Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

Экономика

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-январда парламентке кайрылып жатып, учурда өлкөдө коронавирус жок экенин айтты.

Президент Эмомали Рахмон 1-январдан бери Тажикстанда коронавирус жуктуруп алган жаңы бейтап катталбаганын билдирди. Бирок ал муну менен катар адамдар санитардык-гигиеналык эрежелерди так сакташы керек экенин эскертти. Ошондой эле Рахмон чет өлкөдөн келгендердин бардыгын карантинге алууну талап кылды.

"Биз өзүбүздүн жана башкалардын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек, тескерисинче, мурдагыдай эле сергек болуп, жеке жана коомдук гигиена эрежелерин так сактап, бири-бирибизге кам көрүшүбүз керек".

Жыл башынан бери Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-5-январда жана 10-январда гана коронавирус менен ооруган адамдарды расмий каттоого алган. Ал эми министрлик 10-январдан бери өлкөдө коронавирустун бир дагы жаңы учуру катталбаганын билдирген. Бирок жергиликтүү серепчилер Тажикстанда коронавирустан каза болгон жана жуктуруп алгандардын саны расмий статистикадан кыйла көп экенин эскертишет.

Президент Эмомали Рахмон элге кайрылып жатып тойлорго жана мечиттердин ишине көңүл бурду. Ал дин кызматкерлерине санитардык-гигиеналык ченемдер жана эрежелер тыкыр сакталбаган учурда "мечиттер иштебей калышы мүмкүн" экенин айтты.

Ошондой эле президент Рахмон өлкөнүн энергетика тармагынын ишин сынга алып, өлкө электр энергия тармагындагы көйгөйлөрдү чече албагандыгын белгиледи.

"Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү жана аны өнүктүрүү максатында 34 мамлекеттик инвестициялык долбоорду ишке ашырды. Учурда бул багытта 17 мамлекеттик инвестициялык долбоор иштеп жатат. Буга карабастан, электр энергиясын элге туруктуу камсыз кылуу багытында аны натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууну камтыган бир катар маанилүү көйгөйлөрдү чечишибиз керек".

Тажикстанды электр энергиясы менен камсыз кылуудагы маселелер өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири деп аталып, ал үчүн тажик бийлиги тынымсыз сынга алынып келет. Президент Эмомали Рахмон өз кайрылуусунда бул сынга ачык жооп айткан жок, бирок Тажикстанда өлкөнүн бардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн электр кубаты жетиштүү экендигин белгиледи. Бирок серепчилер Тажикстандын энергетика тармагында туура башкаруу жок деп эсептешет.

Ошондой эле Эмомали Рахмон 2021-жыл негизинен азык-түлүк коопсуздугу жагынан "оор жыл болорун" эскертти.

"Дүйнөдөгү оор кырдаалды эске алып, биз ар түрдүү көйгөйлөргө даяр болуп, элибиз азык-түлүк тартыштыгын сезбеши үчүн мындан ары да иштешибиз керек. Мындан улам өлкөнүн дыйкандарына мамлекеттик колдоо максатында дыйкандарды 2021-жылы жер салыгын төлөөдөн бошотууну сунуш кылам".

Ал элге кайрылып жатып азык-түлүктү эки жылга камдап алууга чакырды.

Тажикстандын Улуттук альянсынын төрагасы, оппозиционер Мухиддин Кабири президенттин эки саатка созулган кайрылуусу бири-бирине дал келбеген сөз айкаштарынан турганын айтты.

"Президент учурдагы абалды 2014-жылдагы кырдаалга салыштырат, бирок доллардын улуттук валютага карата курсу мындан жети жыл мурун кандай болгонун көрсөткөн жок. Бул убакыт ичинде Тажикстандын экономикасы кеминде 20-25 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда Рахмон базардагы азык-түлүк баасынын көтөрүлүшү жана калктын кирешесинин төмөндөшү жөнүндө такыр сөз кылган жок", - деди Мухиддин Кабири.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эмгек мигранттары жөнүндө да сөз кылды. Ал 2020-жылы чек аралардын жабылышына байланыштуу тажик мигранттарынын 80 пайызга жакыны чет өлкөгө чыга албай калганын айтты. Анын айтымында, 460 миң мигранттын ичинен 111 миңи гана жумуш издеп чет өлкөгө чыга алган.

Ошол эле учурда тажикстандык мигранттар алардын өлкөдөгү абалы анчалык деле жакшы эместигин, андыктан тез арада жолдордун жана чек аралардын ачылышын күтүп жатышканын айтышат. Өткөн жылдын март айынан бери тажик мигранттарын кабыл алуучу негизги өлкө болгон Орусия коронавирус пандемиясынан улам чек араларды жаап койгон.

Тажикстандык укук коргоочу Каримжон Ёров расмий Душанбенин "мигранттар өлкө ичинде жумуш менен камсыздалат" деген билдирүүсүнө кошулбайт. Ал айрым мигранттар Орусияга кириш үчүн 90-100 миң рубль төлөөгө даяр экенин айтты.

"Алар документтерди жасоодо көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин билип туруп ушул кадамга барып жатышат. Тажикстандын айрым жарандары Орусиянын аймагына мыйзамсыз кирүүгө даяр. Бул кадам үчүн алар жаза аларын жана Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салынышы мүмкүн экендигин билишет”.

Жыл сайын бир миллиондон ашык тажикстандык мигрант Орусияга жумуш издеп кетишет. Бирок былтыр коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, эки өлкө ортосундагы каттамдар токтотулган. Акыркы бир жылдын ичинде жүз миңдеген тажик мигранттары ушул себептен Орусияга кете албай калышкан. Ошондой эле тажик өкмөтү өткөн жылы акча которуу азайып, Тажикстанда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны көбөйгөнүн моюнга алган.

Ал эми расмий маалыматтар боюнча, сегиз миллион калкы бар Тажикстанда коронавирус инфекциясы 13 миңден ашык адамга жуккан. Анын 90у көз жумган. Бирок соцтармактардан топтолгон расмий эмес маалыматтар 2020-жылдын май айынан сентябрь айына чейин кеминде 450 тажикстандык коронавирустан каза болгонун көрсөтөт.

ПИН номурдан чыккан чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00

Кыргызстандагы ондогон жарандар жеке өзүнө тийиштүү персоналдык идентификациялык номурун (ПИН) тактоодо убара тартып жатат. Бир күндө 400дөй адам ушул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылууда. Алар бир эле адамга эки башка персоналдык идентификациялык номер катталып калганын, буга өздөрү да түшүнбөй жатканын айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG