Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Экономика

Азат Эркебаев
Азат Эркебаев

Бир жарым жылдан бери Кытай менен Кыргызстан ортосундагы соода алака жандана элек. Кыргызстан 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда Кытай менен чек арасын толук жапкан. Өткөн апталарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине барып, жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйө турганын айтты.

Кыргызстан менен Кытай мамилеси, соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөр, тоскоолдуктар тууралуу “Жаңы Жибек-Жолу” соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү бирикмесинин төрагасы Азат Эркебаевдин пикирин сурадык.

- Ачыгын айтканда, соода-экономикалык мамилелер бир аз солгундай түштү. Албетте, мунун себеби биринчи кезекте пандемиянын айынан. Ооба, Кытайдан жүктүн келиши жана ал жакка чыгаруу кыргыз ишкерлери үчүн кыйын болууда. Анткени өтө жай өтүп жатат. Муну өзүм дагы жеке ишкер катары жакшы билем. Кыргызстандык ишкерлер өздөрү өндүргөн товарларды Кытайга экспорттоодо дагы өтө чоң чектөөлөргө дуушар болот. Жалпысынан токтоп деле калды десек болот. Буга Кытай тараптан бир эле жооп болууда - азыркы карантиндик-санитардык талаптарга жараша деген. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда иштеп жаткан "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринде карантиндик нормалар күчөтүлгөн. Ушуга байланыштуу товарларды экспорттоо, импорттоо бир топ кыйынга туруп, чоң маселелерди жаратты. Кыргызстандын экономикасына да зыяны тийди.

- Соода-экономикалык мамилелердин солгундашына бир эле пандемия себеп болдубу? Пандемияга чейин да мамилелер солгундап баштаган деген сөздөр канчалык негиздүү?

- Бул жерде саясий маселеси да бар. Бирок муну өтө басымдуу же болбосо негизги себеби деп айта албайм. Анын да кошумча таасири тийүүдө. Мен мунун себептерин айтсам, Кыргызстандагы Кытай инвесторлорунун иш-аракеттеринин натыйжасы көрүнбөй жаткандыгы, Кытайдын чоң-чоң долбоорлору, кенге байланыштуу же башка дагы инвесторлук долбоорлору кыйынчылыкка учурап жатканынан. Жергиликтүү эл тарабынан аша чапкан иш-аракеттердин болуп жатканын көрүп турабыз да. Мисалга алсак, Солтон-Сары, Чаткалдагы Иштамберди, Баткен облусундагы бир-эки кендерде кытай инвесторлору өздөрүнө залакасы тийди деп эсептейт. Ошол эле учурда иш токтоп калган учурларын биз көрүп турабыз. Бул албетте, Кытайдын расмий бийликтерине жетип турат. Алар мындай иштерге көз жумуп коё алышпайт. Ошолордун залакасы жана саясий-дипломатиялык жактан да бир аз терс таасирлерин тийгизүүдө.

- Ушул мамилелерди оңдоого кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- Албетте, мүмкүнчүлүк кенен бар. Себеби, эки мамлекеттин ортосунда саясий-дипломатиялык жактан алып караганда позитивдүү чоң-чоң иштерди жасаганга же болбосо жакшы достук, кошуналык мамиле кылууга терс таасирин тийгизген саясий маселелер жок да. Тескерисинче, бизде Кыргыз-Кытай мамилеси жогорку деңгээлде же болбосо стратегиялуу кызматташтык деп сыпатталат. Инвестициялык долбоорлорго көбүрөөк көңүл буруп, жаңы багыттарга басым жасасак, бизге жакшы, пайдалуу жактарын алып келет. Тактап айтсак, бизде мурда тоо кен багытында эле өтө чоң долбоорлор болуп келген. Жол куруу жагынан же болбосо энергетика жагынан кээ бир долбоорлор ачыгын айтканда, ошол эле Бишкек ЖЭБ куруу да терс жагын көрсөткөн. Ошондуктан биз дагы жаңы багыттарды ачып көрүшүбүз керек. Мисалы, айыл-чарбаны өнүктүрүп, Кытай базарына чыгарганга аракет кылсак болот. Бул да бизге пайдасын алып келет. Андан тышкары жол-транспорттук коммуникация жагынан да ишке ашыра турган чоң-чоң долбоорлор турат. Ошол эле Кыргыз - Кытай - Өзбекстан темир жолун ишке ашырсак, бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдасын эле алып келет.

- Ушул темир жол долбоору кандайдыр бир себептер менен создугуп жатканына эмне себеп?

- Менимче, кечигип жатабыз. Себеби, 30 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул долбоорду ишке ашырууну өлкөбүздүн чоң жетишкендиги катары эсептейт элем. Бул долбоордун ишке ашпай келе жатканынын жүйөлүү себептери да бар. Атаандаш башка маршруттар жок эмес. Орусиядан, Казакстандан алып өтүүчү маршруттар бар да. Албетте, жаңы маршруттун, жаңы жолдун ачылуусун каалабаган тараптар болот. Ошолордун таасири тийип жатат деп ойлойм. Биз ошолорду карап отурбай, өзүбүз аракетибизди кыла берсек болот.

Азыр пандемия айдан-ачык кылып көрсөтүп койду. Жаңы транспорттук каттамдар, транзит багыттарды ачпаса, дүйнөлүк экономикага да өзүнө терс таасирин тийгизип жатат. Түндүк-түштүк жана батыш-чыгышка да товар жөнөтүп жүргөн мамлекеттер ушундай жаңы кыска транзит жолдордун ачылышына кызыкдар болуп турган кези. Ушундан пайдаланып Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан көптөн бери талкуулап жүргөн темир жол курулушуна, долбооруна жигердүү иштерин баштаса болот. Менин пикиримде, бул ишке азыр бардык шарттар бар. Болгону бизге саясий эрк , иштерман, адискөй кызматкерлер болсо, бул долбоор да жакында ишке ашуу убактысы келди деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Эл аралык энергетикалык агенттик дүйнө өлкөлөрү 2050-жылга чейин атмосферага чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүп, абанын жылышын 1,5 градуска чектөөгө чындап белсенсе, анда жашыл энергетика жардамга келерин белгилейт. Күндүн нуру, шамал, гидроэнергетика жана биоэнергия пандемиядан кийинки экономиканы калыбына келтирүүдө бараандуу роль ойношу керек.

Баш кеңсеси Парижде турган эл аралык агенттик дүйнөлүк лидерлерди климаттын өзгөрүүсүнө каршы жетиштүү аракет көрбөй жатат деп сындады. 1-ноябрда Глазгодо башталчу глобалдык саммитти утурлай жарыяланган баяндамада уюм улуттук өкмөттөрдү чукул чараларды көрүүгө үндөдү.

Агенттиктин жетекчиси Фатих Бирол “келечекте энергияга болгон керектөөнү жабуу үчүн жетиштүү инвестиция салбай элебиз, мындай арабөк абал алдыңкы келечекте туруксуздукка түрткү болот” деп эскертти.

Адистер белгилегендей, энергиянын жаңы булактарына талап өскөнү менен 2050-жылга чейин атмосферага чыккан булганыч газдарды азайтүү өтө солгун жүрүп жатат. Бул ишке ашпаса, алдыдагы 30 жылда глобалдык абанын табынын ысышын 1,5 градустан өткөрбөй кармап калуу мүмкүн эмес.

Эл аралык энергетика агенттигинин өкүлү Тимур Гүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган максаттын маанисине токтолуп, “2050-жылга чейин абага чыккан уулуу газдарды нөлгө түшүрүү чоң дымак, чоң жоопкерчилик" деп сыпаттады.

"Маселен, 2035-жылга чейин май куйган автоунааны сатууну, 2025-жылга карай газ жана май менен иштеген казандарды чыгарууну токтотуу максаты турат”, - деп чечмеледи Тимур Гүл . ​

Буга жетүү үчүн Энергетика агенттиги бул тармакка инвестиция тартуунун жолун сунуш кылат. Жаңы баяндамада "зыяндуу газдарды 40% чейин азайтуу үчүн каражатты шамал жана күн нурунан энергия алчу жабдыктарды орнотуу аркылуу жапса болору" белгиленет.

Жаңы милдет, жаркын келечек

Эми жаңы энергетикалык экономика электрлешкен, эффективдүү жана таза булактан түзүлөт. Буга жетишүү үчүн чечкиндүү саясий аракет жана технологиялык инновация талап кылынат.

Дүйнөнүн бир топ жеринде күн нурунан же шамалдан алынган энергия эң арзан айланууда. Жашыл энергетика инвестиция тартууда жана жаңы иш орундарын түзүүдө маанилүү тармакка айланып, эл аралык кызматташтыкка жана атаандаштыкка өбөлгө болууда.

Адистердин эсебинде, жашыл энергетика 2050-жылга чейин глобалдык алкакта керектөөнү болжол менен 80% кыскартат. Дүйнөдө эки милиарддай киши электр жарыгы менен камсыздалат. Ошол эле маалда 2,5 миллион кишинин өмүрүн узартууга өбөлгө болмокчу.

Топурак-Белдеги шамал станциясы

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынан улам рецессияга кабылган экономиканы калыбына келтирүү энергетика системасына күч келтирип, жаратылыш газы, көмүр, электр жарыгынын баасы кескин өстү.

Экономисттердин баасында, 2021-жылы көмүр менен мунай жагуу дагы көбөйөт. Экологдор анын айынан атмосферага чыккан көмүр кычкыл газынын жылдык көлөмү мурдагыга салыштырмалуу эселеп өсөрүн эскертүүдө.

Кундус Кырбашева
Кундус Кырбашева

Мына ушундай жагдайда Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Топурак-Бел аймагында "Ecowind" шамал паркы курула баштады. Мындай дымактуу долбоорго "Кыргыз уинд систем" компаниясы белсенип киришкен. Анын финансылык директору Кундус Кырбашеваны "Азаттык" кепке тартып, шамалдан электр жарыгын алуунун келечегине кызыкты.

- Коңшу өлкөлөрдөн баштасак, Казакстан, Өзбекстан, Орусия акыркы 10 жылда ушул шамал энергетикасын өнүктүрүп, электр жарыгын алууда. Суунун азайганын табият быйыл бизге көрсөттү. Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда суу тартылып баратат, дагы 10 жылда мындан дагы азаят деген прогноздор бар. Ошондуктан, биз энергетиканы диверсификация кылышыбыз керек. Бир эле Токтогул суу сактагычынын көзүн карап тургандын өзү кооптуу. Ошондуктан биз энергетиканы 92% сууга байлап койбой, андан тышкары, күн, шамал ж.б жаңы чыгып жаткан технологияларды колдонуп, электр энергиясын өндүргөнгө жетишүүбүз керек.

Шамал энергетикасын өнүктүрүү Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан ыңгайлуу. Биз түзгөн планга ылайык, станция деңиз деңгээлинен канчалык бийик турса, ошончолук такай шамал согот. Кыргызстанда шамал, күн нүрунан жаңы технологиялардын жардамы менен электр кубатын алууга жетишүүбүз керек.

- Шамалдан алынган жарык Кыргызстандын энергетикалык потенциалына канчалык салым кошо алат?

- Бүгүн электр энергиясы жетишсиз, биз аны импорттоого мажбур болуп жатабыз. 6 млрд кВт/саат электр энергия жетишсиз болот деген прогноз бар. Чоң ГЭСти салыш үчүн ошончолук чоң каражат керек, көп убакыт талап кылынат.

Жаңы технологиялар бир орунда турган жок, 10 жыл мурун күндүн нурунан же шамал энергиясын алган жабдыктар кымбат турса, азыр бир кыйла арзан. Андан тышкары эгер азыр 1 мВт энергияны ГЭСтен алган менен ошончону күндөн, шамалдан өндүргөндү эсептесеңиз, баасы бирдей эле. ГЭС саласыңбы, күн нурунан аласыңбы, шамал станциясын коёсуңбу, 1 мВт энергиянын баасы 1 миллион доллардын тегерегинде айланат.

Биз ошол шамалдан өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмүн жок дегенде 1% чыгара алсак, Кыргызстан үчүн жетишкендик болмокчу. Тилекке каршы, биз шамалдан дагы, күндөн дагы эч кандай электр энергиясын өндүрбөйбүз.

Топурак-Белдин космостон тартылган сүрөтү.
Топурак-Белдин космостон тартылган сүрөтү.

- Эми сиздер киришкен "Ecowind" долбоору канча жерге курулат?

- Биздин планда 1300 гектар, анын 300 гектарын азыр жергиликтүү эл, депутаттар менен сүйлөшүп, 49 жылга ижарага алдык. Эми иш жүзүндө техникалык жумуштар калды. Ал аймакка кубаттуулугу 1 мВт болгон 45-50 мачта орнотулат.

Электр энергиясы экономиканын өсүшүнүн түздөн-түз фактору. Энергетика болбосо фабрика-завод иштебейт, эл турмушу оңолбойт. Мисалы үчүн, алыскы айыл-аймактарды өнүктүрөбүз деп айтып жатабыз, бирок ал жакта жарык жок болсо, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилбесе, ким ошол жакка барып, цех салат же жумуш ордун түзүп, бир ишкана ачат. Себеби ишкананын иштеп кетишине кепилдик жок. Бул биринчи фактор.

Экинчиси, ошол шамал менен күн нуру автономдуу түрдө электр энергияны өндүргөнгө жол ачат. Ошондо четки аймактагылар, чек ара менен чектешкен айыл-кыштактарга автономдуу станцияларды койсок, региондорду колдоп, ошол жерде жаңы ишканалар ачылып, жумушчу орундар түзүлүп, айыл-кыштак өнүккөнгө дагы чоң салым болот эле.

"Кыргызстанда шамалдан жарык алабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:54 0:00

Дүйнө: Жашыл энергетикага инвестиция салган алдыңкы бештик

Кайра калыбына келчү энергия булактарынын глобалдык рейтингинин маалыматына ылайык, 2030-жылга карай 35 өлкө жашыл энергетикага өтөт. Алар ушул тапта деңизде жана жээкте шамал станцияларын коюуга, күн жана фотоэлектрдик элементтерди орнотууга бараанду инвестиция салууда.

Рейтинг ар бир өлкөдө жети категория боюнча аныкталган: саясий чечимдер, базар экономикасынын негиздери, инвесторго түзүлгөн жагымдуу шарт, инвестицияны өздөштүрүүгө даярдык, киреше табуудагы тобокелдик, калыс атаандаштык, жергиликтүү базардагы мүмкүнчүлүктөр.

АКШ

Тизменин башында Кошмо Штаттары турат. Бул өлкөдө базар экономикасынын принциптери бекем жана инвестицияны колдоо системасы жагымдуу. Президент Жо Байдендин администрациясы АКШда энегриянын кайра калыбына келчү түрүнө федералдык деңгээлде инвестиция салууну көбөйтөрүн жарыялаган. Мунун эсебинен өлкө 2030-жылга чейин зыяндуу газдардын көлөмүн 50-52% кыскартууну көздөйт.

Германия

2020-жылы бул өлкөдө жалпы энергиянын 47% таза булактардан алынган. Европанын эң чоң экономикасы көмүр жана атомдук электр станцияларынан баш тартуу чечимин кабыл алгандан кийин жаңы тармакка инвестиция салуу өскөн. 30 жылдан кийин Германия өз керектөөсүнүн 65% жашыл энергетиканын эсебинен жабат.

Кытай

Кытайдын материктик бөлүгү инвестиция салуу боюнча тизмеде үчүнчү орунда турат. Атмосфераны булгаган жагынан дүйнөдө биринчи орундагы өлкө энергетикалык базарга кирүүнү жеңилдеткени үчүн рейтингдин башына илинген. Кытайда күн энергиясы менен шамал станцияларынын үлүшү бараандуу. Бээжин 2060-жылга карай көмүр кычкыл газынын көлөмүн нөлгө түшүрүү дымагын билдирген.

Франция

Жашыл энергетикага инвестиция салуу жагынан төртүнчү орунга чыккан өлкө туруктуу базар экономикасынын прициптери жана бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүк стратегиясы менен айырмаланат.

Француздар ушул тапта атомдук энергия өндүрүшүн жандантууга ыктап турат. Аны менен катар эле күн жана шамал энергиясын алууга каражат салып, 2022-жылга карай көмүрдөн баш тартууну көздөйт.

Испания

Бул өлкө таза энергия булактарын алуу үчүн инвестиция салууда бешинчи орунда турат. Рейтингде Испаниянын артыкчылыктары француздардын көрсөткүчүндөй белгиленген. Былтыр жалпы керектөөсүнүн 43.6% кайра калыбына келген энергия булактарынын эсебинен жапкан. Мадрид 30 жылдан кийин 100% жашыл энергетикага өтүү үчүн максат койгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG