Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Экономика

Темирбек Ажыкулов.

Бизнес жаатындагы көз карандысыз эксперт Темирлан Ажыкулов ишкерлерге басымдын күчөшү жана анын кесепеттери тууралуу маек курду.

- Темирбек мырза, Кыргызстанда соңку кезде укук коргоо органдары ишкерлерди текшерүүгө алып, басым көрсөткөн учурлар көп кабарлана баштады. Айрым ишкерлер мүлк укугуна коркунуч келгенин билдиришти. Бул кырдаалга кандай баа берсек болот?

- Тилекке каршы, бул терс көрүнүш. Бизнес ансыз деле соңку бир жылдан бери пандемияга байланыштуу кыйналып жатат. Күздөгү окуялардан кийин сырттан келген инвестиция да азайып кетти.

Быйыл жаз айында эле 300 миллион долларга минус болуп чыктык. Ошонун үстүнө басым болуп жатканы жалпы бизнеске да терс таасирин тийгизет. Биз канча жылдан бери эле декриминализация жөнүндө айтып келебиз. Бул “бизнести криминалга байлабай, негиз болсо өз эрежелери менен текшергиле” дегенди билдирет.

Бирок бизнести текшерүү, рейд иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Финполициянын пиарына айланып кеткени чоң көйгөй. Эгер ишкер мыйзам бузса, далилдеп, сот чечими чыккандан кийин жарыялашса туура болмок. Азыр болсо бирөөнүн арызынын негизинде эле баса калып, коомго жар салып жатышат. Эгер ал ишкердин күнөөсү сотто далилденбесе, укук коргоо органдары андан эл алдында кечирим сурашпайт да. Мындай рейддер эң аз дегенде эле бизнестин аброюна көлөкө түшүрүп, терс таасирин тийгизет. Ачык иштеп жүргөн ишканаларга басым кылган туура эмес.

- Акыркы учурларда бизнеске басым жасоонун күчөшүнө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

- Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Албетте, чынында эле мыйзам бузуулар болушу ыктымал. Бийлик ызы-чуу менен алмашкан сайын бизде чоң-чоң ишканаларга же кандайдыр бир жол менен саясатка аралашып калган ишканаларга сөзсүз рейд жасалып турат.

- Буга чейин өкмөт экономикалык мунапыс жарыялап, бизнести коргоого убада кылган. Убада канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

- Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен укук коргоо органдарынын аракеттери бири-бирине каршы келүүдө. Жапаров өкмөт башында турган кезде бизнести коргоп, ишкерлерге жардам бере турганын айткан. Азыр андай кадамдар байкалган жок. Мамлекет башындагы саясий күч бир болгондон кийин бир багытта кетсе дурус болмок.

- 2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөн чыккан капиталдын көлөмү көбөйүп, инвестиция кыскарды. Экономикада тартыштык күчөп турат. Мындай учурда жергиликтүү ишкерлерге карата басымдар токтобосо кандай кесепети, терс таасири болушу мүмкүн?

- Бул өтө кооптуу сигнал болду. Эми расмий ачык иштеп жүргөн ишканалар "кандай кылсак, эмне болот?" деп ойлоно баштайт. Ушундай учурда бизнестин эки эле аргасы калат. Биринчиси - көмүскөгө кетүү. Көмүскөгө барып, укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, "берчүсүн" берет жана таза рыноктон чыгат. Экинчи жолу - жабылат.

Буларды көргөн башка бизнестин ээлери да кеңейгенден кооптоно баштайт. Саясаттан кабары бар ички инвестор бизнесин жайылткандан көрө, майдалап, эл көзүнөн жашырууга аракет кылат. Сырткы инвесторлор ички инвесторду карайт.

Ички инвестор өзүн жакшы сезбесе, сырткы инвестор келбейт. Мыйзам, сот бийлиги адилеттүү иштебесе, сырткы инвесторду күтпөй эле койгон оң.

«Спекулянт» дүкөндөр түйүнү бир нече күндөн бери жабык турат.

Бул жуманын ичинде «Спекулянт» дүкөндөр түйүнүнүн эки кызматкери, «Нават» чайканасына ээлик кылган адамдардын бири камалганы белгилүү болду. Алар оор деп эсептелген беренелер боюнча айыпталып жатат.​

«Кыргызстанга баргандан коркуп жатам»

«Спекулянт» дүкөндөр түйүнү бир нече күндөн бери жабык турат. Дүкөндүн эки бухгалтерине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «Спекулянт» дүкөнүнүн жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызстанга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып жүргөн. Алардын мындай мыйзамсыз иштерине укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жардам берип жүргөнү айтылууда.

Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» мындай дейт:

«Тинтүү жүргүзүү учурунда коммерциялык компаниялардын кеңселеринде жана кампа жайларында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү өндүрүм табылган. Ошондой эле товарлардын мөөнөтүн даярдоо боюнча жабдуулар жана алар менен бирге жасалма этикеткалар табылган. Азыркы учурда сотко чейинки тергөө иши боюнча бардык фигуранттарды жана мамлекеттик органдардагы колдоо көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул сотко чейинки териштирүү иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган».

«Спекулянт» дүкөнүнүн жабылышына алып келген ишти күч түзүмдөрүнүн (УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура) өкүлдөрүнөн түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Азыркы учурдагы маалыматтар боюнча, иштин алкагында «Спекулянттын»​ эки кызматкеринен башка камакка алынгандар жок.

Аталган дүкөн менен байланыш түзгөн кызмат адамдарынын аты-жөнү да атала элек.

«Спекулянт»​ дүкөнү Бишкек шаарында 2017-жылдан бери иштеп, кафе-ресторандарды, калаа тургундарын азык-түлүк менен камсыз кылып келген. Бул бренддин алдында иш алып барган алты дүкөн бар. Азыркы учурда алардын бардыгы жабык турат. Дүкөндөр түйүнүнө Орусиянын жараны Василий Щербина ээлик кылат. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканын айтып, күч түзүмдөрүнүн кадамын «атайын жасалган иш»​ деп баалады:

Василий Щербина.
Василий Щербина.

«Башаламандык болуп жатат. Күч түзүмдөрү адам укуктарынын бардык ченемдерин бузуп жатышат. Алар 21-январда биздин жабык турган кампаларга кайрадан кирип келишкен. Алар болгон документтерди жасаганга аракет кылып жатышат. Биз эч кимге пара берген эмеспиз жана дүкөндөрүбүздө мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк болгон эмес. Камакка алынган эки бухгалтерге болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат. Ошондой эле кампабыздагы электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн ал жердеги азык-түлүктөр бузула баштады. Болгон эсептерим да тоңдурулду. Биздин бизнести тартып алуу аракети жүрүп жатат. Азыр Кыргызстанга баргандан коркуп жатам»​.

Василий Щербина «Спекулянт»​ дүкөнү мамлекетке ай сайын 3 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин салык төгүп келгенин, азык-түлүктүн сапатына жооп берген документтер бар экенин кошумчалады. Ал бийлик өкүлдөрүнө жана Орусиянын Кыргызстандагы элчисине да кайрылган.

«​Наваттын» ээлеринин бири да кармалды

«Спекулянт»​ дүкөнүнө байланышкан окуяны улай эле «Нават»​ресторанына ээлик кылган адамдардын бири Сергей Острецов кармалганы белгилүү болду. Ал азыркы учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында отурат. Сергей Острецов «кылмыштуу жол менен табылган акчаны күрөөканалар аркылуу адалдаштырган»​ деп айыпталып жатат. Острецов өзүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек.

«​24 kg» агенттиги өздүк булактарына таянып, ишкерге ушундай жол менен кимдир-бирөө басым кылганга аракеттенгенин жазып чыккан. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы четке какты:

«​Бул маалымат чындыкка дал келбейт. УКМК күрөөканалардын тармагын жамынып алып банк иштерин мыйзамсыз жүргүзүү, 2009-жылдан бери ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн баш тартуу фактыларын иликтеп жатат. Ошондой эле күрөөканалар түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга катышкан адамдардын тобу текшерилип жатат. Алар жөнүндө маалымат тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт».

Сергей Острецовдун «Наваттан» тышкары «РосФинансКредит чакан насыя компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунда да үлүшү бар. Острецов өзүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек. «Нават» ресторандар түйүнү менен байланышканыбызда өзүн жетекчи катары тааныштырган айым бул ишти «толугу менен абсурд» деп атады.

«​Ишкерлерге берилген белги»

Өткөн жумада эле Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо иштерин жеңилдеткен мыйзамга кол коюлган. Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилип, инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлгөн болчу.

Экономика боюнча эркин эксперт Кайрат Итибаев ишкерлердин камалып жатышы өкмөттүн аракеттерин жокко чыгарат деген ойдо.

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

«​Албетте, кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан ишкерлердин күнөөсүн сот гана аныктайт, - деди ал. - Бирок ишкерлер тыюу салынган уюмдарды каржылап же оор кылмышка барбагандан кийин аларды камаштын кереги бар беле? Анын үстүнө азыркы кризистик учурда бизнести сыйлашыбыз керек. Азыр адегенде мамлекеттик мекемелердеги коррупцияны жоюп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотушубуз керек. Андан кийин гана бизнести текшерсе болот. Бүгүнкү окуялар - ишкерлерге берилген белги. Эми алар Кыргызстанда иш баштагандан коркуп калышат».

Ал эми экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров ишкерлерге тиешелүү тергөө иштери толугу менен ачык жүрүш керек деп эсептейт. Анын айтымында, тергөө учурундагы күмөндүү ойлор үчүн өлкөдөгү инвестициялык климат жабыркап калбашы керек. Абдыров мындан тышкары керектөөчүлөрдүн укугу биринчи орунда турарына басым жасады:

Төлөнбек Абдыров.
Төлөнбек Абдыров.

«Ишкерлердин укуктарын коргоп, алардын ишин алдыга сүрөгөн жакшы иштер жүрүп жатат. Азыркы маалда аларды текшерүүгө тыюу салган мораторий да бар. Албетте, ишкерлик мамлекеттин колдоосуна муктаж. Ошол эле маалда катардагы керектөөчүнүн укугун унутуп жаткандайбыз. Дүкөндөр менен базарларда сапаты начар, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк сатылып жатат. Аны текшерген киши жок. Бир нерсе болсо ишкерлер кыйкырып чыгат. Бул окуяларда кайчы пикир бар. Колдон келсе ишкердин жана керектөөчүнүн укугун бирдей алып жүрүшүбүз зарыл».

Кыргызстандагы инвестициялык климат октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин начарлай түшкөн эле. Ал учурда белгисиз жарандар кен иштеткен компанияларга кол салып, эс алуу жайларынын мүлкүн талкалап, өрттөгөнгө чейин барышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG