Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы өткөн жылга салыштырмалуу 1400 сомго чейин кымбаттады. Учурда бир тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда.
Экономика
ишемби 9 Октябрь 2021
Нарындын айылдарында аялдарды иш менен камсыз кылган тигүүчү цехтер көбөйдү. Ушул тапта облустун ар бир айылында мындай ишканалар кызуу иштеп жатат. Бишкек шаарындагы күжүрмөн цехтердин аймактарга көчүшүн адистер кымбатчылыкка байлашууда. Анткени айылдарда жумушчу күч менен имараттардын ижара акысы арзан.