Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Экономика

Ош шаарындагы борбордук базар
Ош шаарындагы борбордук базар

Он-он беш миң адам тиричилик кылган Оштогу борбордук базар жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык биротоло жабылды. Бирок базарда тирлик кылгандардын көпчүлүгү мэрдин чечимине каршылык көрсөтүп, кайрадан көнгөн жеринде оокат кылууну улантышууда.

Ош шаардык кеңешинин чечимине ылайык биротоло жабылган шаардагы борбордук базарда июндагы этникалык кагылышууга чейин он-он беш миң чакты киши тиричилик кылчу. Мындан тышкары алардан өндүрүлгөн ар кандай төлөмдөр аркылуу шаардын казынасына миллиондогон сомдор түшүп турчу.

Базардын кире бериши
Таң агаргандан каш карайганга дейре базардын ичи бака-шака түшүп, адам аягы үзүлчү эмес. Эки ай мурда “Ысык нан!”, “Кайнак чай!”, “Жаңы самса!”, “Кой же уй этинен бышырылган шашлык!” деп кыйкыргандардын бүгүн карааны да көрүнбөйт. Анын ордуна адегенде эле ээн калган борбордук базарга кире бериштен жай талашкандардын ызы-чуусуна кабыласың.

- Бош эмес!
- Кандай бош эмес?
- Бирөө олтурат.
- Ок, тарбиясы жок, калп айтпачы!
- Эй, антип сүйлөбө?
- Токтогулачы, эмнеге айтышып атасыңар?
- Уят эмеспи, бир карыш жерди да талашасыңарбы?

Тополоңдо тонолуп талкаланган базардын көрүнүшү
Июндагы массалык башаламандык мезгилинде элүүдөн ашуун улуттун өкүлдөрү эмгектенген борбордук базардагы жүздөгөн соода түйүндөрү өрттөлүп, талкаланып жана таланып-тонолгон эле. Мындагылардын коопсуздугунан чочулаган калаа бийлиги ири соода түйүнүн биротоло жаап, бул жердегилерди шаар чекесиндеги “Таатан”, “ПАТУ”, “Батыш”, “Келечек” жана “Текстиль” базарларына толук көчүрөрүн ушул жумада ачыктады.

Анткен менен эки айдан бери үйлөрүндө жумушсуз отурушкан жүздөгөн майда ишкерлер жергиликтүү бийликтин мындай чечимине каршылык көрсөтүп, кайрадан көнгөн жеринде оокат кылууну улантышууда. Алардын бири Айгүл Базарбаева үч баласын араң багып жаткандыгын мындайча ырастады:

- Жалпы жонунан мурункуга салыштырганда азыр кыйынчылыктар арбын. Кечээги тополоң учурунда ушу кезге чейин топтогон пулубуздун баарын түгөтүп тындык. Мына бул жерде отургандардын дээрлик бардыгынын банктарга кредиттери бар. Азыр ошолорду төлөөгө кудурети жетпей, чындыгында, элдин акыбалы абдан оор. Ошондуктан, борбордук базардын эски ордунда иштеп турганы жакшы эле. Кардарлар да көнгөн. Анын үстүнө эң байыркы, тарыхый жана уникалдуу базар эле. Тогуз жолдун тоомунда жайланышкандыктан, төрт тарабынан тең райондорго каттаганга оңтойлуу болчу. Мейли, эми көчүргөнгө деле каршы эмеспиз, бирок жаңы комплексте ойдогудай шарттарды жаратып, анан чакырышсын, барабыз...

Айгүл Базарбаева кесиптештери эртеңден баштап дагы көбөйөрүн, ошентип борбордук базардын жашоосун токтотпостон улантышарын кошумчалады.

Соодагер Анара Акимова
Кепке кошулган соодагер Анара Акимова шаар бийлиги сунуш эткен базарлардан майда ишкерлерге орун тийбей тургандыгын, жетекчилер аларды жөн эле алаксытып жаткандыгын билдирди:

- Жаңы базарларда бир орун жети-он миң доллардан сатылууда. Анысы да жалаң чоңдорго жана алардын аялдарына тийүүдө. Ижара акысы беш же жети миңден экен, ага карапайым калк чыдагыдай эмес.

Анара Акимованын айтымында, мэр Мелисбек Мырзакматов жабыркагандардын эски ордунда калышына каршы эмес, бирок алардын коопсуздугу баш оорутма бойдон калууда. Анткени милиция жана аскер күчтөрү себебин түшүндүрүшпөстөн, борбордук базарды кайтаруудан баш тартышты.

Базардын сүт азыктары сатылган бурчу
Ара чолодо дагы бир соодагер Алмакан Курбанованы кепке тарттык. Маектешибиз үй-бүлөсү менен анык кризиске баткандыгын төмөнкүчө туюндурду:

- Мен кондитердик азыктарды сатаар элем. ФИНКАдан сексен миң сом кредит алганбыз. Беш балам бар. Аларды кийиндирип-ичиндиргенден тышкары кредиттин пайызын төлөчүмүн. Ошондой эле Кыргыз-өзбек университетинде окуган эки кызымдын он үч миң жана жыйырма миң сомдук контрактысынан убагында кутулчубуз. Күн сайын миң сом табаар элем. Кээде беш жүз сомго да ыраазы болчубуз. Ишим абдан жүрүшкөндө эки миң сом киреше түшчү. Азыр болсо, сокур тыйыны жок калдык. Күйөөмдүн утуру жүрөгү ооруп, Орусиядан кайтты. Баарыбыз жумушсуз үйдө отурабыз.

Алмакан Курбанова сөз арасында алар өңдөнгөн үй-бүлөлөрдүн саны улам көбөйүп бараткандыгына тынчсызданды.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров базарда отургандардын коопсуздугун камсыз кылуу чечилбеген машакат маселе экенин билдирди:

- Жанагы кишилер мага да киришти. Биз аларга “Силердин коопсуздугуңарды камсыз кыла албайбыз!” деп ачык айттык. Эми жүз аялдын кызыкчылыгын ойлоп, борбордук базарды ордунда калтырган жарабайт. Биринчиден, опурталдуу. Экинчиден, ал жер курулуш жана санитардык талаптарга таптакыр жооп бербейт. Мындан тышкары болбогон сөздү талашып адамдар уруша кетсе, анын акыры чоң драмага айланышы ыктымал.

Буга дейре Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов өкмөт аркылуу бош калган мурдагы “Текстиль” ишканасы шаардын карамагына өткөрүлөрүн, дал ошол калаа чекесиндеги он гектар аянтка борбордук базар толугу менен көчүрүлөрүн “Азаттыкка” маалымдаган эле.

Куту качкан базар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Ош шаарына көп кабаттуу турак жайлардын курулуп башташы жаштарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзмөкчү. Бул тууралуу жергиликтуу бийлик өкүлдөрү билдиришүүдө. Алардын айтымында, учурда башталган көп кабаттуу 2 турак жайдын курулушуна жумушчулар алына баштады. Ал эми курулушчулар салына турган жалпы 10 турак жайдын курулушунда жүздөгөн жаштар жумуш менен камсыз болушу мүмкүн деп кабарлашууда.

Таалайбек Атаханов айылда жумушсуз калып, эки баласын багуу ал үчүн кыйынчылык жарата баштаган. Эми мынтип Ошто көп кабаттуу үйдүн курулушу башталары менен биринчи үйдүн тендерин утуп алган «Аль-манар» курулуш компаниясына ишке кирди. “Бул жерде иштеп эми 15 миң сомдун тегерегинде акча таап, үй-бүлөмдү жакшылап бакмакчымын” дейт Таалайбек “Азаттык” менен болгон маегинде:

-Азыр арматурага каркас байлап жатабыз. Бул жерде иш жакшы. Шаардагы жумушсуз жарандарга жакшы болду. Эми иштегенибизге жараша 15-20-миң сом айлык алабыз. Азыр айылда такыр иш жок. Эки балам бар, эми куда кааласа тапканым үй-бүлөмө түзүк эле жетип жатат.

Учурда Таалайбек жана анын кесиптештери жер төлөсү казылган көп кабаттуу үйдүн, жер пайын түптөө менен алек болушууда. Алар алгач арматураларды зым менен байлашып, андан кийин гана цементти кую иштерин башташмакчы. Коогалаңдан кийинки Ош шаарындагы алгачкы кабаттуу үйдүн курулушун алып барып жаткан «Аль-манар» компаниясынын прорабы Абдыкайым Маматовдун айтымында, алар курулушка 100дөн ашуун жумушчу алышы керек. «Курулушка мыкты жумушчуларды алып, тынбай иштесек кабаттуу үйдү декабрдын башына бүтүрүп калабыз», дейт Маматов:

- 75 батирлүү 5 кабаттуу үй куруп жатабыз. Азыр жер төлөөсүн казып бүттүк. Эртеңден баштап бетондорун куюп баштайбыз. Учурда бизде 21 адам иштеп жатат. Эми дагы 100дөн ашык жумушчу алышыбыз керек. Кудай буйруса, катырып иштеп жиберсек декабрдын башынан бүтүп калышыбыз мүмкүн.

Муну менен бирге башкы прораб курулуш иштери башталары менен аларга жумуш издеп кайрылгандардын саны көп болуп жаткандыгын билдирди. Алардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзүүдө, дейт Абдыкайым Маматов. Биз курулуштан кабар алганы барган кезде да жумуш издеп кайрылгандарды кезиктирдик.

Мирлан Саматов: - Мен өзүмдүн адистигим плиточник. Буга чейин «Алим Курулушта» арматура-бетон куюп иштегем. Тажрыйбам түзүк эле.

Прораб: - Жакшы. Биздин бригадир башка жакта иштер менен жүрдү эле, ошол келгенде байланышсаңар.

Деген менен учурда иштеп жаткандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экендигин да байкоо кыйын эмес. Алардын арасында атайын адистиги бар жаштар да, окуусуна акча иштеп табууну каалаган студенттер да бар.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алдыңкы күндөрү дагы бир топ көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталарын кабарлоодо. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабиров шаардын генпланы боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Шаардын жаңы генпланы бекитилген. Азыр 5 кабаттуу 75 батирлүү 2 үйдүн курулушу башталды. Андан сырткары дагы 4 участкабыз даяр болуп калды. Жалпысынан Ош шаарында көп кабаттуу 10 үй курулат.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлү пландалган көп кабаттуу 10 үйдүн курулушунда жүздөгөн шаар тургундары, анын ичинде жаштар жумуш менен камсыз болоору күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG