"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ливандын түштүгүндө жекшембиде жалпы шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Хезболла” тобу менен “Амал” кыймылынын талапкерлери жеңет деп күтүлүүдө. Шайлоонун алгачкы туру баш калаа Бейрутта өтүп, анда Ливандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Рафик Хариринин уулу Саад жетектеген альянс утуп чыккан.
“Ал-Кайида” согушкер тобунун веб баракчасында жарыяланган маалыматка ылайык, Кошмо Штаттары тарабынан изделип жаткан террорист ал-Заркави Иракта жарадар болду. Мусулмандарды анын сакайып кетиши үчүн дуба кылууга чакырган катта, ал-Заркавинин кандай жагдайда, качан жаракат алганы айтылбайт. Вашингтон анын башына 25 миллион доллар акча сайган. Жан кечтилердин кол салуулары, чет элдик жарандарды барымтага алып, көздөрүн тазалоо өңдүү карасанатайлыктардын артында ал-Заркави турат деген АКШнын аскерий өкүлдөрү соңку кабарды этият комментариялашууда.
Бир нече сааттан кийин “Милан” менен “Ливерпулдун” матчы менен Европалык футболдун быйылкы сезону аяктайт. Чемпиондор Лигасынын кубогу үчүн финалдык беттешүү Стамбул шаарында өтөт. Ышкыбоздор үчүн мындай матчтар жөнөкөй спорттук таймаш гана эмес, чыныгы майрам болуп калган.
Өзбекстандагы окуяларга дүйнөлүк коомчулук кунт койо байкоо салууда. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери да бүгүнкү жыйында Анжияндагы кандуу калабаны талкуулап жатышат. Анда министрлер көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө үндөшү күтүлүүдө. Бирок шаркет Ташкент менен алакаларын үзүп же кандайдыр бир санкция киргизүүгө барбайт өңдөнөт.
Бельгиялык режиссерлордун “Бала” деген фильми Канн кинофестивалынын баш байгесин утуп алды. Дарденн бир туугандары бул жеңишин Иракта барымтада жаткан франциялык журналистке арнашты. Алар 8 жыл илгери да фестивалдын “Алтын пальма” сыйлыгын алышкан. Былтыр америкалык режиссер Майкл Мурдун айтылуу “Фаренгейт 9/11” деген документалдуу тасмасы фестивалга болгон кызыгууну арттырган эле.
Кечээ кечинде Европанын маданий турмушунда эки чоң окуя болду. Франциянын Канн шаарында кезектеги кино фестивалынын лауреаттары аталса, Киевте Евровидение ыр жарышы грециялык Элена Папарицуга баш байге алып келди.
Европанын киноэкрандарына “Жылдыздар согушу” аттуу фильмдин акыркы сериясы чыгып жатат. Космос сагасынын бет ачары өткөн жумада Канн кинофестивалында болду. Андан тышкары эң популярдуу тасмалардын бири Лондондо, АКШда кайрымдуулук кечелеринде көрсөтүлгөн.
Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 60 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага чогулган КМШнын лидерлери жекшембиде саммит өткөрүштү. Россиянын президенти Путин уюмдун мүчөлөрүн терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды. Бирок ички пикир келишпестиктер уюмдун ыдырашы жакындап калдыбы деген суроону көтөрүүдө.
Шейшембиде Украинанын мамлекет башчысы Виктор Ющенконун бийликке келгенине 100 күн болду. Бул убакыттын ичинде Ющенконун популярдуулугу эларалык сахнада да, үйүндө да артууда. Бирок ийгиликтер менен бирге бир топ пробелмалар да кала берүүдө. Жаңы өкмөттүн экономикадагы соңку административдик иш-чаралары экономисттердин, жергиликтүү оппозициянын сынына кабылды.
Прагада “Бир дүйнө” аттуу фильм фестивали башталууда. Адам укуктары темасына арналган документалдуу тасмалардын конкурсу Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавелдин демилгеси менен мындан 7 жыл илгери алгачкы жолу өткөрүлгөн. Быйылкы фестивалда Ооганстан, Беларусь, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Румыния жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген фильмдер көрсөтүлөт.
Дүйшөмбүдө Ватиканда кардиналдар жаңы папаны шайлай башташты. Фавориттер арасында германиялык кардинал Йозеф Рацингер жана италиялык Анжело Содано аталып жүрөт. Кардиналдар 12 күндүн ичинде Рим католик чиркөөсүнүн башчысын тандай алышпаса, добуш берүүнүн шарттары өзгөртүлүп, жаңы папа жөнөкөй көпчүлүк менен шайланат.
Ишемби күнү Вашингтондо чогулган “Чоң Жетинин” каржы министрлери дүйнөлүк финансылык рыноктун көйгөйлөрүн талкуулашты. Биргелешкен билдирүүдө министрлер дүйнөлүк экономиканын өсүшүн жалпысынан оң баалап, ошол эле маалда мунайдын баасынын “асмандын башына жетишин” экономикалык өнүгүүгө кедерги болуп жаткан фактор катары сыпатташты.
Сириянын өкмөтү Ливандагы аскерлерин 30-апрелге чейин чыгарып кетүүгө даяр. Бул жөнүндө жекшембиде БУУнун атайын өкүлү Терье Род Ларсен Сириянын президенти Башар Асад жана тышкы иштер министри Фарук ал-Шараа менен болгон жолугушуусунан кийин жарыялады.
АКШнын Флорида штатынын тургуну Терри Шиавонун ата-энеси кызынын өмүрүн сактап калууга дагы бир аракет көрүп, бирок бул жолу да сот алардын арызын канааттандырган жок. 15 жылдан бери медициналык жабдыктардын жардамы менен өмүр сүрүп келаткан Терринин тамактандыруучу түтүкчөсү 8 күн мурун соттун чечими менен алынып салган.
26-мартта Тайвандын баш калаасы Тайпейде массалык митинг болду. Миңдеген демонстранттар “Согушка – жок!” деген ураандарды кыйкырып өкмөт үйүнө карай жөө жүрүш жасашты. Тайвандыктар бул акциясы менен эларалык коомчулуктун көңүлүн Бээжиндин жаңы мыйзамына бурдурууну көздөшөт.
Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы 21-мартта БУУнун тийиштүү комитетинде талкууланды. Комитеттин көз карандысыз эксперттери Өзбекстан адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатканын аныкташкан. Расмий Ташкен болсо БУУнун буга чейнки сунуштарын ишке ашырып жаткандыгын ырастоодо.
Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө өзгөчө 20-марттан кийин көп жазылып, айтыла баштады. 22-мартта жарык көргөн кээ бир басылмаларды барактап көрсөк, маселен, Францияда чыгуучу "Le Mond" гезити “Аскар Акаев: унутулган убадалар” деген аналитикалык макаланы басып чыкты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс Азия сапарын улантып жекшембиде түштүк Кореядан Кытайга жөнөп кетти. Бээжинге аттанаардын алдында Райс Европа биримдиги Кытайга курал-жарак сатуу пландарын ишке ашырса, региондогу аскерий баланс бузулат деп эскертти. Мамкатчы бул жолку визити учурунда Түндүк Кореянын өзөктүк долбоору боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу аракетин да көрүп жатат.
Дүйнөдөгү кызыктуу окуяларга арналган кезектеги макалада куштарга капуста жардам береби, даарат кагазга жазылган чыгарма жана Европадагы ыр конкурсуна эмне себептен революциялык чыгармалар жарабайт деген суроолордун айланасында сөз болот.
Ишембиде Пакистан менен чегарада жашаган оогандык бир аял америкалык армиянын тик учагында бараткан жеринен көз жарды. Пактика вилайетинин губернатору бул окуя коалиция аскерлери террористтер менен “Ал-Кайиданын” калдыктарын жок кылуу менен гана алектенбестен жергиликтүү элге гуманитардык жардам берип жатканын далилдейт деп эсептейт.
Дагы жүктөңүз