2-ноябрь күнү Бишкекте базарлар менен дүкөндөр жарым-жартылай гана иштеди. Он миңдеген митингечилер 2005-жылдын 24-мартындагыдай башаламандыкты жаратып, талап-тоноочулук болуп кетиши мүмкүн деген шектенүүдөн соода түйүндөрүнүн көпчүлүгү өз кардарларына эшик ачканы жок. Айрым шаар тургундары азык-түлүктөрдү алдынала камдап алгандыгы да айтылууда.
- Бүгүн биздин “Кербен” жактагылар гана аз-маз иштедик. Базардын башка бөлүктөрүндө бирин-серин эле контейнерлер ачылды. Кыргыздан башка улуттар таптакыр чыкпады деп атышат.
Дамира Айсариева жалпы базар боюнча 10 пайыз гана базарчылар иштеди, 90 пайызы келгени жок деп кесе айтты.
Зиракан Кеңешова базарда жакындан бери ар кандай сөздөр тарагандыгын, атчандар келет имиш шаарга деген сөз башка улуттардын үрөйүн учургандыгын жашырганы жок. Кошуна контейнерлердеги сатуучулардын чогула калып радио уккандары да бар экен. Алар кардарлардын жоктугуна айрыкча кейишти.
Бул шаардан сырткаркы “Дордой” базарындагы акыбал. Ал эми Бишкектин орто тушунда жайгашкан Ош базарында сатуучулар аз чыккан менен кардарлары арбын болуптур.
-Ош базарында 50 пайыз контейнер иштеди бүгүн. Былтыр 24-мартта деле ушундай кардарлар көп болгон,-деди Дүйшөн Назиев.
Анткени, базарчылар ишке чыкпаса ошондон бүт шаардыктар дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн деп эсептейт.
2-ноябрда Бишкектеги “Гоинг”, “Силкувей”, “Бета сторес” сыяктуу супермаркеттер да иштегени жок. Кабат-кабат кайтарууда. Баарынан да Бишкек шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн толук иштебегендиги элдин эсин кетиргендей. Элдик эсептелген “Народный” наамындагы дүкөндөрдүн бул күнү толук жабылып тургандыгы жаатында Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Народный” дүкөнүнүн кызматкери Чыңгыз Бекболотов кеп кылды.
Шаарда азык-түлүк дүкөндөрүнүн камаарыбай иштегендери да жок эмес. Ошондой “Даурен” дүкөнүн кыйналып таптык. Атын атагысы келбеген сатуучу айрым шаардыктар алдыдан кооптонуп азык-түлүктү арбын камдап алгандыгын кошумчалады.
3-ноябрь күнү бул багыттагы кырдаал митингечилердин тартибине жараша өнүгүп-өзгөрөт шекилдүү.
Кожогелди Култегин, Бишкек