Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Сот Райымбек Матраимовду 2 айга камады


Райымбек Матраимовду кармоо учуру (Архивдик сүрөт)
Райымбек Матраимовду кармоо учуру (Архивдик сүрөт)

20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду эки айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды.

Сот жараяны жабык өттү. Матраимовдун тарапкерлери аны бошотууну талап кылып турушту.

Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова мындай бүтүм менен макул эместигин айтып, жакынкы 5 күндүн ичинде жогорку инстанцияга бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап кайрылыша турганын билдирди.

Ал журналисттерге Райымбек Матраимов өзүнө тагылган айыптарды моюнуна албай турганын айтты. Адвокат тандалган бөгөт чарасын саясий чечим деп баалады:

«Биз беш күндүн ичинде бөгөт чарасы боюнча чыккан соттун бул чечимине даттанабыз. Анткени биз муну саясий чечим деген ишенимдебиз. Бул болгону иликтөө учурундаадамдын каякта боло турганы боюнча бөгөт чарасын тандоо үчүн гана келтирилген өтүнүч. Азырынча аны УКМКнын тергөө абагында эки айга кармоону аныкташты. Бөгөт чарасын кароо учурунда каралган берененин 10 жылга чейин камоо санкциясы бар экени жүйө келтирилди. Демек, бул жерде коюлуп жаткан беренедеги кылмыштын оордугу гана эске алынды. Эми тергөө учурунда далилдер изилденип чыгып, анын бул кылмышка катышы бар экени же тиешеси жоктугу боюнча чечим кабыл алынат».

Матраимовдун адвокаты: Сот бүтүмүнө макул эмеспиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экинчи ирет кармалып, эки айга камалышынын себебин минтип чечмеледи:

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

«Матраимов маселесине байланыштуу мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго сокку урулгандай эле, азыркы учурда коомдук пикирде Матраимов аркылуу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлигине зыян келе баштаганы айкын болуп калды. Ошондуктан алар бул нерсени нейтралдаштыруу үчүн Райымбек Матраимовду камакка алууга барышты. Бирок бажы тармагында коррупциялык механизмдер кантип жүргүзүлгөнү, кандай чийимдер иштеп келгени азырынча айтыла элек. Азыр мына ошол чийимдерди иштеткен адам гана кармалды. Биз бул жерде ошол чийимдер аныкталганда гана натыйжа болду десек болот».

Райымбек Матраимовдун экинчи иши

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып 18-февралда кайра кармалган.

Бул ага каршы козголуп коомчулукка белгилүү болгон экинчи кылмыш иши. Буга чейин Бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, айып пул менен кутулган.

Райымбек Матраимовдун тарапташтары мурдагы бажычынын кармалышын сындап, 19-февралда Бишкекте жана Кара-Суу районунда нааразылык акциясына чыгышкан.

Райымбек Матраимовго чыккан сот өкүмү коомчулуктун катуу сынына кабылган тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго козголгон дагы бир иш боюнча куш тилиндей кагазга батчу маалымат таратты.

Ага ылайык мурдагы бажычы кылмыштуу кирешелерин легалдаштырган (адалдоо) деп шек саналып 18-февралда кармалды. Атайын кызмат ишти иликтөөнүн жүрүшү тууралуу дагы маалымат берилет деп кабарлады.

Райымбек Матраимов кайсы кылмыштуу кирешелерди адалдаган, ага кимдер катышкан жана ал кандай жолдор менен ишке ашканы тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

Саясат талдоочу Нурсултан Акылбектин пикиринде мурдагы бажычынын иши ырааттуу иликтенбей жатат.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

«Матраимовдун иши жакшы тергелбей башаламан болуп жатат. Саясий ишке айланып кетти. Коомчулук нааразы болсо камайт, унчукпай калса коё берет. Мисалы, Матраимов биринчи жолу кармалганда ошол эле күнү ал бюджетке келтирген зыянды 2 млрд. сом деп аныктап коюшкан. Бул иш боюнча соттун чечими чыкканына бир жума боло электе акчаны адалдоо боюнча дагы бир ишти алып чыгышты. Бир жума ичинде бул ишти кантип тергеп бүтүштү? Мүмкүн эмес да. Жазык кодексинде туруктуу коррупциялык схема түзүү, мыйзамсыз баюу боюнча беренелер бар. Матраимовго ушул жана башка беренелер менен төрт-беш кылмыш ишин козгосо болот».

Матраимовго козголгон коррупция жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тууралуу кылмыш иштери белгилүү болду. Мындан башка да айыптар коюлганы же коюлбаганы жөнүндө расмий маалымат жок.

Былтыр спикер Талант Маматов Кыргызстандан миллиондогон доллар акчаны чыгарып кетүүгө аралашкан Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Матраимовго алты кылмыш иши козголгонун ашкере кылган.

Бирок кайсы беренелер менен ачылганын тактаган эмес. Мамытов сөз болуп жаткан комиссияны өзү жетектеген.

Жарандык активист Азият Жекшеев Кыргызстанда резонанс жаратып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган иш тууралуу расмий органдар элге ачык маалымат берип турушу керектигин айтууда.

«Райымбек Матраимов Кыргызстанда коррупциянын символуна айланып калган киши катары ага байланыштуу тергөө иштеринин баары тең ачык, жеткиликтүү болушу керек. Тилекке каршы буга чейин ал боюнча соттук иштер менен тергөө жабык болуп, бүдөмүк ойлорду жаратты. Азыр болуп жаткан аракеттер жөн эле элди соороткондой сезилүүдө. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Ушунун алдында дарамети түшүп бараткан бийлик «коррупция менен күрөшүп жатабыз» дегендей түр көрсөткүсү келип жатат. Матраимов шайлоо бүткөндөн кийин эркиндикке чыгып кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт. Мындай саясий оюндарды буга чейин деле көрүп келгенбиз».

Акчаны адалдоо демекчи, Финансы полициясы 2011-2017-жылдар аралыгында Кытайдын жарандары Айеркен Саймаити, анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу Кыргызстандан Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылганын ырастаган.

Акчаны тышка чыгарып кетүүдө салык төлөнбөй, бюджет 6 миллиард сомдон куржалак калган.

Которулган акчанын кеминде 50 миллион долларына Дубайдан жер тилкеси алынган. Андан тышкары АКШга, Түркияга, Британияга үй алуу максатында акча которулуп турган.

Акча ташууга адистешкендердин бири 2019-жылы Стамбулда атып өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити болгон. Ал көзү тирүүсүндө акчаны адалдоонун ыкмалары, ага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси тууралуу документтерди журналисттерге берген.

Райымбек Матраимовго экинчи кылмыш иши козголгондон кийин анын тарапташтары Бишкекте жана мурдагы аткаминердин кичи мекени Кара-Суу районунда нааразылык акциясына чыгышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулгандар Матраимовду бошотууну талап кылышты. Алардын бири - былтыр парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан парламент депутаты Таабалды Тиллаев:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Мамлекетке 2 млрд. сомдон ашык акчаны төктүрүп бир жумага жетпей кайра кармап соттойбуз дегени акылга сыйбайт. Тергөөчүлөр ишти тергеди, УКМК кармап, соттор коюлган күнөөнү айтты. Өкмөт кандай талап койсо ал киши (ред: Райымбек Матраимов) ошол акчаны төлөп берди. Бир жумадан кийин кайра алып келип кылмышты моюнуна иле берген туура эмес. Ошондуктан жаңы келген бийликтен суранабыз. «Элдин баарын түрмөгө киргизбейли. Мамлекеттин акчасы менен бакпайлы» деген сөзүңөр бар», - деди Тиллаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Ушул эле иш менен Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да коррупция боюнча коюлган күнөөнү моюнуна алып, райондук сот 260 миң сом айып пул салган. Буга чейин экөө бюджетке 20 млн. сомду кайтарган.

Райымбек Матраимовдун тарапташы, 2020-жылы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон Шайлообек Атазов Бишкектеги митингде буларды айтты:

«Биз да элдин уулубуз. Эл-жер деген уул-кыздарданбыз. 50-100 адам чыкса эле ошонун негизинде чечим кабыл алуу туура эмес. Райымбек Матраимовду эмне үчүн камап атышат? Кандай далилдер менен? Анын кандай күнөөсү бар экенин эл-журтка айтышсын».

Матраимовдун жактоочулары митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эгерде Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Матраимов түзгөн схема аркылуу алар Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турушканын айткан.

Президент Садыр Жапаров 13-февралда «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда Матраимовдун маселеси соттогу биринчи иштин чечими менен эле бүтүп калбастыгын билдирген болчу.

Ал тапта Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги Райымбек Матраимовдун Кыргызстанда кармалашын кубаттады. Бул тууралуу 19-февралда элчиликтин «Твиттердеги» ырасмий баракчасына кыска билдирүү жарыяланды.

«АКШ Райымбек Матраимовдун коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен тергелип, камакка алынышын колдойт. Биз Кыргызстандын күч органдары менен биргеликте уурдалган кыргыз мүлкү аныкталса, аны кыргыз элине кайтарып берүү үчүн иш алып барууга курсантпыз», – деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG