Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Экономика

Ардагер генерал-майор, мурдагы депутат Бейше Молдогазиев. Бишкек, Кыргызстан. 2021-жылдын 12-январы.
Ардагер генерал-майор, мурдагы депутат Бейше Молдогазиев. Бишкек, Кыргызстан. 2021-жылдын 12-январы.

Эмне үчүн Жогорку Кеңештин айтылуу “Алтын комиссиясынын” мүчөсү, мурдагы депутат, генерал Бейше Молдогазиев 1995-жылы Кыргыз парламентине кайра шайлана албай калган? Маселе – жөнөкөй атаандаштыктан алда канча терең жана анын жемкорлукка каршы күрөшүнө барып такалат.


1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башы. Ошол кездеги президент Аскар Акаев 1994-жылы күзүндө аткаминерлерди жана башка көшөкөр депутаттарды пайдаланып, тарыхый парламентте кворумду атайылап түздүрбөй коюп, саясий кризистин ылайлуу суусунда балык кармап, анын натыйжасында Жогорку Кеңешти таркатты.

Президенттин ыйгарым укуктарын чыңдаган конституциялык референдумду шашылыш өткөрө салып, ал тилегине жетти. Башмыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдүн негизинде 1995-жылдан ары эки үйдөн турган парламентке (Мыйзам чыгаруучулар жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынына) шайлоо өткөрүү боюнча өнөктүк башталды...

Советтер Биримдиги доорундагы акыркы Кыргыз парламенти болгон жана Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөшүп, анын эгемендиги жөнүндө (1990-жылы 15-декабрда) жана мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө (1991-жылы 31-августта) декларацияны кабыл алган, ошондой эле Кыргызстандын гимнин, гербин, желегин, пост-советтик туңгуч Конституциясын, улуттук валютаны кабыл алган, борбор шаарга “Бишкек” тарыхый аталышын кайтарган тарыхый Жогорку Кеңеш акаевдик авторитардык режим тарабынан четке кагылып, ордуна 1995-жылы эки баштуу көшөкөр парламент келиши керек болду.

Мурдагы тарыхый (аны “легендарлуу” деп да атап келишет) Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар акаевдик режимдин “кара тизмесине” илинген. Алар кайрадан Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына илинип калбашы керек болчу.

Бул “ылайыксыз” делген мурдагы депутаттардын арасында, албетте, мурдагы спикер Медеткан Шеримкулов, мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү болгон бардык ал учурдагы принрциптүү жана кебелбес депутаттар (алардын арасында генерал Бейше Молдогазиев) бар эле.

Далай чыгаан кыргыз саясатчылары “кара тизмеге” түшкөн. Алар үчүн 1994-жылдын соңу – 1995-жылдын башындагы парламенттик шайлоо өнөктүгүнө катышуу – түйшүктүн түйшүгү болгон. Анткени А.Акаевдин буйругун жаземдебей жүзөгө ашырууга далаалат кылган аткаруу бийлиги “кара тизмедеги” саясатчыларды жергиликтүү калайыкка мокочонун мокочосу кылып көрсөтүп, ал түгүл 1930-жылдардагы сталинчилердин доорундагы “эл душманындай” эле жаманатты кылышкан. Мындай талапкерлер элге келгенде белгиленген жыйындарын үзгүлтүккө да учуратышкан.

Ошол күрдөөлдө Ак Үй анекдотко да окшоп кеткендей айла-амалга барды. Маселен, Кочкор өрөөнүндө ал кезде парламенттеги мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү болгон Турдакун Усубалиевдин ордуна тегаты уйкаш болгон Усубалиев деген дыйкан ишкерди таап, карыя депутатка каршы коюшту.
Нарында болсо Эл өкүлдөр жыйынына депутаттыкка талапкер болгон парламенттеги мурдагы “Алтын комиссиясынын” мүчөсү Бейше Молдогазиевдин негизги атаандашы кылып анын жердеши, ишкер Эсентур Молдогазиевди каршы коюшту.

Бейше Молдогазиев 1940-жылы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) районунун “Коммунизм” колхозуна караштуу Эчки-Башы айылында туулган. Ал 1983-жылдан советтик Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн начальниги, кадр жана тарбия иштери боюнча министрдин орун басары болуп иштеген. Ал 1991-жылдын 26-октябрында СССР Ички иштер кызматынын генерал-майору даражасын алган. Б.Молдогазиев 1991–1994-жылдары “легендарлуу” Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ал эми Эсентур Молдогазиев 1948-жылы Нарын районунун “Эмгекчил” колхозуна караштуу Ленинчил жаш айылында туулган. Ишкер Э.Молдогазиев 1983—86-ж. Чүйдөгү Ивановка шаарчасындагы Ысык-Ата автобазасынын башчысы, 1986—89-ж. "Минпромтранс" бирикмесинин башкы директорунун орун басары, 1989—91-ж. Ат-Башыдагы "Сельхозтехника" бирикмесинин башкы директору, 1991—93-ж. "Нарын облустук мунайзат өнүмдөрү" бирикмесинин башкы директору, 1993-жылдан "Агро-мунайзат" мамлекеттик коммерциялык бирикмесинин башкы директору, 1995-жылдан "Кыргыз жанар-май" компаниясынын президенти болуп иштеген.

Бул – жөн гана тегаты уйкаштардын (“Молдогазиевдердин”) атаандашуусу эмес болчу. Добуш бурмалоолор күч алган авторитардык системада бул жагдай аткаруу бийлигинин башчысына жакпаган талапкердин добушун бийликчил талапкердин добушуна алмаштырып салууга өзгөчө ыңгайлуу шарт түзөт.

Бейше Молдогазиев жубайы Жамал Акунова менен. Бишкек, Кыргызстан.
Бейше Молдогазиев жубайы Жамал Акунова менен. Бишкек, Кыргызстан.

Акаевдик “саясий технологиянын” ыплас куралдарынын бири Кочкордо өтпөй калды, ал эми Ички Теңир-Тоодо бул ыкма ийгиликтүү колдонулду.

“Сен Молдогазиевге добуш бердиңби?”
“Ооба”.
“Кайсынысына?”
“Билбейм. Иши кылып Молдогазиев деген тегаттын тушуна жактырган добушумду берген болчумун”.

Добуш бергенден кийинки ушундай баарлашууларды көп жерден угууга туура келди. Добуш бурмалоолордун, административдик ыкмаларды колдонуунун натыйжасында оппозициячыл депутат Бейшенин ордуна Ак Үйгө ыңгайлуу иниси, коңшу айылдык Эсентур өтүп кетти. Иши кылып Молдогазиев келди...

Ал эми ошол ыплас өткөн шайлоо өнөктүгүнө чейинки окуяларды да, шайлоо өнөктүгүн да “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы катары чагылдырып (андан соң парламенттин башка үйүнө депутаттыкка талапкер болуп) жүрүп, кырдаалды кыйла жакындан билип калган элем.

“Баары жоктун бардыгы сөздөн башталат” дегендей, сөздүн бардыгы туңгуч президент А.Акаевдин өзү да чырмалышкан тамыры терең жемкорлуктан башталат.

Асыресе, пост-советтик Кыргызстандагы алтын өндүрүү жана сатуу маселесине байланыштуу жемкорлуктан...

Туңгуч президент деген ыйык ооматты жеке керт башынын жыргалчылыгына айырбаштап алган академик А.Акаев дал ошол жемкорлуктун арааны жаңыдан ачыла баштаганда Ак Үйдүн жетинчи кабатында болчу. Тактап айтканда, анын дирижёру болчу...

Албетте, Ысык-Көлдөгү Кум-Төр алтын кени А.Акаев жаш окумуштуу кезинде эле аны менен эч байланышы жок шартта, 1978-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган.

Кум-Төр Жердин жасалма жандоочусунан ушундайча көрүнөт. 2018-ж.
Кум-Төр Жердин жасалма жандоочусунан ушундайча көрүнөт. 2018-ж.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу аймактагы бул ири кендин кору 9 тилкеде жайгашканы, мында 953 тонна көлөмүндө алтын жаткандыгы ошол совет доорунда эле жоромол кылынган.

“Кум-Төр” кениндеги “Борбордук” (“Центральный”) деген тилкеде эле 1990-жылдын 1-январына карата ачык ыкма менен казылуучу 716,21 тонна алтын менен 388,66 тонна күмүштүн кору жайгашканы болжолдуу эсептелип чыккан.
1989-жылы СССР Министрлер Кеңешинин Баалуу металлдар жана алмаздар башкы башкармалыгынын геологиялык жана кен байлыктарын изилдөө институту «Кум-Төр» алтын кенин өздөштүрүү боюнча алгачкы техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыккан. Бирок кен жайгашкан ак мөңгүлүү, бийик тоолуу аймактын уникалдуу экологиялык мааниси эске алынып, аны казуу долбоору кагаз жүзүндө калтырылган.

Албетте, биз экологиялык, геологиялык, экономикалык, укуктук жана башка өңүттөрү эле бир нече ондогон томдорго сыя турган “Кум-Төр” тарыхын толук баяндай албайбыз, ага байланыштуу айрым жагдайларды эскерип, эмне үчүн Бейше Молдогазиев ошол кездеги бийлик төрүн ээлеген инсанга коркунучтуу кас душман болгонун түшүндүрүүгө гана далаалат жасайбыз.

Карапайым окурман үчүн көмүскөдө кала берчү өңүттөрдүн бири – чет өлкөлүкк бир инсан менен байланыштуу. Борис Бирштейн (Boris Birshtein) 1947-жылы 11-ноябрда советтик Литвада туулган. Ал 1979-жылы Канадага бозгунга кеткен. Ал өлкөдө “Сиабеко” компаниясын негиздеген.

Бирок ал СССР менен колун биротоло үзгөн эмес, анткени ал түзгөн “Сиабеко” компаниясы, канадалык “Торонто Стар” гезитинин 1993-жылдын 3-октябрындагы маалыматына караганда ("Russian scandal becomes as wild as any spy novel". The Toronto Star. 3 October 1993.), советтик жемкорлордун мыйзамсыз чогулткан акчаларын 1980-жылдардын акырында көмүскө жолдор менен Батышка чыгарып, “адалдап” берүүгө арачы болгон деп шектелет.


(Матраимовдордун акчаларын Түркияга чыгарып, “адалдап” берген маркум Эркин Самэттин – Айеркин Саймаитинин өз ыктыяры менен айтып берген окуясы бул жакта эле калат).

Карапайым калк “мына-мына өнүккөн социализмден нагыз коммунизмге жеткени калдык” деп ишенип, тишинин кирин соруп, кир жуугуч машине менен транзистор сатып алса, космоско жеткендей сүйүнгөн жакырчылык шартта турмуш кечирип жаткан чакта, коммунист жетекчилердин колу таза эместери миллиондогон долларларга тете чийки заттарды чет өлкөгө аткезчилик менен ташыган.

Борис Бирштейн. 27.8.2019.
Борис Бирштейн. 27.8.2019.

Ошондо эле жемкорлор үчүн чийки заттын мааниси чоң болгон. “Вашингтон пост” гезитинин 1993-жылдын 1-февралындагы макаласына караганда, Батышта (Канада ж.б. өлкөлөрдө) негизделген “достук карым-катнашы бар боорукер фирма” Советтер Биримдигиндеги баалуу кендин чийки затын ит бекер сатып алып, андан ары Батышта өтө жогорку баада саткан да, орто жолдо табылган кирешени СССРге жагымдуу маанайда мамиле кылган чет өлкөлүк саясий партиялардын банк эсептерине жолдогон.

(Ex-Communists Are Scrambling For Quick Cash, by Michael Dobbs and Steve Coll. The Washington Post, February 1, 1993.)

КГБ тыңчылары көзөмөлдөгөн бул акчалардын бир бөлүгү чет элдик коммунисттик ж.б. солчул партияларга каржылык колдоо катары сарпталган. “Май кармаган – бармагын жалайт” деген ылакапка ылайык өз үлүшүн алгандар көп болгон.

Демек, бул акчалардын далайы совет доорунда эле дарегине жетпестен, сол чөнтөктөргө да кымырылганы түшүнүктүү. СССР ойрон болгон соң, мындай акчалардын далайы ың-жыңсыз жоголуп кеткен. Чет жактарда жеке тааныштыгын сактап калган мурдагы советтик аткаминерлер менен тыңчылар Орусиянын “жаңы байларынын” катарын толукташкан.

СССРдин акыркы жылдары жана 1990-жылдардын башында Борис Бирштейн КГБнын чет өлкөлөр менен байланышкан өкүлдөрү, полковник Леонид Веселовский, Георгий Арбатов, Виктор Баранников, Алексанлр Смоленский (“Баба Шура”) ж.б. менен байланышта болгондугу айтылып келет.
“Сиабеко” компаниясынын Цюрихтеги кеңсесинде 1991-жылдын август айынан 1993-жылга чейин иштеген Веселовский бул кеңсе алдамчылык жана акчаны адалдоого байланыштуу сынга алынган чакта, мурдагы КГБ офицери экендиги ашкереленип калып, бул мекемедеги кызматтан кетүүгө мажбур болгон. (Караңыз: Соколов Сергей, Плужников Сергей. Золото КПСС – десять лет спустя: Почему "новые русские" капиталисты финансируют коммунистов // Агентство федеральных расследований. – 2001. – 7 мая. – flb dot ru/material.phtml?id=4911 )

1992-жылы Бирштейн өзү Канададан Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок анын шектүү каржылык ишмердиги Орусия, Украина жана Кыргызстанды Канададагы шектүү компаниялар менен байланыштырган чуулгандуу жемкордук окуялар аркылуу тарыхта калды.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин Жогорку Кеңештин декларациясы аркылуу шардана кылды. Ошол жылы сентябрда Кыргызстан аймагында КПССтин да, анын колу болгон Кыргызстан Компартиясынын да ишмердигине тыюу салынды. Бирок эски жекече байланыштар сакталып калды да!

Борис Бирштейн менен Аскар Акаев.
Борис Бирштейн менен Аскар Акаев.

1991-жылы 12-октябрда жалпы элдик тикелей шайлоо аркылуу өзүнүн президенттик кызматын тастыктап алып, Аскар Акаев эртеси күнү эле өтө маанилүү жарлыкка кол койгон. (Караңыз: «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорация жана Кыргызстан Республикасынын экономикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча Комитет жөнүндө» КРнын Президентинин 1991-ж. 13-10. № ПЖ 340 жарлыгы).

Анын негизинде Б.Бирштейн негиздеген “Сиабеко” (Seabeco) компаниясы спрут сыяктуу өз чеңгелин Кыргызстанга сунган: жумуриятта «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорациясы түзүлгөн, анын президенти болуп... Канаданын жараны, Борис Бирштейн дайындалган.

К.Исабеков «Кум-Төрдөгү алтын мафия» деген китебинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов "Сиабеко" фирмасынын башчысы Борис Бирштейн мырзаны президент Аскар Акаевге 1991-жылы тааныштырган деп жазат (Караңыз: Исабеков К. Кум-Төрдөгү алтын мафия. – Бишкек, 2011. – Дагы караңыз: nazarnews dot org/posts/kubanychbek-isabekov-quot-kumtordogu-altyn-quot-mafiia-quot).

Ал эми Кум-Төрдү изилдөөчүлөрдүн бири К.Турусбеков канадалык “Сиабеко-групп” бирикмесинин директорлор Кеңешинин өкүлү Борис Бирштейн 1991-жылы Аскар Акаевдин чакыруусу менен Бишкекке келгенин, алар биринчи жолу андан үч жыл мурда кыргыз өкмөтүнүн жетекчилигинин курамында А.Акаев Москва жүргөн кезде жолугушуп, жакшы тааныштардан болуп калышканын жазат (Караңыз: Турусбеков К. Алтындын анты койо бербейт // “Азия ньюс” гезити. – 2013-жыл. – 18-июль.).

“Кум-Төрдүн” шойкомдуу өңүттөрү тууралуу экономист, профессор Кубанычбек Идинов, тарыхчы жана саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов ж.б. изилдөөлөрүн жазышкан.

Коомдук ишмер Касым Исаевдин китеби да олуттуу маалыматтарды камтыган. Өзгөчө мекенчил окумуштуу Шергазы Мамбетовдун, укук коргоочу Рамазан Дырылдаевдин ар кыл маалымат каражаттарына курган маектери да бул окуяларга жемкорлукка каршы күрөшкөн инсандык көз караш катары биографиялык булактык кыртыш жаратып турат.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президент катары реформаторлор канатынын өкүлү, академик Аскар Акаевди шайлады. Ал кезде Бишкекте Б.Бирштейндин изи да жок болчу. Артта турган - Абсамат Масалиев.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президент катары реформаторлор канатынын өкүлү, академик Аскар Акаевди шайлады. Ал кезде Бишкекте Б.Бирштейндин изи да жок болчу. Артта турган - Абсамат Масалиев.

Ошентип, эл аралык деңгээлдеги жемкор, алдамчы Б.Бирштейн мырза А.Акаевдин мамлекеттик кеңешчиси деген өзгөчө даражага ээ болуп, Ак Үйдүн жогорку кабатынан ага атайын кабинет бөлүнүп берилген. Чет өлкөлүк шылуун дал ушундай жогорку кызматка дайындалышы бардыгын айран таң калтырган. Анан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Камеко» корпорациясына артыкчылык берилген; эч кандай адилет сынак өткөрүлбөстөн, Бирштейндин компаниясы Кум-Төр кенин иштетүүгө артыкчылыктуу укук алган.

Арадан көп өтпөй Кыргызстандын энчисиндеги 1801 килограмм алтынды Б.Бирштейн эч кандай бажы, ж.б. тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй туруп, менчик учагы менен чет өлкөгө ташып кеткен. Алтынды башка да мындай мыйзамсыз көмүскө ташуу учурлары болгондугун "легендарлуу" парламенттин “Алтын комиссиясы” ашкерелеген.

1992–94-жылдары Жогорку Кеңештин “Алтын комиссиясынын" мүчөлөрү болгон депутаттар (алардын арасында мурдагы СССР Ички иштер аскерлеринин генералы Бейше Молдогазиев) дал ушул окуялардын сары изине чөп салып изилдешкен. Айрым аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. “Алтын чырынын” айынан өкмөт башчы Турсунбек Чынгышев кызматынан кетирилген (маркум Насирдин Исановдун премьер-министр кезинде 1991-жылы ноябрда автокырсыктан ажал табышы да сырдуу бойдон кала берүүдө. Ал отурган автоунаада Б.Бирштейн да болгон).

«Камеконун» соодасын жүргүзгөн Б.И.Бирштейн президент А.Акаевге өз кызыкчылыгында кеңеш берип, натыйжада «Кум-Төр» алтын кенин казуу долбоорун ишке ашыруу укугу ачык-айкын эмес жана чыныгы атаандаштыкты четке каккан усул аркылуу уран казуу чөйрөсүнө адистешкен “Камеко корпорациясына” берилген. Алтын кенин казууга адистешкен башка (мисалы: Грайберг Продакшн Корп., Англо-Америкэн, Ньюмонт ж.б.) компаниялардын Кыргызстан үчүн алда канча пайдалуу шарттардагы сунуштарынан Кыргыз Республикасынын ошол кездеги жогорку бийлигинин баш тартышы да Бирштейн–Акаев мамилелерине барып такалат, деп адистер белгилешкен.

1992-жылдын 3-декабрында Канаданын Торонто шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен (Т.Чынгышев кол койгон) «Камеко Корпорэйшн» корпорациясынын ортосунда «Кум-Төр» боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган.

Ошол эле жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» кыргыз мамлекеттик концерни (Д.Сарыгулов кол койгон) менен «Камеко Корпорэйшн» (Эндрю Льюис кол койгон) компаниясынын ортосундагы «Кум-Төр» кени боюнча Башкы макулдашууга кол коюлган, андан соң 1992-жылы 31-декабрда Өкмөттүн (Т.Чынгышев кол койгон) токтому менен бул макулдашуу расмий бекитилген.

(Караңыз: «Кыргызстан Республикасында алтын казып алууну көбөйтүү боюнча абал жана чаралар жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн 1992-ж. 31.12, № 648 токтому; Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2017). – Бишкек: «Текник» ББ, 2017. – И.Раззаков атындагы КМТУ. – ISBN 978-9967-467-69-9.).

Депутаттык комиссия өкүлдөрү 1993-жылы Т.Чынгышев А.Акаевдин оозеки буйругу менен 1,5 тонна алтынды Швейцариянын банкына күрөөгө коюп келгенин да ашкерелешкен. Албетте, ал алтын кийин кайрылып келген жок, анткени эч кандай расмий кагаздар жол-жосунга ылайык толтурулган эмес. Бул аткезчилик (“контрабандалык”) ташуу – бир кезде советтик КГБ коммунисттик партиянын кызыкчылыгында ар кандай чийки затты чет мамлекеттерге көмүскө жол менен ташыган жана арзан баада саткан алдамчылык ыкмада жүзөгө ашырылган.

Тасма. Мурдагы депутат Шергазы Мамбетов алтынга байланыштуу жемкорлук жөнүндө. 08.4.2014.

Мурдагы депутат Шергазы Мамбетовдун "Азаттыкка" айткан маалыматына караганда, Швейцарияга жөнөтүлгөн алтындан башка дагы 14 тонна алтын Орусияга өтүп кеткен.

Тасма. Бийлик сырлары. Орус тилинде. 02.9.2019.

Мурдагы депутат Рамазан Дырылдаевдин айтымында, ошол жылдары 2 тоннадай алтын чийки зат катары Швейцарияга аткезчилик жол менен чыгарылып кеткен. Депутаттардын Жогорку Кеңеште маселени кабыргасынан койгонунан кийин Кыргызстандын аткаруу бийлиги ошол алтын кайра 13 миллион АКШ долллары түрүндө өлкөгө кайтарылган деп жооп узаткан. Бирок иш жүзүндө бул акча келген-келбегендиги жана ал акча алтындын канча пайызынын гана наркы экендиги белгисиз бойдон калган, дейт Р.Дырылдаев.

(Караңыз: Букашева Бермет. Секреты власти. Дырылдаев о том, как при Акаеве могли вывозить золото в Швейцарию // “Радио Азаттык. – 2019. – 2 сентября. – rus dot azattyk dot org/a/30140331.html ).

Бул жаатта терең кабардар деп шектелген айрым мурдагы жетекчилер бозгунда качып жүрүшөт (арасында Аскар Сарыгулов да бар).

1993-жылдын 10-майындагы Концессиялык келишим (1994-жылдын 30-майындагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен) Кыргыз Өкмөтү менен «Кумтор Голд Компани” ЖАКынын ортосунда түзүлгөн, (ага премьер-министр Т.Чынгышев, «Кумтор Голд Компани” ЖАКынын башкы директору М.Давлетов кол коюшкан). Концессиялык келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн баштап 50 жылды камтыган. Концессиялык келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен түзүлгөн.

Кийинчерээк Кум-Төр кен иштетүү комбинатын курууда да орто жолдо акча желгендиги тууралуу аткаруу бийлигине доо коюлган. Андан тышкары чет элдик инвесторго салыктык далай жеңилдиктер берилген.

А.Акаевдин үзөңгүлөшү, андан 2 жаш улуураак Т.Чыңгышев 1992-жылдын 10-февралынан баштап 1993-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз өкмөтүн жетектеди. Жогорку Кеңештеги “Алтын комиссиясынын” тарыхый баяндамасынан соң ал кызматтан чегинүүгө аргасыз болгонун дагы бир ирет эскерте кетели. Ал кызматтан кетээрде Жогорку Кеңештин отурумунда төрдөгү ААкаевдин маңдайына барып, колун шымынын чөнтөгүнө салып сүйлөшүп тургандыгы али эстен кетпейт.

Тасма. Аскар Акаев менен маек. 23.6.2015.

Албетте, бозгундагы Аскар Акаев кийин деле Бирштейнди жактап, эч кандай жемкорлук болгон эмес, деп караманча танып келди. Маселен, “Азаттык” үналгысына 2015-жылы жайында курган маегинде ал: “Бирштейн да, “Сиабеко”, “Камеко” да Кыргызстанга эч зыян алып келген жок”, – деп билдирген.

(Караңыз: Сагындык кызы, Венера. Акаев: Бийликти мыйзамдуу жол менен тапшырбаганыма өкүнөм // “Азаттык” үналгысы. 29.6.2015. – youtu dot be/sXxdR6sxtYk )

Генерал Бейше Молдогазиев дал ошол татаал жылдары “Алтын комиссиясында” үзүрдүү жана ырааттуу иштеген депутаттардын бири болду.

Кыргыз тоо-металлургия институтунун мурдагы ректору, профессор Шергазы Мамбетов, 1993-жылдан тартып Жогорку Кеңештин Көзөмөлдөө палатасынын төрагасы болгон экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов, депутаттар Рамазан Дырылдаев, Бейше Молдогазиев жана Турдакун Усубалиев ошол 1993–94-жылдары Аскар Акаевдин режими үчүн “персона нон грата” болгон инсандар эле (кийинчерээк, депутаттыкка оппозиция өкүлү катары шайланып алган соң, Т.Усубалиев кайрадан ААкаевге “жибип”, ал түгүл 1995-жылкы шайлоодо Акаевдин президенттикке талапкерлигин колдоп чыкты. Мунун сырын да иликтеп келишет).

Легендарлуу парламенттин депутаты, тоо кенчи окумуштуу, профессор Шергазы Мамбетов. 2014-жылдын 9-апрели.
Легендарлуу парламенттин депутаты, тоо кенчи окумуштуу, профессор Шергазы Мамбетов. 2014-жылдын 9-апрели.

Бир чети, А.Акаев эл аралык деңгээлде шойкомдуу иш алып барган чет элдик жемкорлор менен тыгыз байланышкан. Экинчи чети, ички оппозиция менен күрөшүп, дал ушул “алтын комиссиясынын” оозун жабуу үчүн бүтүндөй Жогорку Кеңешти 1994-жылы сентябрда жасалма шал кылып койгон.

Эгерде антпей турган болсо, анда Жогорку Кеңештин “алтын комиссиясы” ошол 1994-жылдын күзүндө жемкорлукка (алтын аткезчилигине) байланыштуу президент А.Акаевге каршы кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрүшү ыктымал болчу.
Ошентип, тээ 1995-жылдардагы окуяларга кайра кылчайсак, балким, Бейше Молдогазиев өзү туулуп-өскөн аймакта депутаттык орунду жөн гана жергиликтүү ишкер Эсентур Молдогазиевге алдырып жиберди, деп жеңил-желпи баалагандар аз эместир.

Иштин нагыз чоо-жайы мындай: Кыргызстандагы белдүү окумуштуу, тоо инженери, техника илимдеринин доктору, профессор Шергазы Мамбетов (“Алтын комиссиясынын” төрагасы), юрист, милиция кызматкери, кийин укук коргоочу катары таанымал Рамазан Дырылдаев (“Алтын комиссиясынын” төрагасынын орун басары), генерал-майор Бейше Молдогазиев, экономист Кубанычбек Идинов (Көзөмөлдөө палатасынын” төрагасы) жана ал кезде оппозицияда болгон Турдакун Усубалиев (1961–85-жылдардагы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы) сыяктуу тайманбас депутаттарды кайрадан парламентке жолотпоо үчүн А.Акаевдин режими 1995-жылы бар күчү менен далаалат жасаган. Чынында да бул саясатчылардын төртөө 1995-жылы жана андан кийин парламентке мүчө болушкан эмес (жогоруда айтылгандай, Т.Усубалиев “баррикаданын башка жагына” ооп кеткен).

Ошол 1995-жылы А.Акаев жеңгендей туюлган. Анын Кум-Төр жаатындагы “жеңиши” улам бекемделе бергенин кийинки тарыхый окуялар айгинеледи.

Маселен, 2003-жылдын 31-декабрында «Кыргызалтын» АК менен (К.Кудайбергенов кол койгон), «Камеко Корпорэйшн», «Камеко Голд Инк.» (Жералд У.Грэнд, О.Ким Гохин) жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын (Леонард А.Хоменюк, Жорж Р.Бернс) ортосундагы «Кум-Төр» долбоорунун баалуу кагаздарын ж.б. жаңы түзүмгө салуу (реструктуралаштыруу) тууралуу макулдашууга (Өкмөттүн 835-токтому) кол коюлган.

Бул макулдашуулар Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы токтомунун чечимдерине кайчы түзүлгөн, себеби парламентте Башкы макулдашуунун шарттары башынан эле кыргыз тараптын кызыкчылыктарына каршы экени эскертилген.

Жогорку Кеңештин сунушуна каршы түзүлгөн бул макулдашуудагы жаңы түзүмгө салуунун негизинде “Центерра Голд” компаниясындагы жалпы үлүштүн болгону 33 пайызы Кыргызстандын өкмөтүнө, калган 67 пайызы – “Камеко” компаниясына таандык болуп калган. Кыргызстан 100 пайыз кожоюндук кылып калышы күтүлгөн маалда ушундайча теңирден тетири макулдашуунун кабыл алынышы, албетте, кайсы бир төбөлдөрдүн кызыкчылыктарын да эске алуу менен түзүлгөн деп жоромол кылынат.

Ошентип, Кыргызстан Кум-Төрдөн иш жүзүндө айрылып калган, анын каймагынын гана айрым үлүштөрү пайда берген.

Бирок “кыңыр иш – кырк жылда билинет” дегендей, Кум-Төрдү тоноп келгендердин, аны өздөштүрүүгө байланыштуу ачылган биргелешкен компаниянын кайсы бир баалуу кагаздарына (акцияларына) ээ болгондордун ысымдары акыры такталышы мүмкүн.

Ал эми Бейше Молдогазиев жана башка үч депутат “Алтын комиссиясынын” ишине ак бойдон калган саясатчылар экендиги 1995-жылдан кийинки доордо айгинеленди.

Бейше Молдогазиев Эчки-Башы айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 2012-жылдын 4-октябры.
Бейше Молдогазиев Эчки-Башы айылында. Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 2012-жылдын 4-октябры.

Кийинки убакта депутат болбой калгандарына карабастан, Бейше агайдын жана анын үзөңгүлөштөрүнүн жүзү эл алдында жарык.

Дал ушул жагдай – тагдырдагы эң баалуу жетишкендик.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.
Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.

Улуттук банк криптовалюталарды жүгүртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ электрондук акчаны алып-сатуу процессин жөнгө салмакчы.

ал кабыл алынса виртуалдык валютаны сом менен сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана аны уюштурган операторлор лицензия менен иштөөгө өтөт. Бул жагдай Кыргызстанда биринчи жолу мыйзамдаштырылганы турат.

Жаңы мыйзамдын баяны

«Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору Улуттук банктын сайтына узаган жылдын 31-декабрында коюлду.

Биринчи мыйзам - кеп болуп жаткан электрондук акча боюнча жаңы документ, экинчиси Салык кодексине, Жарандык кодекске жана башка мыйзамдарга киргизилчү алымча-кошумчаларды камтыйт.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев мыйзам долбоорлору тууралуу жалпы маалымат берди:

Айбек Султаналиев.
Айбек Султаналиев.

«Мыйзам долбоору криптовалюталарды жүгүртүү боюнча, криптовалюталарды алмаштыруу жаатындагы кызмат көрсөтүү боюнча укуктук негизди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салууну өзгөртүү/киргизүү үчүн, ошондой эле Акча каражаттарынын изин жашырууга каршы күрөш боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөсүнө ылайык, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), капиталдын агылып чыгышы жагында кооптуу жагдайларды азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорлорду nbkr.kg сайтындагы «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүнө жайгаштырылган. Тараптар өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 10-февралына чейин жөнөтө алышат. Андан ары мыйзам өз жол-жобосу менен парламентке киргизилет».

​Электрондук акчаны пайдалануу жөнүндө талкуулар Кыргызстанда 2014-жылы башталган. Тагыраагы ал жылы Бишкектеги кафелердин бирине Эммануэле Коста аттуу италиялык финансист биткоин-банкоматты эксперимент катары орноткон.

Бишкектеги биткоин автоматы. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги биткоин автоматы. Архивдик сүрөт.

Ошол учурда Улуттук банк буга байланыштуу билдирүү таратып,элди криптовалютаны колдонуудан оолак болууга чакырган. Кийин да мекеменин жетекчилиги электрондук акчага инвестиция салуунун кооптуу жагдайлары тууралуу эскертип келген.

Бирок коомчулуктагы талкуу дээрлик беш-алты жылда башкы каржылык көзөмөл мекемесин криптовалюта тууралуу укуктук-ченемдик акты түзүүгө мажбур кылгандай.

Улуттук банк.
Улуттук банк.

«Мыйзам кабыл алынган күндө деле криптовалюталарга Улуттук банк кепилдик бербейт. Долларга же башка чет элдик валюталарга кепилдик бербегендей эле анын куну түшүп же көтөрүлүп кеткенине биз жоопкерчилик албайбыз. Бирок криптовалюталарды алмаштырган учурда кардарлардын укуктарын коргоо камсыз кылынат. Бул мыйзамдар ошон үчүн киргизилмекчи. Мыйзам ишке киргенден кийин криптовалюта кантип алмаштырылат, кантип акча которулат деген негиздер жазылган кошумча жобо жана инструкциялар иштелип чыгат. Буга чейин криптовалюталарды алмаштырган операторлор эч кайсы жерге катталбай эле иш алып барчу. Эгер мыйзамдар кабыл алынып, иштей баштаса алар Улуттук банкка катталат, лицензия алышат. Ансыз Кыргызстандын аймагында иштөөгө тыюу салынат. Мыйзамдуу ишмердүүлүк жүргүзгөн операторлор кайсы бир мөөнөт ичинде канча криптовалюта сатылды, канча киши алды, канча транзакция жасалды деген маалыматтарды Улуттук банкка тапшырып турушат. Биз аны талдап, көзөмөлдөр турабыз», - деди Улуттук банктын өкүлү Айбек Султаналиев.

Демек, жаңы мыйзамдарга ылайык, криптовалюталар рыногунун катышуучусу болуп үч тарап эсептелет. Алар криптовалюталарды түзгөн адамдар же майнингди (эмиссия) ишке ашырган адамдар, криптовалюталарды алмаштыруучу операторлор, криптовалюта алып-саткан же ага ээлик кылган жеке адамдар.

Жарандар кадимки улуттук валюта – сом менен криптовалюта сатып ала алышат. Бирок криптовалютаны төлөм каражаты катары пайдалана албай калат. Демек өлкө ичинде криптовалюта менен бир нерсе сатып алууга болбойт, кайсы бир кызмат үчүн акы катары колдонууга уруксат жок.

Арийне, криптовалютаны Кыргызстанда жайылтууну жактаган адистер жаңы мыйзамды кубаттап жатышат. Айрым бөлүктөрүн сынга алгандар да бар.

Бул жөнүндө дээрлик беш-алты жылдан бери маселе көтөрүп келе жаткан кыргызстандык программист Даниил Вартанов документти иштеп чыгууга өзү да сунуштарын берген.

Даниил Вартанов.
Даниил Вартанов.

«Мыйзам долбоору карама-каршы жагдайларга ээ. Бир жагынан – бул прогрессивдүү күчтөрдүн жеңиши, Кыргызстанда криптовалютаны алмаштырууну башка валюталар сыяктуу эле легалдаштырууга жетишип жатабыз. Экинчи жагынан – криптовалютаны төлөм каражаты катары легалдуу жүгүртүүгө түздөн-түз тыюу салынып жатат. Мындан да маанилүүсү - мыйзам тууралуу бүтүм чыгаруу азырынча эртелик кылат. Анткени ал толук кабыл алына элек, мурдараак мыйзамдар соңуна чыккыча салыштырмалуу терс жагына алымча-кошумчаланып кеткен калган учурлар болуп келген», - деди ал.

Маалым болгондой, криптовалюта же виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өнөктөшү Беларус 2017-жылы толук мыйзамдаштырган. Минск ал тургай криптобиржа да ачкан, виртуалдык валютаны өндүрүү да жолго коюлган. Орусияда болсо криптовалюта 2021-жылдын башынан тартып легалдашты. Бул багытта Кыргызстандын коңшуларында да жылыш бар.

Бишкекте жайгашкан Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариел Искаков буларга токтолду:

Гонконгдогу биткоин банкоматы.
Гонконгдогу биткоин банкоматы.

«Биздеги мыйзамды соңку бир-эки жылдан бери жазып жатышканын билебиз. Улуттук банк өзү демилгечи болуп чыккан. Ушул багытта иштеген ишкерлердин идеяларын угуп, сунуштарын кабыл алышкандай болгон. Ошол себептүү биз криптовалюта боюнча жаңы мыйзамды колдойбуз. Себеби, дүйнөдө криптовалютага байланыштуу даттануу көбүнчө финансылык махинацияларга жана акчаны адалдаштырууга байланыштуу болот. Буга криптовалютага ээлик кылган адамдардын идентификациясынын жоктугу себеп. Жаңы мыйзам иштей баштаса мына ушул нерсеге жакшы өбөлгө түзөт. Орусияныкы менен биздикинде айырма бар. Аларда бир топ чектөөлөр бар, биздики кирсе жеңилирээк болот. Өзбекстан менен Казакстан да бул боюнча мыйзамдарды кабыл алып, блокчейн борборлорун түзүп, кыйла алдыга кетишти. Түркмөнстан менен Тажикстан гана бизден да артта».

Криптовалюта деген эмне?

Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык коргонуу усулдарына негизделип пайда болгон санарип акча. Тагыраагы бул виртуалдык жүгүртүүдөгү акча бирдиги. Алгач анын 20-30дай гана түрү болсо, азыр 200дөн ашык экени айтылат. Эң популярдуусу – биткоин. Андан башка риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) деген түрлөрү да көбүрөөк таанымал.

Кийинки жылдары негизинен биткоиндин наркы көтөрүлгөнүн белгилүү. Бир биткоиндин наркы 2020-жылдын башында 7 миң доллардын тегерегинде болсо, 2021-жылдын башында ал 33-35 миң долларга чейин жетип, кайра түштү. Учурда анын наркы 28-30 миң доллардын тегерегинде бааланууда.

Рынокто ушинтип өсүп-ылдыйлап турганы үчүн бул киреше табууну көздөгөн жарандарга кадимки эле акция сыяктуу же алтын сыяктуу кызыгуу жаратат.

Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариел Искаков кайрадан кепке кошулду:

Биткоин.
Биткоин.

«Мисалга, сиз акчаңызды банкка депозитке салып, пайызы аз-аздан болсо да пайда тапсаңыз болот да, туурабы? Акчаңыз сакталып да турганы да артыкчылык. А бул криптовалютаны сатып алсаңыз да ошондой эле болот. Биткоин алып койсоңуз, каражатыңыз сакталып турат, кымбаттаса пайда табасыз. Маселе жок, арзандап кетиши да мүмкүн. Башкача айтканда бул инвестициялык каражат, сиз тобокелге салып иш алып барасыз. Акция сатып алсаңыз деле ал кымбаттап кетет же түшүп кетет, алтын да ошондой. Ушуларды сатып алгандай эле иш да. Бирок негизи баа өсүп турат деген болжол бар. Анткени эмиссия деген бар, маселен биткоин дүйнөдө 21 млн. гана даана чыгарылат. Азыр 4-5 млн. нуска эле калды, андан ары ал чыгарылбайт. Башкача айтканда дефицит болот. Ал эми өкмөттөр кадимки акчаны жыл сайын чыгара берет да, керек болсо долларды да чыгара беришет. Ал инфляцияга алып келет. Ал эми криптовалюта алтын сыяктуу түгөнүп калат, аны андан ары чыгарганга болбойт. Мунун башка артыкчылыгы - аны сиз каалаган өлкөгө которуп коё аласыз, ал жактагы шеригиңиз криптовалютаны алып, сатып жиберип, акчаны ала берет. Жөнөкөй акча которсоңуз ага комиссия алышат, муну болсо жөн эле которуп коёсуз, ушундай артыкчылыктары бар дегендей. Дүйнөдө муну менен кадимки ресторанда тамак үчүн төлөөгө же буюм сатып алууга да мүмкүнчүлүк ачылган. Жалпы криптовалюта деп аталат, биткоин, риппл, эфириум, лайткоин дегендер анын түрү. Бардыгы эле акча, бирок доллар, евро, юань, рубль, теңге же сом деген түрлөргө бөлүнөт да, бул да ошол сыяктуу».

Ыңгайына жараша биткоинди кадимки накталай акча менен алмашуучу жайлардан же Интернеттеги атайын компаниялардан сатып алгандар бар. Сатып алынган биткоиндер компьютердеги же чөнтөк телефондогу виртуалдуу капчыкта сакталат. Ар бир биткоин кимден кимге которулуп жатканы дүйнөдөгү компьютерлердин түйүнүндө же «блокчейнде» сакталып турат. Андыктан дүйнөлүк Интернет желеси сыяктуу эле бир компьютерди өчүрүү менен биткоинди жок кылуу мүмкүн эмес.

Бул тармактагы адис Даниил Вартановдун түшүндүрмөсү мындай:

Риппл (Ripple) криптовалютасынын эни.
Риппл (Ripple) криптовалютасынын эни.

«Криптовалюта – бул борбордук банкка ээ болбогон бүткүл дүйнөлүк валюта, криптовалюта үчүн эч ким «басма станогун» иштетпейт жана эл аралык которууга чектөө коё албайт. Ушуга окшогон (Интернет, криптовалюта) бардык ойлоп табуулар – бул дайыма Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдүн пайдасына мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүү. Интернет бизге Кыргызстандан чыкпай туруп дүйнөнүн бардык жеринде окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзсө, криптовалюта бардык кыргыз жарандарына арзан эл аралык акча которууга, насыяларга жана финансылык институттардын бардык түрлөрүн колдонууга шарт түзөт. Соңку мүмкүнчүлүккө мурда дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жашоочулары – «алтын миллиард» гана ээ болчу».

Албетте, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда деле көзгө көрүнбөгөн жана колго кармалган Интернеттеги акчадан кооптонгондор көп. Ал тургай адистер арасында да криптовалютанын жүгүртүлүшүн сынга алгандар бар. Айрымдар аны «финансылык пирамидалар» менен салыштырып, кээлери виртуалдык акчаны «экономикалык көбүк» («экономический пузырь») деп атаган. Вартанов бул жүйөлөргө боюнча да оюн айтты:

«Мунун бирөө толугу менен туура, экинчиси таптакыр туура эмес. Криптовалюта финансылык пирамидаларга таптакыр тиешеси жок. Финансылык пирамидалардын башкаруучу борбору бар (кайсы бир Мавроди), ал эми криптовалюталар – бул таптакыр башкарылбаган көрүнүш. Бул экөөнү сабатсыздыктан улам окшоштуруп алышкан, балким бул да тигил да капыстан баюуга жана капыстан банкрот болууга алып келгени үчүн болсо керек, бирок алардын себептери ар башка. Ал эми «көбүк» - бул туура сөз жана ага олуттуу караш керек. Биткоинди алмаштыруу курсунда бир нече жылда бир «көбүк» үйлөнүп турат. Бул криптовалютанын өзүнүн табияты тууралуу эч нерсе айтпайт, себеби «финансылык көбүктөр» тюлпандарда да, интернет-стартаптарда да болуп турат. Мындай балээге адамдардын акылын ачкөздүк басып, иши чектен чыгып кеткен учурда ар бир көрүнүш же ар бир предмет кабылышы мүмкүн. Азыр маселен биткоинди алмаштыруу курсунда кайсы бир деңгээлде «көбүк» пайда болду десек болот. Бул эмоцияларга таптакыр алдырбаш керек жана долларларды биткоиндерге алмаштырууга шашпаш керек деген сөз. Эгер «көбүк» сиздин криптовалюталарга кызыгууңузду жаратса – бул жакшы, бир аз тыным алыңыз, криптовалюталар кандай иштей турганын изилдеңиз. «Көбүк» бүткөндөн кийин (адатта алар бир нече айга созулат), шашпай, тынч абалда биринчи биткоиндериңизди сатып алыңыз. Ага чейин чарпылбай туруңуз».

Кыргызстандагы криптовалюта жана майнинг

Учурда Кыргызстанда криптовалютаны колдонгон канча киши бар экени так эмес. Аталган тармакта иш жүргүзгөн фирмалардын саны да белгисиз. Жогоруда түшүнүктүү болгондой буга, бул рыноктун көзөмөлгө алынбаганы жана маалыматтарды тактоого тиешелүү мыйзамдын жоктугу себеп болуп келген.

Бирок ошентсе да криптовалютаны алмаштыруучу жайлар ушу күнгө чейин иштеп келишет. Маселен, алардын бири bit.kg сайты. Мында кеминде он криптовалютанын курсу көрсөтүлгөн.

Bit.kg сайтындагы криптовалюталардын курсу.
Bit.kg сайтындагы криптовалюталардын курсу.

«Азаттык» бул сайтты иштетип жаткандар менен байланышкан учурда алар өздөрүн ачык атоодон баш тартышты. Ошентсе да сайттын өкүлү анонимдүү түрдө буларды айтып берди:

«Биз адамдардан криптовалютаны сатып алабыз же кайра аларга сатабыз. Ортодогу пайыздан пайда табабыз. Кадимки эле акча алмаштыруучу жай катары иштейбиз. Бизге телефон аркылуу байланышат, анан шаарда бир жерден жолугабыз да, сатып алабыз же сатабыз. Биздин өзүбүздө капчык жок, алып-сатууну ар кайсы биржаларда катталган капчыктар аркылуу жүргүзөбүз. Карасаңар, криптовалюта кымбаттап жатпайбы. Адамдар ошондон пайда тапкысы келет же жөн эле жаңы бир нерсе кылып көргүсү келет».

Бишкек жана Ош шаарларында айрым жерлеринде казиного же автоматтык оюндарды уюштурган жайга окшогон имараттарды байкап калсаңыз керек. Аларда да ушул криптовалюталар сатылары маалымдалат.

Маселен, борбор шаардын Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Ringotrade.kg финансылык брокерине баш багууга аракет кылып көрдүк. Имараттын сыртында биткоин (Bitcoin), Опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) криптовалюталары жазылып турат. Мында криптомат да бар экени көрсөтүлгөн.

Ringotrade.kg финансылык брокери. Бишкек, Кыргызстан.
Ringotrade.kg финансылык брокери. Бишкек, Кыргызстан.

Аталган жайга киргенибизде, имараттын ичинде бир нече мониторлор турганын көрдүк. Андагы кызматкерлерге журналист экенибизди айтып, маалымат сураганыбызда, сакчы бизди сыртка чыгарып салды. Бирок кийин бул жайдын адиси анонимдүү шарт менен кыскача мындай маалымат берди:

«Криптобиржалар өтө көп, алардын жүздөгөн түрлөрү бар. Ошол эле убакта брокерлер бар. Брокер деген бул ортомчу. Башкача айтканда биржалардан криптовалюта алгандар бизге келип, биздин жардамыбыз аркылуу сатып алып турушат. Биз болгону аларга өз аянтчабыз аркылуу эл аралык рынокто алды-сатты жүргүзүшүнө шарт түзүп беребиз. Мониторлорубузда турган баалар - так ошол биржалардагы баалар. Биздин фирма Европа өлкөлөрүндө катталган, бирок Кыргызстанда деле мыйзамдуу иш жүргүзөбүз».

Дагы бир көрүнүш. Коммуналдык кызматтарды, Интернет же башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырган кадимки терминалдарда да криптовалюта сатып алуу үчүн көзөнөкчөлөр байкалат.

Бишкектеги терминалдардын бириндеги криптовалюта сатып алуу көзөнөкчөсү.
Бишкектеги терминалдардын бириндеги криптовалюта сатып алуу көзөнөкчөсү.

Бирок сыягы кыргызстандык жарандар электрондук акчаны негизинен эл аралык биржалардан сатып алып келишет. Анын ичинде Binance, BitMEX, Poloni DEX, dYdX, Exmo, LiveCoin, WavesDEX, Uniswap, Atomex, Nash, ByBit, OKEx, Deribit, Kraken, Bitfinex, Cryptonit сыяктуу биржаларда өз алдынча криптокапчык ачып, биткоин же башка валюталарды алып-сатышат.

Ошол себептүү тиешелүү мыйзам кабыл алган учурда мына ушундагы агымды көзөмөлдөө мүмкүн эместей.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев:

«Эл аралык криптобиржалар башка өлкөлөрдө иштешет да. Ага жарандар түз кирип, өзүнчө аккаунт, капчык ачып, алып-сатуу жүргүзөт. Биз мыйзам кабыл алсак деле алар бизге маалымат бербейт. Аларды өздөрү иштеген өлкөлөр көзөмөлдөйт. Азырынча ага биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок биз жогоруда айтылгандай, бизде катталган алмаштыруучу операторлордон маалымат алып турабыз. Бирок белгилеп койчу жагдай, эл аралык биржаларды хакерлер бузуп кирип, криптовалюталарын уурдап кеткен учурлар болуп жатат. Ошондуктан эгер жарандар жергиликтүү операторлордон криптовалюта сатып алууга өтсө, мында кайсы деңгээлде кепилдик түзүлөт», - деди.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык, математикалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн алар электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда майнинг-фермалар кайсы жылдан тартып иштей баштаганы так эмес. Айрым компаниялар 2014-жылы ачылганы айтылат. Мамлекеттик органдар алгач алардын иштешине маани бербей келсе, кийин алар электр энергиясын өтө көп колдоно баштаганы кабарлангандан кийин күрөш башталган.

Маселен, мурдагы жылы эле Финансы полициясы бир канча кичирайонго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталганын кабарлаган. Финполиция бул компаниянын электр энергиясын пайдалануусу нормадан ашканын, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгилеген. Былтыр болсо эки фирма аныкталган.

Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма.
Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма.

Кийин, Улуттук энергохолдинг компаниясы 45 даана майнинг компания 136 – 138 мВт көлөмүндөгү (1 млн. кВт) электр энергияны пайдаланып жатканын кабарлап, алар менен келишимди үзгөн. Натыйжада компаниялар дээрлик жабылып калган.

Ага карабай Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылдын башында электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-фермаларга салык киргизүү боюнча демилгеси көтөрүп, былтыркы жылдын 1-августунан тартып атайын салык иштей баштаган. Ага ылайык, майнерлер иштеткен электрдин наркынын 15% салык катары бюджетке төгүшү керек эле. Мындан бюджет жылына 350 миллион сомдой пайда таап турары көрсөтүлгөн.

Бирок биринчиден майнинг компаниялардын өзүнүн иштешин камсыз кылган мыйзамдар али кабыл алына элек. Экинчиден, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү учурда өтө аз болуп, ток калктын өзүнө жетпей жатат. Ушундай шартта майнерлердин иштеши азырынча мүмкүн эмес.

«Улуттук энергохолдингдин» басма сөз катчысы Азамат Курамаев «Азаттыкка» мындай маалымат берди:

«Юридикалык жактан маселе болуп жатат. Мыйзамдарда криптовалютаны өндүрүү, майнинг деген нерселер көрсөтүлгөн эмес. Салык кодексине өзгөртүү киргизилди, тийиштүү тариф бекитилген, бирок майнинг-фермалардын өзүнө уруксат берилген эмес. Бизде электрди пайдалануу эрежелери бар, анда техникалык шарттарды алганда эмне максатта колдоноруңузду көрсөтүшүңүз керек. Анан ал максаттан тышкары колдонсоңуз, бизге электр энергиясын үзүп салууга мыйзам уруксат берет. Буга чейинки компаниялар ар кайсы багыттагы ишканалардын ичине кирип алып эле иштеп келишкен да, текшерип келгенде уруксаты жок болуп чыккан. Мына ошондон улам алар азыр иштебейт».

Биткоин алуучу жабдык.
Биткоин алуучу жабдык.

Арийне, «Токтогулдагы» суунун көлөмү 2020-жылы жайда болгону 14-15 млрд. куб метрди түзгөн. «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарлангандай, ушул күндөрү бул көрсөткүч 12 млрд. куб метрге жетпей калып жатат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйылкы күз-кыш айларында Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Ошондой эле өкмөт элге кайрылып, электр энергиясын жылуулук үчүн эмес, жарык үчүн гана пайдаланууга чакырган.

Бул жагдайда криптовалюта чыгаруу үчүн майнинг компаниялардын иштешине уруксат берүү реалдуу эместей. Энергетика тармагы боюнча эксперт Наргиза Касымова мындай дейт:

«Энергетикалык кырдаал чынында өтө оор. Анткени суу аз, электр энергиясы тартыш, жарык үч-төрт күн жок болуп жаткандыктан айрым конуштардын жашоочулары жол тосуп, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышат. Бул жагдайга бийликтер, энергосектордун жетекчилери да даяр болуш керек эле. Бардык маалыматтары колдорунда. «Лимиттен чыгып кетип жатат» деп жатат, бул тармактын жетекчилери кимдер ашыкча пайдаланып жатканын тактап алыш керек. Анткени былтыркы жылдын ортолорунда майнинг-ферма сыяктуу керектөөчүлөр пайда болуп калган. Майнинг-фермалар өтө чоң көлөмдөгү электр энергиясын колдонушат. Алар калк эмес жана алар колдонгон электр энергиясы баланска киргизилген эмес. Азыр байкалып жаткан дисбаланс ошол майнинг-фермалар менен тиешеси барбы-жокпу деген жагдайды иликтеш керек. Себеби кээ бир компаниялар 77 тыйын төлөгөн калкка бербей, 2 сом 90 тыйындан төлөгөн майнинг-фермаларга электр энергиясын берип келиши мүмкүн. Кризистин себебин ушундан издеш керек».

Интернеттеги ачык маалыматтарга ылайык, майнинг өндүрүүдө Кытай мамлекети лидер болуп саналат жана биткоин чыгаруунун 70% ушул өлкөгө туура келет. Суук климаты жана арзан электр энергиясы менен белгилүү Исландияда ири майнинг фермалары иш алып барат. Грузия менен Орусияда да биткоин өндүрүүчү чоң компаниялар жайгашкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG