Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Айзаданын өлүмү: Зомбулукка каршылар чабуулга кабылды


Зомбулукка каршылар коркутууга кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Зомбулукка каршылар коркутууга кабылды

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аялдардын укугун коргоону талап кылып чыккан активисттердин акциясын белгисиз топ үзгүлтүккө учуратты.

Ички иштер министрлигинин имаратынын жанына чыккан активисттер коопсуздугунан улам ал жерден кетип калууга аргасыз болушту. Айрым укук коргоочулар муну атайын уюштурулган чагым катары баалашса, башкалары кескин сындап жатышат.

Белгисиз адамдардын чабуулу

Бишкекте айрым жарандык активисттер, шаар тургундары аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулушкан.

Акция башталар алдында имаратта курулуш иштери күчөп, акция өткөрүүгө ыңгайсыздык жаралды. Аңгыча милициянын үч-төрт ардагери чыгып, митингдин катышуучулары менен кайым айтыша кетти.

ИИМдин ардагерлери Айзаданын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлери жазасын алганын, мыйзамдар укук коргоо органдарынын ишине тоскоол болуп жатканын, аны өзгөртүү зарыл экенин айтышты.

Бир саамдан кийин митинг өтүп жаткан жерге бейөкмөт уюмдарга каршы чыккан жана эркектер басымдуулук кылган топ келип, акция өткөрүүгө жолтоо болушту. Жарандык активист, ырчы Зере чогулгандарды чагымга алдырбоого чакырып жатты. Аялдар укугун корголушуна коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн тынч жыйынга келгенин айткан акциянын катышуучуларынын бири коопсуздугуна сарсанаа болуп, ал жерден кетүүгө шашты.

“Өткөн жумада ар бейшемби чыгабыз деп макулдашканбыз. Азыр чагым кылгысы келип жатат, жалаң беткап тагынган жигиттер. Билбейм эмне кылгысы келип жатат”, - деди.

Антимитингге чыккандардын бири, өзүн Мирлан деп тааныштырган киши эмнеге келгенин мындайча түшүндүрдү.

“Менин талабым - бейөкмөттөр уюмдар болбосун. Кыргызстанга тынчтык керек. Булар Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып, өздөрүнүн пикирин айтып жатат”, - деди.

Каршы болгон топ “Бейөкмөт уюмдарга, ЛГБТга жол жок!” деп кыйкырышып, зомбулукту токтотууну талап кылгандарды имараттын алдынан сүрүп чыгарды.

Ошол жерде жүргөн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сеитов эки тараптын тең коопсуздугу сакталат деп ишендирген.

“Бардыгы көзөмөлдө. Эки тарапты бири-бирине жакындатпагыла дедик. Коомдук тартипти сактоо боюнча баарына тапшырма берилди. Тартип бузуу болсо, баарына чара көрүлөт”.

Анткен менен ондогон милиция кызматкеринин көзүнчө айрым укук коргоочулар опузалоого туш болушту. Активист Динара Аляева бул көрүнүшкө милициянын чара көрбөй турганына нааразы болду.

“Бул топ аялдарды коркутуп жатат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө өмүрүбүзгө коркунуч келтирди. Телефондорду ыргытышты. Мунун баары милиция кызматкерлеринин көзүнчө болуп жатат”.

Рита Карасартова
Рита Карасартова

Нааразылык акциясынан кетип калууга аргасыз болгон укук коргоочу Рита Карасартова чагым атайын тынч жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында уюштурулганын айтып, ИИМдин жетекчилигин айыптады.

Карасартова муну сөз эркиндигине, демократияга карата чабуул катары баалады.

“Атайын уюштурулду. Биз баштаганда эле темирлерди жөн эле кескилеп, түркүктөрдү сырдап, курулуш күчөдү. Ниязбековдун акылы ошого жетиптир. Эч ким жөн эле отуруп, каршы чыгып келели дебейт. Бул эки-үч күндөн бери атайын бизди каралап, уюштурула башталган”.

Укук коргоочулардын дооматына азырынча ИИМ жооп бере элек. Мекеменин басма сөз кызматкери Бакыт Сеитов Айзаданын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлери иштен алынганын жана азыр прокуратурада тергөө жүрүп жатканын билдирген.

2020-жылы 8-март күнү Бишкекте “Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” калпак кийип, беткап тагынган эркектер келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин кармалгандар коё берилген. Буга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук соту «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча ишти карап, маршка чыккандарды күнөөлүү деп тапкан.

Бирок өткөн жылы күз айларында бийлик алмашкандан кийин, тагыраагы 11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтоткон.

"Улутчулдарды пайдалануу - Кремлдин эпкини"

Жазуучу Олжобай Шакир тынч жыйындарга чагымчыл күчтөр менен тоскоол болуу – коркунучтуу тенденция экенин белгилейт. Жазуучунун баамында, улутчул күчтөрдү пайдаланып, коомдун кемчилигин ачык айтып чыккандардын оозун басуу бийлик үчүн ыңгайлуу.

“Улутчул топторду пайдалануу бизде Кремлдин эпкини десек болот. Авторитардык өлкөлөрдө улуттук баалуулук деген куралды пайдаланып, Батышка каршы боло беришет. Чынында улуттук баалуулук деген эмне экенин түшүнүшпөйт. Совет доорунун саркындысы кетпей, күчөп жатат. Өзүнүн терезесинен гана көргөндөр башкаларды душман кыла берет. Мындай көрүнүш менен алыска барбайбыз. Бийликти коргогондорду кийин ошол бийлик кордойт”.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү аялдар укугун коргоо, зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн. Анын катышуучулары ар бейшемби сайын министрликтин алдына чыгарын билдиришкен.

5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен Айзада Канатбекованын жана аны уурдаган адамдын сөөгү эки күндөн кийин Бишкектин четинде талаадан, автоунаадан табылган.

Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы, Бишкекте да ага эки жыл мурда коркутуу боюнча арыз милицияга түшкөнү белгилүү болду. Бирок милициянын ага эмне үчүн чара көрбөгөнү белгисиз.

ИИМ кыз уурдалгандан кийин убагында аракет көрбөй, шалаакылык кылганы үчүн 40тан ашык милиция иштен алынып, жазасын алганын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG