Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Экономика

Акбулакта атышуу болгон үйдүн жаны. Алматы, 21 -сентябрь, 2021 -жыл.
Акбулакта атышуу болгон үйдүн жаны. Алматы, 21 -сентябрь, 2021 -жыл.

Дүйшөмбүдө Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Таймерденов 21-сентябрдагы басма сөз жыйынында шаардын Акбулак кичи районунда болгон окуяга байланыштуу, "адам өлтүрүү" жана "бийлик өкүлдөрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылыш иши козголгонун кабарлады.

"Мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу боюнча экинчи кылмыш иши ачылды. Шектүү кармалды, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аны суракка алуу уланууда. Курал да табылды. Бул боюнча тергөө экспертизалары дайындалды".

Таймерденов шектүү эмне себептен бул жолго барганын айта алган жок. Кылмыш болгон жерге "кошумча" экспертиза жөнөтүлгөнүн, курал шектүүгө таандык экенин, ага уруксат алынганын кошумчалады. Ал эми казакстандык маалымат каражаттары ок карабин мылтыгынан атылганын жазып чыгышты. Шейшембиде алматылык жаран эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаранга ок аткан.

Окуя 20-сентябрда кечки саат бештер чамасында болгон. Эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген алматылык жарандын үйүнө келишкен. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге каршы чыгып, ок аткан.

Каза болгон эки жайкын тургун, талашка түшкөн мүлктүн жаңы ээси жана күбө катары келген киши экени айтылууда. Эгерде шектүүнүн күнөөсү далилденсе, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Полиция Алматыда атышуу болгон үйдүн жанында турат.
Полиция Алматыда атышуу болгон үйдүн жанында турат.

Таймерденов брифингде шектүү мурда соттолбогонун, атышуу учурунда үйдө жети киши, анын ичинде жашы жете элек үч бала болгонун кабарлады.

Деген менен полиция кызматынын жетекчиси каза болгон жергиликтүү полиция кызматкерлеринин жанында кызматтык курал болгонун айтты. Бирок алар аны колдонууга үлгүрбөй, окко учушкан.

Каза болгон полиция кызматкерлеринин бири, участкалык инспектор Дархан Сулеевдин артында жашы жете элек беш баласы, ал эми аймактык полиция кызматкери Нурбол Байгазиевдин эки баласы калганы белгилүү болду.

Жергиликтүү Polisia.kz басылмасы Алматы мэриясы каза болгон полиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүн турак жай менен камсыздарын маалымдады.

Казакстандык Orda.kz басылмасынын маалыматы боюнча, окуяга шектүү 54 жаштагы жаран бир нече жыл мурун банктан насыя алып, кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койгон. Төлөй албагандан кийин, банк мүлктү тартып алган.

Шейшембидеги жыйында казак аткаминерлерине "Банктын аракеттери боюнча иликтөө барбы" деген суроо берилди. Ал соболго Канат Таймерденов "муну мекемелер аралык топ аныктайт" деп жооп берди.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, окуя болгон кичи район дагы эле курчоого алынып турат.

Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркияда калктын 67% коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алды. Алардын арасында бул өлкөдө туруктуу иштеген чет өлкөлүк мигранттар да бар. Акыркы айларда иш берүүчүлөр мигранттардан дал ушул эмдөө сертификатын талап кылып жатканы айтылууда.

Кыргызстандык Гүлжан алты айдан бери Анкара шаарындагы менчик ооруканада коронавирус менен ооруган бейтаптарды карап иштейт. Ал жумушу кооптуу жана оордугуна карабай, күнүмдүк төлөнгөн айлыгы жакшы болгондуктан, баарына кайыл болуп иштеп жатканын айтып берди.

"Учурда иш берген фирмалар ооруканадагы бейтаптарды караган жумуштарга чет өлкөлүк кыз-келиндерди жөнөтпөй жатат. Пандемияга чейин ооруканаларда оор абалда жаткан кишилерди карап иштечүмүн. Мен коронавирус менен ооруй элекмин, бирок вакцина да алган жокмун. Бирок мурдагыга караганда азыр коронавирус жуккан бейтаптарды карап иштеген кирешелүү болуп жатат. Албетте кооптуу, оор. Өзүнө ишенип, макул болгон кыз-келиндер гана иштеп жатабыз. Корккондор да бар", - деди Гүлжан.

Ал буга чейин оорулуу картаң кишилерди карап иштеген тажрыйбасы болгондуктан иш берүүчүлөр да ушул жагын эске алып жумушка алганын кошумчалады. Анын күнүмдүк милдетине бейтаптын дарыларын берип, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу кирет. Гүлжан алты айдан бери өзү иштеген ооруканадан чыкпай, коронавирус жугуп оор абалда жаткандарды карайт.

Ал эми Түркияда коронавирустан каза болгондордун саны акыркы кезде кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги калктын жарымы вакцинанын эки дозасын алганын кабарлаганы менен 20-сентябрда бир күндө эле 231 киши вирустан көз жумду. 27 миңден ашык киши вирусту жуктуруп алды.

Кыргызстандык Айзада Жээнбекова Анкарада мигрант кыз-келиндерге жумуш таап берген жеке фирманы жети жылдан бери жетектейт. Ал жүздөгөн мигранттарга иш таап берген. Бирок Айзада пандемияда анын түрк кардарларынын дээрлик көпчүлүгү вируска чалдыгып, айрымдары каза болгонун белгиледи.

"Негизинен биздин Анкарадагы кыз-келиндер кары-картаңдарды карап иштегендиктен пандемияда дал ошол катмар көп жабыркады. Башкача айтканда түрк кардарларымдын улгайган ата-энелери вирустан ооруп, айрымдары каза болуп калды. Биздин кыргыз эже-сиңдилер көп айлык- акынын айынан ошол коронавирус жуккан бейтаптарды карап жатышат. Азырынча мен андай жумуштарга биздин мигранттарды жөнөтө элекмин. Бирок барып иштеп жаткандарды уктум. Аларга "вакцина алгыла" дегеним менен көбү алыша элек. Бирок дүйнө жүзүндө бир эмес эки-үч дозадан алып жаткандыктан ар бир чет өлкөдөгү мигрантка "вакцина сайдыргыла" деп айтат элем. Ал эми чынын айтканда Анкарада тааныштардын арасында вирустан каза болгондор көп болду", - деди Айзада.

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Ал ортодо 6-сентябрдан тарта өлкөдө коомдук жайларда, шаарлар арасындагы учак каттамдарында вакцинация сертификаты же ПЧР-тестинин жаңы жыйынтыгы талап кылына баштады. Анкара мындай чектөөлөр жергиликтүүлөр менен катар өлкөдө туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүктөргө да тийиштүү экенин билдирген.

Түрк бийлиги ай башында гана мындай талаптарды койгону менен жергиликтүү иш берүүчүлөр мигранттардан эбак эле эмдөө сертификатын сурай баштаган. Түркиянын Алания шаарында улгайган кишини карап иштеген Жыпар акыркы жумушуна эмделгенин тастыктаган документти көрсөткөндө гана киргенин айтып берди.

"Азыр Түркияда улгайган адамдардын дээрлик баары эмдөөдөн өттү. Анан албетте аны келип карай турган кишиден сертификат талап кылуу туура эле деп ойлойм. Буга чейин үч жумуш котордум. Ар бир үй-бүлө "вакцина сайдырдыңбы" деп сурады. Мен Фетхие деген жерде иштеп жүргөндө биринчи дозаны сайдыргам, кийин Анталия шаарында экинчи дозаны алдым. Азыр кенен кесири коркпой иштеп жүрөм. "Түркияда калып иштейм, бала-бакырамды багам" дегендер бара-бара вакцина сайдырууга милдеттүү болуп калабыз го. Бул өлкөдө тартип кандай болсо ошого баш ийип иштөөгө туура келет да", - деди кыргызстандык мигрант.

Түрк иш берүүчүлөрдүн күн өткөн сайын чет өлкөлүк мигранттарга вакцинация боюнча койгон талаптары күч алууда. Алар муну өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын эселеп көбөйгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Анталия шаарында иштеген Мээрим эмдөөдөн өтө элек, бирок жаңы жумушка кирерде ПЧР-тести талап кылынып жатканын эскертти.

"Сегиз ай мурун Мейдан деген жерде иштегем. Ал убакта вакцина алганың көп суралчу эмес, "ПЧР-тест тапшырасың" деп айтышкан. Ошол тест менен сегиз ай иштедим. Азыр бир үй-бүлөнүн үйүн тазалап иштейм. Алар да менден вакцина сертификатын талап кылышты. Биринчи дозасын алгам дедим. Ошого ишенип жумуш беришти. Жакында эле экинчи дозаны сайдырдым. Абалым, жумушум жакшы", - деди Мээрим.

Июлдан бери Түркияда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайылууда. Өлкөдө 50 жаштан жогорку жарандар жана медиктер үчүнчү дозада каалаган фирманын вакцинасын сайдыра алат. Буга чейин эмделгендерге биринчи жана экинчи дозада бир эле фирманын вакцинасы сайылган. Учурда Түркияда Кытайдын Sinovac жана Германиянын Pfizer/BioNTech вакциналары колдонулууда. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган июнь айынын башында коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алган.

83 миллион калкы бар Түркияда 19-сентябрга берилген маалымат боюнча, 42 миллиондон ашык жаран вакцинанын экинчи дозасын, 10 миллионго чукул киши үчүнчү дозасын алды. Вакцина 15 жаштан улууларга сайылууда.

Түркияда 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Бирок акыркы апталарда өлкөдө вирус жугузуп алгандар эселеп көбөйдү. 6-сентябрдан тарта өлкөдө мектептер кадимки тартипте иштей баштады. Ал эми беткап жана социалдык аралык эрежеси тыкыр сакталууда.

Бул өлкөдө 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Алардын канчасы коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG