Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча Камеко корпорациясы менен жаңы Башкы макулдашуу түзүүнү көздөп жатат. Мунун максаты алтын кенинен Кыргызстанга пайданы көбөйтүү экендиги белгиленүүдө. Ал эми өлкөдөгү айрым саясатчылар Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүүдө.
Кыргызстанда күндүн жылышы менен активдүү саясий күрөш башталат деп күтүлүүдө. Феликс Кулов башында турган «Кыргызстандын кең келечеги үчүн» оппозициялык фронт мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо үчүн тийиштүү даярдыктар көрүлүп жатканын жарыялады. Дүйшөмбү күнү саясий күчтөр өздөрүнүн позицияларын дагы бир ирет ачыктап, максаттарын тастыкташты.
Венеция комиссиясынын өкүлдөрү Кыргызстанда болуп, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча пикирлерди угуп кетти. Эми комиссия Кыргызстандын Конституциясы боюнча өзүнүн бүтүмүн иштеп чыгыш керек.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдиришти. Бул арада бир жагынан алтын иштери боюнча депутаттык комиссия өз ишин улантып жатса,экинчи жактан Кумтөргө ээлик кылган Камеко корпорациясы кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө киришүүдө. Эгерде Кумтөрдү кайтаруу боюнча мыйзам кабыл алынса анын пайда, зыяны кандай болот?
Бүгүн Жогорку Кеңеш быйылкы жылдын бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бюджет эми дагы эки окуудан өтүүгө тийиш. Андан кийин президентке кол коюуга жиберилет.
Бүгүн Жогорку Кеңеш 2007-жылдын бюджетин карай баштады. Бюджетке киришүүдөн мурда депутаттар жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүн ишин жетишерлик эмес деп атап, тийиштүү токтом кабыл алды.
Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеконун ортосунда сүйлөшүүнүн экинчи бөлүгү келерки жумада Бишкекте улантылат. Эки тарап мына ушундай бүтүмгө 16-февралда Москвада аяктаган сүйлөшүүдө жетишкен. Өкмөт сүйлөшүүдө алтын кенден мамлекетке көбүрөөк пайда алууну көздөөдө. Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени радикалдуу жол менен чечүүнү жактап, Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо.
Бүгүн Москвада Кумтөр кени боюнча канадалыктар менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Анда кыргыз тарап Кумтөр кенинен мамлекетке көбүрөөк пайда түшүрүүнү каалап жатса, канадалыктар Центерраны Элдорадо аттуу компанияга кошуп жиберүүнү көздөөдө.
13-февралда парламент өткөн жылдын бюджетинин аткарылышын карай баштады. Депутаттарга ал маселе боюнча каржы министри Акылбек Жапаров маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү кошумча түшкөн 1 миллиард 800 миллион сом каражаттын парламенттин макулдугусуз пайдаланылганына нааразылык билдиришти.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов АКШга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда төрага сапардын максаты, Америкада болгон жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди.
9-февралда президент Курманбек Бакиев өкмөттүн жаңы мүчөлөрү менен жолугушуп, алардын алдыда аткара турган милдеттерге токтолду. Президент өкмөт парламент менен тыгыз байланышта иштеп, экономикалык өсүштү камсыздоо менен тышкы карызга байланыштуу маселелерди чечиши керектигин белгиледи. Бирок айрым депутаттар өкмөттөгү кээ бир министрлер парламент менен иштеше албайт деген пикирде болууда.
8-февралда кечинде өкмөт толук куралып бүттү. Бирок мамлекеттик агенттиктерге жетекчилерди дайындоолор уланууда. Азим Исабеков жетектеген өкмөттүн курамын, анын ыйгарым-укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн саясатчылар кандай баалашууда?
7-февралда кечинде президент дагы бир катар министрлерди дайындады. Эки күндөн бери жүрүп жаткан дайындоолор соңунда өкмөттүн көпчүлүк мурунку мүчөлөрү өз ордуларында калганы айкын болууда.Бирок дагы бир катар маанилүү министрликтердин жетекчилери ким болоору белгисиз бойдон турат.
Кыргызстанда жакын арада өкмөттүн толук куралышы күтүлүүдө. 6-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы структурасын бекиткенден кийин бир катар министрлер дайындалды. Азырынча калган 9 министрликке, бажы жана салык боюнча мамлекеттик комитеттерге жетекчилер дайындала элек. Бирок өкмөт курамына оппозициялык саясатчылар кирбеси айкын болууда.
Кыргызстан тышкы саясатында Европага аз көңүл бурууда. Тышкы иштер министрлигинин жаңы концепциясында да буга жеткиликтүү көңүл бурулган эмес. Мындай пикирин Европа Биримдигине кирген бир катар мамлекеттерде болуп келген «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева билдирди.
27-январда Бишкекте кыргыз ишкерлеринин үчүнчү курултайы болду. Ага президент баш болгон бийлик өкүлдөрү, ишкерлер катышып, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, өндүрүштү көтөрүү маселелери талкууланды. Жыйында президент жаңы өкмөттүн курамы, структурасы боюнча айрым ойлорду ачыктады.
Президент Курманбек Бакиев премьер-министр кызматына Азим Исабековдун талапкерлигин көрсөттү. Мамлекет башчы бүгүн Өкмөт үйүндө парламент төрагасы, комитет жетекчилери жана фракция башчылары менен жолугуп, кеңешкенден кийин ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Азим Исабековдун талапкерлиги бүгүн эле Жогорку Кеңештин кароосуна расмий түрдө сунушталды. Азим Исабеков Куловдун өкмөтүндө айыл жана суу чарба министри болуп иштеп келаткан.
Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон парламент комитеттеринин төрагалары, фракция жетекчилери менен жолугушат. Анда премьер-министрликке талапкер жөнүндө кеңешүү болмокчу.
Жогорку Кеңеш Феликс Куловду премьер-министрликке дайындоого экинчи жолу макулдук берген жок. Добуш берүүнүн соңунда президент мамлекеттик жетекчилер менен жыйын куруп, анда премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүлөөрүн билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Феликс Куловду дайындоого макулдук берүү маселесин кароону уланатат. Алгач депутаттар парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин Куловдун талапкерлигин экинчи ирет киргизүү «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга каршы келерин негиздеген бүтүмү боюнча добуш бермекчи.
Дагы жүктөңүз