"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Италияда бүгүн жалпы шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө чейин жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Романо Проди жетектеген оңчул-борборчул оппозициянын шанстары премьер-министр Силвио Берлусконинин консерваторлоруна караганда жогорураак деп айтылууда. Кечээ аяктаган шайлоо өнөктүгү өтө курч мүнөзү менен айырмаланды. Берлускони өзүн колдобогондорду “макоолор” деп атаса, Проди болсо сыналгыдагы дебаттардын маалында премьерди аракечтерге салыштыра кетти.
Бүгүн дүйнөлүк ден-соолук күнү. Быйыл БУУ аны ар күн адамдардын өмүрлөрүн сактап, кабагым кашым дебей колунан келген жардамын аябаган медициналык кызматкерлерге арнады. “Азаттыктын” кабарчысы Кэтлин Муур былтыр күздө Пакистандагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга биринчилерден болуп барып, жардам көрсөткөн дарыгер Фазал Ахтар менен маектешти. Ахтар Карачидеги Урология жана трансплантация институтунда иштейт.
Кечээ кечинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыска мөөнөттүү сапар менен Москвага келди. 5-апрелге чейин уланчу визити маалында казак президенти орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуп, Мамлекеттик Думада чыгып сүйлөйт. Айрым аналитиктердин пикиринде, Казакстан Россия үчүн ишеничтүү шериктердин бири.
Россиялык “Союз” космос кемеси бүгүн Эларалык станцияга жетти. 2 күн мурун учурулган кеменин экипажы бразилиялык алгачкы астронавт Маркос Понтес, америкалык Жеф Уильямс жана россиялык Павел Виноградовдон турат.
Дээрлик бир жылдан бери Өзбекстан эларалык коомчулуктун көңл чордонунда болуп келатат. Былтыр 13-майда президент Каримовтун өкмөтү Анжияндагы демонстрацияларды ырайымсыз басып, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган. “Азаттыктын” кабарчысы Бреффни Орурк “Өзбекстан - Борбор Азиядагы бейстабилдүүлүктүн булагыбы?” деген макаласын чыгарды.
Бүгүн Францияда эмгек жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы ири акция өтүп жатат. Бир нече жумадан бери өлкөнүн көпчүлүк жогорку окуу жайлары жабык турат. Жаш лидерлердин бири, Париждеги Ассас университетинин студенттик кеңешинин жетекчиси Талия Бретон кабарчыбыз Антуан Блуанын суроолоруна жооп берди.
Украинага иш сапар менен барган Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, азыр «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева ал жактагы парламенттик шайлоодон алган таасирлери, байкоолору менен «Азаттык» радиосуна бөлүштү.
БУУнун башкы прокурору Карла Дел Понте Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич өз жанын өзү кыйган деген божомолду жокко чыгарбайт. Бул тууралуу прокурор жекшембиде түштө өткөргөн пресс-конференцияда билдирди.Бирок Дел Понте иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туруу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Милошевич түрмөдө киши колдуу болгон деген шектенүүлөрдү четке какты.
Былтыр 8-мартта Россиянын маалымат каражаттары чечен сепаратисттеринин лидери Аслан Масхадовдун өлүмү жөнүндө кабарлашкан эле. Анын жок кылынышы Чечен маселесинин жөнгө салынышына өбөлгө түзмөк турсун, тескерисинче, жаңжалдын Түндүк Кавказдын башка аймактарына жайылышына алып келди, - деп эсептейт “Азаттыктын” аналитиги Лиз Фуллер.
Германиянын Рюген аралында өлгөн мышык куш тумоосуна чалдыкканы тастыкталды. Буга чейин Азияда да ушундай учурлар катталган, бирок алгачкы жолу H5N1 вирусуна Европадагы сүт эмүүчүлөр кабылды.
Дүйшөмбүдө Европа Биримдиги палестин элине 120 миллион евро жардам берээрин жарыялады. 25-январдагы парламенттик шайлоону “Хамас” радикал тобу жеңгенден бери автономияга берилип жаткан финансылык жардам талаштуу маселелердин бирине айланды.
Иракта суннилер менен шийилердин тирешүүсү уланып жатат. 22-февралда Самарра шаарында шийилердин ыйык жайы жардырылып, зомбулуктун жаңы толкунуна түрткү берди. Ошол күндөн бери дээрлик 200 киши курман болду, алардын көпчүлүгүн шийилердин өч алуусуна туш болгон суннилер түзөт. 20 чакты мечит жок кылынды.
Еврокомиссия 26-февралдан тартып Беларуска багытталган көз карандысыз телерадиоберүүлөр башталат деп жарыялады. Алар Евробиримдик тарабынан каржыланмакчы. Эки жылдык долбоор Россия, Германия, Польша, Литва жана беларуссиялык шериктерден турган консорциум тарабынан ишке ашырылат. Бул –шаркеттин демократиячыл эмес коңшусуна багытталган алгачкы ушундай долбоору.
13-февралда Ирандын Ком шаарында суфизмдин 1 миңден ашуун жолдоочусу камакка алынды. Суфизм Иранда акыркы кезде популярдуу болуп баратат. Өлкөдө дервиштер менен салттуу исламдын жактоочулары ортосунда тирешүү дайыма болуп келген. Бирок дервиштердин өкүлдөрү белгилегендей, аларга каршы чабуул бийликке жаңы президент келгенден бери өзгөчө күчөдү.
Дагы жүктөңүз