкма, ”бир айылдан бир продукт” программасы ишке ашарын белгилеген.

Азыркы тапта Кыргызстанда 1981 айылда 32 шаардык жана 452 айылдык административдик-аймактык бирдик бар. Талдоолор боюнча анын ичинен бир гана айылдан турган 67 айылдык аймак бар жана аларда калктын саны көп эмес. Бирок ал жерлерде айыл өкмөтү жана ага жараша бюджети, чиновниктери каралган.

Ошол эле учурда өлкө боюнча курамына жети же андан көп айылдар кирген да айылдык аймактар бар. Мисалы, элинин саны 15-20 миңди түзгөн кырк эки айылдык аймак жана калкынын саны 20 миңден ашкан 45 айыл аймак бар. Бул жерлерде да айыл өкмөтүнүн бюджети калкынын саны аз айылдардай эле каралган.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG