"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Токио ушул аптанын башында ракета сынактарын өткөргөн Пхеньянга каршы санкция киргизүүнү жактайт. Кечээ 7-июлда Япониянын БУУдагы элчиси Кензо Ошима Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө резолюциянын долбоорун сунуш этти. Эларалык коомчулук азыркы кырдаал олуттуу экенин бир добуштан белгилегени менен, документ дүйшөмбүгө чейин каралбайт көрүнөт.
9-июлда Германиянын баш калаасында Франция менен Италия футбол боюнча дүйнө кубогу үчүн беттешет. Франция 8 жылдын ичинде экинчи жолу чемпион наамын жеңүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алды. Андан тышкары бул матч француздардын капитаны Зинедин Зидандын чоң спорттогу соңку оюну болуп калмакчы.
Бүгүн Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буштун туулган күнү. Бирок президент 60 жылдыгын 4-июлда эле АКШнын көз карандысыздык күнү менен кошо белгиледи. Кечки сый тамакка Буштардын 150 чакты жакын достору жана туугандары чакырылган.
Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт капрал Гилад Шалитти бошотуу үчүн палестин террорчуларына каршы бардык чараларды көрүүгө буйрук берди. Эртең менен палестин автономиясынын премьери Исмаил Ханьянын кеңсеси тик учактардан аткыланды. Операция учурунда Ханья жана кабинет мүчөлөрү имаратта жок болушчу. Аткылоодон чыккан өрттөн эч ким жабыркаган жок.
Дүйнөдөгү эң сылык адамдар Нью-Йорк шаарында жашашат. Ал эми Индиянын Мумбай калаасынын тургундары болсо жер шарындагы эң орой кишилер экен. Мындай жыйынтыкка америкалык “Ридерс дайжест” журналы 35 шаарда өткөргөн иликтөөдөн кийин келди.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 2-сапты ээлеген Уоррен Баффетт соопчулук иштерине 37 миллиард доллар жумшамай болду. Мындан да таң калычтуу кабар – бул каражаттын 30 миллиарды Майкрософттун негиздөөчүсү, дүйнөнүн эң бай адамы Билл Гейтс түзгөн кайрымдуулук фондуна берилмекчи.
Тарыхтын чаң баскан барактарына көз жүгүртүп, байыркы Жибек Жолун элестетсеңиз. Кытай менен Европаны байланыштырган жолдо километрлерге созулган каравандар кетип баратат. Жолдун боюнда болсо жомоктогудай кооз жана бай шаарлар жайгашкан.Азыркы күндөрдө Жибек Жолунун тарыхый мурасы барган сайын көбүрөөк баалана баштады.
Тегеранда сапар менен жүргөн Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл Ирандын атомдук программасынын айланасындагы кризисти чечүү жолдорун талкуулайт деп күтүлүүдө. Анын визити Махмуд Ахмадинежаддын бийликке келишинин 1 жылдыгына туш келди.
Россиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги 15-июнда жарыялагандай, ушул жылдын аягына чейин агенттик Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймактарына багытталган араб тилиндеги телеберүүлөрүн баштайт. Аталган долбоор ишке ашса, Россия региондогу медиатаасирин күчөтүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн улам узарып бараткан тизмесине кирип калат.
Норвегия үрөндөрдүн ири банкын түзүүнү баштады. “Ной кемеси” деген атка конгон долбоор жер шарында чоң алаамат болуп кетсе, миллиондогон өсүмдүктөрдүн уруктарын сактап калууга жардамдашмакчы.
Вашингтондо жайгашкан Пью изилдөө борборунун ырастоосунда, АКШнын дүйнөдөгү аброю барган сайын төмөндөөдө, өзгөчө мусулман мамлекеттеринде. Террорго каршы согуштан улам келип чыккан “Америка мусулмандарга каршы” деген жаңылыш ойду жоюуу үчүн Вашингтон америкалык мусулмандарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тартууда.
Еврошаркеттин жума күнү аяктаган саммитинен кийин биримдиктин конституциясы жактырылмайынча, жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу процесси да алга жылбайт деген тыянакка келсе болот.
Бир нече күндөн бери бүт дүйнө жалгыз футбол менен жашап калгандай сезилет. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан “Интернешнл Херальд Трибюн” гезитинде жарык көргөн макаласында дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган элдер расасына, динине карабай футбол ойношот деп жазат. Бул жагынан алганда футбол элдерди бириктирген глобалдуу оюн. Бирок бул спорттук майрам дарыгерлердин тынчсыздануусун жаратып келатат.Гонконгдун саламаттыкты сактоо министрлиги күйөрмандарга футбол көрүп отурганда куурулган картошка өңдүү майлуу тамак-аш эмес жашылча жемиштен көбүрөөк жегенди кеңеш берет. Европалык медиктер болсо мелдештер өткөн жерлерде токтоп калган жүрөктү кайра иштете турган дефрибилятор деген жабдыктарды даяр кармоону туура көрүшөт.
Бирикккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын атомдук программасына каршы чара көрсө, бул Батыш менен Ирандын конфронтациясына алып келет, - деп эскертти расмий Тегеран. Анын аралыгында Британия, Франция жана Кошмо Штаттары БУУнун резолюциясы боюнча пикир келишпестиктерди жоюу аракеттерин көрүшүүдө. Аталган документке Россия жана Кытай каршы болушууда. АКШ Москва менен Бээжин Ирандын атомдук программасы боюнча долбоорду колдобосо да, аны эмки жумада колго салуу ниети жөнүндө билдирүүдө.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын ишин МАГАТЭнин юрисдикциясына кайтарып берсе, Тегеран агенттиктин текшерүүчүлөрүн атомдук ишканаларына кое бериши ыктымал. Иран өкмөтүнүн ушундай шартын АКШ четке какты.
Кечээ Минскиде Чернобыль алааматынын курмандыктарын эскерүү жыйыны болду. Беларус оппозициясы бул күндү жылга белгилеп келатат. Анын аралыгында, оппозиция бир ай мурун уюштурган митингдин катышуучуларына каршы репрессиялар уланып жатат.
Чернобыль кырсыгына эртең 20 жыл болот. Дүйнө коомчулугун алааматтын өзү гана эмес советтик бйиликтин кырсыкты жаап-жашырганы өзгөчө камтамага салган. Окуядан 1 жыл мурун эле коммунисттик партиянын баш катчысы Михаил Горбачев айкындык стратегиясын жарыялаган эле. Бирок атомдук станциядагы трагедия Кремлдин ачык саясатка даяр эместигин далилдеди. Айрым байкоочулар болсо эларалык коомчулуктун сынына кабылган советтик лидерлик ички өзгөрүүлөрдү баштап, алар акыр-аягында СССРдин ойроң болушуна алып келди деген пикирде.
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад анын өлкөсү уранды байытуу процессин ийгиликтүү өткөрдү деген жарыясы менен дүйнө коомчулугун бир топ бейпайга салды. Эксперттерди Иран атомдук технология тармагында кандай жетишкендикке ээ болду экен? - деген суроо кызыктырууда. Тегеран чындап эле ядролук бомба жасооого кадам таштадыбы?
Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов Россия, Украина жан Иранга сатылган газдын баасын жогорулатууга аракет көрүп келатат. 3-апрелде болсо Кытай менен газ куурун куруу келишимине кол койду. Бул долбоор ишке ашса, түркмөн газы чыгышка ташыла баштайт. Жана Россиянын монополиясына чекит коюлмакчы. Айрым эсперттер бул пландарга скептикалык көз караштарын билдиришкени менен ал Евразиядагы энергиялык геосаясаттын сүлдөрүн белгиледи.
Дагы жүктөңүз