Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Экономика

"Камбар-Ата-2" ГЭСинин 1-агрегаты ишке кирди. Узак жылдардан бери бүтпөй келаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин келечеги жөнүндө москвалык эксперт Андрей Грозиндин жоромолу.

"Азаттык": 30-августта Кыргызстан “Камбар-Ата-2” ГЭСинин 1-агрегатын пайдаланууга берди. Эми курулушунун теңине жакыны бүтүп калган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин болочогу эмне болот деген табигый суроо жаралат. Анткени "Камбар-Ата-1дин" долбоордо каралган кубаттуулугу 1900 МВт же "Камбар-Ата-2ден" дээрлик төрт эсе чоң. Анан да аны куруу боюнча 2009-жылы Россия-Кыргызстан менен акционердик компания түзгөн. Бу чала бүткөн теңорток ГЭСтин келечеги барбы?

Курманбек Бакиев. 4-апрель 2009

А. Грозин: Тилекке каршы, азырынча, "Камбар-Ата-1" ГЭСи боюнча ачык бир нерсе айтуу же баланча күнү башталат деп боолгоо мүмкүн эмес. Бир жактан, бул региондогу ири ГЭСти куруу боюнча Россия менен Кыргызстан ортосундагы келишимдин тарыхына байланыштуу.

Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев былтыр жазда Москвага жасаган визити маалында өтө чоң шаң-тамаша менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча россиялык-кыргызстандык акционердик коомдун түзүлгөнү жана анын курулушуна эбегейсиз чоң сумманы - 1 миллиард 700 миллион долларды салууга Россия даяр экени ырасмий жагдайда жарыя кылынган. Удаа эле Кыргыз тарапка 400 миллион доллар берилген. Анын 150 млн. доллары кайтарымсыз жардам ирети берилсе, 300 млн. доллары Республиканы өнүктүрүү фондусуна чегерилген. Жаңылбасам, бул кредит 40 жылга берилип, жылдык төлөмү 0, 75 процент болчу. Ошондон кийин эки өлкөнүн жетекчилери арасында түшүнбөстүктөр башталбадыбы. Ал чатакташуу "Манас" авиабазасын Транзиттик жүк ташуучу борборуна айлантууга байланыштуу келип чыкты. Ал эми 2010-жылдын жазында премьер-министр Данияр Үсөнөв "Камбар-Ата-1ди" каржылоонун башын ачуу үчүн атайын Москвага келди. Ошондо Россия өкмөтү Курманбек Бакиевдин режими бийликти турганда, 1,7 миллиард долларды инвестиция кылбасын ачык айтты.

Россиянын атактуу Таман дивизиясынын жоокерлери машыгуу учурунда. Москва. 24-август 2010

Кыргызстанда апрелде бийлик алмашкандан кийин "Камбар-Ата-1ди" Россия каржылайбы, ал жөнүндө бир нерсе деп ачык айтып болбойт. Бирок Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20-августта Ереванда өткөн саммитинден кийин Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана РАО ЕЭС корпорациясы жасаган билдирүү Россия өкмөтү "Камбар-Ата-1ди" курууга катышат деп боолгогонго негиз берет. Ошондо да Россия курулушка мурдакы шарт боюнча катышмакчы. Тагыраак айтканда, ГЭСтин акциясынын негизги бөлүгү же контролдук пакетине ээ болгондо жана мурда айтылган технологиялык параметрлер сакталганда гана. Менин баамымда, Максим Бакиев атасынын бийлиги кулагандан бир аз мурда Бээжинге барган кезде ГЭСти курууда Россиянын ордуна Кытайды тартуу жөнүндө айткан идеясы Москвага жаккан жок. Ошон үчүн Россия анын курулушуна Курманбек Бакиев 2009-жылдын жазында Москвага визит менен барганда айтылган шартта гана катыша алат.


"Азаттык": "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу эки-үч жылда башталган учурда да, эксперттердин боолгошунча, эрте дегенде 15 жылда бүтүшү мүмкүн. ГЭС бүткөн соң Борбор Азияда кышында болуп жүргөн энерготартыштыкты жабуу үчүн 4-5 ай гана пайдаланылат. Ошентип анын курулушуна кеткен чыгым 25-30 жылда барып кайтат. Россияга мындай долбоорго катшуунун эмне пайдасы бар?


А. Грозин:
Сиз туура айтасыз. Долбоор боюнча баштап жасалган эсептөөлөр азыркы экономикалык чындыктан алда канча айырмаланып турат. Ошентсе да эсиңизге сала кетейин. Россиянын өкмөттүк энерго корпорациясы- РАО ЕЭС жана Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Камбар-Ата болочокто Борбор Азиянын электр энерегиясын Түштүк Азияга сатууда негизги энергия булагы болуш керек.

Электр кубаты Пакистандан башка да Индияга да сатылышы мүмкүн. Бирдиктүү энергосистемага келечекте Ооганстан да кошулары шексиз. Ошондо электр кубатынын наркы азыркыдан такыр башка болот жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи ылдам өзүн актайт. Россиянын бул ири ГЭСке кызыгуусунда финансылык жүйөдөн көрө, саясый кызыкчылык чоң роль ойноодо. Россия анын контролдук пакетине ээ болом деген үмүттө.

Камбар-Ата ГЭСинин контролдук пакетине ээ болуу экономикалык гана эмес, саясый да контролго ээ дегенди түшүндүрөт. Москвабы, Бээжинби, же Вашингтонбу, айтор ким ГЭСтин контролдук пакетине ээ болсо, ал постсоветтик Борбор Азия түгүл, андан да кең мейкиндикте Түштүк Азия регионунда экономикалык таасири эбегейсиз өсөт. Москва жана башка оюнчулар үчүн бул биринчи кезекте нукура геосаясый долбоор болгондуктан, анын экономикалык жактан пайдалуулугу экинчи орундагы маселе.

30-августта Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирди. Аны ишке киргизүү салтанатына катышкан президент Роза Отунбаева бул күн кыргыз гидроэнергетикасынын тарыхында бурулуш учур болгонун айтты.

ГЭСтин кубаттуулугу 360 МВт. Анын баардыгы үч агрегаты иштеши керек, ар бир агрегаттын кубаттуулугу 120 МВт.

ГЭС куруучулардын шаарчасында өткөн салтанаттуу митингде президент куруучуларга элдин жана өзүнүн атынан ыраазылык билдирип сөз сүйлөдү.

- Бул күн биздин атамекендик гидроэнергетиканын тарыхында бурулуш жана чечүүчү учур болуп саналат. Биринчи агрегаттын ишке кириши биздин республиканын эгемендик күнүн белгилөөнүн алдында элибизге өзгөчө кубанычтуу белек болуп саналат,-деди Р. Отунбаева.

Президент Р. Отунбаева өзүнүн сөзүндө Камбар-Ата 1 ГЭСи тууралуу да кеп козгоп, Өзбекстан тарап анын техникалык-экономикалык аныктамасын эл аралык экспертизадан өткөрүү керектигин айтып келатканын, аны Кыргызстан сөзсүз түрдө жасай турганын билдирди.

Иш-чарага энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, ГЭСтин куруучулары катышты.

Камбар-Ата 2 ГЭСинин ишке киргизилген агрегаты экм жума сыноо режиминде иштеп, сыноодон өткөндөн кийин гана электр кубатын иштеп чыгара баштайт. ГЭСтин биринчи агрегаты жылына 500-600 млн киловат саат электр кубатын иштеп чыгышы керек. Камбар-Ата ГЭСин толук ишке киргизүү жылына 1,2 миллиард кубометр сууну үнөмдөгөнгө шарт түзөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG