“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
«Экстремисттик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн» жазаны күчөтүүнү караштырган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште добушка коюлуп, өткөн жок. Бул долбоор бийликке саясий оппоненттерин куугунтукка алууга жакшы курал болуп берет деген пикирин билдирген айрым депутаттар мыйзам кабыл алынышына каршы турушту.
Кечээ Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны аяктады. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тарап Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турган Чоңалай тоолорунун кыры менен өтө турган чегара сызыктарын жазуу иштерин баштады. Ал эми талаш аймактар боюнча тараптар дагы деле орток пикирге келе алышкан жок.
Бүгүн Жогорку Сот №39 Куршаб шайлоо округундагы талаш боюнча ишти кароону баштады. Биринчи Май райондук соту тарабынан Санжар Кадыралиевди депутат деп таануу тууралуу БШКнын чечими 6-октябрда жокко чыгарылган эле. Буга нааразы болгон Санжар Кадыралиев жана БШК райондук соттун чечимин жокко чыгаруусун өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылышкан. Ошол эле учурда аталган сотко Мамат Орозбаев Биринчимай райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу арызы менен кайрылган.
Бүгүн Бишкекте “Реформа үчүн” кыймылына кирген коомдук-саясий уюмдардын демилгеси менен уюштурулуп жаткан улуттук форум өтөт. Ага президент менен премьер-министр да чакырылган. Уюштуруучулардын сөзү боюнча, форум 2-ноябрда болуучу митингдин жана мөөнөтсүз нааразылык акцияларынын алдында бийлик менен оппозициянын бир пикирге келишүүгө жасаган дагы бир жолку аракети болмокчу.
26-сентябрда “Манас” аэропортундагы учактардын кагылышуусу аталган аэропорттон антитеррордук коалициянын авиабазасын четтетүү тууралуу талаптардын кайрадан көтөрүлүшүнө негиз болуп берди. Мындай талап ээлери согуштук авиабаза эларалык “Манас” аэропортунун келечегине залал тийгизет деп эсептешет.
Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары бүгүн аяктады. Ташкенде Курманбек Бакиев менен Ислам Каримов коңшулаш эки мамлекеттин ортосунда экономикалык жактан кызматташуу, террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү келишимдерине кол коюшту. Айрым талдоочулар Курманбек Бакиевдин Өзбекстанга жасаган расмий сапары эки өлкөнүн мамилесинин чыңдалышына алып келеби же эки президенттин өз ара алакасынын жакшырышына эле өбөлгө түздүбү деген суроону коюшууда.
Кыргызстандагы коммунисттик доордон кийин өз алдынча болуп түзүлгөн алгачкы саясий партия—“Эркин Кыргызстан” партиясынын түзүлгөнүнө он беш жыл толду. Он беш жыл ичинде сексен сегиз партия түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөн. Учурда алардын айрымдары гана иштеп, көпчүлүгү коомчулукка таанылбаган бойдон калды. Муну айрым саясат изилдөөчүлөр өлкөдө саясий партиялардын күчү, ээлеген орду жоктугунан улам деп белгилеп келишет.
Президент Курманбек Бакиевдин 28-сентябрь күнү жалпы элге жасаган кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Айрым саясатчылар кайрылуу баягы эле куру сөз, кургак убада болуп калды деген пикирлерди айтышууда. Ошол эле учурда тескерисинче президентти толук жактагандар да бар.
“Манас” аэропортундагы эки учактын кагылышуу себептерин изилдөө боюнча жумушчу жана өкмөттүк комиссиялар түзүлдү. Кечээ кечинде “Манас” аэропортунда “Кыргызстан” аба компаниясына таандык, жүргүнчүлөрдү ташыган ТУ-154 үлгүсүндөгү учак менен АКШ куралдуу күчтөрүнүн май куйуучу КС-135 үлгүсүндөгү учагы кагылышып, өрт чыккан. Бул кырсыкта адам өмүрүнө залал келген жок. Кагылышууда оң канатынан жабыркаган ТУ-154 маркасындагы учак Кыргызстандын президентин алыскы сапарларга ташыган жалгыз учак экен.
Эл аралык Хельсинки уюмунун акыркы белгилөөсү боюнча Кыргызстан эң коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кирет. Жаңы бийликтин келиши менен жең ичинен жеп-ичмей, тууганчылык, жердешчилик азаймак тургай, кескин өсүп кетти деген сын-пикирлер акыркы убактарда көп айтыла баштады.
Акыркы убактарда күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдагы кичиавтобустарда жүрүү акысын көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Учурда борбор калаабызда бензиндин баасы 22 сомдон 25 сомго чейин, ал эми дизелдик күйүүчү майдын бир литри 21 сом турат. Бишкек шаардык департаменти да бул маселени кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилөөдө.
Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору алмашкан жатат. Аны келишимге ылайык Кыргызстандык жана Түркиялык окумуштуулардан жана жетекчилерден түзүлгөн камкордук кеңешинин сунушу менен Кыргызстандын президенти бекитет. Учурда кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректорлук оруну талашка түшүп жаткандыгы айтылууда.
Президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча түрдүү пикирлер бар. Президенттин бүгүнкү сөзү, депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, ага каршы жасалган чагымды уюштургандарды таап жазалоо аягына чыкпай тургандыгын билдирип койду.
Адам укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияларга кол койгон бардык мамлекеттер келишимдердин аткарылышы тууралуу мезгили менен БУУга отчет берип турууга милдеттүү. Кыргыз бийлиги мурда айрым бир конвенциялар боюнча отчет берүүнү кечиктирип келген болсо, 2006-жылдан тарта Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча кабыл алган бардык конвенциялар тууралуу маалымат берген эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште атайын чакырылган парламенттик угууда маалымдалды. Айрым укук коргоочулар бул көрүнүштү өлкөнүн адам укугун коргоо жаатында артка чегинип жатканы катары сыпатташууда.
Өлкөнү үч көтөргөн “Матрешка” операциясынын башында президенттин бир тууганы Жаныбек Бакиев турганын парламенттик комиссия аныктап чыккандан кийин бийликке оппозицияда турган депутаттар президент менен премьер-министрдин кызматтан чегинишин талап кылууга өтүштү. Парламенттеги көпчүлүк бул талапты колдойбу же президентке жан тартып, ызы-чууну басканга аракет кылышабы, аны бейшембидеги добуш берүү көрсөтөт. Ал ортодо Жаныбек Бакиев кечээ кечинде улуттук сыналгы (МТРК) аркылуу чыгып сүйлөп, өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке какты.
Маңзатка байланыштуу чыр менен Польшада камакка алып, сот тарабынан акталган ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн түнкү саат үчтө Бишкекке келип конду. Аны кесиптештери Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков, вице-спикер Тайырбек Сарпашев, партиялаштары жана башка жарандык коомдун өкүлдөрү тосуп алышты. Өмүрбек Текебаев аэропортто өзүн тосуп алган эл менен сүйлөшө алган жок. Бирок Жогорку Кеңештин имаратынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Мындан беш жыл мурун 11-сентябрда АКШда болгон ири террордук акцияга байланыштуу эскерүү бүгүн “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык аскер аба базасында өттү. Ага президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилер, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович жана коалициянын аскерлери катышты. Кыргыз президенти Борбордук Азия аймагында терроризм коркунучу тыйыла электигин, ошондуктан дайыма кыраакы болуу жана чечкиндүү аракеттерге даяр туруу керектигин баса белгиледи.
Конституциянын долбоору боюнча дагы деле кызуу талаш-тартыш уланууда. Коомчулукту долбоордун мындан аркы тагдыры жана башмыйзам кандай жол менен кабыл алынат деген суроо кызыктырып жатат. Бул маанай конституциялык реформа боюнча АКШнын Улуттук демократиялык институтунун көмөгү менен бүгүн өткөрүлгөн жыйында да ачык билинди.
Адистештирилген прокуратураны жоюудан чыккан нааразылыктар жана акыркы убакта өзүнө карата айтылып жүргөн сын-дооматтар боюнча башкы прокурор Камбаралы Конгантиев өзүнүн жообун берди. Анын айтуусунда реформа мыйзам чегинде, прокуратура тармагын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн. Баш прокурорго каршы чыгып аткан бир катар кесиптештери аны жеке кызыкчылыгы үчүн эле адистештирилген прокуратураны жоюп жиберди деп айыптап келишет.
Окумуштуулардын айтымына караганда, эмгекке жарамдуу калктын 18% мигрант катары чет өлкөлөргө кеткен мамлекетти жок болуп кетүү коркунучу күтүп турат. Кыргызстандын миграция комитетинин маалыматы боюнча учурда көр оокаттын айынан сыртта жүргөн элдин саны 12% ашты.
Дагы жүктөңүз