Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Элдик ыңкылап – карапайым жана каарман элдин жалпы мээнети


2010-жылдагы 7-апрелдеги элдик ыңкылапта курман болгондордун айкели. Бишкек. Кыргызстан. 2013-жылдын 7-апрели.
2010-жылдагы 7-апрелдеги элдик ыңкылапта курман болгондордун айкели. Бишкек. Кыргызстан. 2013-жылдын 7-апрели.

Көп этностуу Кыргызстандын бүгүнкү сыймыгы – анын көөнө, орто кылымдык жана жаңы доордогу тарыхы жана көөнөргүс мурастары гана эмес, эгемендик доорундагы демократия үчүн каармандык күрөшүнүн да өлбөс-өчпөс тарыхы. 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптын кезектеги жылдыгын утурулай тарыхчы Т.Чоротегин сунуштаган блог.

Дээрлик отуз жылдын ичинде Кыргызстан эли чөлкөмдөгү башка коңшу өлкөлөрдөн айырмаланган демилгелүү саясий турмушту баштан кечирди.
Тээ 1990-91-жылдардагы демократиялык жүрүм, өлкөнүн атуулдарынын көп партиялуу демократиялык башкаруу системасы, сөз эркиндиги, базар экономикасы, көп багыттуу дипломатия жана башка совет доорунда эч түшкө кирбеген өзгөрүүлөр үчүн жүргүзгөн күрөшү пост-советтик кыргыз коомун башка коңшулардан айырмалуу кылган.

Анын натыйжасында Кыргызстанды «Борбордук Азиядагы демократия аралчасы» деп шарттуу атай башташкан.

Албетте, бул баа – тек гана алдын-ала аванс катары берилген сырткаркы баа болсо да, чынында да Кыргызстанда жагымдуу, реформачыл кадамдар 1990-жылдардын башынан тартып акырындап жүзөгө ашырылганын калыс баалоо керек.

Арийне, ушул бааны мурдагы президент Аскар Акаев өзүнүн жеке салымы катары энчилеп алууга умтулгандыгы, азыр да соңку маектеринде өз ролун көтөрө чалган пикирин улам кайталап айта жүргөнү белгилүү.

Дароо кесе айтсак – Кыргызстандын реформачыл багытына жана алгачкы ийгиликтерине акырындап көр казган күч – дал ошол мурдагы президенттин авторитардык башкарууга умтулуусу болгон.

Качан гана Аскар Акаев өзүнө айбат кылган легендарлуу Жогорку Кеңешти жарым шал кылып, президенттик жарлыгы менен таркаткан соң (1994-жылдын күзү), качан гана ал 1993-жылдын 6-майында кабыл алынган Конституцияны кескилеп, «конституциялык референдум» аталган айла-амалдар менен президенттик ыйгарым укуктарын эбегейсиз чыңдап алган соң, бул туңгуч президент сөз жүзүндө демократ, иш жүзүндө авторитардык режимдин амалкөй негиздөөчүсү болуп чыга келди.

Өзүнүн эч ким сөз тийгизе албай турган «жарым хандык» турумун колдонуп жатып, ал Кыргызстандын чек арасын жөндөө маселесиндеги көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеште ачык, айкын, мыйзамдуу талкуулап, консенсус менен чечүү жолунан качкан.

Таасын айтсак, Үзөңгү-Кууш маселесин ал өзүм билемдик менен жең ичинен, башкача айтканда, уурданып, чечип койгон. Албетте, эч ким Кыргызстандын Кытай же башка чек аралаш мамлекет менен чек арасын тастыктап алышына каршы эмес. Бирок бул маселе Жогорку Кеңеште ачык кароону, керек болсо, атайын элдик референдум өткөрүүнү талап кылган маселе болчу.

Кытай тарап менен соодалашылган 900 миң гектар жер оюнчук эмес болчу. Ал жер тилкеси жөнүндө сөз кылганда, жапайы кийиктер эле жашайт экен, деген «жүйөө» сөздөр айтылган. Учурда 5 өлкө – Азербайжан, Иран, Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан Каспий деңизине жээктеш мамлекеттер. Алардын эч бири «бул суу мейкиндигинде балыр менен балыктан жана анча-мынча суу ылайлаткан мунай сыяктуу заттардан башка эмнеси бар эле?» дегендей маанайда өздөрүнүн суу мейкиндигиндеги үлүшүнөн баш тартып коюшкан жок. Ал үлүштү тактап алышты... Кийиктердин жери деген бийик тоолуу ири жер тилкеси да суу башаты болчу...

Адатта, Президент А.Акаев референдумдарды өз пайдасына чечилчү маселелер жаатында гана өткөрүп келген; ал эми чек ара маселесинде коомчулукту көз будамайлап жазгырып, маселени референдумсуз жана Жогорку Кеңештеги ачык-айкын жана кызуу талкуусуз чечип кетем, кийин парламентте «кол бала» болгондордон турган курамды жыйып алсам, камырдан кыл суургандай боло да калат, деп ойлогон.

Бул – Кыргызстандын авторитардык бийлик сазына батып бара жаткандыгынын бир гана көрүнүшү болчу.

Кум-Төрдүн алтын кенин иштетүүдөгү жемкорлук, экологиялык оор кырдаалды жашыруу, оппозицияны куугунуктоо, эркин басма сөзгө чабуул менен байланыштуу жана башка да Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн жүрүмүнө балта чапкан иш-аракеттер орун алып келген.

Чек ара маселесинин чатагы акыры оппозициячыл депутат Азимбек Бекназаровдун убактылуу камалышына, Бишкекте 2002-жылдын январынан тартып саясий ачкачылыктын башталышына жана Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы 2002-жылдын 17–18-мартындагы куралсыз демонстранттарды атуу кылмышына алып келди.

Аксы окуясы, өз кезегинде, кыргыз эли авторитардык бийликти кабыл албай турганын таасын айгинеледи.

Эми «2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги жана 2020-жылдын 5–6-октябрындагы окуяларды «элдик ыңкылап» деп атоого болобу? Анын башкы мөмөсү эмнеде?» деген суроолорго учкай кайрылалы.

«Ыңкылап» («революция») түшүнүгүн туюнткан окуяларды марксисттер жана башка бир катар ойчулдар өтө ыйык окуя кылып баалап келет; ал эми коомдук-саясий өнүгүүдө эволюциялык нукту гана бирден бир туура жол деп санагандар болсо ар кандай ыңкылаптык окуяны «жийиркенээрлик мокочо» катары кабыл алат.

Дегиңкиси, «таасирдүү илгерилөөнүн жыты да сезилбеди» деп көңүлү калган айрым замандаштарыбыздын «бул окуя жөн гана төңкөрүш жана элдик толкундоо болуп калды, бийликте баягы эле жемкор чөөлөр кала берди го!» деп айткан сөздөрүн ар дайым угууга туура келип жатат. Муну 2005-жылы да, 2010-жылы да уктук, 2020-жылдан кийин да угуп келебиз.

Бишкек элдик ыңкылап маалында. 2010-жылдын 7-апрели.
Бишкек элдик ыңкылап маалында. 2010-жылдын 7-апрели.

Аларга айтаарым – «ыңкылап» (латынчадан «революция») сөзү «төңкөрүш» дегенди эле билдирет. 1920-жылдары кыргыз айдыңдары аны төңкөрүш, көңтөрүш деп эле жаып келишкен, ал эми «уруят» сөзү – «хурриййа» (арапча «эркиндик») деген сөз болчу.

Бирок кандай төңкөрүш? Ыңкылап – бул системалык өзгөрүү талабы менен мамлекеттик бийликке каршы уюштурулган коомдук төңкөрүш. Ал эми мамлекеттин бийлигиндеги бир бутакты пайдаланып, элдин тиешеси жок эле бийлик тартып алуу аракети – кутум болуп саналат. Анын классикалык үлгүлөрүнүн бири – Чилиде, Бирмада ж.б. аскердик хунта уюштурган аскердик кутум. Мына, азыркыга чейин бирмалыктар хунтага каршы күрөшүп жатышат. СССРдеги ГКЧП кутуму 1991-жылы августта үч эле күндө кулаган...
Шилтеме – мурдагы макалам -

Заманбап саясат таануучу окумуштуулардын бири Олег Арин (канадалык атуулдукту алгандагы ысымы Alex Battler / Алекс Бэттлер; төрөлгөндөгү ысмы Рафик Шаги-Акзамович Алиев; 1946-жылы 10-декабрда Орусиянын Астрахан шаарында туулган; азыр АКШда турат) ыңкылапты «коомдук организмдин өз өнүгүшүнүн прогрессивдүү баскычын көздөй секириги» деп мүнөздөйт.
Секирик аркылуу жетишилген бул деңгээл коомдук организм үчүн андан аркы илгерилеп өнүгүүгө пайдубал болуп калат, дейт Олег Арин.

Ал эми профессор Майкл Киммел болсо ыңкылапты «баш ийдирилип (багындырылып) келген топтордун саясий бийликтин социалдык пайдубалын өзгөртүп алуу үчүн жасаган далаалаттары» («Revolutions are attempts by subordinate groups to transform the social foundations of political power») деп мүнөздөгөн. (Караңыз: Michael Kimmel, Revolution: A Sociological Perspective. Temple University Press, 1990. ISBN 978-0-87722-736-6. – P. 6.)

7-апрелдеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына бакиевдик снайперлер ок атышкан. Бишкек. 2010-жылдын 7-апрели.
7-апрелдеги элдик ыңкылаптын катышуучуларына бакиевдик снайперлер ок атышкан. Бишкек. 2010-жылдын 7-апрели.

Бул мүнөздөмөлөр ыңкылаптын прогрессивдүү маанисин чагылдырып тургансыйт. Чын эле ыңкылап дайыма эле прогресске негиз болобу?

Биздин оюбузча, ыңкылап – эл (же тийешелүү социалдык топтордун убактылуу коалициясы) коомдук-саясий, идеологиялык, экономикалык жана башка оор кырдаалдардагы түйшүктөрдүн жана аргасыздыктын айынан буга чейинки мыйзамдарды убактылуу же биротоло четке кагып туруп, мамлекеттик башкаруунун нугун коомдун көпчүлүк бөлүгүнүн кызыкчылыгына бурууга жана идеологиялык жана коомдук стратегиялык жаңы багытты көздөй чукул саясий реформаны жүзөгө ашырууга багыттап, өлкө бийлигин кайра түзүүсү.
Бирок элдик ыңкылапты өздөрүнүн тар максаттарына буруп кетүү далаалатын жасагысы келген күчтөр четтен чыгат.

Буга бир мисал – 1979-жылкы Иран ыңкылабы. Бул элдик төңкөрүш зулум шахтын режимин ойрондогону менен, бийликке шахтан да коркунучтуу катмар – эскичил динчилер удулан пайдаланып келип алышты.

Ирандагы эскичилдердин режимине каршы студенттик нааразылык жыйынында коопсуздук кызматкерлери тарабынан токмоктолгон студенттин жеңсиз көйнөгүн көтөрүп чыгышты. Тегеран. 1999-жылдын 12-июлу.
Ирандагы эскичилдердин режимине каршы студенттик нааразылык жыйынында коопсуздук кызматкерлери тарабынан токмоктолгон студенттин жеңсиз көйнөгүн көтөрүп чыгышты. Тегеран. 1999-жылдын 12-июлу.

Шахтын маалындагы секулярдык (айдыңдык) түзүлүштү эскичил динчилердин көз карашына ылайык калыптанган орто кылымдардагыдай коомдук түзүлүшкө айырбаштагандыгы үчүн секуляристтер Иран ыңкылабын «регресс» деп баалашат, исламчылар болсо «чыныгы элдик ыңкылаптын салтанаты» деп санашат.

Эми айатоллалар таңуулаган түзүлүштөн узак мөөнөттүү реформа жолу менен арылуу аракеттери жүрүп жаткандыгына күбө болуп келебиз.

Демек, ыңкылаптын мөмөсүн коомдогу ар кыл топтор ар башкача нукта пайдаланууга умтулушу ыктымал. Бирок терс жагына кетсе да, ыңкылаптын өзүн – Ирандагы шах режиминин кулатылышын кантип тана алабыз?
Салыштыра кетсек: 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде жана 2020-жылы 5–6-октябрда Кыргызстанда жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптардын максат-мүдөөсү бирдей эле болгон.

Үчөөндө тең кыргыз коому президент Аскар Акаевдин, президент Курманбек Бакиевдин жана президент Сооронбай Жээнбековдун авторитардык режимин кулатууга бел байлаган. Жээнбеков жылуу жумшак бийликке келген авторитарык режимди анын мурдагы колдоочусу жана өзүн жеке кыялында “аталык” (тактыдан түшпөс кыйыр хан) ордунда көргүсү келген Алмазбек Атамбаев калыптандырып бергендиги жашыруун эмес.

К.Бакиевдин режимине каршы нааразылык жыйыны. Бишкек. 2010-жылдын 10-марты.
К.Бакиевдин режимине каршы нааразылык жыйыны. Бишкек. 2010-жылдын 10-марты.

Демек, Кыргызстандагы калайык демократиялык түзүлүштү орнотуу күрөшүнүн туусун XXI кылымдын алгачкы чейрегинде үч ирет (2005-, 2010- жана 2020-жылдары) кайрадан көтөрүп чыгышкан. Кылымдын алгачкы чейреги дагы эле аягына чыга элек...

Жеке пикиримде, кээ бир замандаштардын 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылапты унуткарууга жана анын маанисин жокко чыгарууга далаалаттанганын эч жактоого болбойт.

Эл ичинде «жоогазын ыңкылабы» атыккан Ала-Тоодогу XXI кылымдын башындагы алгачкы «түстүү ыңкылапты» ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа «апийимдин кермек даамы бар жана талап-тоногучтар өз жумушуна чыккан капкара түндүн түсүн алган» деп текеберленип сыпаттаганы эсте («она с опиумным привкусом и цвета черной ночи, когда мародеры выходят на работу»). (Караңыз: Бордюжа Н. Революция в Киргизии с опиумным привкусом и цвета чёрной мародёрской ночи // Известия.)

Кылым башындагы экинчи элдик ыңкылапты (2010-жылдын 7-апрелиндеги саясий бурулуш окуясын) да, “Үмүт ыңкылабы” деген атка конгон үчүнчү ыңкылапты (2020-жылдын 5–6-октябрындагы окуяларды) да текеберленип, мазактап сынга алган жана жектеген серепчилер аз эмес.

2021-жылы 1-апрелде Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинде “Кыргызстандагы элдик революциялар: себептери, сабактары жана жыйынтыктары” деген темада жумурияттык илимий жыйын онлайн тартибинде уюштурулду.

ЖАМУ уюштурган бул жыйын тууралуу илимпоз, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Токтогулова "Фейсбуктагы" барагында да эскерип жазды.

Бул кызыктуу илимий шеринеде да ыңкылап маселеси боюнча көз караштардын түркүн түрлөрүнүн мозаикасы тартылды.

Албетте, ар кандай ыңкылап, жогоруда айтылгандай, коомчулукта ар тараптуу (терс да, оң да) баага кабыла турган ири коомдук кубулуш.

Анын айынан кимдир-бирөө же кайсы бир тарап кызматынан, социалдык бийик тепкичинен айрылышы мүмкүн; кээ бир жемкорлор же башка кылмыш кылган төбөлдөр камалышы деле ажеп эмес; айрымдары акыйкат соттон качып бозгунга кетиши мүмкүн; кайсы бир сырткы саясий күчтөрдүн мурдагы тымызын таасир жаратуу схемасы ойрон болушу ыктымал.

Президент С.Жээнбековду кызматтан кетирүүүнү талап кылган нааразылык жыйыны. Бишкек. 2020-жылдын 7-октябры.
Президент С.Жээнбековду кызматтан кетирүүүнү талап кылган нааразылык жыйыны. Бишкек. 2020-жылдын 7-октябры.

Ошол эле учурда, ыңкылапты баштан кечирген ар бир коомдо жаңылануу жана кеңири өлчөмдөгү реформалар үчүн убактылуу болсо да жагымдуу ыңгай түзүлөт. Мамлекеттеги саясий элита, - ыңкылаптын коалициялык же башка жетекчилиги ж.б. прогрессивдүү тараптар, - ушул ыңгайлуу кырдаалды (удулду) жалпы коомдун мүдөөсүндө колдонуп калуу үчүн пайда болгон өтө кыска мөөнөттү чагылгандай тез жана иштиктүү реформалары аркылуу колдонуп кала алабы, же мындай мүмкүнчүлүктү саясий эрктин жоктугунан жана саясий сабатсыздыктын, пенделик мажүрөөлүктүн жана ынтымактын жоктугунун айынан эски коррупциялык күчтөрдүн тажрыйбалуу ажыдаарларына кайрадан алдырып жиберишеби?

Бул – коомдун ыңкылаптан кийинки ички өнүгүүсүнүн көйгөйү. Мында эч кандай бир беткей рецепт жок.

Деги, бир эле максатта улам эле ыңкылаптар боло берсе, анда биринчисин ыңкылап деп атоонун зарылчылыгы барбы? 2010-жылдын бийиктигинен караганда, 2005-жылкы ыңкылап кадырлоого татыктуубу? 2020-жылдын бийиктигинен 2010-жылдагы ыңкылапчыл окуяларды кандайча баалай алабыз?

Албетте, кыргыз коомундагы жана дүйнө жүзүндөгү көз караштар ушул жерде да ар кыл.
Аскар Акаев мырза, маселен, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны «мыйзамсыз төңкөрүш» катары гана баалап келет. Ал эми 2010-жылы, өзү өлкөдөн качып кетээрден саал мурдараак жарыкка чыккан китебинде, Курманбек Бакиев 2005-жылкы 24-март окуяларын «элдик ыңкылап» катары жогору баалайт, жүйөлөрүн келтирет.

Өз кезегинде, К.Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги өзү бийликтен шыпырылган саясий окуяларды «мыйзамсыз төңкөрүш» деп айоосуз сынга алган.

А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учуру. Анын артында – Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры.
А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учуру. Анын артында – Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры.

Ошол эле 2010-жылкы окуянын натыйжасында Кыргызстан баштап жаткан нук «парламенттик демократия» катары мүнөздөлөөрүн К.Бакиевдин аргасыз сынчысы А.Акаев мындайча кыйыр түрдө мойнуна алат:

«Жумуриятта президенттин ыйгарым укуктарын салыштырмалуу азайтуунун шартында парламенттик бийлик системасын киргизүү тууралуу жаңы бийликтердин мактанганы бардыгынан катуу доош менен жаңырып угулуп жатат. Мындай бурулуш, биздин улуттук өзгөчөлүктөрдү эсепке алганда, жеңил-желпи жүзөгө ашат деп ишене албайм. Арты кандай болоору туюк болгон саясий тажрыйба жүзөгө ашырылууда. Бакиев, маселен, хандыкты курууга багыт алган, Отунбаева, тескерисинче, парламентаризм багытына буруп салды (Астын биз сыздык. – Т.Ч.). Эч кандай мамлекеттик система бул сыяктуу таң каларлыктай адаттан тыш урунуп-беринүүлөрдү чыдап көтөрө албайт. Азыркы кыргыз парламентаризми – бул саламаттыгы чың болуп эрезеге жетиши үчүн өзгөчө көңүлдү жана камкордукту талап кылган ымыркайга тете».
(Караңыз: Аскар Акаев: «Стабильность и эволюция лучше чем революция» // Интервью для читателей портала News-Asia. 2011.)

Дал ушул баанын өзү эле Кыргызстанда алгач 2005-жылы болуп, кайра 2010-жылы кайталанган элдик ыңкылаптын чыныгы ыңкылап катары орток асыл-наркын ачып берээрин бул баанын автору, мурдагы президент А.Акаев мырза өзү да кыйыр баамдады бекен?

Биринчиден, өзүнүн маектеринен айгинеленгендей, А.Акаев Кыргызстандагы парламенттик демократиянын болочогуна анчейин ишенбейт (албетте, В. Путиндин колтугунда саясий башпаана таап жаткан саясатчыдан парламенттик демократияга карай багытты сунуштаган «түстүү ыңкылаптар» жөнүндө башкача бааны күтүү деле кыйын деңизчи).

Парламенттик демократиядан анын чочулоосу – ал өзү бийлеп турган учурда парламенттин ыйгарым укуктарын улам кыскартып-кескилеген референдумдардан деле көрүнгөн. Бирок бул жерде А. Акаевдин сөзү анын авторитардык президенттик бийликти жактаган жекече турумун өзүнөн өзү ашкерелеп жатат десек болот.

Ал эми «Бакиев, маселен, хандыкты курууга багыт алган, Отунбаева, тескерисинче, парламентаризм багытына бурду» деген сүйлөмгө тактоо киргизсек, парламенттик демократияга багытты жалгыз гана президент Роза Отунбаева эмес, ыңкылаптын натыйжасында бийликке келген жалпы реформаторлор канаты иштеп чыгып, элдик колдоого таянып жүзөгө ашыра башташты; ошентип, кыргыз элинин 2005-жылы мартта жана жаңы күч менен 2010-жылы 7-апрелде койгон талабына ылайык, бүткүл Кыргызстандын коому 2010-жылдын 27-июнундагы конституциялык реформа аркылуу парламенттик демократиялык башкаруу системасына багыт алды.

Демек, 2005-жылы күтүлгөн, бирок 2007-жылдан кийин авторитардык режим кескин чыңдалганына байланыштуу колдон убактылуу чыгарылган мүмкүнчүлүк Кыргызстанда 2010-жылкы ыңкылаптын аркасы менен жүзөгө ашырылды десек болот.

Мунун өзү 2005-жылы да, 2010-жылы да Кыргызстанда элдик демократиялык таламдарды мүдөө туткан чыныгы элдик ыңкылаптар болгонун айгинелейт.

Эми 2020-жылы ыңкылаптын натыйжасында абактан бошотулган Садыр Жапаров мырза жана анын өзөңгүлөштөрү президенттик авторитардык бийликти чыңдоо үчүн 2021-жылы 11-апрелде конституциялык референдум өткөрүүнү колдоодо.

Ал эми мурда демократиячыл реформаны колдомуш болуп жүргөн далай ишмерлер өйүздү карай булт этип чыгып, «эзелтеден эле күчтүү президенттик бийликти самап келишкендиктерин» интернеттеги коомдук тармактар аркылуу жар салып жатып калышты.

Мунун өзү 2020-жылы 5–6-октябрда ыңкылапка чыгып, парламенттик демократиялык түзүлүштү талап кылган ыңкылапчылар өлкөдө таптакыр болгон эмес, дегенди туюнтабы?

Албетте, алардын өздөрү да, алардын идеялары да бууланып жок болуп кеткен жок.

Эгерде 2005-жылы 24-мартта эл Аскар Акаевдин (жана Майрам Акаеванын) режимине каршы козголбосо жана демократиялаштырууга багытталган саясий талаптарды көтөрүп чыгарбаса, анда 2010-жылы апрелдеги революциячыл окуя да болмок эмес.

Эгерде 2010-жылы ыңкылап аркылуу Курманбек Бакиевдин (жана Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин) режимн кулатпаса, анда 2020-жылы деле кыргыз коому сазга бата бермек.

Ошондуктан, бул окуялар (аларга чейинки 2002-жылдагы Аксы окуясы жана 1990–91-жылдардагы эгеменчил жүрүмдөр) бири-бирин толуктап турат.
Ыңкылаптын жемишин эскичил саясатты туткан кимдир-бирөөлөр кайсы бир убакыттан кийин уурдап алышы деле ыктымалдыгы Ирандын мисалында гана көрүнүп чектелбейт.

1789-жылдагы Француз ыңкылабы бүт Европаны титиретип, ойготкону менен, бир канча жылдардан кийин Наполеон Бонапарт өзүнүн авторитардык режимин орнотуп, Франциянын жана жалпы Европанын ырпын кетиргени да эсте. Наполеондун убактылуу императордук режимин жана баскынчыл согуштарын эстеп жатып, «1789-жылы Францияда эч кандай ыңкылап болгон эмес экен да», – деп бир беткей бүтүм чыгарууга эч мүмкүн эмес.

Эгерде кыргыз оппозициясы ынтымактуу жана принципиалдуу болуп, кыргыз парламенти реформаны жигердүү жүзөгө ашырууга жөндөмдүү боло алган болсо, анда 2005–2020-жылдары Кыргызстан парламенттик демократиялык системага ишенимдүү өтмөк болчу.

Анча-мынча аракеттер жана жылыштар да болгонун унутпайлы. Бирок демократиячыл оппозициядагы ырксыздык жана алардын өкүлдөрүнүн жең ичинен соодалашуусу (б.а. саясий жемкорлук) сыяктуу жосунсуз көрүнүштөр өлкөдө авторитардык режимди кайра калыбына келтирүү далаалаттарына огожо болуп калганын ачык айтуу абзел.

Дагы бир жагдайды баса белгилөө абзел: ыңкылаптар сөзсүз эле кан төгүү менен коштолбойт. Маселен, 1989-жылдын күзүндөгү Батыш Европанын (анын ичинде мурдагы коммунисттик Чехословакиянын) авторитардык режимдеринин кулатылышы, 1990–91-жылдардагы Кыргызстандагы эгемендиктин алынышы жана көп партиялуу демократиялык түзүлүшкө багыт алуу – кансыз жүзөгө ашырылган элдик ыңкылаптын жеңиши болуп саналат.

XXI кылымдын башында, б.а. 2005-жылга чейин, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгач Украина менен Грузияда «түстүү» ыңкылаптар жүзөгө ашканда, Кыргызстан да ушул нукка түшөт деп замандаштарыбыздын көпчүлүгү түшүндө да ойлобосо керек.

Баса, алыс барбай эле коёлу, эмне үчүн, маселен, Түркмөнбашынын бийлигине каршы ыңкылапчыл күрөш жүрбөдү? Эмне үчүн жарым-жартылай либерал болгон Кыргызстанда «түстүү» ыңкылап жеңишке жетишти?

Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы КДК уюштурган саясий ачкачылык маалындагы Кыргызстан КП лидери Абсамат Масалиевге каршы плакаттар. Ак Үй, Бишкек. 1990-жылдын 23-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.
Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы КДК уюштурган саясий ачкачылык маалындагы Кыргызстан КП лидери Абсамат Масалиевге каршы плакаттар. Ак Үй, Бишкек. 1990-жылдын 23-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.

Бул сыяктуу суроолорго жооп табуу үчүн Кыргызстанда А.Акаев бийликке келе электе эле, ал Академияда жетекчилик кылып жүргөндө эле ага эч кандай байланышы болбогон «Ашар», КДК сыяктуу атуулдук уюмдар чыңдалгандыгы, кыргызстандык демократиялык жана атуулдук күчтөр көп этностуу жарандык коомубуздун кеңири катмарын өз курамына тарта алгандыгы, атуулдук эркиндиктер, басма сөз эркиндиги үчүн жана шайлоодогу бурмалоолорго каршы күрөштөр ырааттуу жүргөндүгү, элеттеги калайыктын саясий маалыматы да кыйла жогору болгондугу сыяктуу өңүттөрдү эске алуубуз зарыл.

Демек, А.Акаев 1990-жылы октябрда кыргыздын демократиячыл коомчулугу жетишкен ийгиликтин даяр жемишине гана чакырылган.

Президент кезинде А. Акаев өз ишмердиги менен бара-бара демократиялык реформаларга кандайча бөгөт (тормоз) болуп калгандыгын тарыхчы жана саясат таануучу Аалыбек Акунов соңку монографияларынын биринде далилдүү жазган. (Караңыз: Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2017). – Бишкек: «Текник» ББ, 2017. – 594 б. – И.Раззаков атындагы КМТУ. – ISBN 978-9967-467-69-9.).

Пост-советтик Кыргызстанда оппозициялык партиялардын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште мүчө болбой калган бир да учур катталган эмес. Муну мурдагы авторитардык режимдердин башчылары өздөрүнүн «жакшы ишинин натыйжасы» катары айтып жүрүшөт, бирок бул – оппозициянын карандай эмгеги жана эрдиги экендигин ачык айтуу абзел. (Маркумдар Дооронбек Садырбаев, Сатыбалды Жээнбеков, Жыпар Жекше сыяктуу инсандар учурунда элдин колдоосу менен гана Жогорку Кеңешке шайланышкандыгы, шайлоо өнөктүгү маалында "Ак Үйдүн" кара тизмесинде болгондуктары кантип унутулсун!)

Башка бир көйгөй – элдик кыймылдардын күчү менен бийликке келе калып, бийлик тизгинин алган соң, мурда кулатылгандардын өкүмзор жолоюну жеңил-желпи түшүү деген оору.

Дал ушул оору – мурдагы партократтар менен комсократтардын муунунун жалпы көйгөйү болуп калды. Эки башка партияга мүчө боло калып, үчүнчү бир акчалуу жаңы партиянын тизмесинде депутаттыкка аттанган мыкчегерлер кантип чыныгы реформачылар боло алмак эле?

Кыргызстанда 1994-жылдан тартып эле айрым оппозиция өкүлдөрү (маселен, Топчубек Тургуналы, Феликс Кулов, Жумагазы Усупов, Азимбек Бекназаров, ж.б.) ар кандай кодулоолор жана жалган айыптар менен абактарга салына баштаганын, "Политика" ("Саясат"), «Свободные горы» («Эркин тоолор»), «Асаба», «Res Publica» деген жана башка эркин гезиттер «демократ» А.Акаевдин тушунда эле куугунтукталып, жабылып, же башка усулда кысымга алынып келгенин унуткарууга болбойт.

Мурдагы президенттер К.Бакиевдин, А.Атамбаевдин жана С.Жээнбековдун тушунда да оппозицияга жана кайчы пикир айткандарга каршы ушундай эле куугунтуктар улантылып жатты. Ал түгүл Медет Садыркулов сыяктуу саясатчылар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, эркин журналисттер өлтүрүлгөн же токмоктолгон учурлар да болду.

Менимче, реформалар идеясына ак бойдон калган мамлекет башчысы эркектерден буга чейин чыккан жок. Ошондой жалгыз мамлекет башчысы – Роза Отунбаева айым болду. Бирок ага ыңкылапчы үзөңгүлөштөрү 2010-жылдын июнундагы Башмыйзам реформасы аркылуу өтө кыска гана мөөнөттү чегерип коюшкандыгы маалым.

Кыргызстандын ыңкылапчыл сабактарын дүйнөнүн демократиячыл коомчулугу туура баалаган учурларды да тарых үчүн биле жүргөнүбүз оң.

Маселен, Кремлдин жанындагы көпүрөдө набыт болгон Борис Немцовдун (1959—2015) пикирин алалык. Б. Немцов Кыргызстандагы 2005-жылкы элдик ыңкылапты колдоп, мурдагы президент А.Акаевдин авторитардык башкаруу тажрыйбасын сынга алып, өзүнүн интернет барагында мындайча пикирин жарыялаган эле:

«Бизге... биринчи кезекте грузин ыңкылабынан да сабак алуу, эми болсо, кыргыз ыңкылабынан да үйрөнүү зарыл. Биринчи сабак: өз элине чексиз эле жалган айта берүү жарабайт; акыр-түбү эл козголот да, мындай тажаткан бийликти шыпырып салат. Экинчиси: шайлоолорду чексиз эле бурмалай берүүгө болбойт. Үчүнчүсү: чексиз түрдө уурдай берүү жарабайт; эл буга чыдап отура бербейт».

Кыргызстан эли жемкордукту (коррупцияны) моюнтуруктоо, адам укуктарын кадырлоо, басма сөз эркиндигин камсыз кылуу, шайлоону бурмалабоо жана ушул сыяктуу демократиячыл талаптарды аткаруу үчүн оболу мамлекеттик бийлик бутактарын демократиячыл нукта кайра курушу керектиги түшүнүктүү эле нерсе болчу.

Айрым замандаштар парламенттик демократия жана жалпы эле демократиялык башкаруу «Батыш Европага, АКШга жана Канадага гана таандык» деп жаңылыш санашат. Ошол эле учурда алар Жапонияны мындай койолу, пост-коммунисттик Балтика боюн жана Монголияны да эстеп коюшпайт. Кыргызстан, демек, Евразиядагы парламенттик башкаруу системасын жаратууга жана чыңдоого умтулган жалгыз мамлекет эмес, биринчи да мамлекет эмес, акыркы да мамлекет болбойт.

АКШ деле президенттик бийликтин өлкөсү го? Албетте, бирок мыйзамдык чектен ашып кетти деп импичментке кабылуу коркунучу бул өлкөнүн кудуреттүү делген президентин да такымдап, аны жоопкерчиликтүү болууга чакырып тураары Доналд Трамптын эле мисалында көрүндү го. Анын кыйыр жана түз тилектерин АКШнын көз карандысыз сот бийлиги чымын чаккандай да көргөн жок.

Кыргызстанда элдик ыңкылап толук жүзөгө ашырылып бүттүбү? Албетте, жок. Албетте, дагы бир жолу анын мөмөсү колдон жылбышып баратканы сезилет...
Азыр президенттик ыйгарым укуктарды кайрадан чыңдоого багытталган референдумдук сунуштар күн тартибине кирген чактагы жеке оюм – дал ушундай.

Бирок, Кыргызстанда ыңкылапчыл көч ордунда туруп калбастыгы да айдан ачык. Реформа жолу менен жагымдуу өзгөртүүлөргө баруунун башкы жолдорунун бири – жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке татыктуу атуулдарды шайлоо экендиги шексиз. Бул – жалпы шайлоочулардын аң-сезиминдеги ыңкылапты талап кылат.

Дагы бир маанилүү жол – жарандык коомдун демилгелүүлүгүн арттыра берүү. Маселен, жемкордуктун ар кыл түрлөрүнө каршы бөгөт жарандык коом тың жана демилгелүү болгон, басма сөз эркин болгон, калайык өз көз караштарын жана таламдарын интернет аркылуу эркин таркаткан жана коомдук иш-чаралар аркылуу тайманбастан билдирген өлкөлөрдө иштиктүү жүзөгө ашырылат.

Үмүтбектин үмүтү да акталаар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Тарыхыбыздагы ар бир ыңкылапчыл окуяларды кастарлап эскерип туруу аркылуу биз 2002-жылы Бишкекте (Шералы Назаркулов) жана Аксыда өмүрүнөн ажыраган, 2010-жылы Ак Үйдүн алдында набыт кеткен жана 2020-жылы ыңкылап маалында жаракат алып, каза болгон (Үмүтбек Алтынбек уулу) замандаштарыбыздын жаркын элестерин жалпы кастарлайбыз жана алардын арбагы ыраазы боло тургандай демилгелүү жана жаратман иш-аракетке жаш муундарды телчиктиребиз.

Ред.: Автордун пикирин жалпы редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG