Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясына президент 9-ноябрда кол койду. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери төрт жолу референдум, экинчи жолу жаңы редакция менен өзгөртүлүп жаткан бул конституцияда бийлик бутактарынын балансы, адам укуктары, кандай сакталган?
Курманбек Бакиев Конституциянын өзү жактырган долбоорун парламент кароосуна 20-ноябрга чейин алып чыгат. 2-ноябрда миңдеген эл катышкан нааразылык митингисин өткөргөнү жаткан «Реформа үчүн» кыймылынын калган талаптарын президент кабыл албайт. Курманбек Бакиев бул жөнүндө бүгүн парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Кыргызстандагы ондон ашуун коомдук уюмдар жана белгилүү инсандар президентке кайрылуу менен чыгышты. Анда алар бийлик менен оппозицияны тарых, эл алдында жоопкерчиликти сезип, абалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүгө чакырышкан.
Бийлик менен оппозиция ортосунда жолугушуу качан болоору белгисиз. 25-октябрдан тарта президент түштүк регионго сапарга чыкса, оппозиция өкүлдөрү 27-октябрда ар кай жакта болоорун жарыялашты. http://gdb.rferl.org/5E43AE2F-691D-46BF-8A70-582FDFF00874_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/5E43AE2F-691D-46BF-8A70-582FDFF00874_mw800_mh600.jpg
11-октябрда өкмөт үйүнүн алдында сөз эркиндигин коргоо максатында пикет болду. Анда «Пирамида» телеканаланын абалы, КТРди реформалоо маселеси козголду. Пикетчилердин өкүлүн өкмөт башчы Феликс Кулов кабыл алып, «Пирамиданын» эмне себептен чыкпай калганын текшерүүнү Байланыш боюнча улуттук агенттиктин башчысы Кубат Кыдыралиевге тапшырды.
Оппозиция өкүлдөрү эртең өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүп, анда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына бийликтин көңүлүн бурууга аракет жасайт. Пикетте «Пирамида» телеканалынын чыкпай калуусуна, КТРди коомдук телеканалга айлантууга басым жасалмакчы.
2-ноябрга чейин оппозиция менен бийлик тил табыша алабы? Оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев "бийлик керек болсо үч сааттын ичинде биздин талаптарды аткарууга жетишет" дейт. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо оппозиция "бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат" деген пикирди айтууда. Бул арада Россиянын башкы прокуратурасынын Борис Березовскийдин эмне себептен Кыргызстанда кармалбаганы боюнча каты ачыкка чыгууда.
Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга расмий сапары соңуна чыгат. Ал 3-октябрда Ташкенде Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөр өткөрүп, анын соңунда биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Билдирүүдө өлкөлөр ортосундагы чек ара бүтүндүгү урматталаары белгиленди. Бирок тараптар чек аранын делимитацияланган бөлүгү тууралуу келишимге кол коюшкан жок.
Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн калкына алгачкы кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент кайрылуу сөзүндө Кыргызстандын өнүгүү боюнча улуттук стратегиясы жана жакынкы милдеттери жөнүндө белгиледи. Эми президенттин кайрылуусу коомчулукта талкууланып, өкмөт түзүп жаткан өлкөнүн өнүгүү стратегиясы менен жуурулуусу керек. Өлкө саясатчыларынын ичинде кайрылууну оң баалагандар да, аны сынга алгандар да чыгууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев президент Курманбек Бакиевге каршы импичмент жараянын баштаарын жарыялады. Депутаттын мындай кадамына эмне негиз болду жана анын келечеги барбы?
1-сентябрда Жогорку Кеңеш күзгү сессиясын баштады. Сессиянын алгачкы күнүндө депутаттар өлкөдөгү кырдаал боюнча өз пикирлерин айтып, андан кийин күн тартибин бекитишти.
Кыргызстан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 29-августта «Азаттык» радиосунун бир катар суроолоруна жооп берди. Анда негизинен кыргыз-өзбек мамилесине байланыштуу маселелер козголду.
5-августта Бишкекте Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын бешинчи курултайы болот. Курултайда улуттар аралык мамиле, Ассамблеянын ишин өркүндөтүү менен катар саясий маселелердин талкууланышы да күтүлүүдө.
19-июлда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында болгон жыйында өлкөдө тартип жана мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөш маселеси талкууланды. Жыйын соңунда күч структураларынын жетекчилеринин бири «Хизбут тахрир» партиясы Кыргызстандын тартип коргоо органдарына жихад, биз аларга газават жарыяладык», деп билдирген. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?
Конституциянын долбоорун жазган жумушчу топтун мүчөлөрү жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп, элдин пикирин угуп келди. Эми комиссия август айына чейин долбоорду толуктап жазып, андан соң президентке тапшырмакчы.
Украина төрт айдан бери өкмөт түзө албай келатат. Президент Виктор Ющенко парламенттик көпчүлүккө 25-июлга чейин коалициялык өкмөт түзүүнү сунуштады. Эгерде ага чейин өкмөт түзүлбөсө парламентти таркатуу, жаңыдан шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү күч алат. Украинадагы саясий баш-аламандык Кыргызстанда парламентик башкаруу системасын түзүү идеясына кандай таасир этти.
АКШнын эки дипломаты Каку Кимара менен Пол Политес Кыргызстандан чыгарылды. Мындай маалыматты коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген жооптуу кызматкери да тастыктады. АКШнын элчилигинин маалыматы боюнча, дипломаттарга өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери менен туура эмес байланыштарга барган деген айып коюлган.
«Бител» компаниясынын айланасында дагы сырдуу окуялар жүрө баштады. Компаниянын башкы директору Денис Шершневдун билдирүүсүнө караганда, «Бителдин» мүлкүн «Скай Мобайл» компаниясына өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыкты. Ошентип Кыргызстандагы мобилдик байланыш боюнча монополист «Бителди» колуна алган «Скай Мобайлдын» артында кимдер турат?
Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясы чуулгандуу кылмыш иштер боюнча башкы прокуратураны сынга алып, кемчиликтерди жоюуга эки ай убакыт берди. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев буга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, өз жообун берүүгө аракет жасады.
23-июнда Жогорку Кеңеш Кант цемент-шифер заводунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана курулуш материалдарына баалардын көтөрүлүшүн иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Апрель айынан бери иш жүргүзүп келген комиссия заводду сатып алган инвесторлор инвестициялык макулдашууну аткарбаганын аныктап, ошого байланыштуу заводду мамлекетке кайтарууну өкмөткө тапшырды.
Дагы жүктөңүз