Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Экономика

Маектешкен Венера Сагындык кызы ХИПИК программасына кирүү маселеси Кыргызстанда азыр кызуу талданып жаткан чак. Дүйнөлүк банктын эксперттери Кыргыз өкмөтү менен бул маселени талкуулай баштады. Ушул маселелердин тегерегинде “Азаттык” менен Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы экономикалык стратегия борборунун башчысы, академик Турар Койчиев ой-пикир бөлүштү.

- Экономист катары айтыңызчы, Кыргызстандын азыр 2 млрд. долларга жакын тышкы карызын акырындап төлөгөнгө өкмөттүн кудурет чамасы жетпей калдыбы?

- Азыркы убакта 2 млрд. долларга жакын карызды төлөш өзүнчө бир чоң проблема. Ошондуктан ХИПИКке киребизби, же кирбейбизби деген суроого жакшылап көңүл буруп, ойлонуш керек. Биз эгерде ХИПИКкке кирбесек, өзүбүздүн каражатыбыз менен өзүбүздүн экономикабызды өстүрүп төлөп кете алабызбы, бул биринчи маселе. Экинчи, эгерде бул проблема кыйынырак болсо элге кичине өзүнүн зыяндуу таасирин тийгизет. Анда кандай шарттарда, кандай талаптарга макул болуп, кандай талаптарга макул болбойбуз, муну жакшылап ойлонуп, эмоцияга берилбей, прагматикалык мамиле кылыш керек.

- ХИПИКке кирүүнүн зыяндуу жактары катары нааразылык акцияларын өткөрүп жаткандар өлкөнү банкрот деп жарыялоо намыстуу иш деген аргументтерин айтышууда. Моралдык зыяндан башка экономикалык зыяндар болушу мүмкүнбү?

- Эгерде ХИПИКке кирсек, өзүңөрдүн шарттарыңарга, каражатыңарга карата оокат кылуу деген талап - бул туура талап. Мында Кыргызстанга эч кандай зыян келбейт. Жакшылап иштегенге үйрөтөт. Бирок, экинчи жагынан эгерде бул программага киргенде сырткы башкаруу кирип кетсе, кээ бир өзүбүздүн стратегиялык ресурстарыбызга таасир кылып, үстөмдүк кылганга аракет кылса бул бизге кичине зыян алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн шарттарга, талаптарга келгенде, договор түзүп сүйлөшкөндө биз кайсы талапка макул болобуз, кайсы талап бизге жарабайт деп республиканын, өлкөнүн приоритеттүү нерселерин сактап калышыбыз керек.

- Сиз бул программага кирүүнүн шарттары менен таанышсызбы? Анда айтыңызчы, Кыргыз өкмөтү ушул программага кирип тоо кен, энергетика тармагын сатууну көздөп жатат деген чынбы?

- Энергетика жана тоо кендер маселеси боюнча реформаны жасаш керек деген талап бар. Бирок ошол реформаны башка сырттан келген мамлекеттер болобу, эл аралык организация болобу, алардын талабы менен эмес, өзүбүздүн көз караш менен, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды эске алып реформа кылыш керек. Реформа жасаш керек деген туура нерсе. Бирок бул реформаны бирөөнүн диктовкасы менен эмес, өзүбүздүн көз карашыбыз менен жасашыбыз керек.

- Ушу тапта намыстанган айрым ишкерлер, катардагы адамдар акча чогултуп тышкы карызды алакан жайбай өзүбүз эле төлөйлү деп фонд түзүп жатышат. Ошол олчойгон тышкы карыздын эсебинен убагында байып алган далай чиновниктердин мыйзамсыз байлыгын ушул фондко тартса канча акча түшмөк, коррупционерлерден канча акча түшмөк?

- Муну потолоктон алып айтыш кыйын. Себеби ким берет, ким бербейт. Бул өзүнчө эмоцияга берилген инициатива болуп атат, фонд ачып, төлөйлү деген. Кеп анда эмес, кеп эгерде элибиз коомчулукта экономикага жардам берип, өзүбүздүн турмушубузду жакшыртканга, кедейчиликти жок кылуу менен күрөшөлү десек коррупция менен күрөшүш керек, бул биринчи маселе. Экинчи, экономиканы жүргүзгөнгө жакшылап үйрөнүш керек.

- Коррупция менен күрөш деп теориялык жактан айткан жакшы, ал эми өкмөттүн практикалык кандай пландары бар коррупцияга каршы?

- Экономиканы өстүргөнгө, коррупция менен күрөшкөнгө акыркы эки жылдын ичинде жакшы ойлор бар. Бирок бүгүн бир жарым жылдын кичине эле өттү жаңы бийлик келгенине. Ошондуктан маселенин барын эле бүгүн чечип салат деген кичине эртерээк го деп эсептейм. Бирок негизинен күрөшөлү деген ой бар.

- Өкмөттүн экономикалык программасы кандай. Мурдагы бийлик тушунда “Аракет” деген программа кабыл алынып, айыл жер-жерлерди кыдырып, марафон уюштуруп элдин чөнтөгүндөгү акчаларын чогултушчу эле. Азыр өлкөнү өнүктүрүүнүн саясаты дагы ушундай марафондор эмеспи?

- Андай марафон акча чогултуш деген ой жок. Андай тенденция бизде көп көрүнбөйт. Негизинен жакында эле 2007-2010-жылга тартылган стратегияны кабыл алышты өкмөттө. Бул стратегия боюнча өзүбүздүн экономиканын темпин көтөргөнгө жана приоритеттүү тармактарды кабыл алып ошолорго көңүл бурганга ой бар. Ошол программа жакында эле өкмөттөн чыкты.

29-ноябрда Бишкекке Дүйнөлүк Банктын миссиясы келди. Бишкекте ал кыргыз өкмөтү менен тышкы карыздарды жоюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Ушул эле күнү биртоп бейөкмөт уюмдар менен жаштар уюмдарынын ХИПИК программасына Кыргызстандын киришине каршы нааразылык акциялар өттү. Борбор Азиядагы Амерка университетинде тышкы карыздарды жоюу маселесине арналган «тегерек үстөл» жыйыны өттү.

Жаштар уюмдары менен бейөкмөт уюмдардын Бишкекте уюштурулган нааразылык иш-чаралары бүгүн да улантылмакчы. Алар кечээ Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү жайгашкан имарат жанында, Улуттук банктын алдында пикет уюштурса, бул күнү экономика жана каржы министрлигине нааразылыгын билдиришмекчи.

Эмне үчүн Кыргызстан ХИПИК программасына кирбеши керектигин эркин экономист Керимбай Расулов мындайча ырастады: "Эми чындап келгенде биз бөлөк республикаларга караганда Менделеев таблицасы жайгашкан республикадабыз. Алтын десе алтын бар, никель десе никель бар. Ташкөмүр десе биз Ортоазиянын «кочегары» болуп эсептелебиз."

Журналист Мери Бекешова тышкы карыздардын жүгү жеңилдегенден кийин калган бюджеттик акчалар социалдык трамакты гана колдоого жумшалат, реалдуу экономика дагыле баам сыртында калат деген пикирде:"Ошол ортодо калып калган акчаны булардын шарты боюнча эч убакта өндүрүшкө салбаш керек экен."

«Асаба» партиясынын төрага орунбасары Дөөлөт Нусуповдун ырасташынча, ХИПИК Кыргызстан калкынын кадыр-баркын түшүрө турган программа:"МВФ менен бүткүл Дүйнөлүк банктын берген каражаттарынын айынан биз өнүккөндүн ордуна ушул ахывалга келдик. 2 миллиард долларды үстүбүзгө үйүп койду."

Бирок да алдагыдай кескин пикирлер менен Улуттук банктын акча операциялары башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Мукамбетова макул эмес. Ал Кыргызстан тыш карыздарынын жарымынан кутулса, биртоп экономикалык проблемаларын чечип алууга мүмкүнчүлүк алар эле деген пикирде. Тышкы карыздар оголе көп, андан кантип кутулуунун амалын ойлош керек.

"Карыз 2 миллиард 1,36 миллион доллар. Анын ичинде мамлекеттин тышкы карызы 1 миллиард 860 миллион долларды, эларалык валюта корунун алдындагы кредит карыз 170,9 миллион доллар, жеке сектордун карызы 141,2 миллион доллар. Эгер жалпы карыздын катышын алсак, анын 64,22% көп тараптуу карыздар түзөт,"- деп айтты Г.Мукамбетова.

Мына ушул көп тараптуу карыздардын жүгүн жеңилдетиш үчүн Кыргызстан иралды ХИПИК, андан соң МДРЙ программасына кириши керек. Эки демилгенин баасы 1 миллирад доллар. Улуттук банктын башкармалык жетекчиси Раушан Сейиткасымова Кыргызстандын тышкы карыздары кандай пайдаланылганы тууралуу эч ким азыр так маалымат бере албайт дейт.

"Өткөн жылы президент жарлыгы мененби же өкмөт буйругубу, иши кылып жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ тышкы карыздар кайда, кандай жумшалганын иликтеп чыгышы керек эле. Анын ишинин жыйынтыгын биз да билбейбиз."

Кыргызстандын тыш карызы оголе чоң оор жүккө айланып, аны көтөрүүгө бюджеттин чаркы келбей жатканын көргөн өлкөнүн патриоттору демилге көтөрүп, улуттук фонд түзүштү. Өкмөт болсо азырынча ачык сөзүн айта элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG