Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Экономика

Элеонора Бейшенбек кызы Бишкекте ХИПИКке каршы жаштардын акциялары уланууда. 18-декабрда жыйырмадан ашык студент жана жаш саясатчылар форумунун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына чогулду. Алар Кыргызстан ХИПИК программасынан таптакыр баш тартуусу керек деген талапты коюшту. Ушул айдын он бешинде тышкы карызы чоң өлкөлөр үчүн программага кирүү шарттары боюнча Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта корунун миссиялары менен Кыргызстандын сүйлөшүүлөрү аяктаган.

Эгер кыргыз өкмөтү ХИПК программасына кирүү макулдугун берсе, өлкөдө чоң нааразылык толкундоолор башталат, дейт "ХИПИКке каршы чыгып аткан жарандык жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү.

“Ашар” коомдук кыймылынын мүчөсү Мирзаттын айтымында карызы чоң жарды өлкөлөрдүн программасына кирсе, Кыргызстан суу байлыгынан кол жууйт:

- ХИПК программасы бул биздин мөнгүлөргө, таза сууларга болгон чабуул. Негизги максат ошол. Биздин энергетика тармагыбызды көздөп жатат. Кыргыз элинин таз сууларын аңдып жатат.

Жаш саясатчы Элегия Мусаеванын айтымында кыргыз өкмөтү өзү койгон талаптар кабыл алынса гана кирет деген билдирүүсү жаңылыштык:

-Кыргыз өкмөтү биз ХИПКе кыргыздын шарттары менен киребиз деп айтып келатпайбы. Чындыгында бул андай эмес. Биз Дүйнөлүк Банктын, Эларалык валюта корунун расий сайттарына кирип карап көрсөк, ал жакта стандарттуу шарттар – триггерлер деп коет экен, ошол шарттар такыр өзгөрбөйт экен. Энергетика жана тоо-кен өнөр жайы менчиктештирилет экен. Ал эми бул эң талылуу, эң маанилүү маселелер.

ХИПИКке каршы болуп аткан жаштар бийликтин өзүнүн өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу программасы жоктугун айтып сынга алышууда. Бурулкан Абыкеева аттуу студент кыз Кыргызстан ХИПИКке кирүүгө макулдугун берсе, анда бийликти кетирүү туурасында ураандар жаңырмакчы:

-Эгер ХИПКке болбой, ушул беш киши өткөрө турган болсо, анда ал беш кишинин тагдырын беш миллион эл чечет да, кандай жол болбосун анда бул бийликтегилер сөзсүз кетет.

Ал арада ХИПИК программасы анчалык деле коркунучтуу эмес деген пикирлер да айтылып келет. “Демократия жана жарандык коом үчүн” бирикмесинин башчысы Эдил Байсалов программанын өзун туура эмес түшүнүп жаткандар каршы чыгып жатканын айткан эле:

-Толук маалымат албай туруп, жөн эле “ХИПИКке кирбейбиз эле кирбейбиз ” деп бакырып атабыз. Ошо ХИПИКке кирип калсак эле көз карандысыздыгыбыз бүтүп калчудай болуп. Бул толугу менен туура эмес маалымат.

Кыргыз өкмөту ХИПИКке кирүү шарттары өзгөртүлө турган болсо бул программадан баш тарта ала тургандыгын билдирген. Каржы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун маалымдашынча Кыргызстандын ХИПИКке кириши боюнча ырасмий жообу 2007-жылы март айында берилет.

ХИПИКкке каршы нааразылык акциялардын чоң толкуну 19-декабрда болгон жатат. Атайын ак калпак кийип, улуттук символикаларды көтөргөн жарандардын тобу “ХИПИКсиз Кыргызстан” деген ураан алдында Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чыгышмакчы.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага Тышкы карыздарды жеңилдетүүнүн ХИПИК программасына кирүүнүн шарттарынын өкмөт тарабынан жарыяланышы дагы коомдук пикирди азырынча өзгөртө албагандай. ХИПИКке каршылардын нааразылык акциясы Бишкекте улантылганы жатат, ага жапырт каршы пикирлер апта соңундагы жыйындарда айтылды. ХИПИКке каршы деген кыймылдын координаторлорунун бири Маматкадыр Акматов “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Оболу өзүңүздү угармандарга кыскача тааныштырып койсоңуз. Кесибиңиз ким, кайда иштегенсиз. ХИПИКке каршы кыймылдын координаторлугуна кандайча келип калдыңыз?

- Менин атым Акматов Маматкадыр, Ош шаарынан болом. Биздин түштүктө ХИПИК программасына кирээрде элдин каршы пикирлери аябай көбөйүп, Ош облусу, бүткүл элде түштүк региону боюнча ХИПИК программасына каршы турган адамдар координациялык совет түзүп, аны координаторлугуна мени шайлашкан. Ошондуктан ушул кызматты аркалашка туура келип калды. Түпкү кесибим бизнесмен, андан сырткары руханий, экономикалык жагына дагы байланышкан адаммын. Ошондуктан ушул ишке баш-отум менен киришке туура келди.

- Демек сиздер азыр Бишкектеги нааразылык акцияларга катышып жатасыздарбы?

- Ооба.

- Эми ХИПИКке кирүүнүн шарттары Кыргыз өкмөтү тарабынан өткөн апта соңунда жарыяланбадыбы, балким окуган чыгарсыздар. Демек сиздердин көз караш баары бир өзгөргөн эмес экен да?

- Ооба, азырынча өзгөргөн жок.

- Нааразылык акцияларды уюштуруп жатканыңыздарга канча убакыт болуп калды?

- Бир айдан ашып калды.

- Андан бери өкмөт үйүнө, каржы министрлигине, Улуттук банктын алдына барып жатасыздар. Ошол мекеменин адистери сиздер менен жолугуп, ой-пикирлер алыштыбы?

- Биз чакырганыбызда келишкен жок. Бирок, биз өзүбүз барып Акылбек Жапаров менен азырак учурашып калдык. Бирок, биздин пикирди алар көнүлгө алышкан жок.

- Нааразылык акциясын бүгүн да улантканы жатасыздарбы?

- Ооба, Бишкек шаарында улантабыз.

- Канча адам катышууда?

- Адамдар башында аз болчу. Биздин нааразылык акциябыз жыйынтыгын берет деп ойлойбуз, анткени эл түп көтөрүп кирише баштады. Алайда аялдар, кемпирлер өзүнүн пенсияларын чогултуп атышат. Ошто медиктер биз айлык маянасын бергени атат. Айрым медиктер ай сайын бир күндүк иш акысын которгону жатышат. Ал эми Карасууда бизнесмендер чыгышты, биз дагы кем калбастан мамлекетибиздин карызынан кутултууга салым кошобуз деп. Буга окшогон адамдар азыр аябай көбөйүп кетти.

- Демек, сиздер нааразылык акцияга гана чыкпастан, эл арасында да иш жүргүзүп жаткан турбайсыздарбы?

- Ооба. Элдин партриоттук кыймылы күч алды. Бул ХИПИК программасынын негизинде, андан сырткары элдик биримдик боло баштады. Мына мисалы, кечээги Элдик форумда оппозиция болсун, позиция болсун жалпы эле Кыргызстандын келечегине күйгөн адамдар чогула башташты.

-Сиздердин нааразылык акцияга милициянын мамилеси кандай болуп жатат. Сиздер менен чогуу жүргөн укук коргоочу Азиза Абдрасулова өткөн апта соңу сотко чакырылган эле. Демек милиция тарабынан козголгон иш сотко өткөрүлгөн сыяктуу? Андан кабарыңыз жокпу?

- Биз Ош тарапта ХИПИК программасынан кутулуунун жолдорун экономикалык негиз деп туруп, жалпы эле Кыргызстандын руханий экономикалык өнүктүрүү программасын элдик программасын сунуш кылып келдик. Бул жерде бул программа боюнча ХИПИК программасына кирбестен эле Дүйнөлүк банк жана Эл аралык фонддун таңуулаган программаларынын негизинде 2 миллиарддан ашуун биздин карыздын жок дегенде жарымын ХИПИКке киргизбей туруп жоюп беришин айтып келатабыз. Анткени, алар эл чарбасын талкалаган программасын бизге таңуулагандыктан жарымын жоюп берсе, ал эми жарымын биз Бишкек-Ош жолуна кетирген сыяктуу каражаттарды төлөп берүү жагын мойнубузга алалы деп атабыз. Ошондой эле бүткүл Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү жөнүндө программа иштеп чыгып, анын аткаруу механизимдерине чейин иштеп чыгып, анан ушул жерге келип элдин алдына сунуш кылып жатабыз.

Бул программа боюнча биз Кыргызстандын карызынан оңой-олтоң эле кутулуп кетсек болот дейбиз, анткени биринчи кезекте биз элдин патриоттуулук мекенчил сезимине ишенип жатабыз. Андан сырткары, Кудайга шүгүр биздин Кыргызстандын ар тараптуу жана экономикалык ыкчам өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрүбүз көп. Карыздан өз күчүбүз менен да кутулсак болот. Эң негизгиси бизидин коомдо, биздин мамлекетте билимдүү, пейили кең, мекенчил элибиз бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан бул жерде эң негизги катачылык эл чарбасын башкаруудагы кеткен көптөгөн каталарды оңдошубуз керек.

Биздин мамлекетибизде гүлдөп өнүккөн коррупция, паракорчулук, шалаакылык, ачкөздүк, чарбасыздык жетекчилерибиз арасында айрыкча гүлдөп өсүп кетти. Биринчи кезекте биздин элди башкарган майда чиновниктен баштап, жогорку жетекчиликке чейин өз рухтарын оңдоп, элге карай жүзүн буруп, элдин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон учурда, бизде мисалы, энергетика, соода, туризм, жеңил өнөр жай, финансы, электрондук өнөр жайды мыкты өнүктүрүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG