Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Экономика

Sorry! No content for 7 Август. See content from before

бейшемби 5 Август 2010

Кыргызстанда Убактылуу өкмөт 34 объект жеке менчик колдон мамлекетке өткөрүлгөндүгүн билдирди. Өлкөнүн мүлк министри Шералы Абдылдаев ал объектилердин баары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда мыйзамсыз менчиктештирилген деди. Москвадагы Экономикалык Жогорку Мектептин дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканынын орун басары Андрей Суздальцев бул окуяны “ишканаларды мамлекеттештирүү эмес, жөн гана ич ара мүлк бөлүштүрүү, опуздоо” деп атады.

Андрей Суздальцев: Эң оболу Кыргызстанда “мүлктү мамлекеттештирүү болдубу же ал конфискацияландыбы?” деген суроого жооп беришибиз керек. Азырынча бул конфискацияга окшоп турат. Демек, мүлктүн ээсинин эч кандай укугу да, кызыкчылыгы да корголбойт. Ошентсе да, мүлк конфискацияланышы үчүн да, мамлекетке өткөрүлүшү үчүн да соттун тийиштүү чечими болушу зарыл. Ишкана мамлекетке өткөрүлүшү үчүн анын же башка мүлктүн баасы аныкталып-такталат да, ээсине чыгымы төлөнүп берилет. Кыргызстанда мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүүдө бул процедуралардын бири да аткарылбагандыктан, муну “мүлк бөлүштүрүп алуу” деп гана атаса болчудай.

Төрөкул Дооров: Андрей Иванович, эмне үчүн Кыргызстандагы убактылуу өкмөт мындай кадамга барды деп ойлойсуз?

Андрей Суздальцев: Билесизби, мунун баары жакшы иш болбоду. Убактылуу кыргыз өкмөтү өзүнүн декреттери менен гана ишканаларды жеке адамдардан мамлекетке тартып алып жатышы өлкөнүн мыйзам базасы жакшы өнүкпөгөнүнөн кабар берет. Ошол эле маалда кыргыз өкмөтү азыр өтө оор абалда калганын түшүнүшүбүз керек. Ал жакында болгон референдумдан кийин легитимдүү бийликке айланды. Бул өкмөт ишканаларды мамлекеттештирүү саясатын “Бакиевдердин кланына караган ишканаларды мамлекетке кайтаруу” деп атады. Бирок азыр өлкөдө Бакиевдин кланынын таасири дээрлик жок. “Андай болсо өкмөткө муну азыр жасоонун эмне зарылчылыгы бар эле?” деп сураарсыз. Мен “Бул чындап эле Бакиевдин таасирин жоготуу аракети болдубу же өч алуубу?” деп сурагым келет.

Менимче, азыр убактылуу бийлик “Бакиевге каршы” деген ураандын астында саясий оппоненттеринин таасирин азайтып, мүлктү өзүнө жакын адамдардын арасында эле бөлүштүрүп алууну каалап жатат. Эгер бул чын болсо, мен аны натуура чара демекмин. Анткени саясий иштер менен мүлк маселеси ар башкача чечилиши керек. Ишканаларды мамлекетке кайтарууда эч кандай сот болбоду. Ишкананын ээси кайсыл күнөөсү үчүн айыпталып жатканын сот аныкташы керек эле. Ошентсе да, Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяларды эске алганда, азыркыдай оор абалда калган өкмөт катуу чараларга барып жатканына деле көз жумуп койсо болот деген мамиле болушу мүмкүн.

Төрөкул Дооров: Бул өңдүү чаралар өзгөчө “түстүү ыңкылаптарды” баштан кечирген өлкөлөрдө болуп жаткандай сезилет. Сиз буга кандай карайсыз?

Андрей Суздальцев: Ооба, бул чын эле ошондой сезилет. Кыргызстанда Бакиев бийликке келгенде да ушундай болгон. Украинадагы ыңкылаптан кийин да ушундай аракеттерди байкаганбыз. Бирок айтаарым - мунун баары жакшы иш эмес. Бул өлкөнүн инвестициялык имиджине катуу сокку болот. Демек, өлкө алдыдагы жылдары сырттан инвестиция күтпөй эле коюшу керек. Кыргызстан үчүн бул өтө маанилүү маселе.

Мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылган отуз төрт объект мамлекеттин эсебине кайтарылды. Анын он төртү кайрадан сатыкка коюлса, калгандары муниципиалдык жана мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилет. Талдоочулар арасында мамлекеттештирүү иш-чаралары бүдөмүк жүргүзүлүп жаткандыктан сатыла турган объектилер мурдагылардан айырмаланбаган шылуундардын колуна кетеби деген тынчсыздануулар бар.

Убактылуу Өкмөт тарабынан чыгарылган отуз декреттин негизинде мамлекетке алынган ишканалардын узун тизмеси жарыяланды. Тизменин башы Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык “Азия Универсал Банк”, "Манас" аба майданындагы май куючу ишкана, “Бешинчи канал”, “Пирамида” “Альфа телеком”, “Бишкек ликер-арак заводу” жана “Таш-Көмүр” жарым өткөргүчтөр комбинаты сыяктуулардан турат. Мындан сырткары тизмени Ысык-Көлдөгү “Витязь”, “Аврора-плюс”, “Аврора-грин”, “Каприз” сыяктуу ондон ашуун эс алуу жайлары, "Круиз" яхтасы, Як-40 учагы, гектарлаган жер участоктору жана имараттар толуктайт.

Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев улутташтырылган объектилердин мындан аркы тагдырын чечүү боюнча токтом даярдалып жаткандыгына токтолду:

- Мамлекеттин менчигине мажбурлап алынган объектилерди башкаруу боюнча чаралар өкмөттүн токтому даярдалып бүтүп, министрликтер менен макулдашууга жиберилген. Ага ылайык, бир катар мамлекеттештирилген объектилерди ачык соодалоо пландаштырылууда. Айрым объектилерди тармактык министрликтерге, ведомстволорго же муниципалдык менчикке өткөрүү максатка ылайыктуу.

Анткен менен талдоочулар арасында мамлекеттештирүү эрежелери коомчулука ачык эмес жана мыйзамга каршы келген шарттарды жүргүзүлүүдө деп доомат койгондор да аз эмес. Алардын айтымында, мамлекетке өткөрүү иштерине коомдук жана мамлекеттик комиссиялар тартылса, анын ишенимдүүлүгүн жана акыйкаттуулугун камсыздамак.

Серепчи Руслан Ташанов улутташтыруу маселесинин декреттер аркылуу жүргүзүлүшү кийин анын мыйзамдуулугу боюнча күмөн саноону жаратышы ыктымал деп божомолдойт:

- Укуктук талаага толук келдик деп айтууга али эрте. Ошондуктан мындай декреттерди кабыл алууда этият болсок. Айрыкча өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттеширүү маселесинде бир эле декреттер аркылуу эле чечим чыгаруу юридикалык жактан алганда мыйзамга толук туура келе бербейт.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин долбоору боюнча мамлекеттештирилген ишканалардын он төртү аукцион аркылуу сатылса, калгандары болсо тиешелүү министрликтердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине өткөрүлүп берилет.

Талдоочу Аскарбек Мамбеталиев ишканаларды улутташтыруунун бүдөмүк шартта жүргүзүлүп жатышынын өзү, анын кандай колдорго жана кандайча шартта сатыларынан күмөн санатат деп эсептейт:

- Улутташтыруу деп жабык эрежелерди бетке кармап алып, менчик ээси мурда ким болгондугуна карабастан андан тартып алып, андан кийин өздөрүнө өткөрүп алуу коркунучу турат. Ошондуктан бул ишти азырынча токтотуп турган туура деп ойлойм. Эрежелерди так, ачык чечип алмайын мамлекеттештирүү деген менчикти массалык түрдө тартып алууга айланып бара жаткандай.

Мындан сырткары мамлекеттик мүлк министрлиги мурда менчиктештирүү программасына кирген мамлекеттик менчиктеги 295 объектинин ичинен алтымышын андан чыгарып салды. Буга автобекеттер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине караштуу бир катар мекемелер жана геологиялык чалгындоо ишканалары кирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG