Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жарым жылдан бери дээрлик жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери 15-сентябрдан баштап кадимки тартипте иштей баштады. Ушул эле күнү коомдук транспорттун жетишсиздиги дароо байкалды.

Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам шаарда каттаган маршруттук таксилердин саны эки жылда эки эсе азайганын билдирди.

Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштарда коомдук транспорттун жоктугунан окуучулар мектепке бара албай калганын жергиликтүү сайттар жазып чыкты.

Алтын-Ордо конушунда жашаган окутуучу Нуркамал Аракеева маршруттук таксини күтүп отуруп ишине жарым саат кечигип келген.

“Мен Алтын-Ордо конушунда турам, ал жакка 222-каттамдагы бир эле маршруттук такси каттайт. Жумушка келиш үчүн эки-үч жолу маршрутка алмаштырам. Бүгүн окуу башталып, жумушка жарым саатка кечигип келдим. Эл көбөйдү, коомдук транспорт азайып кетти".


Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин окутуучусу Ольга Глебчук да коомдук транспорт аз каттап жаткандыктан студенттер окууга кечигип келгенин айтты:

“Бул райондо бир канча жогорку окуу жайы жана мектептер бар. Окуучулар, студенттер окууга өз убагында келиш керек. Бирок бардык маршруткаларда тыгын. Студенттер кечигип келүүдө. Мисалы, 204-106-маршруттук таксилер студенттерди ташыйт. Карасаңыз, баарына киши батпай калган. Автобус дагы маршруттук таксилер дагы азайды. Бийлик бул маселени качан чечет?

Бишкек шаарынын тургуну Айнагүл Асанбекова коомдук транспорттун тартыштыгы суук түшкөндө оркойуп билинерин билдирди.

“Азыр студенттердин окуусу башталды да. Чанда-чанда эле жүрүп калды. Эми кантебиз билбейм. Эртең менен ишке асылып барабыз. Азыр дагы күн жылуу болуп көпчүлүк адамдар жөө жүрүшөт. Жакында суук түшүп, калың кийинип, азап эми башталат”.

Күн санап калкынын саны өсүп жаткан борбор калаада коомдук транспорттун саны кыскарган.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча 2016-жылы 4340 маршруттук такси каттаса, 2017-жылы – 4136, 2018-жылы – 3503, 2019-жылы – 2100, 2020-жылы – 2000 маршруттук такси каттап, карантинден кийин, 2021-жылы - 1300 гана маршруттук такси ишке чыккан.

Учурда иш жүзүндө 1300 эмес 800 гана маршруттук такси каттап жатканын айткан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, тармактык комиссиянын төрагасы Рысбай Аматов коомдук транспорттун тарифи көтөрүлүп, пайда берген баа коюлса, маселе чечилет деп эсептейт.

Рысбай Аматов
Рысбай Аматов

“Тариф арзан болгондуктан инвесторлор келбей жатат. Эгер тариф базар баасына ылайык болгондо бул тармакка келе турган ишкерлер көп болуш керек болчу. 3500 маршруттук такси азыркы күнү 800гө түшүп калды. Бул маселе тарифти туура коюп бергенде эле калыбына келет. Мамлекеттик жеке кызматташтык мыйзам менен автобус алып келем деген ишкерлер пайда болуп, ошол эле маршруттук таксилер кайтып келет. 2012-жылы солярканын баасы 30 сомго чейин болсо, азыр 50 сомдон ашып кетти”.

Бишкек шаарында каттаган маршруттук таксилер беш жыл ичинде эселеп азайып кетсе, мэриянын балансындагы автобус жана троллейбустар дагы көбөйгөн эмес. Мисалы, 2016-жылы Бишкекте 110 автобус, 108 тролейбус каттаса, быйыл 75 автобус, 120 троллейбус каттап жатат.

Мэриянын жеке өнөктөштүк аркылуу коомдук транспорт маселесин чечүү аракетинен дагы майнап чыккан эмес.

Кытайлык кыргыз, Кыргызстанга инвестор катары келген Тохутибуби Оуерхалик негиздеген “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясы 2016-жылы №35 каттамды, 2019-жылы №5 каттамды чоң автобус менен тейлөө үчүн мэрия менен келишим түзүп, иштей баштаган.


Бирок Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков “Шыдыр Жол Кей Жи” компаниясы дагы жол киренин аздыгынан иштей албай, автобустары азайып кеткенин айтты.

Андан тышкары Бишкек мэриясы быйыл “Эко Эл ташуу” ишканасы менен 350 автобусту алып келүү боюнча келишим түзгөн. Аталган ишкана Өзбекстанда чыгарылган Жапониянын ISUZU автобустарын алып келүүдө. Июнь айында 50 автобус алып келинсе, 11-сентябрда 210 автобус эл ташууга чыкты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтуусунда, борбор калаадагы коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн кеминде 1500 автобус керек. Жакынкы айларда насыяга дагы 250дөй автобус алып келинерин билдирди.

Айбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев

“Бишкекке 1500 автобус керек деген анализ бар. Күндөн-күнгө бул муктаждык кыскарып жатат. Жеке компания газ менен жүрүүчү 300 автобус алып келди. Кредиттик келишим менен 250дөй автобус алып келет деп турабыз. Бул убакытка чейин маселени чечем деп айта албайм. Жол тыгынын жоюу, коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн дагы бир-эки долбоор карап жатабыз. Бул иш бышканда анан ачыкка чыгарайын, болбосо куру убада бергендей болуп жатабыз”.

Жунушалиев жакында эле кызматка келгенден кийин вице-мэрликке экономика жана финансы министринин орун басары болуп узак жылдан бери иштеп келген Мирлан Байгончоковду алып келди.

Мекеме Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан алынган 33 млн. евро насыяга автобустарды сатып алганы жатат. Мирлан Байгончоков министрдин орун басары болуп турганда аталган келишимди ратификациядан өткөрүүгө катышкан.

Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков шаардагы коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн комплекстүү анализ зарыл деп эсептейт.

“Биздин шаардын курулуш стратегиясын карап чыгышыбыз керек. Каалаган жерге жаңы конуш түшөт, каалаган жерге көп кабаттуу үй түшөт. Саны эске алынбай, транспорттук коллапс ошондон чыгууда. Транспорт маселесин чечүү үчүн толук изилдөө ишин жүргүзүү зарыл. Бишкекке жакын жайгашкан айылдардан, Кара-Балта, Токмок, Кант, Сокулук сыяктуу шаарлардан канча адам келип кетет деген анализ болуш керек. Бүгүн канча автобус керек, кайсы каттамда жүрүш керек, ал каттамда канча автобус болуш керек деген комплекстүү изилдөө жок. Бир айда чечиле турган маселе эмес, 3-5 жылдык программа зарыл”.

Ордо калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизди. Маселе шаардык кеңештин 28-сентябрдагы сессиясында каралат. Бишкектин тургундарынын арасында жол киренин кымбатташына каршылар арбын.

Балет артисттеринин чыры бүтө элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы президентке кайрылды. Балет солисттери эмгек укуктары тебеленип, театрда бийлеген балет труппасынын белдүү артисттери четинен жумуштан кетип жатканын айтышууда. Ошондой эле коммерциялык тартипте коюлган спектаклдерден артисттерге акы төлөө маселеси дагы деле чечилбегенин белгилешти. Бул айыптоолорду театрдын жетекчилиги четке кагууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG