Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

XX кылымдагы Түркия, бозгундар жана цензура


Түрк калайыгынын жыйыны маалында айдыңдык Түркия жумуриятын негиздеген Ататүрктүн сүрөтү көтөрүлүп турду. Таксым аянты, Стамбул. 24.7.2016.
Түрк калайыгынын жыйыны маалында айдыңдык Түркия жумуриятын негиздеген Ататүрктүн сүрөтү көтөрүлүп турду. Таксым аянты, Стамбул. 24.7.2016.

Мурдагы советтик доордогу “пантүркизмге каршы” жана башка түркофобиялык идеологиялык тузактардан алигиче бошоно албай жаткан мекендештерибиз бар. Алар жарандык эркиндик Түркияда тоталитардык СССРге караганда алда канча кеңири болгонун таназарга алышпайт. Албетте, XX кылымдагы Түркиядагы цензура тарыхындагы оош-кыйыш учурларды да ачык айтуу абзел. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстанда совет доорунда таалим алган көптөгөн замандаштарыбыз Түркияга карата кандайдыр бир теңсинбөөчүлүк мамиле жасашат. Азыркы Түркия тээ Айга чейин жетчү космостук кемеден бери долбоорлоп жатканы менен иши да жок мындай замандаштарыбыз Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагында жана Украинада түркиялык “Байрактардын” өзгөчө натыйжалуу колдонулгандыгын таңдана кабыл алышты.

Алар үчүн мусулмандар өзгөчө басымдуулук кылган Түркия жумурияты “капиталисттик жолду тандагандыгынын айынан артта калган өлкө” катары саналган.

Быйыл жүз жылдык мааракесин белгилеп жаткан Түркия жумурияты, “пролетардык жаңы маданиятты түптөйбүз” деп ураан чакырылган жана калайыктын бир кыйла бөлүгүн мурдагы эзүүчүлөр табынын өкүлдөрү – “эл душмандары” санаган жана жазыксыз жерден миллиондогон кишилерди, алардын ичинде чыгаан айдыңдарды репрессиялаган мурдагы СССРден айырмаланып, иш жүзүндө Осмон султандыгында жана ага чейин жетишилген маданий мурасты көз карегиндей сактай алды жана кызыл Кремлдин саясатынан алда канча либералыраак нукту тутуп келди.

Түркияга журт которуулар

СССРдеги ленинизм жана сталинизм идеологиясы тап күрөшүнө шылтоо кылуу аркылуу бул ири өлкөдөгү жарандык коомду жасалма түрдө экиге бөлүп, коомго кыйсыпыр түшүргөн. Тээ 1918–1939-жылдары эле мурдагы падышалык Орусиянын ээликтеринен качып чыгууга аргасыз болгон бери дегенде он миңдеген айдыңдар Анатолия жергесине келип, болшевиктик куугунтуктан баш паана табышкан.

Бул бозгундардын арасында, маселен, башкыр улутунун лидери, саясатчы жана чыгыш таануучу Ахмет Заки Валиди Тоган (Әхмәтзәки Вәлиди Туған; Ahmet Zeki Velidi Togan; 1890–1970) да бар эле.

Бир катар чыгаан азербайжан, татар, кырым татар, башкыр, казак, өзбек, түркмөн жана башка айдыңдар жарандык согуш маалында жана андан кийинки сталинизм доорунда Түркияга качып келүү менен болшевиктик өлүм жазасынан же көп жылдык ГУЛАГ абактарынан кутулушкан. Кырымдагы, Кавказдагы жана башка чөлкөмдөрдөгү айрым чакан этностордун өкүлдөрү Түркияга качуу аркылуу ырайымсыз сталиндик депортация маалындагы бөөдө өлүм-житимден аман калышкан.

Жарандык согуштан кийин болшевиктик Орусияга кайтып келбестен, Түркияда кала берген он миңдеген орустар, украиндер жана башка славян тектүүлөр да болгон.

Түркияга аргасыз ооп келгендерге 1930–1950-жылдары Батыш Кытайдан (азыркы Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагынан), ал эми советтик аскерлер Ооганстанга басып кирген соң, 1979—1989-жылдар ичинде бул өлкөдөн дагы аргасыздан журт которуп келишкен түрк тилдүү жана башка этностордун он миңдеген өкүлдөрүнүн толкунун кошуп санашыбыз абзел.

Басмачылык кыймылына катышып, жер оодарган бир катар кыргыздар оболу Кыргызстандын бийик тоолуу өрөөндөрүнөн Кытайга (Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоого, андан ары Каракорумга) өтүп, андан ары мурдагы Улуу Британиянын отор жайы болгон Түндүк-Батыш Индияга (кийинки Пакистанга) ооп келишип, ал эми 1950-жылдары Пакистандан Түркиянын Адана, Конйа жана башка шаарларына көчүп келип, орун-очок алып калышкан.

Бул көч окуялары өзүнөн өзү эле боло койгон эмес. Бул жүрүмдү жүзөгө ашыруу үчүн Түркия өкмөтүнүн саясий эрки зор рол ойногон.

Расмий Анкара, 1953-жылы кол коюлган “Эркин миграция келишиминин” алкагында, теги түрк тилдүү болгон же маданий жактан түрк тилдүү калктарга өзүн таандык санаган кишилерге Пакистандан Түркияга “эркин келгин” макамында виза алып көчүп келүүгө уруксат берген.

Бул көч тууралуу Ала-Тоодогу эгемендик күрөшүнө катышкан айтылуу Жаныбек казы Сагынбай уулунун (1861–1933), анын үзөңгүлөшү Барпы Матыбрайым уулу Назаркул небересинин (1886–1968) ж.б. бабалардын урпактары эскерип келишет.

Тасма. "Басмачы" Барпы ажынын урпагы Аруун Өзгөн. 17.3.2022.

Кыргыздардын Памирдин Ооганстанга таандык парчасында байырлап жаткан тобунун ханы Рахманкул Жапаркул уулу (1912–1990) жетектеген бир бөлүгү 1980-жылдардагы Пакистандан Түркиянын Ван көлүнүн атырабына көчү – ошондой түрк тилдүү калктардын топторунун XX кылымда Түркияга журт которуулардын бир тамчысы гана болуп саналат.

Бул кийинки көчтү уюштурууну расмий Анкара жана БУУ колдоого алган.

Түркиядагы коммунисттик эмес цензура кырдаалы

Албетте, СССРдеги сталиндик режимдин кыйыр кысымы менен Түркияда да Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы баскычтары маалында антикоммунисттик жана башка солчул кыймылдарга кысымдар болгондугу маалым.

Ахмет Заки Валиди Тоган

Ал түгүл жогоруда ысымы эскерилген профессор Ахмет Заки Валиди Тоган да “пантүркчү” катары доо боюнча бир аз убакытка абакта кармалгандыгы белгилүү.

Бирок СССРде мындай идеологиялык доого кабылгандар абактан чыкаандан кийин дагы “кара тизмеге” кабылган болсо, ал эми Ахмет Заки Валиди Тоган 1944-жылы жайында камалып, 17 айдан кийин кайрадан бошотулган жана 1946-жылы Стамбулда анын эң олуттуу эмгектеринин бири болгон “Жалпы Түрк тарыхына киришүү” (“Umumi Türk Tarihine Giriş”) аттуу китеби түрк тилинде жарык көргөн.

СССРде абактан чыккан айрым гана кишилердин эмгектери ачык жарыяланышы мүмкүн болчу.

Тогандын үй-бүлөсүнүн бейити
Ахмет Заки Валиди Тогандын (1890–1970) үй-бүлөсүнүн бейити. Стамбулдун Каражаахмет көрүстөнү. 06.5.2023.

Ахмет Заки Валиди Тоган 1953-жылы Ислам таануу институтун негиздеп, анын мүдүрү болуп дайындалган. Ахмет Заки Валиди Тоган өмүрүнүн кийинки бөлүгүн Түркияда сый-урматта жүрүп өткөргөн.

Азиз Несин

Эми теги түрк айдыңдарга келсек, даңазалуу сатирик жазуучу Азиз Несин (Aziz Nesin; өз ысымы — Мехмет Нусрет / Mehmet Nusret; 1915—1995) мырза өз мекенинде солчул көз караштары үчүн кысымга учураган кезеңдер да болгон.

Азиз Несин. Достук маанайдагы азил сүрөт.
Азиз Несин. Достук маанайдагы азил сүрөт.

Маселен, Азиз Несин Түркияга берилип жаткан америкалык көмөктүн майнапсыз жактарын сынга алган макаласы үчүн 1947-жылы 12-августта 10 айга абакка кесилип, андан соң 3 ай 10 күн Бурсадагы “коомдук полициянын көзөмөлүндө”, б.а. сүргүндө кармалган. Башка доо боюнча бир нече ай абакта отурган учуру да болгон.

1957-жылы ал өзүнүн Бурсадагы сүргүндөгү турмушу тууралуу “Бир сүргүн жөнүндө эскерүүлөр” (“Bir Sürgünün Anıları”) аттуу китебин да жарыялаган.

Эгерде Советтер Биримдигинде абакта жатып чыккан далай айдыңдар кийинки чыгармаларын кадыресе турмушка кайтып келе албастан, адатта, чет өлкөлөрдө, жашыруун басма (“самиздат”) аркылуу же кол жазма түрүндө гана жайылта алышса, сатирик Азиз Несин улам жаңы чыгармаларын эркин көз карашты колдогон түркиялык жергиликтүү басылмалар аркылуу жарыялоосун ырааттуу уланткан.

Азиз Несин өмүрүнүн соңуна чейин өз өлкөсүндө сатира отун алоолонтуп жагып турду. Стамбул шаары. 20.1.1995.
Азиз Несин өмүрүнүн соңуна чейин өз өлкөсүндө сатира отун алоолонтуп жагып турду. Стамбул шаары. 20.1.1995.

Ал өз жубайы Мерал Челен айым менен бирдикте 1973-жылы атайын кайрымдуулук кор (Nesin Vakfı) уюштуруп, чыгармаларынан алынган калем акыга жана башка каражаттарга жетим балдар үчүн атайын бала бакчалык жана орто мектептик таалим берилчү жатак үй курган. Бул кордун ишмердигин кийин уулу, математик, профессор Али Несин башкарып жүрдү, ал эми 2010-жылдан соң ушул кордун мурдагы тарбиялануучусу Сүлейман Жихангироглу жетектеп келди.

Түркиядагы жеке менчиктин кол тийбестиги бул сынчы сатирик негиздеген менчик кордун эркин иш алып баруусу үчүн укуктук пайдубал болду.

СССРде бозгунда өлгөн Назым Хикмет

Түркиядагы мурдагы цензура тууралуу сөз кылганда, албетте, Түркиянын ыңкылапчыл жана коммунисттик маанайдагы поэзиясына зор салым кошкон акын, жазуучу жана коомдук ишмер Назым Хикмет Ран (Nâzım Hikmet Ran; 15.1.1902, Селаник; грекче Фессалоники, Осмон султандыгы – 03.6.1963, Маскөө, СССР) жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт.

Түрк акыны Назым Хикмет.
Түрк акыны Назым Хикмет.

Ал 1922-жылдан тартып Орусия Компартиясынын (болшевиктик партиянын) мүчөсү болгон.

1924-жылы Түркияга кайтып келип, жашыруун иштеп жаткан Түркия Коммунисттик партиясынын “Айдыңдык” гезитин негиздеген, бирок ал басылма бир жылдан соң жабылууга туш болгон.

СССРге ал убактылуу келип, кайра 1928-жылы Түркияга кайтканында, дароо камакка алынган.

Назым Хикмет өзүнүн коммунисттик көз карашы үчүн ар кыл жылдары Стамбул, Анкара, Чанкыры жана Бурса шаарларындагы ар кыл абактарда баш-аягы 17 жылдай мөөнөттө отурган.

Айтмакчы, сталиндик СССР бул акынды “троцкизмдин жактоочусу” деп сыртынан айыптап, сынга алган учурлар да болгон.

Абакта кезинде же убактылуу боштондукка чыккан маалында да Назым Хикметтин чыгармалары Түркияда ар кыл адабий ысымдар менен (маселен, Орхан Селим / Orhan Selim, Ахмет Огуз / Ahmet Oğuz, Мүмтаз Осман / Mümtaz Osman жана Эржүмент Эр / Ercüment Er адабий ысымдары менен) жарык көрүүсүн уланткан.

Назым Хикметке арналган советтик почтоо тамгасы. 1982-жыл.
Назым Хикметке арналган советтик почтоо тамгасы. 1982-жыл.

1950-жылы, эл аралык коомчулуктун кысымы менен, Назым Хикметке мунапыс жарыяланып, ал Түркиядагы абактан боштондукка чыккан.

1951-жылы Назым Хикмет Румыния аркылуу СССРге келген. Ошол жылы 25-июлда Түркия бийликтери анын жарандыгын жокко чыгарып салышкан соң, акын “Божецки” тегаты менен социалисттик Полшанын жарандыгын алган. Бирок ал калган өмүрүн Маскөө шаарында өткөргөн.

Назым Хикмет совет поэзиясындагы Иосиф Сталинди ашыкча эле Ай менен Күнгө теңеген көшөкөрлүктү жек көрөөрүн өз досу, советтик жөөт жазуучусу Илья Эренбургга дил бөлүшө айткан экен.

Назым Хикметтин бейитиндеги айкел. Маскөө, Орусия.
Назым Хикметтин бейитиндеги айкел. Маскөө, Орусия.

1963-жылы 3-июнда Назым Хикмет жүрөгүнөн кармап өлгөн. Анын сөөгү Маскөөдөгү Новодевичье көрүстөнүндө жерге берилген.

2009-жылы Түркия бийликтери атактуу акын Назым Хикметтин түркиялык жарандыгын калыбына келтирген.

Албетте, Назым Хикметтин Түркияда абакта жаткандыгы, кийин жарандыгынан айрылгандыгы, бозгунга кетүүгө аргасыз болгондугу Түркиянын тарыхындагы кара тактардын бири экендигинде шек жок.

Бирок, тоталитардык СССРден кыйла либералыраак капиталисттик Түркиянын айырмалуу жагын алсак, ошол “кара тизмеде” кезинде деле Назым Хикметтин ырлары Түркияда калк арасында эркин жайыла берген.

Ал эми акындын көзү өткөндөн эки жылдан кийин Түркияда анын чыгармачыл мурасына карата расмий тыюу да биротоло алынып салынган.

1990-жылдардын ичинде постсоветтик Кыргызстандан Түркияга каттап калган чагыбызда, биз Назым Хикметтин ырларынан айрым саптарды түркиялык карапайым кишилер да, министрлер да ээн-эркин жатка айткандыгына өзүбүз күбө болдук.

Анан калса, түркиялык китеп дүкөндөрүнүн текчелеринде жалаң гана капиталисттик көз караш жайылтылган китептер турбастан, кайчы пикирлерге да орун берилгенин көрдүк.

Маселен, Карл Маркс, Фридрих Энгелс, Владимир Ленин, Лев Троцкий, Мао Цзедун, Дэн Сяопин жана башкалардын түркчө эмгектерин деле учураттык.

СССРде болсо “кара тизмедеги” чет элдик адабиятты өз алдынча окубастан туруп сынга алуу – көнүмүш адат эле.

Бул – тышкы саясаттагы көп нуктуу дипломатиянын гана мөмөсү эмес. Бул – Түркиядагы ички саясаттагы кайсы бир партиянын тоталитардык идеологиясына баш ийдирилген системанын жоктугунун жемиши болду.

Түркияда секуляристтердин (айдыңдардын) өкмөтү бийлеген чакта диний мазмундагы кысым болбогон сыяктуу эле, диний мазмунду жогору койгон партия бийликте турган азыркы учурда деле түркиялык коомдогу айдыңдык (секуляристтик) мамлекеттик башкаруу системасы – Ататүрк негиздеген жумурияттык түзүлүш – сакталып кала берүүдө.

Түркияда тарыхый инсандардын ролун баалоодо андай инсандардын ата-тегин жасалма көтөрмөлөө (азыркы Ала-Тоодо айрымдар умтулуп жаткандай), же, тескерисинче, жасалма төмөндөтүү (совет доорунда айрым кыргыз бай-манаптарынын тукумдарын кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан деп жалган маалыматты кошуп сыпаттагандай) учурлары биздеги мурдагы советтик тарыхый тажрыйбадай деңгээлде эч кездешкен эмес.

Албетте, ар доордо жана ар чөлкөмдө тарыхый инсанды баалоонун улам жаңы көрсөткүчтөрү кошулушу ыктымал. Бирок жалпы улуттун жана мамлекеттин тагдыры, эгемендиги жана болочогу эске алынганда, негизи, орток көрсөткүчтөр орун алышы деле ажеп эмес.

Биздин жеке пикирибизде, либералдуулук жаатындагы салыштырма орток көрсөткүчтөн алганда, XX кылымда Түркия жумуриятынын коммунисттик цензурадан эркин болгон жарандык коому СССРдин жеке басар компартиялык цензурага маталган коомунан бир кыйла артыкчылыктуу, либералыраак абалда болгон.

Дал ушул өңүттөн алганда түркиялык коомду сындаган совет жарандарынын өздөрүнүн коомунун “сыңар өтүгү майрык” болгон.

Албетте, азыркы тапта Түркиянын дагы, мурдагы советтик жумурияттардын дагы калктары азыркыдан алда канча кеңири демократиялык укуктарды камсыз кылуучу ачык коомду куруу үчүн күрөштөрүн улантып келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG