Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 62 жылдыгынын алдында согуш ардагерлерине бекер паспорт берүү чечими кабыл алынды. Быйылкы жылы жалпысынан 426 миң, анын ичинде орто мектепти бүтүрүп жаткан 90 миң окуучуга паспорт берилмекчи. Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Коеналиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанда паспорт таңсыктыгы жоюлду.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жөнүндө көп мезгилден бери айтылып келет. Ал боюнча төрт баскычтуу болгон кыргыз бийлик системасынын кеминде бир баскычы алынып салыныш керек. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев административдик-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн комиссия түзүлүп жатканын билдирди.
Президент Нурсултан Назарбаевдин Бишкекке сапары учурунда Кыргызстан менен Казакстандын саясий, экономикалык, коопсуздук багытында кызматташуусун координациялай турган Мамлекеттер аралык жогорку кеңеш түзүлдү. Бул кеңештин ишин эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн тышкы иштер министрликтеринин кеңеши жүргүзөрү маалымдалды. Эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын үстүндө боло турган бул жаңы органдарды түзүүнүн максаты эмнеде?
Ишемби күнү өкмөттүн жыйыны болду. Анда Ташкөмүрдөгү «Кристалл» ишканасын мамлекетке кайтаруу жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. Эми долбоор парламентке жолдонмокчу.
Конституциялык соттун судьялыгына эки талапкер Жогорку Кеңешке шаршемби күнү сунушталды. Буга чейин президент тарабынан дагы бир талапкер көрсөтүлгөн эле. Бирок парламенттин сот-укуктук реформа боюнча комитети шаршемби күнү кворумдун жоктугуна байланыштуу судьяларды дайындоого макулдук берүү маселесин карай алган жок.
17-апрелде Жогорку Кеңеш жабык эшик артында жыйынын улантып, анда ишемби күнү Алатоо аянтында болгон окуя боюнча тасманы көрүштү. Көрүү учурунда депутаттар ортосунда чатак чыгып, оппозициялык маанайдагы депутаттар залдан чыгып кетишти.
Конституциялык реформа боюнча бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Анын жыйынтыгында тараптардын бирдиктүү долбоорго келиш ыктымалдыгы айтылууда. Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун судьяларын шайлоону шейшемби күнгө белгиледи.
Конституциялык реформа боюнча жумушчу топту түзүүгө президент 3-апрелде жардык чыгарып, 10-апрелге карай долбоорду аяктоону тапшырган. Алмаз Атамбаев башында турган 11 кишиден турган жумушчу долбоорду даярдап бүтүп, бүгүн 10-апрелде маалымат жыйынын өткөрмөкчү.
Президент Курманбек Бакиев конституциялык реформа жүргүзүү боюнча жумушчу топ түздү. Ал 11 кишиден туруп, аны премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектейт. Жумушчу топтун курамына оппозициядан 6 өкүлгө орун берилген. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов “Реформа үчүн” кыймыл жана Бириккен оппозициялык фронттун атынан конституциянын долбоорун президентке сунуштады.
Жаңы премьер-министр Алмаз Атамбаев дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрү дайындалып бүтөөрүн билдирген. Бирок 2-апрелге карай өкмөттүн 12 мүчөсү дайындалып, дагы 11 орун бош турууда. “Реформа” кыймылына кирген саясатчылар жаңы өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тартышууда. Алар президенттен эң оболу конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылышып, коалициялык өкмөт маселесин элди алаксытуу тактикасы катары сынга алышууда.
Жогорку Кеңеш Алмаз Атамбаевди премьер-министрликке дайындоого 30-мартта макулдук берди. Ушул эле күнү президенттин жардыгы менен Атамбаев өкмөт башчысы болуп дайындалды. Жаңы премьер-министр дүйшөмбү күнгө карай өкмөт мүчөлөрү дайын болуп калат деген пикирин билдирди. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?
29-мартта Азим Исабеков премьер-министр кызматынан бошотуп коюу тууралуу президентке арыз берип, аны президент кабыл алды. Ушул эле күнү президент Алмаз Атамбаевди өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.
24-мартта Бишкекте оппозициялык Бириккен фронттун эки активисти кармалып, үч сааттан кийин бошотулган. Активистерди милиция кызматкерлери баракчаларды таратып жүргөн жерден кармашып, суракка алышкан. Бириккен фронт бул кармоону милиция тарабынан укук жана мыйзамдарды бузуу катары баалоодо.
23-мартта президент Курманбек Бакиев телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу менен чыкты. 2005-жылы 24-мартта болгон элдик ыңкылаптын эки жылдыгына арналган кайрылууда азыркы кырдаал, конституциялык реформа жана күтүлүп жаткан саясий акцияларга карата президенттин пикири ачыкталды. Президенттин кайрылуусун оппозициялык саясатчылар ар кандай кабыл алууда.
Жогорку Кеңеш бейшемби күндөгү жыйынын эл аралык келишимдерди ратификациялоого арнады. Кыргызстандын тышкы саясаты, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууларына байланыштуу маселелер козголду. Парламентте бул күнү ошондой эле ички саясатка байланыштуу да билдирүүлөр жасалды.
Оппозициянын кысымга алган аракеттеринин алдында президент кадрдык өзгөртүүлөрдү баштады. Анын алгачкы жүрүшүндө коопсуздук кеңештин катчысы Осмонали Гуронов кызматтан бошотулуп, ички иштер министринин биринчи орун басарлыгына дайындалды. Андан соң башкы прокурор кызматтан алынып, бирок анын ордуна жаңы прокурорду дайындоодо жаңылыштыктарга жол берилди.
Быйыл 17-мартта Аксы окуясына беш жыл болду.Кыргызстандын кичинекей тоолуу капчыгайынан өз депутатын, өз укугун коргоо үчүн ачык күрөшкө чыккан карапайым калктын уулдарынын окко учуусуна беш жыл толду.Бул каргашалуу окуяга саясатчылар, укук коргоочулар өз көз караштарын байма-бай айтып келет. Бирок жакындарын жоготкондордун, өзгөчө энелердин ушул кезге чейин көкшүнү суубай турат.
"Камеко" корпорациясынын вице -президенти менен өкмөт башчы Азим Исабеков ушул жума башында өкмөт үйүндө сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда "Камеконун" өкүлү Кыргызстанга !Центерранын" акциясынан кошумча берүүнү сунуштаган. Бирок өкмөт башчы "Камекого" өз сунуштарын жазуу түрүндө тапшырууну өтүнүүдө.
Оппозиция өзүнүн талаптарын ачыктады. Алар конституциялык реформа, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо. Бул талаптарды аткаруу канчалык реалдуу, же бийлик менен оппозиция бир мунасага келе алышабы?
Жогорку Кеңештин депутаттары 12-мартта бир катар орчундуу маселелер боюнча пикирлерин ортого салышты. Алардын ичинде Кумтөр, Ташкөмүрдөгү «Кристалл» жарым өткөргүчтөр ишканасы жана саясий темалар болду.
Дагы жүктөңүз