Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Борбор Азия

Милиция аянычтуу абалда иштеп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринин коронавирусту жуктуруп алганы жалпы кесиптештерин кооптонтуп жатат. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлеринин көпчүлүгү вирустан коргой турган каражаттар менен камсыздалган эмес. Жумушка дагы автобуска жык толуп барып жатышыптыр. ИИМ жетекчилиги тамак-аш маселесин да толук чечкен эмес. Бүгүнкү күндө милициянын курсагын жарандар тойгузуп жатат. Көчөдө кызмат өтөп жаткан кызматкердин бири атын атабай, милициянын азыркы кырдаалдагы абалын, көйгөйүн "Азаттык" радиосунун кабарчысына айтып берди.

Кыргызстан тарыхы бир жактуу чагылдырылган ханзуча макала toutiao.com барагында жарык көргөн. 20.9.2016.
Кыргызстан тарыхы бир жактуу чагылдырылган ханзуча макала toutiao.com барагында жарык көргөн. 20.9.2016.

Айрым кытайлык жана башка интернет макалаларындагы Борбордук Азия тарыхын бурмалоолор тууралуу тарыхчынын блогу.

Жаңы таажы вирусунан улам пайда болгон илдет жөнүндө кабатырланып жаткан чагыбызда капысынан “темалык жаңы жем” табылды да калды: коңшу Казакстандын бийлиги Кытайдын тышкы иштер министрлигине Казакстандын тарыхына карата бурмалоо аракетине нааразылык билдирип, нота жөнөттү.

Ушул окуяга удаа казакстандык блогчу Сержан Биляш уулу да toutiao.com сыяктуу айрым кытайлык интернет барактарында кыргыз тарыхы бурмаланып жаткандыгы жаатында кенен баяндап берди.

Казакстандык боордоштордун сөздөрүнүн чоо-жайын баяндап отурбайын, бул шилтемеден өзүңүздөр эле окуй аласыздар:

Биз аталган toutiao.com деген барактагы ханзу тилинде чыккан макаланын англисче котормосу менен кылдат тааныштык. Ал кытайлык туристтерди жана башка окурмандарды Кыргызстанга кызыктыруу максатында 2016-жылы 20-сентябрда жазылган популярдуу (б.а. илимий жана саясий эмес) макала болуп чыкты.

Бул интернет барак эч кандай расмий мекемеге таандык эместиги анык. Макаланын автору өз ысымын да жазган эмес.

Интернеттеги ханзуча популярдуу макаланын бөлүгү. 20.9.2016.
Интернеттеги ханзуча популярдуу макаланын бөлүгү. 20.9.2016.

Макаланын чубалжыган узун аталышы “Борбордук Азиядагы өлкө: Анын тургундары өздөрүн хан доорундагы генерал Ли Линдин урпактары санашат жана жергиликтүү калайык кытайлык товарларды колдонгонуна сыймыктанат” деп берилген экен (中亚一国:国民说自己是汉将李陵的后代,当地人以用中国商品为荣).

Ушул жамаагаттык (популярдуу) макалада бул борбордук азиялык өлкөнүн аты Кыргызстан болуп саналат делет жана, Сержан Биляш уулу туура сындагандай, байыркы Хан жана орто кылымдардагы Тан сулалелеринин (династияларынын) доорундагы карталарга карасак, азыркы Кыргызстандын аймагы ошол кездери Кытай мамлекетинин аймагына таандык болгон экен деп жазылып турат:

这个国家的名字叫吉尔吉斯斯坦. 如果大家仔细看一下汉唐的地图,如今吉尔吉斯斯坦地区是属于中国版图的。

Ал эми чыгыш таануучулардын калыс баасына келсек, Кыргызстандын аймагы хун доорунда да (анын ичинде Усун, Паркана, Каңгы мамлекеттеринин тушунда), эфталиттердин жана Түрк каганаттарынын (Улуу Түрк, Батыш Түрк, Түргөш каганаттары, Карлук жабгулугу) доорлорунда да Кытайдагы мамлекеттерден эгемен болгон (аскердик жортуулдар маалында убактылуу сүңгүп келүү –– аймакты биротоло басып алууга жатпайт; маселен, эмир Темир деле Теңир-Тоого далай согуштук жүрүш жасаган, бирок өзү “жете” деп атаган тоолук көчмөн элди биротоло багынта алган эмес).

133-хижра жылы зу-л-хижжа айында (751-жылы июлда) Талас суусунун өрөөнүндөгү Атлах шаарынын жанындагы ири салгылашууда жергиликтүү түрк көчмөндөрү Арап халифатынын аскерлерин колдоп, чыгыштан жортуулдап келген Тан сулалесинин аскерлерин ири жеңилишке дуушарлантканын арап тарыхчысы Ибн ал-Асир ж.б. таасын белгилешкен.

Теңир-Тоо түрк калктары Атлах салгылашуусунан кийин деле Арап халифатына да, Тан сулалесине да баш ийген эмес. Албетте, Улуу Жибек жолунун таманында жайгашкан бул аймактагы шаарларда Чыгыштан да, Батыштан да улам самсып келген ар кыл этноско таандык соодагерлер убактылуу байырлап турушкан. Алар үчүн кербен сарайлар болгон.

Ислам динин 10-кылымда расмий дин катары кабыл алган Карахандар каганаты жана андан кийинки мамлекеттердин бардыгы тең Кытайга эч качан баш ийген эмес.

(Карахандардын түндүк борбору –– Баласагын шаары болгон. Азыркы "Бурана" музей комплексинин аймагы Баласагын шаарынын урандыларында жайгашкан).

Тарыхчылардын эл аралык жыйынынын катышуучулары Бурана музей-комплексинде. 16.9.2016.
Тарыхчылардын эл аралык жыйынынын катышуучулары Бурана музей-комплексинде. 16.9.2016.

Улам Кыргызстан аймагына басып келген элдер –– кара кытай, найман, монгол, ойроттор өздөрүн Кытай мамлекетинин өкүлдөрү деп эч санабастан, эгемен элдер болушкан.

Албетте, Кытайдын байыркы жана орто кылымдардагы сарай тарыхчылары кытайлык императорлор бул мамлекетке баш ийбеген өлкөлөрдүн далай элчилерин кабыл алгандыгын чагылдырышкандыгы жана айрым учурда сырткаркы элдердин төбөлдөрүнө “Кытайга багынгандар” деп жалган титулдарды таңуулап жаза бергендери маалым.

Көөнө доорлордогу Чыгыш Евразия тарыхын калыс чагылдыргандардын арасында Кытайдын өзүнүн тарыхчы илимпоздору да бар экендигин баса белгилей кетелик.

Маселен, 2019-жылы бээжиндик тарыхчы, профессор Ю Тайшандын кыргыз таануудагы чоң ачылышы тууралуу оболу апрелде учкай айтылып, андан соң кеңири илимий чөйрөгө кытай тилинде жарыяланды.

Профессор Ю Тайшандын илимий ачылышынын мазмуну 2019-жылы июнда Бишкекте кыргыз жана кытайлык тарыхчы окумуштуулардын биргелешкен илимий жыйынында расмий түрдө тааныштырылды.

Сыма Цян (б.з.ч. 145- же 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн).
Сыма Цян (б.з.ч. 145- же 135-жылы туулган, б.з.ч. 86-жылы өлгөн).

Бул макаласында профессор Ю Тайшан байыркы кыргыздар тууралуу алгачкы маалымат Хан сулалеси доорундагы айтылуу тарыхчы Сыма Цян өзүнүн “Ши цзи” –– “Тарыхый баяндар” чыгармасында эскергендегидей, б.з.ч. 201-жылдагы окуяларга таандык болуп гана чектелбестен, б.з.ч. 10-кылымда (б.а. мындан дээрлик 3 миң жылдай мурдагы мезгилде) болуп өткөн окуяларга да барып такалат деп сунуштады.

Эң башкысы, ошондо да эң көөнө Кыргыз мамлекети байыркы кытай падышалыктарынан эгемен болгон!

Биз талкуу кылган toutiao.com барагынын жогорудагы жамаагаттык макаласында Тан доорундагы залкар акын Ли Бай (Ли Бо) мырзанын туулуп-өскөн шаары Кыргызстанда жайгашкан деп эскерилет.

Бул –– өтө кызыктуу маалымат. Чүй боорундагы айтылуу Суйаб шаары (азыркы Ак-Бешим шаар чалдыбары) реформачы акын Ли Бай туулган шаар болгон деген жоромол жок эмес.

Тек гана кошумчалаарыбыз, ханзу тарыхчылары акын Ли Бай туулуп-өскөн шаар катары Кытайдын ичкерки ар кыл чөлкөмдөрүндөгү шаарларды (анын ичинде, маселен, Гансу аймагындагы шаарды) божомол кылып белгилеп келишет. Демек, бул жаатта биротоло тыянак чыга элек.

Ушул toutiao.com барагындагы жамаагаттык макалада байыркы доордо Хан сулалесине каршы айыгыша согушкан Хун дөөлөтүнүн тарабына өткөн ханзу колбашчысы Ли Лин тууралуу учкай айтылып, кыргыздар өздөрүн анын урпактары катары санашаары да баяндалган.

Тагыраагы, колбашчы Ли Лин эгемен Хун мамлекетинин теңир куту тарабынан хундарга баш ийип калган кыргыздардын чогуу-чаран жамаатташып (компакттуу) жашаган мекенин хун теңир кутунун жергиликтүү төбөлү катары бийлеп калган (биздин пикирибизде, Юлий Худяков жана башка заманбап авторлор бул аймакты Чыгыш Теңир-Тоодогу Манас дарыясынын алабынын айланасында деп туура көрсөтүшөт).

Ли Линдин кыргыздардын журтунда жашап калгандыгы жөнүндө маалымат 840-жылдардагы эгемен Улуу Кыргыз каганаты менен Тан сулалесинин өз ара дипломатиялык алакалары чагылдырылган документтердеги уламышта айтылат.

Бул уламышка караганда, б.з.ч. II кылымдын соңу – б.з.ч. I кылымдын башында жашаган Ли Лин кыргыздардын аймагын хун теңир кутунун өкүлү катары башкарып, кыргыз салтын кабыл алып, анан бара-бара анын урпактары кыргыздашып кеткен.

Тан доорундагы ханзу уламышында кыргыздар көзү көк, чачы сары келишет, ал эми кыргыздардын арасындагы көзү кара, чачы кара топ болсо кыргыздашып кеткен ханзу генералы Ли Линдин урпактары болуп саналат, деп айтылат.

Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору профессор Мамбеттурду Мамбетакун).
Кыргыз тарыхына арналган ханзу жылнаамаларынын үзүндүлөрү. Үрүмчү, 2014-жыл. (Кыргызчасынын редактору профессор Мамбеттурду Мамбетакун).

Чынында да, кыргыз элинин “Манас” эпосунда кыргыздашып кеткен теги кытайлык баатыр –– Алмамбет эскерилет. Анын байыркы прототиптеринин бири колбашчы Ли Лин болгондугу ыктымалдан алыс эмес.

Эми кайсы бир интернеттеги ханзу тилиндеги жамаагаттык (популярдуу) макаланын текстиндеги мүчүлүштүк үчүн Кыргызстандын өкмөтү Кытайдын өкмөтүнө атайын нота жибериши зарылбы? деген суроого келсек.

Бир жагынан, популисттик маанайда (шайлоо өнөктүгү же башка себептерге байланыштуу калайыкка көрүнүп калуу үчүн) ушундай нота жиберүү аркылуу айрым саясатчылар популисттик упай алуусу мүмкүн.

Экинчи жагынан, бээжиндик профессорлор Ю Тайшан, Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң сыяктуу Кытайдын өзүнүн калыс тарыхчылары, этнографтары жана башка адистери жогорудагы макалада айтылгандай популисттик бааны четке кагып, кыргыз тарыхын 3000 жылдык тарых катары тастыктап, байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхы, кыргыздардын маданияты, диаспорасы, эпостору ж.б. жаатында оригиналдуу ханзу булактарын иргеп жана жаңыча жарыялоодо кыргызстандык тарыхчылар менен тыгыз кызматташып жатышкан чакта, илимий эмес макалага байланыштүү мындай нотаны жөнөтүүнүн өзү нонсенс катары бааланышы деле мүмкүн.

Айтмакчы, ханзу тилин мыкты билген кытайлык (бээжиндик) кыргыз адистер (Жаркын Турсун, Адыл Жуматурду, ж.б.) биз менен маектеринде кыргыз тарыхын дагы 800 жылдай байыркыраак доорго тереңдеткен профессор Ю Тайшанды мыкты адис катары баалашты. Демек, анын бүтүмү, эгерде аны башка да синологдор колдочу болсо, академик В.В.Бартольддун доорунан берки эң ири ачылыштардын бирине жатат.

Бул жаатта кыргыз кесиптештери аны жигердүү колдоого тийиш деп ойлойм.

Керкисинде да, кемигинде да бар дүйнө...

Эскерте кетсек, фолк-хистори деңгээлиндеги жамаагаттык (популярдуу) эмгектер аркылуу чыгыш тарыхын, анын ичинде кытай тарыхын бурмалоо Кыргызстандын өзүндө деле орун алып жатат.

Т.Токтогазиев “хан Манаска таандык” деп сунуштаган сүрөт тууралуу Наталья Токова айым Фейсбук барагына жазды. Иш жүзүндө бул сүрөт –– манчжур ханы Нурхацинин бурмаланган сүрөтү. 02.3.2018.
Т.Токтогазиев “хан Манаска таандык” деп сунуштаган сүрөт тууралуу Наталья Токова айым Фейсбук барагына жазды. Иш жүзүндө бул сүрөт –– манчжур ханы Нурхацинин бурмаланган сүрөтү. 02.3.2018.

Маселен, алатоолук журналист Темирбек Токтогазиев кыргыздар тээ Чыңгыз хандын дооруна чейин эле беш Бээжинди каратып алышкан деген өз жомогун “далилдеш” үчүн Кытайдын түндүгүн манчжур өкүмдары Нурхаци четинен каратып ала баштаган доордогу сүрөттөрдү ак калпак кийгизип бурмалап, бир нече кылымга “эртелетип” жана фотомонтаж аркылуу “кыргыздаштырып” салганы жалганбы?

Дагы бир жердешибиз, жазуучу Чоюн Өмүралиев аксакал болсо ханзу элине иероглиф жазмасын кыргыздар үйрөткөн дегендей маани камтылган чо-оң китеп жарыялады.

Илимпоз эмес калемгерлер жазган ошол сыяктуу жалган жоромолдор үчүн Кытай өкмөтү бизге эми нота жөнөтсө, өзү күлкүгө калаар?

Ал эми Казакстандагы “Чыңгыз хан нагыз казак болчу” деген жоромолдорго же мурдагы депутат Бегиш Ааматовдун “Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген пикирине карата Монголия мамлекети расмий Астана менен расмий Бишкекке нота жибердиби?

Же болбосо, тилчи профессор Амангелди Бекбалаевдин популярдуу эмгегинде (Бекбалаев А.А. Аттила –– предок кыргызов: научно-популярный исторический очерк. –– Бишкек: КРСУ, 2011. –– 115 бет) камтылган фолк-хисторилик маалыматты андан ары чоюп, Шамшы ашуусунда табылган байыркы казынадагы археологиялык табылгалар менен Германиядагы археологиялык табылгалар окшош экен, демек, Батыш Европадагы бул табылгалар байыркы германдарга эмес, кыргыздарга таандык болчу деген жоромолду таркаткандыгы үчүн Германия расмий Бишкекке нота жиберсинби?

Атаганат, президент Путиндин Байыркы Рус заманындагы чыгыштан келген печенег элине акаарат айткандыгы үчүн кайсы-бир түрк тилдүү өлкөнүн башчылары Кремлге нота жибергендей кырдаал болоор бекен? Сыягы, чыгыш славяндарга деле бир бөлүгү жуурулган көөнө печенегдердин таламын талашкан андай популист мамлекет башчы деле түрк өлкөлөрүнөн оңой менен чыкпайт ко...

Ал эми айтылуу Адам Ата өзү казактардан келип чыккан деген жоромолду айткан азыркы казак илимпозуна каршы бүтүндөй БУУнун атынан нааразылык нота жиберилээр беле?

Сыягы, бул соңку кошумчаларым теманы аргасыздан азилге айлантып жиберди көрүнөт.

Тарыхнаамага кайрылчак, чынында да Кытайдагы "маданий ыңкылап" маалында Евразиядагы тарыхты бурмалап, гегемончул маанайда жазган кытайлык тарыхчылар болгон. Аларга жооп жазабыз деп жатып, советтик кыргызстандык сынчылар өздөрү кыргыз тарыхын бурмалап, Энесай Кыргыз каганаты доорунан баш тартууга өтүшкөнү деле эсте.

Ал кезде КЭРдеги нечендеген нагыз тарыхчы илимпоздор “кайра тарбиялоо жайларында” жүрүштү. Ал түгүл айтылуу реформатор Дэн Сяопин деле, Какшаалдагы кыргыздын залкар манасчысы Жусуп Мамай деле сүргүндө жүрүп запкы чегишпеди беле!..

Эми болсо Кытайдын чыгыш таануучулары, түркологдору жана тарыхчылары эл аралык карым-катнаштарын жигердүү уюштурууда. Ошол эле кытайлык чыныгы илимпоз адистер өз өлкөсүндөгү тарыхты жеңил-желпи бурмалаган жергиликтүү фолк-хистори өкүлдөрүнө татыктуу сын айта алат деп ишенебиз.

Мыкты окумуштуу адистердин арасында Үрүмчүдөгү кыргыз окумуштуулары Мамбеттурду Мамбетакун, Аскар Жунус ж.б. бар. Алар үрүмчүлүк кыргыз тарыхчысы, ыраматылык Анвар Байтурдун илимпоздук жолун ырааттуу улантып келгени белгилүү (учурда алардын соңку тагдыры тууралуу маалыматыбыз дээрлик жокко эсе).

Бир кезде ойчул жана жазуучу атабыз Чыңгыз Айтматов “Ысык-Көл шеринесин” уюштуруп, Батыш жана Чыгыш менен коммунисттик Евразиянын ортосундагы айдыңдык көпүрөнү түптөөгө чыйыр салган.

Азыркы кыргыз-кытай айдыңдык кызматташтыгы ошол көп тарамдуу жана көп жээктерди байланыштырган көпүрөнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

Мунун далилдеринин бири –– кыргыздын даңазалуу “Манас” эпосунун кытайлык опера сахнасындагы салтанаты (анын либреттосун бээжиндик профессор Адыл Жуматурду жазган).

Мен чакан макаламда жеке пикиримди гана билдирдим.

Ханзу тилин жана булактарын изилдеп жаткан Муратбек Иманалиев, Таалайбек Бейшеналиев, Кубан Жусаев, Александр Кадырбаев, Жаркын Турсун, ошондой эле Юлий Худяков, Астай Бутанаев, Барбара Келлнер-Хайнкеле, Булат Көмеков, Абылабек Асанканов, Ташманбет Кененсариев, Али Жйөн, Муратбек Кожобеков, Бакыт Аманбаева, Кадича Ташбаева, Кыяс Молдокасымов, Сынару Алымкулова, Кубат Табалдыев сыяктуу тарыхчы, булак таануучу, алтай таануучу, чыгыш таануучу, археолог, этнолог жана башка замандаштарыбыз да макалада талкуу кылынган көйгөйлөр боюнча өз ойлору менен бөлүшөт ко деп үмүттөнөм.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG