Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Экономика

Вьетнамдын баш калаасында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык - АТЭКтин форуму ачылды. Ханойго 21 өлкөнүн лидерлери, анын ичинде АКШ, Россия, Кытай президенттери келишти.

Саммиттин катышуучулары глобалдуу сооданы либералдаштыруу сүйлөшүүлөрүн жандантууга аракеттенишерин билдиришти.
Июлда АКШ менен Евробиримдик Доха шаарындагы жолугушууда айыл-чарба субсидияларын кыскартуу жөнүндө орток пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган эле. Атап айтканда Евробиримдик, Индия, Бразилия жана АТЭКтин мүчөлөрү АКШ, Австралия жана Япония бир мунаса таба алышкан эмес.

Доха айлампасынын жанданышы глобалдуу экономиканын өсүшүнө жана жакырчылыкты жоюуга жардам берет, - деп белгилешти лидерлер.

Бүгүн эртең менен болсо Мельбурнда Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлү Доха сүйлөшүлөрү улантылса, АКШ биринчи болуп субсидияларды кыскартууга тийиш деп билдирди.

Анын аралыгында Ханойдо АКШ президенти Буш Сеулду Түндүк Кореянын кемелерин текшерүү программасына колдоо көргөзүүгө көндүрө алган жок. АКШнын ырастоосунда, андай инспекция Пхеньянга жаңы атомдук технологияларды сатып алууга жол бербейт.

Түштүк Кореянын президенти Ро Му Юн менен жолугушуусу алдында Буш буларды айткан эле:

- Бул маселени дипломатиялык, тынч жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюция ишке ашырылып жатканын дүйнөгө көргөзүү абдан маанилүү. Андыктан сүйлөшүүлөрдө санкцияларды аткаруу маселеси да козголомокчу.

Ошол эле мезгилде Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Сеул курал-жарак ташууда деп шектенткен кемелерди инспекциялоону уланта берет деп белгиледи. Мындай милдеттенмени өлкө курал-жаракты жайылтпоо келишиминин алкагында алган.

Форумга катышкан лидерлер ошондой эле Түндүк Кореяны атомдук программасынан баш тартууга, эларалык сүйлөшүүлөргө кайтууга үндөгөн биргелешкен билдирүү жасашат деп күтүлүүдө.

19-ноябрда Жорж Буш жана Владимир Путин Россиянын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюшмакчы.

Айнура Жекше кызы, Прага

16-ноябрда АКШнын Сан-Франциско шаарында атактуу экономист Милтон Фридман 94 жашында дүйнөдөн кайтты. Айрым белгилүү эксперттердин пикиринде, Фридман дүйнөлүк экономикага эң орчундуу таасир тийгизген экономисттердин бири болгон жана анын эмгектери эркин экономиканын өнүгүүсүнө эбегейсиз көмөктөшкөн. 1976-жылы Фридман Нобел сыйлыгына татыган.

1912-жылы Нью-Йорк шаарында туулган Милтон Фридмандын ата-энеси Америкага Батыш Украинадан көчүп барган. 1932-жылы Рутгерс университетин аяктагандан кийин Фридман кийинки жылы Чикаго университетинде магистр наамын алган жана Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетине аспирантурага өткөн.

Аспирант кезинде ал АКШнын Табигый байлыктар боюнча жана Экономикалык изилдөөлөр боюнча улуттук комитеттери менен кызматташкан, бирок анын экономика тармагында жасаган айрым ачылыштары ал кездеги бийликке жаккан эмес. Мисал үчүн, жеке ишкердүүлүктөн түшкөн киреше боюнча ал 1940-жылы аяктаган изилдөөнүн жыйынтыктары Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин гана жарыяланган.

Согуш учурунда Фридман каржы министрлигинин тапшырмасы менен АКШнын салык системасын жөнгө салуу программасына катышкан. Нью-Йорктон кайрадан Чикаго шаарына кайтып келгенден кийин ал Чикаго университетинде экономисттердин өзүнчө тобун түзгөн жана алардын изилдөөлөрү кээде АКШнын Федералдык банкы жүргүзүп жаткан саясатта да каталарды таап-көрсөткөн.

Согуштан кийин Батыш Европа мамлекеттери үчүн АКШ Маршалл планын түзүп, аларга эбегейсиз экономикалык жардам көрсөткөндө, Фридман 1950-жылы Париж шаарына чакырылып, ал программанын аткарылышына кеңешчи катары катышкан.

Согуштан кийин дүйнө мамлекеттери Эл аралык валюта корун жана Дүйнөлүк банкты түзгөндө, алардын алгачкы каржы саясатында дагы Фридман бир топ орчундуу ката тапкан. Ошол 1950-жылдарда Фридман башка атактуу экономист Жон Кейнс жана анын тобунун изилдөөлөрүн сынга алып, өзү керектөөчүлүк теориясын жана андан соң эркин коомдогу акча жүгүртүү боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын бул изилдөөсүндө коомдогу акчанын көлөмүн өзгөртүү менен макроэкономикалык максаттар жана экономикалык стабилдүүлүккө жетүү мүмкүн экени жана анын негизинде түзүлгөн кийинки монетардык теория бүткүл дүйнөлүк экономикага таасир тийгизген.

1971-жылы Фридман АКШнын ал кездеги президенти Ричард Никсондун кеңешчиси болуп иштеген жана өкмөттүн экономикалык саясатынын айрым көрүнүштөрүн сынга алган. Анын теориясын кийинки президент Рональд Рейган, Улуу Британиянын ал кездеги премьер-министри Маргарет Тэтчер, Чехиянын азыркы президенти Вацлав Клаус өтө жогору баалаган. Азыркы америкалык президент Жорж Буш 2002-жылы Фридманды Вашингтондогу Ак үйдө кабыл алып, анын идеялары дүйнөгө кеңири тарап, дагы жаңы жеңиштерге алып келээри тууралуу айткан.

Монетардык теориясы үчүн Фридман 1976-жылы Нобел сыйлыгына татыган. СССРдеги план экономикасы жыйынтык бербей жатканын көргөн жаш экономисттер өз реформаларында Милтондун теориясын колдонгон, бирок айрым башка белгилүү экономисттер бул теорияны эмгиче сынга алып келүүдө.

Фридмандын 1962-жылы чыккан "Капитализм жана эркиндик" деген, андан соң 1980-жылы жарык көргөн "Тандоо эркиндиги" деген китептеринде эркин экономикага мамлекет мүмкүн болушунча азыраак кийлигишүүгө тийиш деген сунуштар айтылган. АКШдагы жалданма армия дагы Фридмандын сунушу менен түзүлгөн деген маалыматтар бар. Атактуу экономист АКШнын "Ньюсуик" журналына 1966-жылдан тартып такай макала жазып келген.

1977-жылдан бери Фридман Стэнфорд университетинин Гувер институтунда иштеген жана 16-ноябрда жүрөгү кармагандан 94 жашында ооруканада кайтыш болду.


Нарын АЙЫП, Прага,

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG