Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Экономика

Чолпон Орозобекова, Бишкек «Кумтөр» алтын кенинде иштеген жергиликтүү жумушчулар эмгек акыны жогорулатууну талап кылып, 19-декабрдан бери иш таштоону улантууда. «Кумтөр оперейтинг компанинин» жетекчилиги болсо алардын талаптарын чектен ашкан аракет катары баалап, иш таштагандар менен сүйлөшүүлөрдү эки күндөн бери жүргүзүп атат.

19-декабрда эртең мененки саат алты жарымда жергиликтүү жумушчулардын бир тобу айлыкты кескин көтөрмөйүн жумушка чыкпайбыз деп билдиришкен. Аларга тоо жумуштары башкармалыгына караштуу калган жумушчулар да кошулушту. Ошентип эки күндөн бери кендин бул тармагында иш токтоп турат десек болот.

“Кумтөр оперейтинг” компаниясынын басма сөз кызматы билдиргенге караганда, эмдиги жылга карата эмгек келишимин түзүш үчүн бул маселе боюнча талаш жарым жылдан бери уланып келатат. Жумушчулар кыргыз өкмөтүнүн тоолуу аймак катары кошумча коэффицент төлөп берүү тууралуу токтомуна таянып, маянаны көбөйтүү талабын коюп жатышат.

Ысыккөл дубанындагы “Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Эркингүл Иманкожоева жумушчулардын талаптарын колдойт. Жергиликтүү жумушчулар кендин эң зыяндуу жана кооптуу жерлеринде иштешет, бирок ошол эле компанияда иштеген чет элдиктерден 100 эсе аз айлык алышат дейт:

- 3 миң метр бийиктикте иштеп атышат. Дүйнөлүк стандарт боюнча андай бийиктикке чыккандан кийин 10 күнчө адаптация болуп анан иштей башташы керек. Бирок, алар бараары менен дароо жумушка киришишет. Кан басымынын өйдө- ылдый болушуна, ден-соолуктун начарлашына алып келет. Биздин жумушчулар эң оор жерлерде иштешет. Ошондуктан буларга канадалык компания кошумча компенсация төлөп, же маянасын көбөйтүшү керек,-дейт Эркингүл Иманкожоева.

“Кумтөр" ишканасынын Бишкектеги кеңсесинен бүгүн жетекчилик шашылыш кенге барып, сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз катчысы Сергей Дедюхин билдирди.

Кыргызстанда учурда орточо айлык 1500 сом. Ал эми Кумтөрдө иштегендер 15 күн иштеп, 15 күн эс алууга чыгышат. Ошондо айлыктары 12 миңден 20 миң сомго чейин. Айрым байкоочулар бул Кыргызстандын азыркы шартында чоң эле акча дешет.

Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев маселенин мындай жол менен чечилишине каршы:

- Бул маселеге өтө этият мамиле жасаш керек. Бул жумушчулар чет элдиктердин айлыгынын көптүгүнө, негизги оор жумушту жасаган жергиликтүү жумушчулардын айлыгы аздыгына арданып атышат. Бирок, Кыргызстанда айлыктын өлчөмүн карап көрсөңөр. Ага караганда булар 6-7 эсе жогору алып атышпайбы, ошондуктан так бирдеме деп айтыш кыйын болуп турат,-дейт Орозбек Дүйшеев.

“Кумтөр” компаниясы билдиргенге караганда, бул иш таштоо кендин геологиялык чалгындоо, административдик, тиричилик тейлөө жана башка техникалык бөлүмдөрүнүн ишинин токтошуна апкелген жок. Азырынча канадалык компания жергиликтүү жумушчулардын талабын эске алабы же жокпу белгисиз. Бирок, тоо шартындагы иштердин эмгек акысына коэффицент төлөө боюнча кыргыз өкмөтүнүн чыгарган чечимин талашып, "Кумтөр" компаниясы сотко кайрылган, ал учурда Эл аралык арбитраждык соттун кароосунда жатат.

Кубанычбек Жолдошев, Ош “Ишкер” коомдук бирикмеси Караcуу базарында ири өлчөмдө салык жашыруу, ишкерлердин укугун басмырлоо жана өрт коопсуздугуна шалаакылык менен мамиле кылуу сыяктуу мыйзам бузууларга байланышкан кылмыш иштерин кечендетип, укук коргоо органдары жемкорлукка көз жуумп жатат деп айыптаган билдирүү таркатты.

“Ишкер” коомдук бирикмесинин активисттери Караcуу базарындагы мыйзамсыз фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери алиге чейин сотко өткөрүлбөй, жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан жаап-жашырылып жатат деген билдирүү менен коомчулукка кайрылуу жасашты. Анда Караcуудагы базардан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелердин башында Акүйгө жакын адамдар тургандыгы жана ошондон улам тергөө органдары көз жумдулукка барып жатышкандыгы айтылат.

- Салыкка түшө турган акчалардын бирөөлөрдүн чөнтөктөрүнө түшкөндүгүн эсептеп чыкканда 6 млн. акча мамлекетке түшпөй калган. Ушундай иш козголду. Ал ишти ички иштер бөлүмүнүн башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди деп 26-июнда бизге билдирилген эле. Бирок мына азыр декабрь болуп атат, эч кандай алгылыктуу жыйынтык чыкпай атат, - деди «Ишкер» коомдук бирикмесинин төрайымы Шарапат Мажитова.

«Ишкер» коомдук бирикмесинин активисттери ири өлчөмдө салык жашыруу, өрт коопсуздугуна шалаакылык менен мамиле кылуу жана базардын айланасындагы жер участокторун мыйзамсыз сатуу боюнча алты ай мурун козголгон төрт кылмыш ишинин бири да сотко өткөрүлбөстөн жаап-жашырылып жаткандыгын белгилешти. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары Ураим Ташиев бир катар негиздүү жана негизсиз себептерден улам тергөө иштери кечеңдеп жаткандыгын айтып мукактанды:

- Адамдардын табылбай атканына байланыштуу анча-мынчасын соттун кароосуна жөнөттүк. Соттун кароосуна жөнөтүш үчүн даярдалып аткан иштер бар.

Ошол эле учурда «Ишкер» коомдук бирикмесинин текшерүү комиссиясынын жетекчиси Роза Тойгонбаева бүгүнкү күндө базар жетекчилиги өтмөк жолдорго чейин соода контейнерлерин коюп салгандыктан өрт коопсуздугун сактоо бир кыйла кыйынга туруп калгандыгын айтып, мындай ашкере жемкорлукка чара көрө турган мамлекеттик органдар унчуга албай тургандыгын белгилеп өттү:

- Ошону биз далилдеп көрсөтөбүз. Барсын, комиссия түзүлсүн. Биз азыр эл өтчү жолду ача албай кыйналып атабыз. Эгерде бир нерсе боло турган болсо ал жактан адамдар чыкпай калат. Салык чогулткан балдар айтып атат, мунун үстүндө Акматбек Келдибеков турат деп, - деди Роза Тойгонбаева.

Ишкерлердин аталган бирикмесинин дагы бир активистти Саулет Өмүрзакова учурда март окуяларынан кийин мамлекеттин эсебине өткөрүлдү деген базардын айрым бир бөлүктөрүн кайрадан жеке менчик колго өткөрүү боюнча аракеттер да жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, анын артында бийликтин күчүнө ишенген ишкерлер тургандыгын билдирди:

- Эмне себептеп Баямандан эл базары болуп элге өткөрүлсө, кайра менчик фирма кылып, Жолборско ал жер сатылат? Канча акчага сатылды? Биз мүлк фондусуна барганыбызда ал жерде айтылган, бул мамлекеттин эсебинде, эгер сатыла турган болсо аукцион боюнча сатылат. Бул бир ай мурда элге жарыяланат, акчасы мынча деп. Эч ким эч нерсе билбейт. Июнь айында сот менен сүйлөшүп туруп бул жерди бөлүп сатып алышыптыр, - деген оюн билдирди Саулет Өмүрзакова.

Буга чейин Караcуу базары мамлекет казынасына 97 миң сом салык төлөп келген жана бир катар текшерүүлөрдөн соң аталган сумма 247 миңге көтөрүлгөн. Ишкер коомунун активисттери алар төлөп жаткан салыктар төкпөй–чачпай казынага жете турган болсо айына бир миллион сомго чейин элдин пайдасына Караcуу базарынын эсебинен киреше түшүшү мүмкүн эле деп ойлошот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG