Мындан ары Кыргызстанда менчиктин кол тийгистиги мыйзам негизинде ырасталат. Буга чейин Башмыйзамда белгиленип, бирок да аны ишке ашыруунун механизмдери тактала элек болчу. 14-ноябрда парламент менчиктин кол тийгистигин ырастаган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Депутат Инамжон Абдырасулов жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин соттор да менчик ээлеринин укугун коргоп калар деген үмүттө.
- Ушул мыйзам өтүп калса бирөөнүн менчигине кол тийгизиштен мурдараак жаза алыштан коркуп, акча алардан мурда анын башына, мээсине жакшыраак ой келип каларбы деген сөз,- деп айтты ал.
Жаңы мыйзам долбоорун парламентке сунуш кылган депутат Нурдин Абдылдаев менчикти коргоодо чектен ашып кетпөө түшүнүгү кыйла эле татаал экенин белгилеп, ортодо чыккан талаштуу маселелерди сот гана аныктарын эскертти.
- Кандай болгон күндө да сот арбир факт боюнча тергеп-тескеп, эгер менчик ээсинин курал алып жүрүүгө акысы болсо, аны менчигин коргоо үчүн колдонууга деле укугу бар.
Депутат Сооронбай Жээнбеков менчик укугу жалаң эле жашап турган үйгө эмес, тийиштүү дүйнө-мүлктүн баарына, ириде жерге тиешелүү экенин жыйын катышуучуларынын эсине салды.
- Жерим болсо да мисалы. Анан ушуга алып келип туруп бирөө он жылкысын жайып ийди. Ал жылкылар баарын жеп койгондон кийин аны алып барып камап койсо, ал милицияга акчасын берип арыз жазып жатат, менин жылкыларымы уурдап кетти деп.
Жаңы мыйзам бир жыл илгери кабыл алынса базарлардын айланасындагы талаш-тартыш чыкпай, дүйнө-мүлкүн коргойм дегендердин айрымдары куугунтукка алынбай калар беле? Мындай өкүнүчүн депутат Алиярбек Абжалиев ачыкка чыгарды.
Депутат Кубатбек Байболов менчик түшүнүгү социализм заманында башкача аңдалып, анын укуктук баасы теңирден тескери берилип келгенин, Кыргызстан да цивилдүү өлкөлөрдүн катарында турам десе, ага карата мамиле-катышын өзгөртүүсү зарыл экенин белгиледи.
- Азыр биздин ушу ахывалда менчикти таптакыр коргой албай калдык.
Көчмөндүк доордон калган бирөөнүн мүлкүн барып уурдап алуу, тартып алуу ышкысы ушу заманда да кала элек. Аны бир жарым жылдан берки окуялар апачык, дапдаана көрсөтүп келатат. Жаңы мыйзам вице-спикер Таирбек Сарпашев белгилегендей, бирөөнүн мүлкүн басып алгысы келгенди эске келтирип, баштагын жаткан ишинин аяк-башына дагы бир жолу акыл калчоого түртөт. Ошол эле учурда,
айрым депутаттар менчикти коргоонун жаңы мыйзамдык чараларын колдонуу учурунда коргонуу чегинен ашып кетүү коркунучу да бар деген көз караштарын да билдиришти.
Сүрөттө : Жалалабатта бирөөнүн менчигиндеги жерди басып алган жарандардын чыр-чатагы ушу күнгө чейин баcылбай келатат