Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Экономика

Коллаж.
Коллаж.

Министрлер кабинети кийинки жылдары тариф инфляциянын деңгээлине жараша өзгөрөт деп билдирди.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, электр баасы эл үчүн өзгөртүлгөн жок. Тактап айтканда, мурдагыдай эле жарандар 1000 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми 15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы 28 тыйынга көтөрүлүп, эми 2 сом 50 тыйындан эсептелет. Мындан казынага 476 млн. сом кошумча киреше болот деп эсептелүүдө.

Электр баасы эми инфляцияга жараша көтөрүлөт

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү чечимине Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, анда төрт жыл ичинде тариф инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүлмөй болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жазылды.

Демек, инфляциянын дайыма өсүп турганын эске алганда кийинки жылдары электр жарыгына тариф көтөрүлүшү мүмкүн. Жаныбек Оморов электр энергиясынын тарифин көтөрүү, тармактагы кырдаалды жөнгө салуудагы негизги факторлордун бири экенин айтып келген эксперттердин бири. Оморов “бийлик баа саясатын инфляцияга жараша өзгөртүүнү быйыл башташы керек болчу” деди.

Жаныбек Оморов.
Жаныбек Оморов.

“Тарифти инфляцияга жараша кармап туруу - дүйнөлүк тажрыйба. Андай болбосо бул тармакты каржылык жактан мындан дагы кыйын абалга алып келебиз. Албетте, натыйжалуу башкаруу керек. Бирок, жок дегенде минималдуу чыгымдар жабылышы керек. Электр өндүрүшү көтөрүлбөй жатканы тарифтин төмөндүгү. Элге жакшы түшүндүрүп, ушуну ишке ашырсак болмок. Бул болбой калды”, - деди Оморов.

Кыргыз бийлиги ушул жылдын апрель айында электр энергиясына жаңы тариф саясатын иштеп чыккан, анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбат бааны сунуштаган. Бирок, бул сунуш ишке ашпай калды.

Энергетикалык таңкыстыктан кантип чыгабыз?

Кургакчылыктан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, өлкөдө энергетикалык таңкыстык жаралды. Кыргызстан жылына болжол менен 15 млрд. кВт/саат электр жарыгын керектейт.

1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында былтыркы жылга салыштырмалуу 3 млрд. куб суу аз топтолду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев 1-октябрдагы маалымат жыйынында электр жарыгын үнөмдөө чараларына токтолду.

“Суу сактагычтагы 12,2 млрд. куб метр суу өтө жогорку тобокелдик. Жылына күз-кыш мезгилинде 6-7 млрд. куб суу сарпталат. Ага ылайык, апрель айында суунун деңгээли турбинага чейин түшүп кетет. Ага жеткирбеш үчүн өкмөт жана Энергетика министрлиги электр энергиясын колдонуу лимитин аныктады. Бул 2010-жылдагыдай район, шаарлар жарыксыз калган маал-маалы менен өчүрүү дегенди билдирбейт. Бул лимитти аткарууга чакырабыз. Башкача айтканда, жарандарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырабыз”, - деди Алиев.

Буга чейин бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганы билдерген. Бирок өчүрүүлөр кандай болорунун планы белгисиз.

Коңшулардан кандай шарт менен электр жарыгын алат?

Электрди үнөмдөөдөн тышкары Кыргызстан Орусия жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн электр кубатын алат. Кайра кайтаруу келишими менен Казакстандан - 900 млн кВт/ саат. Ушундай эле келишим менен Өзбекстандан - 750 млн кВт/саат.

Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан 501 млн кВт/саат сатып алат. Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатат.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттер үчүн өткөн жыйында 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштаганын билдирди.

Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

“Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, "электр энергия керек болсо берели" деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар", - деди Бекмурзаев.

Бекмурзаев Тажикстан электр энергияны кандай шартта бере турганы сүйлөшүү учурунда белгилүү болорун кошумчалады.

Ошентип, Кыргызстан бардык коңшулардан электр энергиясын алмай болду.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков быйылкы кургакчылыктан сырткары, "бул тармактагы башаламан башкаруу энергетикалык каатчылыкка алып келди" деген пикирде.

Анын айтымында, алдыңкы жылдарда Кыргызстан ири ГЭСтерди салууга кудурети жетпейт жана ал долбоор өзүн акташы кыйын. Карыбеков электр энергиясын жеринде өндүрүүгө багытталган долбоор куруу менен абалдан чыкса болорун сунуштады.

“Өзүбүздүн базалык электр станцияларды курушубуз керек. Көмүр же атомдук электр станциялар болот. 30 жылдын ичинде бул жөнүндө эч ким айтпайт. Мисалы, Кара-Кече же Бел-Алмада станция курсак болот. Бишкек ЖЭБге караганда 4-5 эсе арзан түшөт. Ошондо Токтогулдагы сууну дайыма көзөмөлдөп турмакпыз”, - деди Карыбеков.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары алты гидроэлектро станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекте жана Ошто бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу тууралуу айтып келгени менен так даана макулдашкан долбоору жок.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан коммерциялык банкынан" жоголгон 47 млн. сом боюнча банктын мурдагы кызматкери Гүлмира Асанбекова милициянын тергөө абагына эки айга камалды.

Асанбекова банк жетекчилеринин басымы менен жоголгон ири каражатка жоопкер болуп калганын айтып, укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылган. Бирок аталган банк жетекчилери мурдагы кызматкери койгон дооматтарды четке кагып, Асанбекова экономикалык зыян келтиргенин айтып жатат.

Банктан жоголгон ири каражатты төлөмөр болгон Асанбекованын күйөөсү Бактияр Дуланов аялы 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Жазык кодексинин 205-беренесине (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) шектүү катары кармалганын билдирди. Дуланов 30-сентябрда сот анын аялын эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.

Асанбекова бир апта мурда "Азаттык" радиосуна келип, "Кыргызстан" банкынын айрым жетекчилеринин басымы менен ири каражат моюнуна илинип, аргасыз төлөмөр болуп калганын айтып кайрылган. “Азаттыктын” журналисттери тараптардын пикирин угуп, окуянын чоо-жайын териштирди.

Эки жарым сутка изделген миллиондор

Ири суммадагы акча жоголгон учурда Гүлмира Асанбекова – “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкы кеңсесинде Кассаларды тейлөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган.

"Азаттык” радиосуна кайрылган Асанбекова 2021-жылы 24-июлда банкта ички аудит, башкача айтканда текшерүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акча жоголгону белгилүү болгонун айтып берген.

Гүлмира Асанбекова.
Гүлмира Асанбекова.

“Текшерүүнүн акыркы жыйынтыгы чыга элек болчу. Менин жетекчим “бир сумка жок болуп жатат” деди. Кайрадан санап жатышты. Мен турсам, СБнын (ред: Коопсуздукту сактоо кызматы) жетекчиси Рысалиев Айтыбек Нуралиевич чакырды.

Жогорку кабаттагы төрага Сагындыков Жаркынбек Жумабаевичтин кеңсесине бардык. Ал жакта туруп, кайра СБнын жетекчиси Рысалиев Айтыбек Нуралиевичтин кеңсесине алып барышты. Ал жакта юридикалык башкармалыктын жетекчиси Джитишева Айнура, орун басарлар Оморкулов Сатывалды, Курманбаев Дастан жана СБнын жетекчиси Рысалиев болуп отурушуптур”.

Гүлмира Асанбекованын айтымында, Коопсуздукту сактоо кызматынын бөлмөсүндө банк жетекчилери аны эки жарым сутка кармап, басымга алып текшерүүдөн кем чыккан ири суммадагы акчаны моюнга илип документке кол койдурушкан.

“Сурак болду. Мен жалгыз отурам, анан төрт-беш адам. Анан “өзүң тандап моюнуңа аласың” деди. Мен баш тартсам, жалгыз кызымды айтып башташты. “Сен түшүнбөй жатасың, эгер бул көрсөтмөнү жазып бербесең кызыңды эч качан көрбөгөндөй кылабыз” дешти. Жалпы СБнын бөлмөсү чип менен ачылат, ошол жака киргизип туруп “дааратканага баргың келсе нөөмөттөгү милицияга айтасың” деп койду. Мен сентябрда гана психикалык жактан калыбыма келип жатам. Эл азыр “терезени ачып кыйкырып, телефон чалбайт белең” деп айтып жатат. Бирок, мен ал жактан уккан сөздөн кийин, нес болуп эч нерсе кыла алган жокмун. Кандай гана сөздөр, коркутууларды укпадым. Мени өлтүрүп салышабы деп да ойлодум. “Биздин ким экенибизди билесиң, кандай байланыштарыбыз бар. Сени эч ким укпагандай кылабыз, ушул нерселерге кол коюп бербесең үстүңөн дагы бир ишти илебиз, ИИМдин министри биздин көзөмөлдө, таластык инибиз болот” деп Ниязбековдун атын кечке айтышты. “Сени өмүр бою чыкпагандай кылып коебуз, биздин ага күчүбүз жетет, кызыңды ойло” деген сөздөрдү айтты. Жетпей калган каражатты документке жаздырып, бир күндөн кийин 25-июнда түнкү саат бирде “кол кой” деди. Кол койбойм десем уруп сокчудай агрессия кылды. Мен жалгызмын, мага каршы төрт-беш эркек турат. 47 млн. 900 миң деп айтышты. Ошону доллар түрүндө көрсөт деди. Мен бул акчанын дайынын билсем шак эле жазып бермекмин да”.

Төлөмөр катары документке кол коюп бергенин айткан Асанбекова “күйөөм менен кайненемди сарсанаа кылбаш үчүн эки күндөн бери банкта текшерүү бүтпөй жатканын айтып койгом” дейт. Бирок, Асанбекова кийин баары билингенден кийин банкка колунда болгон мүлкүн өткөрүп бергенин айтууда.

"Мен силерге кол коюп бердим. Эми акча киргизишим керекпи" дедим. "Ооба, бул жакка кол коюп бергенден кийин сен милдеттүүсүң" деди. Күйөөмө "акча чыкпай калды, аялың бүт жерге кол коюп берди, эми төлөп бергиле" дептир. Андан мурун мени бөлмөдөн сураганда "машинебиз бар, Токмокто кайненемдин үйү бар, Ысык-Көлдө жер тилкем бар" дегем. Күйөөмдүн машинесин 9 миң долларга, үйдү 60 миң долларга, жер тилкесин 4 миң долларга баалап бердик", - деди Асанбекова.

“Кыргызстан коммерциялык банкта” 13 жылдан бери иштегенин айткан Гүлмира Асанбекова анын тажрыйбасында банктан ири суммадагы акча жоголбогонун, аудит текшергенден кийин саны чыкпай калган каражатка эмнеге жалгыз өзү жооптуу болуп калганына түшүнө албай турганын айтты. Асанбекова аудит келерден бир күн мурун кассагы жооптуу адистердин нөөмөтү алмашканын, “анда акча каражаты толук саналып, эч кандай кем чыкпаганын” айтып жатат.

Асанбекованын дооматына банк өкүлүнүн жообу

"Азаттык" Асанбекова олуттуу доомат коюп жаткан банктын Коопсуздукту сактоо кызматынын жетекчиси Айтыбек Рысалиев менен байланышты. Ал учурда Ошто жүргөндүктөн, телефон аркылуу сүйлөштүк. Рысалиев өз жүйөсүн кенен түшүндүрүп, Асанбекованын айткандарын толук четке какты.

Рысалиевдин айтымында, банктан акча жоголгону тууралуу маалыматтан улам текшерүү жүргөн. Рысалиев ошол текшерүү тобунда мүчө болгон экен. Рысалиевдин айтканына караганда, 2013-2014-жылдары аталган банктын Айзат аттуу кассири кассадан 140 миң долларды мыйзамсыз алып, кайра ордун толтура албай калат. Рысалиевдин маалыматында, Айзат мыйзамсыз алган акча жөнүндө Гүлмира Асанбековага гана айтып берген. “Асанбекова аны ачыкка чыгарбоого убада кылып, Айзаттын кассасынан алгач 130 миң доллар алган” дейт Рысалиев. Калган жүйөсүн өз оозунан угалы.

“Айзаттан 140 миң доллар жетпей калат. Айзат кийин эмгек өргүүсүнө чыгарда Гүлмирага “менде көйгөй болуп жатат, акча алмаштырып иштегендер 140 миң доллар алып алдап кетти. Бирок, аларды дагы бирөөлөр алдап кетиптир, мен үйүнө чейин барып сүйлөштүм, “беребиз” деп жатышат" дейт. Гүлмира биринчи макул болбойт. Анан сүйлөшкөндө “менин дагы күйөөмдө бажыдан көйгөй болуп жатат” деп Айзаттан акча сурайт. Ошентип, 50-60 миң доллардан Айзаттын кассасынан алып жатып, 130 миң долларга жетет. Айзат айласыз берет. Айзат 2017-жылы жумуштан кетет. Ал кеткенден кийин Гүлмира ошол жерде бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп дайыма кассада акча санаганга катышат. Бир күн эмгек өргүүсүнө чыкпай, чыкса дагы кечинде акча санаганга келип турчу. Аны баарынан сурасаңар болот. Көрсө санагандан акча кем чыгып калганы билинбесин деп өзү келчү экен. Ошентип акча алып отуруп анан жалпы жанагынча сумма болду. Жалпы сумма 33 млн. сом куйругу менен чыгып жатат. Калган акчаны Айзат төлөп жатат”, - деди Рысалиев.

Рысалиев кассадан 140 миң доллар алган Айзат аттуу кассир 10 миң долларын Гүлмирага бөлүп-бөлүп төлөп бергени белгилүү болгонун айтууда.

Рысалиев Гүлмира Асанбекованын "эки жарым сутка банкта кармап турду жана басым менен төлөмөр катары документке кол койдурду" деген дооматына мындай жооп берди.

“Эки сутка аны эч ким кармаган жок. Ошол күнү, эртеси кечке чейин баарыбыз банкта болдук. Өзүңүз ойлосоңуз, 50 миллионго жакын акча жок болуп жатса, баш-аягын таппай жаттык. Ошол күнү эле айтса болмок да. Айзатка шылтайт, аны алдырдык. Ошол жерде төрага баш болуп, отуз киши банктын ичинде акча табылмайынча деп отурдук. Кагаздан, башка документтен кетип калдыбы деп баарын тактадык. Акча жок. Ал жерде кармай турган, камай турган жер жок. Баары ачык, баарыбыз эле акчаны таппай отурдук. Биринчиден, анын мойнуна алганынын кереги жок. Ал документ менен аныкталган факт. Экинчиден, Ниязбеков (ред: ИИМ жетекчиси) менен эч кандай тиешем жок. Мен “эгер акча төлөнбөсө, укук коргоо органдарына кайрылабыз” деп айтышым мүмкүн. Алар аныктап чыгат, күнөөң жок болсо жок, бар болсо кечирип кой. Андан башка эч нерсе болгон жок”, - деди Рысалиев.

Коопсуздукту сактоо кызматынын жетекчиси Айтыбек Рысалиев айтып жаткан Айзат аттуу мурдагы банк кызматкери менен байланышкабызда ал Рысалиев айткандарды кайталады.

Айзаттын айтымында, териштирүүдө жоголгон жалпы 47 млн. сомдун 10 миллионуна ал төлөмөр болгон. Ал учурда милицияга тергөөгө барып жатканын айтып берди.

“Менин кассамдан акча жетпей калганын Гүлмира эле билчү. Бөлүм башчы, жетекчибиз дагы билчү эмес. Анан Гүлмирага эч кимге айтпаңиз дегем. Коркконумдан анын айтканын кылып жүрдүм. Азыр тергөөгө барып, болгон чындыкты айтып, көрсөтмө берип келдим. Гүлмира экөөбүздү эч ким коркуткан эмес, төраганын кеңсесине кирип сүйлөшүп, моюнубузга алганбыз”, - деди Айзат.

Окуядан кийин “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкы кеңсесинде Кассаларды тейлөө бөлүмүн башчысы, кеп болуп жаткан Асанбекованын жетекчиси Венера Карымшакова кызматынан алынган. Карымшакова учурда эч кандай маалымат бере албай турганын билдирди.

Банк менен мурдагы кызматкер соттошот

“Кыргызстан коммерциялык банкы" жоголгон акча боюнча комментарий берип, "банкка экономикалык зыян келтирген мурунку касса начальнигинин орун басары менен соттошот" деп билдирди.

"Кассалык операциялар бөлүмүнүн мурдагы начальнигинин орун басары Асанбекова Гүлмиранын арызы жалган маалыматтарды камтыйт, алар чындыкка дал келбейт, андагы маалымат банкка экономикалык зыян келтирген атайы жасалган кара ниет аракеттерин жаап-жашыруу максатында бир жактуу берилген. Г.Асанбекованын укукка каршы иш-аракеттерин ачыкка чыгарган бүт керектүү маалыматтар жана тастыкталган далилдер тергөө органдарына 2021-жылдын август айынын башында берилген. Г.Асанбекованын укукка каршы жасаган иш-аракеттери даана чагылдырган видеоматериалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү , ал күнөөсүн өз ыктыяры менен моюнуна алгандыгы жана түшүнүк каттары - анын уурулук жана алдамчылык иш-аракеттерди жасагандыгынан шек санаткан төгүндөлбөс фактылардан болуп саналат. Мына ушулардын баарын тергөө органдарына жибердик", - деп айтылат банктын билдирүүсүндө.

“Кыргызстан" коммерциялык банкы натыйжалуу ички көзөмөл жүргүзөрүн, заманбап технологияларды колдонуу менен бардык бизнес-процесстер үзгүлтүксүз текшерилип турарын белгиледи. Ошондой эле банк өз аброюн сотто коргой турганын билдирди.

Айтор, эки тарап өз жүйөлөрүн келтирип, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышканын билдирип жатышат. Банк Асанбекова жоголгон акчанын калган бөлүгүн төлөбөй жатканы жөнүндө кайрылган. Ал эми Гүлмира Асанбекова эки жарым сутка мыйзамсыз банкта кармалганы жөнүндө арыз таштаган. Бишкек милициясы эки иш боюнча кенен маалымат берерин убада кылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG