Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Экономика

Кыргызстандын экономикасында быйылкы жылы өнүгүү болгон жок деп айтылды бүгүн кыргыз өкмөтүнүн тогуз айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңейтилген жыйынында. Ички дүң продукция бир жыл мурда президент белгилеген 8% өсүшкө жеткен жок. Өкмөт башчы Феликс Кулов муну өлкөдө саясий стабилдүүлүктүн жок болуп жаткандыгы менен байланыштырды.

Премьер-министр Феликс Куловдун айтымында Кыргызстандын жарандары үчүн митинг, пикет ж.б. массалык нааразылык акциялары көнүмүш көрүнүш болгону менен эң ириде булар чет элдик инвесторлорду кооптондуруп жатат:

-Биз стабилдүү деп санайбыз. Бирок башка өлкөлөрдүн эксперттеринин баасы боюнча, биз кооптуу өлкөлөрдүн катарында турабыз. Бул деген эл аралык инвесторлорго таасирин тийгизип, алар бизге келгенден чочулап турушат.

Премьер-министр өкмөттүн алдына коюлган тапшырмалар жай аткарылып жаткандыгын да мойнуна алды. Куловдун айтуусунда кийинки жылы экономиканы көзгө көрүнүктүү деңгээлде көтөрүүгө азыртан коюлуп жаткан тапшырма жана талаптар түрткү болмокчу.

Ички дүң продукциянын жыл башында президент белгилеген 8% жетпей калышы өлкөдө экономикалык өсүш болбогондугун билдирет. Бул тууралуу 1-вице премьер министр Данияр Үсөнов билдирди.

-Жыл аякташына болгону эки ай гана калды. Болжол менен ички дүң продукция жыл аягына чейин 5,5% өсүшү мүмкүн. Демек, биз жыл башында президент белгилеген 8% өсүштү ишке ашыра албайбыз. 5% өсүү деген—өлкөдө быйылкы жылы өнүгүү болгон жок деген сөз.


Данияр Үсөнов кандай болгон күндө да жыл аягына чейин президенттин тапшырмасын аткаруу зарылдыгын өкмөт мүчөлөрүнө эскертип, эки жуманын ичинде эки айлык иш пландарын түзүүнү тапшырды.

Быйылкы жылы Кыргызстан тышка товар экспорттоо жагы боюнча мактана алышы мүмкүн. Экспорт жашылча-жемиш, тери, цемент, электр энергиясы сатылышы менен өткөн жылга караганда 18% өскөн. Ошол эле учурда импорт 51,4% түздү. Быйылкы жылы импорттун өсүшүнө салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр: айрым чарбалык иштерге багытталган товарлардан кошумча нарк салыгын алып салуу негизги өбөлгө болгон.

Өлкөнүн экономикасын аксатып, артка тартып жаткан тармактар катары тоо-кен, анын ичинде көмүр казып алуу, энергетика, курулуш, алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана айыл чарба тармактары аталды. Бишкек шаарын жылытуу үчүн гана ТЭЦке Казакстандан көмүр сатып алуу үчүн 20-25 млн доллар кетет. Бул акчаны Кыргызстандагы көмүр кендерин иштетүүгө салуудан өлкө алда канча утмак деди биринчи вице-премьер министр. Ал эми каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, “Электр станциялары” АК үстүбүздөгү жылы тогуз айда 49 млн сом салык төккөн. Бул аталган ишкананын 2001-жылы төлөгөн салыгынан беш эсеге аз болуп жаткандыгын белгилеген министр энергетика тармагын тез арада реформалоону сунуштады. Бүгүнкү күндө энергетика тармагы элден 2,5 млрд сом аласасын өндүрө албай келүүдө.

Ал эми алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү тармагы да эң чыгашалуу тармак болууда. Каржы министринин айтымында учурда сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктердин 94% контрабандалык жол менен апкелинген жана көмүскөдө жасалган:

-Бул күлкү келерлик нерсе да: арак чыгарып, бирок чыгашалуу тармак болуп атканы. Буга чейин мунун баарына атайын эле көз жумулуп келген. Эми мындан ары көздү чоң ачып эле, ачык айтыш керек. Бул деген эң чоң бизнес, ал өкмөттүн көзөмөлүндө болуп, өкмөткө пайда бериш керек,-дейт Акылбек Жапаров.


Замира Кожобаева, Бишкек

Кыргызстанда быйылкы жылы канча арак-шарап, спирт ичимдиктери чыгарылды, андан мамлекет казынасына канча киреше түштү, ичимдиктердин сапатын көтөрүү аракети кандай натыйжаларды берүүдө? Мына ушул суроолордун айланасында «Азаттык» радиосу менен Алкоголь ичимдиктерин өндүрүү, сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Ороз Садыков ой-пикир бөлүштү.

- Саламатсызбы, Ороз Рустамович, эң алды, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап кетели. Силердин тармак кирешелүү деп эсептелген менен мамлекеттик бюджетке салымы жагынан кризисте деп айтылып келет. Быйылкы жылдын үзүрү кандай болчудан?

- Куттуктооңузга чоң ырахмат! Азыркы күндө алкоголь тармагында аздыр-көптүр жылыштар бар, мамлекеттик бюджетке салык түшүрүү боюнча алгылыктуу иштер болуп жатат. Былтыркыга караганда алкоголь рыногунда продукцияларды сатууга көзөмөл катуу жүргүзүлүүдө. Мына он айдын жыйынтыгы боюнча 70 миллион сомдук продукция чыгарылды. 406 миң гекалитр спирт чыгарылды. Ал эми арак чыгарган ишканалар боюнча он айда бир миллион жети жүз кырк бир миң арак ичимдиктери чыгарылды. План боюнча ушунча каралган. Факт жүзүндө бир миллион бир жүз жыйырма сегиз миң чыгарылды. Товардык продукция 382 миллион сомду түздү. Вино 232 миң гекалитр чыгарылды, шампан 17 миң гл тегерегинде болду, пиво 974 миң гл чыкты.

- Демек, бюджетке салык түшүрүү жагынан жылыштар бар экен да?

- Жылыштар бар. Бирок, ушул жылы акциздик салыктын өлчөмү көтөрүлгөнү иштин илгерилешине тоскоол болуп жатат. Акциз саясаты, анын өлчөмдөрү туруктуу туруктуу болсо, ишканалар ишти алып кеткенге жакшы жагдай түзүлмөк. Ошондуктан, ишканалар жыл аяктай баштаганда эле күтө башташат, келерки жылга ставкалар кандай болот деп. Ушул кичине көйгөйлүү маселе болуп жатат. Ал эми сапаты жагынан карай турган болсок, ишканалардын баары рынок мамилелерин көнүп аябай түшүнүп калышты. Ичимдиктердин сапатын жакшы кылып чыгарганга аракет кылып жатышат. Рынокто атаандаштык саясаты сапаттын жогорулашына түрткү болууда.

- Кыргызстандын ичимдиктери экспортко чыгып жатабы?

- Биз экспортко чыгарсак да болот, бирок бул маселе ушул күнгө чейин жакшы чечилбей келатат. Биздин коңшу өлкөлөрдүн өздөрүнүн арак, спирт чыгарган ишканалары бар. Алардын бүгүнкү күндүн талабына жооп берген жабдуулары бар.

Бүгүн жалпысынан айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Мен дагы учурдан пайдаланып, ушул ишканалардын жамааттарын кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап кетейин. Ошолорго чың ден соолук иштерине ийгилик, бакыт-таалай каалайм.

Суроо салган Улан Эшматов

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG