Эрмек Муканбетов туристтерге Нарын шаарын кол эмгеги аркылуу тааныткысы келет. Учурда анын колунан жаралган сувенирлер чакан дүкөндө сатылып жатат. Келечекте ал устаканасын чоңойтуп, өзгөчө боз үй жасоо кыялы менен жүрөт.
Экономика
шаршемби 30 Октябрь 2019
Кыргызстандын пахта эгилген аймактарында ушу тапта пахта терими жүрүп жатат. Адистер быйыл 80 миң тонна пахта алынат жана анын баасы килограммына 40-45 сом болушу мүмкүн деп болжоп жатышат. Бирок бул кеткен чыгымды актаган жери жок. Дыйкандар болсо баа 50 сомго чыкканда гана өзүн акташы мүмкүн деп эсептешет.