Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Экономика

«Камбар-Ата – 2» ГЭСинин 1-агрегаты кыргыз кыйын экономикалык жагдайды башынан кечирип жаткан учурда ишке киргизилди. Ачылыш салтанатында ГЭСтин 2-3-агрегаттары качан ишке ашырылары, аларга каражат бөлүнөр-бөлүнбөсү айтылган жок.

Жыйында ушу тапта Кыргызстан Орусия менен «Камбар-Ата –1» ГЭСинин курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

“Албуут Нарын буулду”
Президент Роза Отунбаева Камбар-Ата-2 ГЭСинин ачылышында

“Камбар-Ата – 2” ГЭСинин 1-агрегатынын ишке кириш салтанатында сүйлөгөн президент Роза Отунбаева энергетика тоо-кен тармагы экөө кыргыз экономикасында маанилүү орунду ээлей тургандыгын белгилеп, өкмөттүн эмки максаты “Камбар-Ата – 1” ГЭС курулушуна каражат табууга жумшалып жатканына токтолду.

- Орусия менен бирге “Камбар-Ата –1” ГЭСинин курулушун кайра улантуу жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылып жатат. Мына жакында алардын өкүлдөрү келет. Жогорку деңгээлде ошондой сүйлөшүүлөр башталат.

Президент ошондой эле жаңы ГЭС курулушу башталганга чейин эле эл аралык экспертиза өткөрүү талабын такай коюп келаткан Өзбекстанды камтама кылган маселеге да токтолуп, “Камбар-Ата -1” ГЭС долбоору эл аралык экспертизадан сөзсүз өткөрүлө тургандыгын ырастады.

Кыргызстандагы эң ири “Камбар-Ата – 1” ГЭСи ушу тапта 1-агрегаты ишке киргизилип жаткан “Камбар-Ата – 2” ГЭСинен 11 чакырым өйдөрөк ошол эле Нарын дарыясына курулат. Ал эми “Камбар-Ата –2” ГЭСинин кубаттуулугу 360 мегаВат. ГЭС курулушунда иштеген адистердин айтуусунда, жаңы ГЭСте үч агрегат иштейт.

- 360, үч агрегат, 120. Өзүнүн суу сактагычы бар. Ошону менен кармала берет.

- Анан суу өйдөтөн төмөн агып түшүшү керек да?

- Антпесе муну айландыра албайсыз. Сөзсүз шаркыратма болуш керек. 50 – 60 метр. Шаркыратма 10 метр, 12 метрден өйдө болсо боло берет. Орусияда суу агып түшчү бийиктик 11 эле метр, бирок 24 гидроагрегат. Саратов, Волга ГЭСтери ошондой. 12 – 16 метрден түшөт.

- Бизде адистердин көбү чет өлкөлөргө кетип калышты дешет, чын эле кетип калыштыбы?

- Ооба, көбү кетип калды. Каржы жагы жакшы болсо бул жерге келип эле иштешет.

Дарыя бойлогон курулуштар планы

Камбар-Ата-2 ГЭСи

Союз кезинде Кыргызстандын гидроэнергетикалык кубаттуулугу 140 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылып келген. Айтылып эле тим болбой ал кезде “Токтогул” ГЭС катарында дарыянын төмөнкү агымында “Үчкоргон”, “Шамалды-Сай”, “Күрп-Сай”, “Таш-Көмүр” ГЭСтери курулган. Ал эми Камбар-Ата – 1, 2, 3 ГЭСтеринин курулушу эгемен Кыргызстан энчисине тийүүдө. Булардан жогору карай дагы жыйырмадан ашуун ири, орто, чакан гидрокурулуштар курулушу керектигин энергетиктер белгилеп келатышат.

Ошол эле “Камбар-Ата –2” ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизүү аземинде президент Роза Отунбаева энергетика тармагын 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ылайык Нарындын жогорку алабында жаңы ГЭСтердин курулуш долбоорлору жасала тургандыгын кабарлады.

- “Камбар-Ата –1” ГЭСинен жогору Нарын ГЭС катарында “Акбулуң” ГЭСинин, “Жылан-Арык” ГЭСинин долбоорлору иштелип чыкмакчы.

“Камбар-Ата –2” ГЭСи - Кыргызстан эгемендиги тушунда өз күчү менен куруп жаткан эң ири энергетикалык долбоор. Кийинкилери азырынча болочок иштер, чет эл инвестициясына көз каранды келечек пландар гана.

"Камбар-Ата-2" ГЭСинин 1-агрегаты ишке кирди. Узак жылдардан бери бүтпөй келаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин келечеги жөнүндө москвалык эксперт Андрей Грозиндин жоромолу.

"Азаттык": 30-августта Кыргызстан “Камбар-Ата-2” ГЭСинин 1-агрегатын пайдаланууга берди. Эми курулушунун теңине жакыны бүтүп калган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин болочогу эмне болот деген табигый суроо жаралат. Анткени "Камбар-Ата-1дин" долбоордо каралган кубаттуулугу 1900 МВт же "Камбар-Ата-2ден" дээрлик төрт эсе чоң. Анан да аны куруу боюнча 2009-жылы Россия-Кыргызстан менен акционердик компания түзгөн. Бу чала бүткөн теңорток ГЭСтин келечеги барбы?

Курманбек Бакиев. 4-апрель 2009

А. Грозин: Тилекке каршы, азырынча, "Камбар-Ата-1" ГЭСи боюнча ачык бир нерсе айтуу же баланча күнү башталат деп боолгоо мүмкүн эмес. Бир жактан, бул региондогу ири ГЭСти куруу боюнча Россия менен Кыргызстан ортосундагы келишимдин тарыхына байланыштуу.

Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев былтыр жазда Москвага жасаган визити маалында өтө чоң шаң-тамаша менен "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча россиялык-кыргызстандык акционердик коомдун түзүлгөнү жана анын курулушуна эбегейсиз чоң сумманы - 1 миллиард 700 миллион долларды салууга Россия даяр экени ырасмий жагдайда жарыя кылынган. Удаа эле Кыргыз тарапка 400 миллион доллар берилген. Анын 150 млн. доллары кайтарымсыз жардам ирети берилсе, 300 млн. доллары Республиканы өнүктүрүү фондусуна чегерилген. Жаңылбасам, бул кредит 40 жылга берилип, жылдык төлөмү 0, 75 процент болчу. Ошондон кийин эки өлкөнүн жетекчилери арасында түшүнбөстүктөр башталбадыбы. Ал чатакташуу "Манас" авиабазасын Транзиттик жүк ташуучу борборуна айлантууга байланыштуу келип чыкты. Ал эми 2010-жылдын жазында премьер-министр Данияр Үсөнөв "Камбар-Ата-1ди" каржылоонун башын ачуу үчүн атайын Москвага келди. Ошондо Россия өкмөтү Курманбек Бакиевдин режими бийликти турганда, 1,7 миллиард долларды инвестиция кылбасын ачык айтты.

Россиянын атактуу Таман дивизиясынын жоокерлери машыгуу учурунда. Москва. 24-август 2010

Кыргызстанда апрелде бийлик алмашкандан кийин "Камбар-Ата-1ди" Россия каржылайбы, ал жөнүндө бир нерсе деп ачык айтып болбойт. Бирок Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20-августта Ереванда өткөн саммитинден кийин Россиянын Тышкы иштер министрлиги жана РАО ЕЭС корпорациясы жасаган билдирүү Россия өкмөтү "Камбар-Ата-1ди" курууга катышат деп боолгогонго негиз берет. Ошондо да Россия курулушка мурдакы шарт боюнча катышмакчы. Тагыраак айтканда, ГЭСтин акциясынын негизги бөлүгү же контролдук пакетине ээ болгондо жана мурда айтылган технологиялык параметрлер сакталганда гана. Менин баамымда, Максим Бакиев атасынын бийлиги кулагандан бир аз мурда Бээжинге барган кезде ГЭСти курууда Россиянын ордуна Кытайды тартуу жөнүндө айткан идеясы Москвага жаккан жок. Ошон үчүн Россия анын курулушуна Курманбек Бакиев 2009-жылдын жазында Москвага визит менен барганда айтылган шартта гана катыша алат.


"Азаттык": "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу эки-үч жылда башталган учурда да, эксперттердин боолгошунча, эрте дегенде 15 жылда бүтүшү мүмкүн. ГЭС бүткөн соң Борбор Азияда кышында болуп жүргөн энерготартыштыкты жабуу үчүн 4-5 ай гана пайдаланылат. Ошентип анын курулушуна кеткен чыгым 25-30 жылда барып кайтат. Россияга мындай долбоорго катшуунун эмне пайдасы бар?


А. Грозин:
Сиз туура айтасыз. Долбоор боюнча баштап жасалган эсептөөлөр азыркы экономикалык чындыктан алда канча айырмаланып турат. Ошентсе да эсиңизге сала кетейин. Россиянын өкмөттүк энерго корпорациясы- РАО ЕЭС жана Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Камбар-Ата болочокто Борбор Азиянын электр энерегиясын Түштүк Азияга сатууда негизги энергия булагы болуш керек.

Электр кубаты Пакистандан башка да Индияга да сатылышы мүмкүн. Бирдиктүү энергосистемага келечекте Ооганстан да кошулары шексиз. Ошондо электр кубатынын наркы азыркыдан такыр башка болот жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи ылдам өзүн актайт. Россиянын бул ири ГЭСке кызыгуусунда финансылык жүйөдөн көрө, саясый кызыкчылык чоң роль ойноодо. Россия анын контролдук пакетине ээ болом деген үмүттө.

Камбар-Ата ГЭСинин контролдук пакетине ээ болуу экономикалык гана эмес, саясый да контролго ээ дегенди түшүндүрөт. Москвабы, Бээжинби, же Вашингтонбу, айтор ким ГЭСтин контролдук пакетине ээ болсо, ал постсоветтик Борбор Азия түгүл, андан да кең мейкиндикте Түштүк Азия регионунда экономикалык таасири эбегейсиз өсөт. Москва жана башка оюнчулар үчүн бул биринчи кезекте нукура геосаясый долбоор болгондуктан, анын экономикалык жактан пайдалуулугу экинчи орундагы маселе.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG