Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Экономика

Дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын бири, 80 жаштагы Жорс Сорос, 2010-жылдын сентябры.
Дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын бири, 80 жаштагы Жорс Сорос, 2010-жылдын сентябры.

Америкалык филантроп, белгилүү финансист Жорж Сорос эл аралык Хюман Райтс Уотч уюмуна 100 миллион америкалык доллар грант берип, бул уюмдун ишин кеңейтүүгө колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Хюман Райтс Уотч - дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө адам укуктарынын абалына тыкыр сереп салган, бейөкмөт уюм.

Америкалык филантроп Жорс Сорос түзгөн Ачык коом Институту эл аралык Хюман Райтс Уотч уюмуна бөлгөн 100 миллион доллар өлчөмүндогү көлөмдүү грант буга чейин укук коргоо жаатында иштеген бир дагы тарапка берилген эмес.

Хюман Райтс Уотч уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рос Ж.Соростун жолун дүйнөдөгү акчалуу, таасирдүү башка тараптар да жолдоп, адам укуктарын коргоо идеалын туу туткан уюмдарга карата колдоону күчөтөт деп ишенерин айтат.

Жорс Сорос болсо Ачык коом институту 10 жыл аралыгында бөлө турган 100 миллион доллар жаңы өзгөрүүлөрдүн башаты болот деп ишенет. Ошону менен катар эле Сорос Хюман Райтс Уотч уюмунан дагы бери дегенде 100 млн. долларды АКШдан сырткары жактардан издөөнү суранды.

Дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын бири, 80 жаштагы Жорс Сорос «Форбс» журналынын тизмесинде дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири катары 14 миллард долларга чукул байлыкка ээ деп маалымдалат. Сорос Нью-Йорк шаарындагы кеңсесинде отуруп «Рейтерс» агенттигине берген маегинде:

- 10 жыл ичинде берилчү 100 млн. доллар Хюман Райтс Уотч уюму дагы 100 млн. долларды АКШдан башка өлкөлөрдөн табат деген максатта берилүүдө. Уюм Европада жетишерлик күчтүү колдоого ээ, бирок андан башка Латын Америкасы менен Азияда дагы ошондой эле бекем колдоо издөөсү керек, - деп айтты.

Ж.Сорос АКШнын демократиялык партиясынын күчтүү колдоочусу катары мурунку президент Буштун эл аралык террорчулук менен күрөшүү саясатын сындап, эл арлык коомчулукта «АКШ моралдык жогорку стандарттын жоготту» деп кескин айтканы белгилүү.

100 миллион доллар колдоо алган Хюман Райтс Уотч уюму менен Сорос алыскы 80-жылдардан бери байланышы бардыгын айтып, бериле турган каражат сарамжалдуулук менен сарпталарын кошумчалады.

Хюман Райтс Уотч уюму үч жүзгө чукул кызматкери бар, дүйнөнүн токсонго жакын мамлекетинде ишмердүүлүк кылат. Соростун бул жолку көмөгү уюмдун жер-жерлердеги ишин кеңейтүүгө, анын ичинде Азия, Африкадагы долбоорлорду өркүндөтүүгө жумшалат.

Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар ортосунданы кагылышты дагы биринчилерден болуп жеринде иликтеген дал ушул Хюман Райтс Уотч уюму. Өткөн айда жарык көргөн алгачкы баяндамсында уюм бейтарап иликтөөлөрүнө таянып, окуядагы бир топ фактыларды ачыктаган. Атап айтканда, Оштогу урушту өзбек улутундагылар баштаганын, өкмөттүк күчтөр жергиликтүү өзбектерге ыдык көрсөткөнүн, кармалган өзбек улутундагыларды уруп-сабоолор болуп жатканы тууралуу эл аралык коомчулукка даректүү маалыматтар берилген.

Учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү абалга Хюман Райтс Уотч уюму тыкыр сереп салуусун улантууда. Жеринде иликтөө жүргүзгөн бул уюмдун адиси Оле Солванг Хюман Райтс Уотч кагылыштагы конкреттүү кылмыштардын бетин ачып, кылмышкерлерди жазалоо маселесин көтөрүп жаткандыгын «Азаттыктын» кабарчысы Жаңыл Жусупжанга берген маегинде да айткан:

- Биз албетте ар түрдүү жолдор менен түшкөн маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Кээде доклад жарыялайбыз, кээде пресс-релиз жазабыз, кээде бийликтерге кат жазабыз. Азыр эл аралык иликтөө жүргүзүп жаткандарга да маалымат беребиз. Абалга жакындан байкоо салууну уланта беребиз деп ишенип коюңуз. Биз чогулган маалымат акыйкаттыкты камсыздоо үчүн максаттуу пайдаланат деп ишендире алам.



Камбар-Ата - 2 ГЭСи
Камбар-Ата - 2 ГЭСи

Быйылкы жарым жылда электр энергиясынын жоготуулары 1 миллиард ашуун киловат саатты түздү. Бул өндүрүлгөн электр энергиясынын 26,7% жолдон жоголуп, же уурдалып кеткенин туюндурчу сан.

Республикада жарым жыл ичинде 7 миллиардга бираз жете бербеген киловат саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Жетинин бири же эмнеликтен жоготуулар арбын?

Электр энергиясын жоготуулардын жарым жыл ичинде 26% ашып кетиши азырынча Энергетика министрлигин гана ойлонтуп жаткан шекилдүү. Буга чейин өндүрүлгөн электр энергиясынын теңине жакыны жоголуп, уурдалып кетишин башынан кечирген кыргызстандыктар үчүн жоготуунун жетиден бир бөлүккө чыгышы ашкан чоң жаңылык деле эмес.

Анын үстүнө энергетикалык жоготуулар мурунку бийликтердин жанында жүрчү “энерготөбөлдөрдүн” атына байланып, уурдап-тоноолорго ошолор, жогорку бийликке жолдуулардын гана тиешеси бардыгы айтылып келчү. Быйылкы бийлик алмашуусунан кийинки энергетикалык жоготуулардын азайгандын ордуна дагы көбөйүп баратышы коррупциялык схеманын жоюла электигин көрсөтүүдө.

Амангелди Муралиев
Жакында кышка даярдыктын кам-чомун талкуулаган жыйында өкмөт башчынын 1-орунбасары Амангелди Муралиев жоготуулар жалгыз эле электр энергиясында гана орун албастан, жылуулук, газ тармагында деле абал жакшы эместигин белгилеп, кышка даярдыкты ойлогондор аз экенин баса белгилеп айтты.

- Биз бардыгын жасашка аракет кылганыбыз менен каржылык камсыз кылуу ойдогудай эмес. Ошондуктан Каржы министрлиги да бышып жетилген маселелерге жооп бериши керек. Энергетиктерге эмнеге көңүл бурушу керектигин айта кетейин. Биринчиден, бөлүштүрүү компанияларында жоготуулар көбөйүп баратат. Экинчиден, акыларды чогултуу да начарлоодо. Бул айрым энергетикалык ишканаларды тийиштүү каржылоого акча чогултуу үчүн керек .

Акча жок, жок акча

Өкмөт башчы орунбасары өзгөчө басым жасап жаткан маселе ушу тапта курулушу арасат калып жаткан Камбар-Ата -2 ГЭСин аягына чыгарыш үчүн табылчу каражаттан улам чыгууда. Курулуштун 1-агрегатын ишке киргизүү аземи жуп Кыргызстандын эгемендик күнүнө тушташ өткөрүлгөн ири ишкананын калган эки агрегатына кайдан акча табуу керектиги ушу тапта өкмөттү ойлонткон суроолордун бири. Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашов бюджет таңкыстыгы опсуз коркунучтуу чекке жеткенин белгилеп, жыл аягына чейин абал дагы оорлошу мүмкүн экендигин ырастоодо. Өкмөттүн резервинде турган каражат да толук сарпталынып, непадам четтен инвестиция келбесе жалаң салык менен бажы төлөмдөрүнөн түшчү киреше чоң таңкыстыкты жаба албайт.
Камбар-Ата-2 ГЭСи

Өзбекстандан келчү кымбатбаа газдын 25% өткөн жылы жоготууга чыгарылып, калктын “көгүлтүр отун” карызы 19 миллион долларга жеткен. Аны бюджеттик ссуда эсебинен жаап, өкмөт быйылкы жылга деле 240 миллион кубометр газ сатып алуу келишимине жетишкен. Быйыл болсо “Кыргызгаздын” Өзбекстандан келчү кымбатбаа “көгүлтүр отунга” карызы 1 миллион 576,1 миң долларга жетти. Калк болсо 162,3 миллион сомдук карызын жаба элек.

Электр энергиясындагы жоготуулардын төмөнкү көрсөткүчү “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомуна тийиштүү. “Түндүкэлектр” ААКнын пресс-кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиеванын ырасташынча, компания техникалык, коммерциялык жоготууларды азайтуунун аракетин көрүүдө.

- Мына 8 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы жоготуулар “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому боюнча 23% десек болот. Булардын ичинен техникалык жоготуулар 12,6%, коммерциялык жоготуулар 11% түзөт. Эми мынабу жоготууларды былтыркы жылдын 8 айына салыштырсак, былтыркы жылы 8 айда биздин жоготуулар 25% болчу. Жылыш бар, эки пайызга. Бирок былтыр деле быйыл деле Энергетика министрлиги билдин алдыбызга койгон милдет жоготуулар 25% ашуун болбош керек.

Президент Роза Отунбаева Кыргызстан энергетикасы элдик көзөмөлгө - «рентгенге» коюларын жарыя кылган. «Мурдагы бийлик тушундагы коррупциялык схемалар эми иштебестигин», баалар опсуз көтөрүлбөстүгүн ырастаган. А бирок энергетикадагы жоготуулар жыл аягына чейин дагы канчага көтөрүлөрүн, жоготууларды азайтуу амалында өкмөт кандай иштерди жасай тургандыгы азырынча айтыла элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG