4-июнда Жогорку Кеңеш «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек ТЭЦин чыгаруу маселесин кароого киришти. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен Өнөр жай жана отун-энергетика министри Игорь Чудинов, ГЭСти куруунун шарты, жол-жобосу боюнча маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп кылышты.
Оппозициялык «Бириккен фронт» Россия менен конфедерацияга баруу демилгесин көтөрүп чыкты. Фронт уюштурган 2-июндагы жыйында мына ушундай чечим кабыл алынып, бул демилгени турмушка ашыруу үчүн 300 миң атуулдун колун топтоо иши башталары жарыяланды. Фронттун лидери Феликс Куловдун бул демилгесинин сыры эмнеде?
2-майда Бишкектеги АКШнын элчилигинин алында пикет болду. Нааразылык акциясына чыккан элүүдөй киши Манас аба майданында жайгашкан НАТОнун аскердик базасын чыгаруу талабын коюшту.
1-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитетинде Камбарата ГЭСтерин курууга байланыштуу парламенттик угуу болуп өттү. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда Камбарата ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан чыгаруу парламентке сунушталды.
Бүгүн Бишкекте «Кыргыз Республикасы: Өнүгүү форуму» деп аталган жыйын башталды. Ага Кыргызстан жетекчилиги жана донор мамлекеттердин, эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Эки күнгө созула турган жыйында Кыргызстандын экономикалык саясаты, донор өлкөлөрдүн бул багытта салымы талкууланат.
Бишкекте 16-майдан бери Кумтөр боюнча эксперттер деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал ушул жуманын соңунда, же кийинки жуманын башында соңуна чыгаары күтүлүүдө. Бул арада 2004-жылы июнь айында «Кыргызалтын» 11 миллион долларды чет өлкөлүк ЭККЕРТ аттуу фирмага которуп, ал акчанын ошол бойдон дайынсыз жоголгону аныкталууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары Батышка, өзгөчө АКШга каршы маанай күч алды. Айрым саясатчылар муну Россия менен Кытайдын геосаясий аракеттери менен байланыштырса, башкалар АКШнын жеке катачылыктары менен байланыштырууда. Антибатышчыл маанайдын пайда болушунун чыныгы себеби эмнеде? АКШ менен байланышты начарлатуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келеби?
Камбарата ГЭСтерин курууга жол ачуучу мыйзам долбоорду кароого парламент өткөн жумадан бери кирише албай турат. 28-майдагы жыйында айрым депутаттар бул маселени күзгө калтырууну сунуштаса, өкмөт жана парламенттин тийиштүү комитети кийинки жумадан баштап кароону жактоодо.
16-майдан бери Бишкекте Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн эксперттик тобу менен «Центерра голд инк» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эксперттик топтун мүчөлөрүнүн билдирүүсүнө караганда, азырынча тараптар документтердин үстүнөн иштеп жатат.
2005-жылдын июнь айынан тарта быйылкы жылдын апрелине чейин АКШнын Ооганстандагы элчиси болгон Рональд Ньюман 23-майда Кыргызстанга келип бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ал өзүнүн сапарынын максаты катары Ооганстангы кырдаал тууралуу региондогу айрым мамлекеттерге маалымат берүү деп атады. Элчи Ньюмандын сапары башталган күнү Жогорку Кеңештин бир катар комитеттери жыйын куруп, анда АКШнын Манас аба майданындагы базасын чыгаруу маселесин парламенттин жыйынына алып чыга тургандыктарын билдиришти.
Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанда Саясий партиялардын парламенти түзүлгөн. Аны түзүү демилгесин 12 партия көтөрүп, негизги максаты катары саясий партияларды өнүктүрүү жана алардын конституциялык укуктарын ишке ашыруу деп атаган. 23-майда Жогорку Кеңеште Саясий партиялардын парламентинин бет ачаары болуп, анда жаңы уюм жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш "Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун кароого киришти. Өкмөттүн пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса Камбарата1-2 ГЭСтерин курууга жана Бишкек ТЭЦинин тагдырын чечүүгө жол ачылат. Депутаттар мыйзамды талкууну баштап, бирок өз коллегаларынын сунушу менен энергетика тармагын менчиктештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын отчетун угууга өтүп кетишти.
Конституциялык сот бир айдан ашык убакыттан бери «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого киришпей турат. Алгач соттун ишти баштоосуна кворумдун жоктугу себеп болуп келген. Ал кемчилик эки судьянын шайланышы менен четтетилди. Бирок ага карабай маселе ордунан жыла элек. Бул ирет иштин жылуусуна Президент, Жогорку Кеңеш жана Конституциялык соттун ортосундагы түшүнбөстүктөр себеп болуп жаткандай.
16-майдан бери Бишкекте Кумтөр алтын кени боюна кыргыз өкмөтү менен канадалык "Камеко" компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эксперттер деңгээлинде болууда. Жыл башында мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов Москва жана Стамбул шаарларында канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок анын жыйынтыгына ал кездеги премьер-министр Азим Исабеков ыраазы боло берген эмес. Кайрадан башталган сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап Кумтөр кенинен көбүрөөк пайда алууну көздөөдө.
Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Тажикстанга иш сапары бүгүн соңуна чыгат. Ал сапар учурунда эки өлкөнүн суу-энергетика, соода-экономика, чек ара маселелерине байланыштуу сүйлөшүү жүргүздү.Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда окшоштуктар жана эки ортодо чечиле элек бир далай маселе бар.
10-майда укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушту. Анда укук коргоочулар Аксы окуясы, 19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш ишти токтотуу же өзгөртүү маселесин көтөрүшкөн. Өз кезегинде башкы прокурор Аксы окуясы боюнча жаңыдан кылмыш иши козголуп жатканын, ал эми апрелдеги митинг боюнча козголгон кылмыш иш өзгөрүүсү ыктымалдыгын билдирген.
Кумтөр кенинин айланасында чатак кайрадан ырбады. Кенге жакын жайгашкан Жетиөгүз, Тоң районунун тургундары кайрадан жол тосуп, Камекого тиешелүү автоунааларды Кумтөргө өткөрбөй турушат. Жол тосуучуларды Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиевдин колдошу, ошол эле мезгилде өкмөттүн Камеко менен “Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүүсү жана парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында канадалыктарга оң баа берилбеши Камеконун өкүлдөрүн катуу тынчсыздандырууда.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн экономикасы быйылкы жылдын үч айында жети пайыздан ашуунга өстү. Кумтөрдү кошпогондо өсүш дээрлик 10 пайызга жакын болгон. Бул көрсөткүчтөр экономиканын жандана баштаганын кабар береби, же утурумдук көрүнүшпү?
7-майда кечке жуук Сокулук районундагы Учкун айылында автонуаа жергиликтүү атуулду уруп кеткен. Ал автоунаанын ичинде америкалык аскер жүргүнчү катары болгон. Кырсыктан 50 жаштагы Зарылбек Аскарбеков каза тапкан. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Дагы жүктөңүз