Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Экономика

Үйүндө самын жасаган сузактык ишкер
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:11 0:00

Амантур Исраил уулу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт. Мурда Орусияда миграцияда жүргөн жигит, азыр өзү жасап алган станок менен күнүнө миңдей самын чыгарат. Амантур самын экологиялык жактан таза экенин айтканы менен үй шартында жасалган самынга кандай заттар кошуларын сыр бойдон калтырууну эп көрдү.

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кызматка жаңы киришкен президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде Кыргызстандын энергетика системасына өзгөчө басым жасап, бул тармактын абалын катастрофалык деп баалады.

Президент катары алгачкы кайрылуусунда ал Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтерин, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду тезирээк ишке ашырыш керек экенин айтты.

Анын бул сөзү ансыз да жылдар бою топтолуп калган энергетика тармагындагы маселелерди кайрадан көтөрүп, электр жарыгына болгон тарифтердин өлчөмүн күн тартибине чыгарды.

Энергетика тармагына президенттин берген баасы

2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинде энергетика системасындагы кризис даана көрүндү. Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен.

Январдын аягы болуп калды, азырынча электр жарыгы узак убакытка чейин өчүрүлгөн учурлар байкалган жок. Бирок бул энергетиканын абалы жакшы деген кеп эмес.

28-январда президенттик кызматка расмий киришкен Садыр Жапаров биринчи кайрылуусунда ушул тармактагы маселени көтөрүп, ага мындай баа берди:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Биздин бүгүнкү абалыбызды канааттандырарлык деп сыпаттагандан алысмын. 30 жыл бою топтолгон беш миллиард долларлык ички-сырткы карызыбызды толук төлөө милдети да менин багыма - президенттигим башталган мезгилге туш келди. Ал ортодо коронавирус пандемиясы да республиканын бюджетине кескин түрдө кедергисин тийгизди. Энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга туш келип, 137 млрд. сом (1,5 млрд. доллар) карызы бар экен. Албетте, мындай абалдан чыгуу өтө оор кыйынчылык менен коштолору айкын. Ошондуктан менин алгачкы президенттик жарлыктарым кризистик жагдайдан чыгуу, экономиканы жандантуу чараларын камтууга багытталат».

Ушул эле кайрылуусунда ал Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сыяктуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу планын жарыялады. Аны менен жумуш орундарын түзүп, миңдеген кыргыз мигранттарын өлкөгө кайтарып келүү максатын айтты.

Садыр Жапаров былтыр 9-ноябрда Нарынга иш сапары менен барганда элге Жогорку Нарын ГЭС каскады курулат деп убада берген.

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кийинчерээк Кыргызстан менен Орусиянын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү Нарын ГЭС каскады боюнча жолугушарын кабарлаган.

ГЭСтердин тарыхы менен тагдыры

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев президент белгилеген энергетикадагы катастрофалык кырдаал көп жылдан бери топтолуп калган кыйынчылыктардын жыйындысы экенин билдирип, ири ГЭСтерди куруу боюнча бийликтин мүдөөсүнө анча ынаган жок:

«Менин оюм боюнча Камбар-Ата ГЭСин куруу реалдуу эмес. Анткени бул ГЭС өтө кубаттуу болот жана анын курулушуна 4 млрд. доллардан кем эмес акча салыш керек. Экинчиден, ал долбоор узак мөөнөттүү болгондуктан кеминде 10-15 жыл кетет. Ошондуктан бизге азыр аз акча коротуп, тез курулуп, анан өзүн батыраак актачу инвестициялык долбоорлор керек. Аны атайын экспертизадан өткөрүп талдап чыкса болот. Бирок «биз баарын курабыз» деп айта берген туура эмес».

«Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында кыргыз-орус өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, 2016-жылы бул келишимден чыккан.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, анан Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% бир аз көбүн өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жетип калган.

Ага кошул-ташыл Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүргөн Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү жылдан-жылга азайып баратат. Суу сактагычка 19 млрд. кубометр суу батат. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматына ылайык, 29-январга карата Токтогул суу сактагычында 10 млрд. 811 млн. куб метр суу бар.

Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген.

2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен. 2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Сыноолор дагы алдыда

Энергетика тармагы карызга батып, жабдуулар эскиргени менен жыл сайын электр жарыгын колдонгондор көбөйүп, муктаждык күчөп баратат. 2020-2021-жылдардагы жылытуу мезгилинде абал кескин начарлап, эң суук күндөрү кубаттуулук белгиленген өндүрүштүк пландан ашыкча берилүүдө. 6-январда Кыргызстандын энергетикалык тутумунун бүткүл тарыхында биринчи жолу электр жарыгын керектөө максималдуу чекке жетип, 73 млн. кВт/с түздү.

Энергетик Карыпбек Алымкулов жылдан жылга электр энергиясына болгон талап мындан да көбөйөрүн айтып, аны мындайча негиздеди:

«Электр энергиясынын генерациясын жакшылап ойлонуп, аны көбөйтпөсөк абал кыйындай берет. Азыр Кыргызстанда бардык үйлөр кондиционерлери менен салынып жатат. Мурда жайында электр жарыгын колдонуу күнүгө 20 млн. кВт/с чейин болчу. Азыр 40 млн. кВт/с жетип калды. Демек, жай менен кышта электр энергиясын колдонуу бирдей эле болуп баратат. 6-январда эле бир күндө электр жарыгын керектөө 73 млн. кВт/с болду. Бул суук учурда. Ал эми кышында деле күн жылуу болсо жарыкты колдонуу 50-60 кВт/с болот. Жайында 35-40ка жетүүдө. Турак жай курулушу ушул эле бойдон улана берсе жай менен кышта электр энергиясын колдонуу теңелип, энергияга болгон муктаждык абдан күчөйт».

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы 2020-жылы декабрь айында Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимитин 1 млрд. 886 млн. кВт/с деп койгон. Бирок колдонулган электр жарыгынын көлөмү 2 млрд. 86 млн. 203 миң кВт/с жетти.

Абалдан кантип чыкса болот?

«Эми абалдан кантип чыгыш керек?» деген суроо берилгенде тариф маселеси көтөрүлөт. Былтыр жыл аягында «Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун» директору Таалайбек Байгазиев ушул тууралуу кеп кылган.

Бийлик тариф саясатына этият мамиле кылат. Эксперт Мырзатай Султаналиев анын себебин Кыргызстанда электр энергиясынын баасы саясий маселеге айланып кеткени менен байланыштырды:

Мырзатай Султаналиев.
Мырзатай Султаналиев.

«Кыргызстанда тариф - экономикалык эмес, саясий тариф. Буга саясий чечим керек. Мен түшүнүп жатам. Мен деле катардагы эле адамдардай электр энергиясын колдоном. Бирок бааны көтөрүүнүн ар кандай жолдору бар. Ошону талдап, эсептеп чыгып элге түшүндүрүш керек. Андан кийин тарифти өзүн өзү актагандай баага жеткириш керек. Отун-энергетикалык маселелерди жөнгө салган атайын агенттик бар. Алар маселени билет. Бирок элге алардын сөзү өтпөйт. Себеби, алар мамлекеттик. Мамлекет болсо саясатка баш ийет. Азыр Жогорку Кеңеш, өкмөт да тарифти көтөрүүнү колдобойт. Бирок көтөрүш керек экенин баары эле түшүнүп турат».

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Анда энергия 10% кымбаттап, бир кВт/с 70 тыйындан 77 тыйынга жеткен.

Бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейинки электр энергиясынын баасы 77 тыйын. Андан ашканына 2 сом 16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жайы, айыл чарбасы жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт.

Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда электр жарыгынын баасы көтөрүлбөй турганын айтып, бийик тоолуу райондорго киргизилген чектөө жоюларына убада берген.

Талдоочулар өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды эске алганда тарифти көтөрүү оор экенин белгилешет. Энергетик Чоробай Акунов энергетикалык кризистен чыгуунун дагы бир жолун сунуш кылды:

«Бизде деле ата мекендик ишкерлер бар да. Аларды «акчаңарды чөнтөккө салып отура бербей энергетикага да салым кошкула» деп кызыктырыш керек. Мисалы, алар чакан ГЭСтерди салса болот. ГЭСтен алар киреше да алат да».

Энергетика тармагындагы жагдай жакында эле өкмөттө да талкууланды. Анда мамлекеттин карамагында 258 чакан тилкелер колдонулбай турганы, аларга кичи энергетикалык обьектилерди курууга боло тургандыгы айтылды. Ошондой эле электр тармагындагы жоготуунун деңгээли 12,4% чейин көбөйгөнү сөз болду.

Кыргызстанда энергетика тармагындагы карыздардын көбүн «Датка-Кемин» көмөк чордонуна, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого, Токтогул ГЭСин жаңылоо сыяктуу долбоорлорго алынган насыялар түзөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG