Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Экономика

Болот Шамшиевдин көркөм мурасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин көзү тирүү болгондо 12-январда 80 жашка чыкмак. СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси жана башка бир топ абройлуу сыйлыктардын ээси 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан. Аны утурлай Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө “Эсимде. Шамшиевге 80 жыл” деген аталыштагы иш-чара өттү.

Газ эсептегичи, Өзбекстан.
Газ эсептегичи, Өзбекстан.

11-январда Өзбекстандын Жизак облусунун Пахтакор районунун тургундары президент Шавкат Мирзиёев өткөн чоң жолду тороп, митинг өткөрүштү. Алар аймактагы электр энергиясы жана газ көйгөйүн айтып чыгышкан.

11-январда социалдык тармактарда Өзбекстандын Жизак облусунун тургундарынын нааразылык акциясы тартылган видео тараган. "Пахтачылар.уз" Телеграм каналынын маалыматына ылайык, "газдын жана электрдин жоктугуна нааразы тургундар жолдорду бууп салышкан".

Бул митинг президент Шавкат Мирзиёев кышкы каникулдан кийин, Жизак облусуна барган күнгө туш келген. Акцияга чыккандардын көпчүлүгү аялдар болгон.

Бирок "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын ишенимдүү булагы, акцияга чыккан аялдар президент Мирзиёевдин облуска келеринен кабары жок болгонунан ырастаган.

Негизинен жергиликтүү калк электр энергиясынын тынымсыз өчүрүлгөнү жана жаратылыш газынын алардын аймагына такыр келбегенине нааразы болгону айтылат. Митингге чыккан, атын атагысы келбеген бала бакчанын тарбиячысы жагдай оор экенин айтып берген.

"Биз жашаган Навбахордо кыш мезгилинде абал оор, бензин жок, свет көп өчөт. Аялдар митингге чыкты деп угуп, мен да келдим", - деди атын атагысы келбеген тарбиячы.

Ошол эле күнү Өзбекстандын Пахтакор райондук акимчилиги нааразылык акциясы боюнча расмий маалымат таратты. Анда аким Шукрулло Бабаев жол бууган митингчилер менен жолукканы жазылган.

"Облустун акиминин орун басары жана райондун акими барып жарандар менен жолугушту. Райондун тургундарына көмүрдүн тоннасы 300 миң сумдан жеткизилди. Чоңдор газ көйгөйүн билет", - деп жазылган билдирүүдө.

Пахтакор райондук администрациясы митингге чыккан Навбахор аймагына беш жылдан бери жаратылыш газы берилбей келгендигин, бирок ал аймак "үзгүлтүксүз электр менен камсыз болгонун" моюнуна алган.

Өзбекстандагы энергетикалык кризис үстүбүздөгү жылдын 5-январында башталган. Анда Борбор Азия менен Казакстандагы бирдиктүү энергетикалык тутумдун чубалгылары пландан тышкары өчүрүүлөрдөн кийин, Өзбекстандагы беш жылуулук электр станциясынын энергоблоктору өчүрүлгөн.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, авариянын кесепетинен өлкөнүн айрым подстанцияларында кубаттуулук азайган.

"Учурда Талимаржан электр борбору ишке берилүү алдында турат, калган электр станциялары калыбына келтирилди", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Анткен менен 5-январдан бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында электр менен камсыздоо али турукташа элек. Тескерисинче, үзгүлтүктөрдүн масштабы көбөйүп, эл нааразы болуп жатканы айтылып келет.

Өзбекстанда мурдагы жылдардагыдай эле быйыл да газ менен электр энергиясы күн сайын өчүрүлүүдө. Буга байланыштуу былтыр ноябрда жылуулуксуз жана жарыксыз калган Анжиян жана Бухара шаарларынын тургундары да нааразылык акцияларына чыгышкан.

Алар ондогон турак үйдө жүздөгөн киши жарыксыз, суук тамда жашоого мажбур болгонун айтышкан. Ал эми өзбек аткаминерлери энергетикалык кризисти аба ырайынын муздашына жана электр энергиясын керектөөнүн кескин күч алышына байланыштырышат. Бирок эл арасында бир нече жылдан бери ушул эле көйгөй кайталанып келатканы айтылат.

Коңшу Өзбекстанда 18-ноябрдан бери суук түшүп, кар жаап, өлкө боюнча энергетикалык каатчылык пайда болгон. Борбор шаар Ташкенттин бир катар райондорунда буу казандары жана түтүктөр иштен чыгып, көпчүлүк аймактарда электр жарыгы өчүп, газ үчүн узун кезектер пайда болгону айтылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG