Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Экономика

Кыргызстандын 2,5 миллиардга жакын тышкы карызы өлкө экономикасын сактап калууга бөлүнүп жаткан 1 миллиард 100 миллион доллар жардам акчанын эсебинен дагы көбөйгөнү турат. Бирок жардам акчанын канчасы жеңилдетилген шартта, канчасы кайтарымсыз берилери азырынча белгисиз.

Ал маселе ушул айдын экинчи он күндүгүндө Алматыда өтчү чоң жыйында такталмакчы.

Карыз санаасы: мурда эле көп болчу

Кийинки революцияны ээрчий келген кандуу окуялардын капшабынан кыйраган шаар-кыштактарды калыбына келтирүү, карызга басырылып калган бюджетти колдоого бөлүнчү 1 миллиард 100 миллион доллардын теңинен көбү быйыл берилери маалымдалууда. Кыргызстандын экономикалык тескөө министрлигинин жооптуу кызматкери Кубанычбек Айдаралиевдин ырасташынча, жардам акча тышкы карыз жүгүнө оорчулук келтирбеген шартта алынат.

- Эми албетте, мамлекеттин экономикалык саясаты тышкы карыздын оорчулугун эске алып, мүмкүн болушунча тышкы карызды көбөйтпөгөнгө аракет кылышыбыз керек. Жаңы өкмөт структурасы түзүлгөндөн кийин, менин оюмча, жалпы экономиканын структурасы да өзгөрсө, анан саясий чечим кабыл алынып экономиканын негизги багыттарын такташып алгандан кийин бул боюнча айрым чечкиндүү иштер жасалат го деп ойлойм.

Президент Роза Отунбаеванын маалымдашынча, алынчу карыздын кыйласы өлкөнүн түштүгүндө кыйраган шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө жумшалат.

- Чынында Ош, Жалал-Абад болбосо деле жалпы биздин бюджетибизде абдан керектүү акча жок. Мына айлык акыларга, башкаларга. Ушунун баарын бул акчалар жаап жатат. Биздеги таңкыстыкты жаап жатат.

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашевдин айтуусунда, алынчу карыз акчанын шарт-милдеттери азырынча тактала элек.

- Себеп дегенде, ал акчанын канчасы грант түрүндө, канчасы кредит эсебинде берилери тактала элек. Анын үстүнө биз коммерциялык кредит албайбыз. Карыз акчаны эл аралык өнүгүү ассоциациясынын шарты боюнча алып жатабыз.

Карыз акчанын кандай шартта берилери донор өлкөлөрдүн Алматыдагы жыйынында аныкталмакчы. Маселенин так чечилишинин антип артка жылдырылышы Орусия менен Казакстандын позициясынан улам чыгууда.

Көбү бюджетке, кыйласы социалдык секторго

Кыргызстан бюджетинин таңкыстыгын жабууга 600 миллион доллар, Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө 450 миллион бөлүнүп калса анчалык чоң акчаны иштетүү кыйла убакытты талап кылчу жумуш. Ошондон калыбына келтирүү, кышка даярдык жумуштарынын көбү кийинки өкмөттүн, күзгү парламент шайлоодо утушка ээ чыккан партиялардан куралган аткаруу бийлигинин энчисине тийиши ыктымал. Жарым жыл ашуун утурумдук бийлик тушунда жашап келген өлкөдө жаңы өкмөттүн тез арада түзүлө коюшу да кыйын.

Көмөк акчанын текши баары социалдык тармакты колдоого, бюджет таңкыстыгын жабууга жумшалмакчы. Ансыз да абалы оор социалдык сектордун кечиктирилгис проблемаларын чечүүгө сарпталчу карыз акчаны төлөп берүү оорчулугу барып-келип дагыле бюджетке түшмөкчү. Улуттук банктын төрага орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун айтуусунда, коммерциялык банктардын Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө тийгизчү таасири өтө эле аз.

- Орусия, Казакстан жакшы өнүккөнүнө байланыштуу бизде экономикалык конъюнктура жакшы болду. Ошонун жардамы менен банктар да жакшы болуп бир топ бутуна туруп кетишкен эле. Экинчи начар жагынан алып караганда ошол учурда ушундай жагдайдан пайдаланган ар түрдүү шылуундар да көп болот турбайбы. Тескери операциялар жүргүзүп, жагдайды пайдаланып, тезирээк байыганга умтулгандар болуп кеткен.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдардагы тышкы карыз ички дүң продукт көлөмүнөн кыйла көп болчу. 2005-жылкы бийлик алмашуусунун алдында тышкы карыз 2 миллиард долларга түшүп калган болчу. Кийинки беш жылдыкта тышкы карыз жарым миллиард долларга жакын көбөйүп, эми минтип дагы арбыганы турат. Эл аралык валюта корунун демилгеси менен Кыргызстандын тыш карызынын кыйласын кечип ийчү чуулгандуу “Хипик” программасына кирүү-кирбөө маселеси да чоң талаштан башы чыкпай, соңунда өкмөт андан баш тартууга аргасыз болгон. Эмки олчойгон тышкы карызды кайтаруу маселеси кыргызстандыктарды үрпөйтүп отурат.

Өлкөнүн экономикалык абалы, соңку саясий кырдаал тууралуу республиканын эмгек сиңирген экономисти, эксперт Болот Байкожоев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалга сиздин көз карашыңыз кандай?

Болот Байкожоев: Бул этапты экиге бөлүш керек. 7-апрелге чейин бүт экономика Бакиевдердин үй-бүлөсүнө иштечү. 7-апрелден кийин жаңы бийлик келип көп саясий окуялар болуп, экономиканы кичине төмөндөтүп койду, чек араны жаап ж.б.

Убактылуу өкмөткө 14 киши келгенден кийин ар бири өз милдетин аткарыш керек эле. Күч блок өзүнүн ишин, экономикалык блок өзүнүн ишин жасаш керек эле. Бүгүнкү күндө экономикалык блок да, күч блогу да өз милдетин аягына чейин жакшы аткаралбай калышты. Эмне үчүн? Булар бийлик, кызмат талашып, кайсы партиядан канча киши болуш керек деп атышат.

- Эл арасында Убактылуу өкмөттүн кадр саясатына нааразы болгондор бар. Сиз ушул кадр саясатын азыркы бийлик кандай чечиш керек деп ойлойсуз?

Болот Байкожоев: Бакиев бийликке келгенде жалаң Акаевдин кадрларын алып келди, баягы ууру кылган шумпайлардын баарын койду. Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт ошол эле жол менен баратат. Кайра эле ошол уурдаган шумпайларды коюп атат. Эмне үчүн бүгүнкү күндө люстрация тууралуу мыйзамды койбойт? Бул мыйзам – тазалоо.

Ууру деген түрмөдө отуруш керек. Бүгүнкү күндө башка адистер жок деп шылтоо кылып атышат. Кандай принцип менен булар тандап атат, мен түшүнбөйм. Ошон үчүн бул Убактылуу өкмөткө эл туура, таамай, принципиалдуу өз баасын берип атат. Элди ойлош керек. Элди калп эле сөз менен алдап сүйлөбөй, иш менен көрсөтүш керек, чөнтөк жөнүндө ойлобой. Бүгүнкү күндө баягы эле уурдамай жол менен баратабыз. Качан бийликке таза адамдар келет? Аз кыргыздар үчүн ойлонуш керек, канча кан төгүлдү. Эртең уурдагандарды кан урат. Ошон үчүн азыр эл үчүн иштеп бериш керек.

- Сиз да мурда оппозициянын катарында жүрүп, Бакиевдин, Акаевдин бийлигине каршы күрөшүп жүргөн адамдардын бирисиз. Ушул тапта Убактылуу өкмөт саясий-экономикалык кризистен чыгып кетүү үчүн эмне кылыш керек деген ойдосуз?

Болот Байкожоев: Мен ойлойм, бийликке келгенден кийин программа менен чыгыш керек. Программаны элге жарыялаш керек, эл менен чогуу ушул программаны аткарыш керек. Ал иштер бүгүнкү күндө жасалбай атат. Бүгүнкү күндө көчөдө жүргөн кайырчылардай сурагандан башка эч нерсе билбейт.

Өзүбүздүн канча деген резервдер турат. Ар бир резерв бир тыйынга чейин туура кетип, туура пайдаланып, ошондой иштерди жүргүзүш керек. Бийликке түшүнгөн, билген, таза, профессонал адамдарды коюш керек. Анан эл ошону көзөмөл кылып туруш керек. Бул бир жолу. Саясат эмес, экономика биринчи орунда болуш керек. Биздики тескерисинен, башы ылдый жакта турат, буту өйдө жакта турат, башкача айтканда саясат экономиканы башкарып атат. Экономика болсо анан кийин саясат болуш керек деген сөз.

Экономикалык программа болуш керек. “Бүгүн муну жасай албасам мен башым менен жооп берем” деген адамдары коюш керек.

- Ошондой адамдар барбы?

Болот Байкожоев: Кыргызстанда бар. Бирок жаңы бийликке андай адамдар кереги жок. Анткени алар уурулукка, калпычылыкка барбайт деген маани.

- Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Сиз да саясий партия менен катышасызбы?

Болот Байкожоев: Бүгүнкү күндө ушул кебетебиз менен парламенттик шайлоого барсак эмне менен бүтөрүнө көзүм жетпейт. Мен көзү ачыктык кылган жокмун, бирок мен көрүп турам, бул чоң чатак менен бүтөт.

Мен ойлойм, эртең парламентке Бакиевден өткөн шумпайлар келгенге мүмкүнчүлүк болуп атат. Ошондуктан элдер ойлонуш керек, убакыт бериш керек, түшүндүрүш керек, бул шайлоону бир аз артка жылдырыш керек.

Мына, Роза Отунбаеваны шайладык, ал өз жоопкерчилигин алсын, өзүнүн айланасына таза адамдарды чогултуш керек. Эл ишенгенден кийин анан шайлоого барыш керек. Элдин турмушу менен, мамлекет менен ойнобош керек. Анткени эл чыдап-чыдап анан жарылат. Дагы бир жарылса эмне менен бүтөт? Анда аябай кыйын акыбалга келебиз.

- Рахмат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG