Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Экономика

Өзбекстанда пахта теримге адамдар мажбурлап чыгарылат.
Өзбекстанда пахта теримге адамдар мажбурлап чыгарылат.

Эл аралык базарда пахтанын баасы рекорддук деңгээлге чыкканы менен Өзбекстанда ак алтындын кара жумушун кылгандар баа көтөрүлгөндүгүнүн пайдасын деле көрбөйт.

Жиззактын тургуну Мамуржон Азимовдун үй-бүлөсү көптөгөн жылдардан бери пахта өстүрүп келген. Бирок карыздан башы чыкпай койгон соң мамлекеттен ижарага алган жерин ал былтыр кайтарып берди. Азимов “Азаттык” радиосунун Өзбек кызматы менен маегинде белгилегендей, Өзбекстандын феодалдык тартип өкүм сүргөн айыл чарба системасы президент Ислам Каримовго байланышы бар саясий элитанын үркөрдөй тобун гана байытууда. Ал система боюнча дыйкандар кул катары иштейт, жакшы дегенде тапкан-ташыганын карыздарына төлөп берүү менен отуруп калат:

- Пахтанын баасы ар бир жылдын башталышында мамлекет тарабынан аныкталат. Пахта терим үчүн төлөнүүчү акча да өнөктүк башталар алдында белгиленет. Болгону ушул. Эл аралык базарда эмне болуп жатканынын дыйкандар үчүн тиешеси жок. Дыйканга ашыкча эч ким эч нерсени төлөп бербейт. Эгер эл аралык базарда баа көтөрүлсө, анын пайдасын бийликтегилер эле көрүүдө.

Пахта баасы эл аралык базарда бул аптада да кымбаттап, биржанын тили менен айтканда бир фунту же 453 граммы 1 доллар 20 центтен ашты. Бул -акыркы 140 жылдагы эң жогорку баа. Өзбекстанда калыптанган системага ылайык, терилген пахтаны дыйкандар өз аймагындагы пахта тазалоочу ишканага өткөрүшү керек.

Бир эле кезекте пахтаны чогултуучу жана тазалоочу андай жайлардын саны өлкө боюнча 120дан ашуун. Алардын баары “Узхлопкопром” деген компанияга карайт. Башкача айтканда дыйкандар пахтасын өкмөт белгилеген баада мына ушул компанияга гана сатууга милдеттүү. Расмий түрдө ал компания дыйкандарга төлөгөн акча дүйнөлүк базардагы баанын үчтөн бир бөлүгү деп эсептелинет. Бирок чынында дыйкандардын колуна анын ондон бир бөлүгү эле тийиши мүмкүн. Анткени кабыл алууда пахтанын сорту төмөндөтүлүп коюлат.

Калк иштеди, бир уучу байыды

“Узхлопкопромдун” 51% акциясына өзбек өкмөтү ээлик кылат. Бул монополист ишкананын калган 49 пайызы кимге таандык экендиги эч убакта ачык айтылган эмес. Бирок журналисттер менен адам укугун коргоочулар жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда, жеке менчиктеги акцияларды президент Каримовдун саясий санаалаштары менен алардын тууган-уругу көзөмөлдөйт.

Жулиет Уильямс - Табияттагы адилеттүүлүк корунун директору. Британиядагы бул бейөкмөт уюм Өзбекстандын пахта өндүрүшүнүн экологияга тийгизген зыянына, балдар эмгеги эксплуатацияланышына мониторинг жүргүзүп келүүдө:

- Маселе Өзбекстандын экономикасы совет доорундагыдай командалык стилде иштегендигинде. Пахта өкмөт үчүн стратегиялык мааниси бар товар. Аны сатуудан жылына 1 миллиард доллардай акча түшөт. Дыйкандарда башка нерсе өндүргүдөй тандоо жок болгондуктан, алар президент Каримовдун бир ууч элитасы пайда көргөн экономиканын бир бөлүгү. Мындай көмүскө соодада жогору жактагылардын кимиси болбосун киреше көрүүсүнө мүмкүндүк бар.

Ал кошумчалагандай, эл аралык базарда баанын көтөрүлүүсү президент Ислам Каримовдун режими Өзбекстандын эл үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүсүнө жардам берүүдө. Андан улам пахта барондорунун кубаты артып, дыйкандар болсо алардын капканында калуусун кепилдөөдө. Бул системаны Жулиет Уильямс “посткоммунисттик номенклатура феодализми” деп мүнөздөйт:

- Дыйкан урукту жерге сепкенден тарта мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Эмнени качан, кантип, канча көлөмдө өстүрүш керектиги боюнча буйрук алат. Күйүүчү май, трактор, жер семирткич үчүн мамлекетке белгилүү бир сумманы төлөйт. Түшүм жыйноого келгенде дыйканда аны кимге саткыдай тандоо жок. Базарга алып чыга албайт, четтен келгендерге же башка соодагерлерге сата албайт. Баары мамлекеттик мекемелер аркылуу өтө жашыруун ишке ашырылат.

Мамлекеттик “Узхлопкопром” компаниясы пахтанын баарын дыйкандардан жыйнагандан кийин четке чыгарууга келгенде анын 70 пайызын мамлекет көзөмөлдөгөн башка үч фирмага берет. Ал экспорттук фирмаларда менчик укугу кандай бөлүштүрүлгөнү, алардын башкарган адамдардын аты-жөнү да жашыруун.

Бардыгын талаага айдаган экономика

Анткен менен пахта саткан фирмаларга жалпы көзөмөлдү Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция жана соода министри Элёр Ганиев жүргүзөрү белгилүү. Бул вазийпаны мурда азыркы каржы министри жана премьер-министрдин орун басары Рустам Азимов аткаргандыктан, учурунда ал да пахта соодасынан эбегейсиз байлык топтогон деп болжолдонот. Ал эми пахта терим үчүн жалпы жоопкерчилик президент тарабынан дайындалуучу 13 губернаторго жүктөлгөн.

Ислам Каримов
Адам укугун коргоочулар ырастап келе жаткандай, пахта боюнча өкмөт белгиленген план аткарылмайынча Ташкенттеги өкмөт талаадагы укук бузууларга көз жумуп койо берет. Планды аткаруу үчүн болсо миллиондогон өзбекстандыктар, алардын ичинде жүз миңдеген жаш балдар, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, атүгүл майыптар да пахта талааларына чыгууга мажбур. Өзбек өкмөтү муну пахта тагдыр чечер товар экендиги менен түшүндүрөт.

Ак алтын Өзбекстандын экспорттон тапкан кирешесинин 60 пайызын бергени менен бул эксплуататордук системаны башкарып жаткандар түшкөн акчаны тармактын келечеги үчүн зарыл инфраструктурага инвестициялаганы байкалбайт.

Пахтаны Өзбекстандын өзүндө иштетип, жок дегенде кездеме чыгаруучу, жаңы жумушчу орундар жараткан ишканалар деле дээрлик жокко эсе. Премьер-министр Шавкат Мирзоев жакында өкмөттүн пахта кирешесинин бир бөлүгүн жаңы текстиль заводдорун ачууга багыттоо планы бар экенин жарыялады. Бирок өкмөттүн сынчылары мындай кадамдын натыйжасында кайра эле сыртынан мамлекеттик деп эсептелген, бирок иш жүзүндө жогорку бийликтегилер менен алардын жакындарын жашыруун байыткан ишканалар жаралышы мүмкүн деп эсептешет.
Кыргызстанда жыл сайын той-топур, аш-тойлорго 40 миллиард сомдон ашык каражат сарпталаары буга чейин айтылган.
Кыргызстанда жыл сайын той-топур, аш-тойлорго 40 миллиард сомдон ашык каражат сарпталаары буга чейин айтылган.

Баткенде азыр күн сайын 30-40 үйдө той, элдин баары тойлоп жүрөт десе да болот. Жалпысынан облус боюнча жыл ичинде 4 миңге жакын үйлөнүү той болуп, ага кеткен чыгым 1,5 млрд. сомду чапчыган.

Мындан тышкары үйлөнүү тоюнан ашса ашык, асти кем каражат талап кылбаган сүннөт той, ар кандай мааракелер, маркумду узатуу каадасы сыяктуулар дагы бар.

Тойлор болсун, бирок...

Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Улан бир жарым жыл бою Орусияда иштеп таап келген 5 миң АКШ долларына барабар каражатын тойго сарптады.

Башкача айтканда ал үйлөнүп, бөтөн жерде кыйналып тапкан акчасынын көпчүлүгү үлпөт чыгымдарына кетти.

Ал бир жарым жыл мээнеттенип тапкан акчасы минтип чачылганына өкүнгөнү менен той каадасын жасабаса болбостугун, элге сиңип калган салттан чыга албастыгын айтат. Бирок да эл-журт кеңешип, каада-салт эрежелерин азыркы катаал шартка ылайыктап өзгөртүп, чыгымдарды азайтса балким өзүнө окшогондор кыйналып тапкан каражатын башка пайдалуу иштерге жумшамак деген ойдо.
Үйлөнүү той кандай сонун...

- Орусияда бир жарым жылдай жүрүп, 5 мин доллардай каражат алып келдим. Аны үйлөнүү тойго сарптадык. Айла жок, элден чыга албайсын.

Улан өзү теңдүү жердештеринин көпчүлүгү Орусияда иштеп жүргөнүн, алардын тапкан каражатынын көпчүлүгү бул жакта ушинтип той-аштарды өткөрүүгө сарпталып жатканын да жашырбады.

Ал эми келинчегин кошо алып, кайра эле Орусияга иш издеп кетээрин айтат.

- Эми эмне кылмакмын? Дагы жыйырма күндөй турам да келинчегимди алып кайра кетебиз. Чогуу тапкан каражатыбызды эми башка нерселерге, үй салууга чыгымдасакпы деп турабыз.

Баткендик Данияр аксакал да жакында уулун үйлөп, келин алды.

Ал куда тарапка берген калың, мал жандыктарынан тышкары тойго эле 150 миң сомдой чыгымдалганын айтып, канткен менен мындай бир күндүк маараке үчүн кетип жаткан чыгымдарды күч менен кыскарата албайбыз деп эсептейт:

- Чыгым көп албетте. Айрыкча кирешеси аз Баткен жергеси үчүн көптүк кылат. Бирок башка аймактарда тойго 1 млн. сомго чейин сарптагандар бар деп угабыз. Муну эми күч менен кыскартууга болбойт. Анктени жергиликтүү деңгээлде ашыкча шаани менен той өткөргөндөргө 3-5 миң сомго чейин айып акча да салып көрүштү. Аны төлөп коюп, тоюн өткөрүп жаткандар да бар.


Бир жылда тапканды бир күндө чачып...

Адистер облуста үйлөнүү тойлоруна эле бир жылда бир жарым миллиард сомдой каражат кетээрин айтууда. Минтип бемаани сарпталып жаткан каражат эсебин облустук бийликтин экономиканы өнүктүрүү бөлүмү эсептеп чыкты.

Бул каражаттын көбү Орусиядагы мигранттардын тапкан акчасы.

Аталган бөлүмдүн башчысы Салижан Хамрабаев Орусиядагы мигрант балдардын тыным албай кыйналып иштеп таап келген каражатын ушинтип куру намыс деп эле чача берүү акылга сыйбастыгын айтат:
Мигранттардын айлап тапканы бир күндүк тойго чачылат.

- Куру намыска алдырып жатышат. Мен эмне үчүн 20 автоунаа ЗАГСка чыгарбайт экем деп. Баары куру намыс. Мисалга айтайын былтыр облуста 3811 нике тойлору болсо, ар бир тойду өткөрүүгө орточо эсеп менен 3 миң доллардан кеткенин эсептесек эле 1млрд. 28 млн. сом акча кетти. Мындан тышкары дагы башка тойлор бар. Россиядан болсо былтыр 2 млрд. 700 млн. сом акча келген. Эми балдарыбыз канчалык кыйналып тапкан каражатын бир күн ичтик, чачтык. Кимге пайда, кимге зыян?

Облустун башкы экономисти Салижан Хамрабаев эгер өлкө боюнча той-аштарга сапырылып жаткан акчаны эсептегенде бул сумма мамлекет казынасындагы жетпей жаткан акчага жакындап калаарын да кошумчалады:

- 12 млрд. сом өлкө боюнча аш-тойлорго кетип жатат. Ал эми бюджетибиздин тартыштыгы болсо 15 млрд. сом болуп жатат. Акча келип жатат, бирок пайдасыз багытка сарпталып жатат да. Муну кыскартуу үчүн келин тарап демилгечи болсо бир күндө нукка түшөт. Кудалар келишип эле, андан көрө ошого кеткен каражатты үйгө буюм-тайым алганга сарптайлы десе болот да.

Тажикстандын тажрыйбасы үлгү боло алабы?

Ошол эле учурда эл турмушу оңолбой жатканда каада-салт деп минтип олчойгон каражат сарптоону кыскартуу үчүн айрым жерлерде айыл аксакалдары катуу аракеттери да көрүп жатышат.

Маселен, Баткендин Боз-Адыр айылынын аксакалдар соту Жапар Саттаров эки үй-бүлөгө жергиликтүү мыйзамды бузгандыгы үчүн айып пул да салган. Бирок айылда кайсы бир деңгээлде чыгымдар кыскарып жатканы менен өз тапканымды өзүм каалагандай сарптайм дегендер да жок эмес.

- Жергиликтүү округдун мыйзамы бар да. Аны бузгандарга айып пул да салдык. Элдин мыйзамына баш ийбегендерди ушинтип жолго салганга аракетенип жатабыз. Мурда келгендердин баарына нан таратылчу эле азыр андай болбой калды. Бирок дагы деле бар жергиликтүү мыйзамды көзгө илбгендер.
Тажикстандагы үйлөнүү тою, бул өлкөдө акыркы жылдарда той-аштарга кетчү чыгым бир топко кыскарганы айтылууда.

Жергиликтүү тургундардын бир тобу эл кыйналып турган азыркыдай шартта той-аштарга кетчү чыгымдарды кыскартуу үчүн Кыргызстан да кошуна Тажикстандан үлгү алса жакшы болмоктугун белгилешүүдө.

Бул өлкөдө мындай чыгымдарды азайтуу үчүн атайын чаралар көрүлүп, ашыкча каражат сарптоого катуу тыйуу салынган. Айыл же маале башчысынын уруксаты жок той, маараке өткөрмөй, иш учурунда тойлоп жүрмөй дегендер таптакыр жок.

Баткендин Тажикстанга жанаша жайгашкан аймактарынын тургундары ушундай тартип киргенден бери кошуна тажик айыл-кыштактарындагы элдин жашоосу оңолуп баратканы байкалып жатканын, башкысы эл той-ашка ашыкча акча сарптоодон пайда жоктугун түшүнүп калганын айтышууда.

Эл ичинде ушинтип той-ашка кеткен каражаттын жарымын эле балдардын билим алуусуна сарптасак тез эле үзүрүн берет эле дегендер да жок эмес.


Капчыкты каккан каада-салт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG