Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:58

Экономика

жекшемби 12 Сентябрь 2021

Казакстандын буудай талаасы.

Кыргызстандыктар быйыл баалардын өсүшүн өлкөнүн баш оорусу деп аташты. Буга чейин жумушсуздукту орчундуу көйгөй катары сыпатташчу. Учурда баары кымбаттап жатат, айрыкча тамак-аштын баасы өсүп кетти. Бирок бул коркунучтун чети гана. Кышында өлкөдө тамак-аш тартыш болушу ыктымал.

Расмий маалыматта Кыргызстанда жарым жыл ичинде тамак-аш жана суусундуктар 11% кымбаттаган. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эң жогорку баа. Айрым товарлардын баасы бир жарым, эки эсеге чейин көтөрүлдү.

Быйыл кургакчылыктын айынан түшүм жакшы болгон жок. Мына ушундай учурда тооруган кымбатчылык, кышында тамак-аш тартыштыгын кантип болтурбай коюу керек жана анын баасы сатып алуучунун чөнтөгүнө чак келеби деген суроо жаратат. Учурда кыргызстандыктардын маянасы инфляцияны эске алганда бир жыл ичинде 2,6% түштү.

Улуттук статистика комитетинин биринчи жарым жылдыктагы отчету июндун аягында тамак-аш тартыштыгы болбогонун, керектөө кадимки режимде калганын көргөзүп турат. Бирок азык-түлүк кескин кымбаттап кеткен.

Азык-түлүк коопсуздугу тамак-аш жетиштүү көлөмдө жана баасы аша чаппаган учурда болот. Биринчи жарым жылдыкта айыл чарба өндүрүшү малдын башынын көбөйүшү менен бир аз жогорулаган.

Фермерлер 185 миң тонна мал жана канаттууну этке төккөн, 785 миң тонна чийки сүт, 292 млн. даана жумуртка, 13 миң тонна жүн өндүргөн. Өлкөнүн мал чарбачылыгында тартыштык жок.

Бирок мал багуучуларды кыйнаган башка көйгөй жаралды – кургакчылыктын айынан тоют тартыш болууда. Бул бодо малды жана кой-эчкини экспорттоого салынган чектөөнү алып салууга себеп болду.

“Ошол эле маалда чөптү, комбикорм, жүгөрү менен арпаны тышка чыгарууга мораторий кирди”, - деп билдирди Айыл чарба министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев.

Ал эми дыйканчылыкта такыр башкача кырдаал түзүлдү. Айдоо аянттары кыскарган жок, бирок түшүмдүүлүк азайып кетти. Жайындагы өтө ысык аба ырайы, сугат суунун тартыштыгы кышында баанын ого бетер өсүшүнө алып келиши ыктымал. Учурда аткаминерлер күтүлшөн дефицитке даярданып атышат.

23-августка карата республикада 536 тонна үрөн жыйналган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 47% төмөн. Түшүмдүүлүк 1 гектардан 27ден 14 центнерге чейин түшкөн. Буудай жана арпа жыйноо кыскарган.

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өзүнүн жылдык баяндамасында Борбор Азиянын азык-түлүк коопсуздугуна климаттын өзгөрүшү тобокелдик жаратарын белгилеген. Кыргызстан жаратылыш ресурстарына жана айыл чарба экономикасына көз каранды болгондуктан бул тобокелдиктен четте калбайт.

"Кыргызстан татаал, климаты бат өзгөргөн тоолуу аймак. Кургакчылык, сел, жер көчкүдөн көп жабыр тартып келет. Айыл чарбасы буудай, картөшеө жана жашылча өндүрүүгө терс таасир эткен үшүккө, жаан-чачынга сезимтал. Мындайча айтканда, климаттын өзгөрүшү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунучтуу”, - деп айтылат изилдөөдө.

Июнь айында эле экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров эки-үч айда чек ара жабылып кала турган болсо, Кыргызстан тамак-ашсыз каларын айтып чыккан.

“Ишти азыртадан баштоо зарыл. Учактар менен же эшелондоп керектүү азык-түлүктү ташып келүү керек. Эгер биз эки-үч айга кечиксек, чек аралар жабылат”, - деди ал.

Министрлер кабинети буудай, ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртканы экспорттоого тыюу салууга аргасыз болду. Ошол эле маалда кант, өсүмдүк майы жана эт импорту кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулду.

“Биз бюджетке 200 миллон сом түшпөй каларын түшүнүп турабыз. Бирок жарандарды тамак-аш менен камсыз кылышыбыз керек. Бул чечим жакшы өзгөрүүлөргө жол ачат”, - деп түшүндүрдү Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов.

Азык-түлүк корун түзүү үчүн жазында 1 миллион литр өсүмдүк майын жана 3 миң тонна кумшекер алууга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Орусиядан 70 миң тонна ун алуу үчүн 1 миллиард сом каралган.

Министрлер кабинети бул аракет республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздап кыштан чыгууга жардам берет деп ишенип турат. Мындан тышкары Казакстандын бийлиги Кыргызстанга 1000 тонна буудайды грант түрүндө бермей болду, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык району 1500 тонна буудайды гуманитардык жардам иретинде бөлдү.

Кымбатчылык кендир кесе баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Кыргызстандын бардык аймагында быйылкы кургакчылыктын айынан чөп жакшы чыкпай калды. Мындан улам малынын теңинен көбүн сатып, жем-чөбүн азыртадан камдагандар арбын. "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул көйгөй тууралуу сөз кылабыз.

Ысык-Көл

34 жаштагы Нураалы Ибраев акыркы үч жылдан бери Түп районунун Каркыра өрөөнүндөгү Туз деген жайлоого элдин малын алып чыгып, кошумча киреше табат. Нураалы жубайы Зулайка экөөлөп жайлай уй саап, сүтүн өткөрүп тапкан кирешеси тоюттан артпай жатканына капа.

"Мурда үлүшкө тийген алты гектар жердеги чөптү чаап алсам, короомдогу малга кышы бою кенен жетчү. Былтыр 6 гектардан 400 түк чөп алгам, быйыл 200 түк эле болду. Калган 300 түктү 360 сомдон сатып алдым. Бардык жерде эле тоют жок деп наалып атышат, эки кишинин башы бириксе эле ошол тууралуу сөз болот. Быйылкыдай кургакчыл жайды көргөн эмесмин".

Нураалынын айтымында, элеттиктердин көбү короодогу жандыктарын сатып, ордуна тоют камдап жатат.

"Чөп аз болгону үчүн досум үч жылкысын сатып ийди. Дагы бир таанышым малын сатты да акчасын банкка салып койду. Иши кылып жаңыдан ирденип жаткан биздей үй-бүлөлөргө оор эле болгону турат. Негизи малдын тоюту коңшу өлкөлөргө чыкпаса, өзүбүзгө кенен жетмек. Бизде беденин биринчи чабыгын Казакстанга сатып жиберишти. Кышында кантебиз, мал эмне жейт деген ой эч кимге келген жок. Менин угушума караганда, азыр кээ бир ири чарбалар тоютту сырттан алып келип жатыптыр. Аларда го мүмкүнчүлүк бар, алып келген тоюту өзүн актайт, себеби баккан малы асыл тукум. Биз болсо сапатын эмес, санын санаган малчыларбыз да. Айыл чарба министрлиги алдын алып, биринчи чабылган бедени сыртка чыгартпай койсо болмок".

Жалал-Абад

Аксынын Кызыл-Туу айлынын тургуну Шеркул Козуев 2,5 гектар жеринен 130 таңгак чөп жыйналганын айтууда. Ал өткөн жылы ушул эле жеринен 500 таңгактан ашуун чөп алган. Шеркул аксакал быйыл жайлоодо да чөп жакшы чыкпаганы үчүн жылкы семирбей калганын, кышта короодо кармабаса көтөрүм болорун айтууда.

“Ушул 130 таңгак чөп 2,5 гектардан түштү. Айылдаштарымдын айрымдары чөп суюк болгондуктан чапкан жок. Ага кошул-ташыл трактордун, ташыган техниканын акысы да кымбаттап кетти. Жайлоодо да чөп жакшы чыкпай, мал арык болду. Айла жок, быйыл кышта жылкыны короодо кармаш керек. Жакында 400 таңгак беде сатып алам”.

Чөп таңкыстыгы Сузактын айылдарында да байкалды. Каарманыбыз Нурлан Кокуевдин короосунда 700 баш кой бар. Ал жакында эле чөп сатып алуу үчүн 200 коюн сатып, 600 миң сомго 2 миң таңгак чөп алган.

“Быйыл 200 койду сатып, тоют камдадым. Ал да жетпейт. 2 гектар жерге жүгөрү айдагам, аны койго жем кылып берем деп турам. Кышкысын койго чөптү үч маал берчүмүн, эми эки маал эле кылам. Базарга барсам сатуучу көп, аларман аз”.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан 1,5 миллионго чукул мал бар. Айыл чарба адистеринин айтымында, бир жылдык тоюттун көлөмү 824 миң тоннаны түзүшү керек. Учурда тоюттун 87 пайызы гана даяр болду.

Талас

Ал эми коңшу Казакстан менен чектеш Талас облусунда көп жылдык чөптүн уругу жалпысынан 19 миң гектарга себилген. Адистер быйылкы кургакчылыктын кесепетинен төө буурчактын да түшүмдүүлүгү 20-25% азайганын билдирүүдө.

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну Нурсейит Бейшебеков көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу төө буурчактын бакалынын баасы да өскөн.

"Азыр бир машине бакалдын баасы 20-25 миң сом, былтыр 10-15 миң сомго сатылган. Төө буурчактын бакалын чөпкө аралаштырабыз, данын сууга жибитип жем катары беребиз. Мал байлаганга жакшы экен. Бирок чөп кымбаттагандан бери мал баккандарга киреше деле түшпөй калды. Мурда чөп арзан болчу. Жемдин баасы 25 сомго көтөрүлдү", - дейт Нурсейит.

Учурда облуста бир боо чөптүн баасы 350 сомго чыкты. Талас облустук агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмилбек Тууганбаев мунун себебин чөптүн башка облустарга сатылып жатканы менен байланыштырды.

"Негизи өзүбүз чапкан чөп кенен жетмек, бирок Ош, Жалал-Абад облустарынан бери алуучулар келип, дароо кымбаттатып жиберишти. Азыр Таласта 57 миң гектар төө буурчак бар, дыйкандар анын бакалын дагы тоют катары камдап жатышат".

Ош

Кургакчылыктын кесепети Оштогу фермерлерге да терс таасирин тийгизди. Быйыл облустун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын аз жаап, сугат суу да тартыш болуп чөп аз чабылган. Оштогу фермерлер жолдун алыстыгына карабай Чүйдөн, Нарындан, коңшу Өзбекстандан чөп алып келүүдө.

Алай районунун тургуну Медербек Сейитов өзү чапкан чөп аз болгондуктан, базардан сатып алган.

"Жылда беш-алты машине чөп алган жерден быйыл бир эле машине жыйнадык. Чөп сатып алалы десек, каражат жетишпейт же мамлекеттен жардам жок. Чөптөн сырткары жем да алыш керек. Айылда тиричилик мал менен жүрөт да".

Ош шаарынан Алай тарапты карай кеткен жолдун жээгинде чөп жүктөлгөн беш автоунаа катары менен тизилип турат. Сатуучулардын бири Рахманберди Шапиев чөптү Нарындан ташып келгенин айтты.

"Нарындан дыйкандардан алдык. Чүйдөн саман келип жатты. Чөптүн түгү 350 сом. Өзбекстандын саманы 200-220 сомдон сатылып жатат. Бул жакка жеткенге чейин кымбаттап, биздеги эле баа болуп калат экен".

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт Сагындык Эмилбек уулу тоют камдоого чама-чаркы жетпеген фермерлер малын жапырт сатууга өткөндүктөн төрт түлүктүн баасы арзандап кеткенин белгиледи.

"Фермерлер бага албай турганына көзү жетип малын сата баштады. Базар экономикасында сатуучу көп, алуучу аз болсо - товардын баасы арзандайт. Бодо малдын баасы 20-30 миң сомго чейин түшүп кетти. Азыр кургакчылык болууда, жайыттар тарып атат. Мындан улам 10 уй кармап ошого ылайык тоют камдоо өзүн актабай калды. Анын көп эт же көп сүт бере турган асыл тукум бодо малдан бешти бакса, чыгымы азыраак болмок. Сандан сапатка өтүүгө убакыт келди да".

Расмий маалымат боюнча 2020-жылы Ош облусунда 576 миңден ашуун уй, 100 миң жылкы, 1 миллион 148 миңден ашуун кой-эчки катталган.

Нарын

Теңир-Тоодо ушул маалда чөптүн бир түгү 170, беденики 200 сомго чыкты. Арпа да кымбат.

Мал багып, семиртип саткан Дамир Рысалиев чөп кымбаттаганы чыгымы акталбай калганына кейиди.

"Мисалы, бир буканы алты айга чейин байлайбыз. Ат-Башы суук болгондуктан мал кеч семирет. Бир букага күнүнө 4 килограмм жем, эки боо чөп берүү керек. Муну алты айга көбөйтсөк, 20-30 миңдин жем-чөбүн жейт. Буканы 40 миң сомго алсаң, алты айдан кийин 60-70 сомго сатасың. Ошондо алты ай чыгым тартып, 10 миң сом эле таап жатпайсыңбы. Азыр мал да кымбат. Мурда бир буканы байлап сатсак, эки эсе пайда тапчубуз".

Нарында чөп айрыкча июль айында кымбаттап, бир түктүн баасы 200 сомго чыккан. Августта чөп чабык башталганда 170 сомго түшкөн. Арпа былтыр 10-12 сомдон сатылса, быйыл 25 сомго чыкты. Адистер муну дан азыктарынын түшүмү аз болгону менен түшүндүрүүдө. Аймакта 10 миң гектардан ашык жерге арпа айдалган, учурда анын 70% ашууну жыйналып бүттү. Облустук администрациянын маалыматында, быйылкы тоют былтыркыдан 30% аз.

Ал эми карапайым эл тоюттун кымбаттап кетишин чөптүн башка облустарга ташылып жатканынан да көрүшөт. Жергиликтүү базарда тоют саткан Бакыт буларды айтты.

"Нарындын малы жей турган чөптү Чүй менен Ысык-Көлгө ташып атышат. Губернаторлорго, жергиликтүү депутаттарга деле айтып жатабыз. МАИ менен тостургула десек болбой коюшту. Аткезчилик жолу менен Казакстанга да киргизип жатышат деп уктум. Кыш жылуу болсо экен деп эле тилеп отурабыз. Чөптүн көбү тышка сатылып кетти".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Нарын облусунда 1 миллиондон ашык кой-эчки, 200 миңден ашуун бодо мал, ушундай эле санда жылкы багылат.

Аймактардагы тоюттун тартыштыгы тууралуу баянды төмөндөгү аудиодон толук уга аласыздар.

Чөп тартыш, мал арык
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:14 0:00
Түз линк

Өкмөт эмне дейт?

Кыргыз өкмөтү тоют таңсыктыгын алдын алуу максатында тоют өсүмдүктөрүнө, жем, азыктык дандын өлкөдөн чыгарылышына чектөө коюп, импорттолуп келген тоютка салынуучу кошумча нарк салыгын алып салды.

Август айында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстанда тоют мындан ары кымбаттабай турганын билдирген эле.

Министр коюлган чектөөлөрдүн жана салыктан бошотуунун натыйжасында тоют арзандайт деген божомолун айткан.

“Кыргызстандан чыгарылып жаткан тоют өсүмдүктөрүнө, азыктык буудайга чектөө коюлду. Өлкөгө импорттолуп келген тоютка салынуучу кошумча нарк салыгы алынып салынды. Жыйноонун башында тоют кескин кымбаттаган. Азыр четтен келип жатат. Мындан ары кымбаттабайт. Тескерисинче, тоюттун бир топ түрлөрү арзандайт”.

Министрликтин августтагы маалыматында өлкөдө быйыл малдын тоюту былтыркыга салыштырганда аз камдалганы айтылган. Маселен, 30-июлга карата өлкө боюнча 2,2 миллион тонна тоют өндүрүлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда бул 360 миң тоннага аз.

Расмий статистикага ылайык Кыргызстанда учурда 1 млн. 700 миң баш ири мүйүздүү мал, 6 млн. 200 миң кой-эчки жана 550 миңден ашуун баш жылкы каттоого алынган. Төрт түлүк баккандар негизинен Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында басымдуу.

Чаңызгыган жайыттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:52 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG