Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Экономика

Сербия Кытай темир жол аркылуу жөнөткөн коронавируска каршы дары-дармектерди кабыл алууда. Белград. 2020-жылдын 26-майы.
Сербия Кытай темир жол аркылуу жөнөткөн коронавируска каршы дары-дармектерди кабыл алууда. Белград. 2020-жылдын 26-майы.

Бир жагынан дүйнөлөшүү жүрүмү күч алган чакта, экинчи жагынан «Бир алкак – бир жол» доктринасы аркылуу Кытай айрым чабал коңшуларын карызга батырышы ыктымал болуп жаткан кезеңде, пост-советтик Борбордук Азия чөлкөмүндө ички чөлкөмдүк ынтымак болуп көрбөгөндөй зарыл. Украинадагы серепчи, доктор Рустем Жангожонун макаласы.

Украинанын маалымат каражаттарынын кабардашынча, «Киев-Лески» (Київ-Ліски) темир жол бекетине Кытайдын Ухань шаарынан жөнөтүлгөн контейнерлер жүктөлгөн алгачкы поюз 2020-жылы 6-июлда келип жеткен. Анын өзгөчөлүгү – чиркелген жүк «Бир алкак – бир жол» (БАБЖ) аттуу эбегейсиз зор долбоордун алкагындагы жаңы поюз каттамы аркылуу келип жеткендигинде.

«Киев-Лески» темир жол бекети Украинанын чет өлкөлөр менен байланышты камсыз кылган «Укртемиржолу» (Акціонерне товариство «Українська залізниця»; кыскача АТ «Укрзалізниця») аттуу темир жол мекемесине таандык.

Аталган бекетке жеткиче поюз 19 күн бою жүрүп келди. Эми «Укрзалізниця» темир жол мекемеси бул узак мөөнөттүк каттамдын жадыбалын түзүү менен алек. Алгачкы баскычта бир аптада бир гана жүк вагондорунун чиркемеси жеткирилет. Товарлар жетиштүү топтолуп калган чакта, мындай чиркемелердин саны так жадыбалга ылайык көбөйтүлүшү мүмкүн.

«Укрзалізниця» темир жол мекемеси эми интернетте электрондук тейлөө кызматын түзүүгө беленденүүдө. Мындай тейлөө кызматы киргизилген соң, болжолдуу кардарлар чиркемеге өз контейнерлерин жайгаштырууга жана унаа ташуу үчүн төлөмдөрдү онлайн төлөөгө тапшырык бере алышат. Алгачкы баскычта Кытай менен дотация жаатын да макулдашуу зарыл.

Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоору Евразия жана Африка картасында.
Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоору Евразия жана Африка картасында.

Кытайдан Украинага жеткирилчү контейнерлүү чиркемелер темир жол аркылуу Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Грузия аркылуу транзит шартында жөнөтүлөт.

Кытай өкмөтү эл аралык «Бир алкак – бир жол» демилгесин сунуштагандан бери алты жылдын жүзү болду. Азыр ал демилге КЭРди Азия, Европа жана Африка менен унаа жана байланыш тармактары аркылуу ырааттуу байланыштырчу жаңы дүйнөлүк тартиптин жобосуна айланды да калды.

Айрым өлкөлөр бул долбоорго ишениңкиребей караса, айрымдары кастык мамиле кылышты. Ошого карабастан, 136 өлкө жана 30 эл аралык уюм Кытайдын бул мамлекеттер аралык долбоорун жактап, бир катар эл аралык кызматташтык келишимдерине кол коюшту.

Эми бул долбоорго кошулган Борбордук Азия чөлкөмүн кандай натыйжалар күтүп турат?

Албетте, экономика жаатында кыйла натыйжалуу кадамдар БАБЖ долбоору аркылуу жүзөгө ашаары шексиз. Бирок анын терс жагдайлары да барбы?

БАБЖ мега-долбоорун жалпы эле дүйнөлөшүү жүрүмүндөгү өңүттөр аркылуу баалай турган болсок, өтө шыктандырчу сүрөттөмө келип чыгат. Бул – асыл-нарктар менен артыкчылыктардын бүткүл системасын радикалдуу негизде алмаштыра турган бүтүндөй дүйнөлөшүү жүрүмү болуп саналат.

Кайсы бир негизде БАБЖ долбоорун болочокку дүйнөнүн «калыбын көрсөтчү өрнөк» катары баалоого болот.

Ал эми тийешелүү өлкөлөрдүн конкреттүү жемиши эмнеде? Бул долбоордо маанилүү «ачкыч» болгон Казакстанды эле алсак, ал үч жаатта утаары бышык:

1) экономикалык жактан алчу мөмө. БУУнун адистеринин эсебине караганда, БАБЖ долборунун жолунун таманындагы ар кандай өлкөнүн жалпы дүң өнүмү 2–3 эсе өсүп чыгышы күтүлөт. Анткени БАБЖ долбооруна байланыштуу өлкөнүн жол жана байланыш тармактарын жана инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган капиталдык салымдар бир нече эсе көбөйөт.

2) Бардык катмарлардагы жумушчу күчтөрү бир нече эсе кеңейет. Демек, Орусияга багытталган эмгек миграциясы бул өлкөдөн кайра Борбордук Азия чөлкөмүнө бурулушу күтүлөт.

3) Пост-советтик Борбордук Азия чөлкөмү кошумча наркы бар өнүмдү экспортко чыгаруу аркылуу «чийки заттык аймак» жаманаттысынан алгачкы жолу кутула алат.

Кытай менен Пакистандын Хунжераб ашуусундагы чек ара бекети.
Кытай менен Пакистандын Хунжераб ашуусундагы чек ара бекети.

Демек, чөлкөмдөгү өлкөлөр өздөрүндөгү өндүрүүчүлөрдүн азыркыдан кыйла жогорку деңгээлдеги өндүрүштүк-технологиялык маданиятка, инженердик-технологиялык жөндөмгө ээ болушу үчүн далаалат кылат. Чет элдик базарда чөлкөмдөгү сапаттуу товарлардын баасы да көтөрүлөт. Мунун бардыгы жергиликтүү калайыктын бакыбаттыгын чыңдоого, коомдогу мамилелерди телегейи тегиз кылып өнүктүрүүгө жагымдуу таасир тийгизет.

Албетте, буга чейин эле айрым жагымдуу натыйжалар көзгө көрүнүп калды.

Маселен, КЭР менен Казакстандын чек арасында логистикалык чордон курулган соң, Казакстан тарап Орусияны кошпостон мухитке (Тынч океандын портторуна) чыгууга алгачкы жолу мүмкүнчүлүк алды.

Казакстандын өзү да «Нурдуу жол» долбоорун иштеп чыгып, өлкө аркылуу Кытай менен Батыш Европаны бириктирген автоунаа канжолун (магистралды) куруу аркылуу өлкөнүн экспорт жана импорт жөндөмүн кеңейтти.

Жалпысынан, БАБЖ долбоору Казакстанды Батыш Европа менен Чыгыш Азияны жана Тынч океанды байланыштырган евразиялык түйүндүн маанилүү өткөөлүнө айландырууда.

Ооганстандын темир жолу Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Кытай менен туташат. Балх вилайети. 17.10.2017.
Ооганстандын темир жолу Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Кытай менен туташат. Балх вилайети. 17.10.2017.

Кытай – Монголия – Орусия соода-экономикалык өткөөлүн куруу жаатында да, Пакистандан Кытай аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияны туташтырчу унаа-экономикалык өткөөлүн курууда да кыйла жылыштар жүзөгө ашырылды.

Кытайлык демилгелер аркылуу Африканын ичинде да өлкөлөр аралык заманбап унаа байланыштары курулуп жана жакшыртылып жатат. Момбаса-Найроби темир жолу долбоору эле Кенияда 50 миң жумушчу орунун камсыз кылып, өлкөнүн экономикасынын 1,5 пайызга өнүгүүсүнө огожо болду.

2013–2017-жылдары Кытай менен БАБЖ долбооруна кирген башка өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 4,88 пайызга өскөнүн Russian.china.org.cn интернет барагы шардана кылды.

Дүйнөлүк банктын маалымдашынча, БАБЖ долбоорунун аркасында өзгөчө жакырчылыктын чидеринен бери дегенде 7,6 миллион киши чыгат, ал эми кедейликтен 32 миллион киши кутулат. Бул долбоордун өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,8-9,7 пайызга өсүшү күтүлөт.

Эми көбүнесе Батыштагы адистер ортого салып жаткан тынчсызданууларга келсек, алардын биринде БАБЖ долбоору Кытайдын карызга батыраар тузакка түшүрчү оторчул айла-амалына айрым өлкөлөрдү кириптер кылышы ыктымал, деп айтылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук экономикасы кыйла чабал. Маселен, Тажикстан мамлекеттик карыз үчүн айрым чек ара жерлерин соодалашкан, деген жоромол бар. Кыргызстандын калкы да ушул жаатта санааркоодо.

Чөлкөмдөгү калайыктын айрым бөлүгү «кытайлык оторчулук» коркунучу бар деп саал кооптонуп келет. Бул – киши факторуна таандык көйгөй.

Бул көйгөй болочокто түпкүлүктүү калктар өздөрүнүн аймагынын бүтүндүгүнө гана шек туудурулуп чектелбестен, этностук кимдигин, өзгөчөлүктөрүн жоготуп албайбы? деген санааркоолорго байланыштуу көңүл бурууну да өзгөчө талап кылат.

Этномаданий өз алдынча кимдикти сактап калуу –– бийликтин гана эмес, жарандык коомдун да бышып-жетилгендигинин башкы көйгөйү. Бул маселени чечүү – улуттук элитанын тарыхый милдети болуп саналат.

Бир маселе түшүнүктүү: эгерде Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр жана элдер ич ара ынтымакка жетише албаса, анда алар чөлкөмдүн тегерегиндеги кубаттуураак оюнчулардын өз таасирин таңуулоосунун мерчемине оңоюраак айланышы ыктымалдан алыс эмес.

Доктор Рустем Жангожо (Жангожа). 02.1.2019.
Доктор Рустем Жангожо (Жангожа). 02.1.2019.

Көптөгөн адистердин баамында, бирдиктүү этностук-маданий идеяга жана саясий максатка таянган ички чөлкөмдүк интеграция – чөлкөмдүн эли жана анын айдыңдык элитасы үчүн олуттуу тарыхый чакырык болуп саналат.

Рустем Жангожо (Жангожа),

доктор, саясат таануучу илимпоз,

Украина стратегиялык изилдөө институту.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Кышкы туризм: ээнсиреген мейманканалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:22 0:00

Пандемияга байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин жоктугунан Ысык-Көлдөгү мейманкана бизнеси артка кетти. Кышкы туризмге ылайыкташкан ишкерлер да мурдагыдай эл жоктугун, бир нече мейманкана жабылууга мажбур болуп жатканын айтышууда. 80 миң калк жашаган Каракол шаарында эле 80ден ашык мейманкана бар, демек атаандаштык да күч.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG