Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Экономика

Аманбек Жапаров,Бишкек 16-декабрда Бишкекте "Улуттук биримдик" кыймылы HIPCке каршы жыйын өткөрдү. Жыйындын катышуучулары аталган программага кирүү аракеттерин токтотуу, тышкы карыздардан кутулуу үчүн Эл фондун түзүүгө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн HIPCке кирүүнүн шарттары жөнүндө Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта корунун миссиялары менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка 15-декабрдагы билдирүүсүнө жарандык жана саясий уюмдардын өкүлдөрү каршы пикирлерин билдиришти.

HIPCке каршы жарандык коомдордун, бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган "Улуттук биримдик" кыймылынын жыйынына өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жүздөн ашуун адам катышты. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн дээрлик баардыгы өкмөттүн HIPCке кирүүнүн шарттары жөнүндө Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта корунун миссиялары менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка 15-декабрдагы билдирүүсүнө каршы пикирлерин билдиришти.

Ишкер Эркиндик Токтобаев HIPC программасына кирүүгө демилге көтөрүп чыккандар эл алдында жооп бериш керек деген сунушун айтты.

-Экономика жана каржы министрлиги, Улуттук банктын төрагасы жана башка бир топ кишилер президенттин башын айлантышып, ушул ХИПИКке киргенге кол койгонго сунуш кылып жатышат. Бул деген - кыргыз элине чыккынчылык. Ушулар эл алдында жооп берсин, деп алдын ала эскертишибиз керек,- деди Эркиндик Токтобаев.

Ал эми Ош ЭлТР коомдук телекомпаниясынын жетекчиси Кадыр Кошалиев өлкөдө жеке эле экономикалык кризис эмес руханий, идеологиялык жактан дагы кризис болуп жатканын белгиледи.

-Эмне үчүн биздин эл «итке минген» акыбалга келди. Себеби коомдо адилеттик жок. Бийликте болобу,өндүрүштө болобу, кадр тандоодо болобу-коомдо адилеттик жок болгондон кийин, бардык нерсенин кыйроосуна кетет. Өлкөдө жалгыз эле экономикалык кризис болуп жаткан жок. Руханий идеологиялык тукулжуроо болуп атат, -деди Кадыр Кошалиев.

ЮНЕСКО иштери боюнча өкмөт алдындагы улуттук комиссиянын төрагасы Жыпар Жекшеевдин пикиринде эл аралык каржы уюмдардын максаты Кыргызстанды атайын HIPCке киргизүү болуп эсептелген.

-ХИПИК өзүнөн өзү чыккан жок. Он беш жылдан бери мурдагы президент баштаган иштеринин баарынын залакасы азыр тийип атат. ХИПИК ошонун уландысы. Реформа деген шылтоо менен Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору ар кандай реформаны жүргүзөсүңөр, деп таңуулап отуруп, аягында мына ушул ХИПИКке такап койду бизди.

Жыйындын катышуучулары АКШ баш болгон бир катар батыш өлкөлөрү Кыргызстандын таза суусуна, кен байлыктарына, жаратылышына ээлик кылып алуу саясатын жүргүзүп жатышат деген көз караштарын айтышты.

Соңунда "Улуттук биримдик" кыймылы HIPC программасына кирүү аркеттерин токтотууну жана Кыргызстандын тышкы карыздарынан кутулуу демилгесин колдоп Эл фондун түзүүгө көмөк көрсөтүүнү, эл аралык каржы уюмдарынан мурда алынган акча каражатына ревизия жүргүзүп, ага тиешеси бар адамдардан төлөтүүнү талап кылып президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Келерки жуманын шейшемби күнү HIPCке каршы Жогорку Кеңештин алдында жаш саясатчылар уюштуруп жаткан митингди колдой турган болушту.

Орусиялык «Газпром» компаниясы Кыргызстанда мунай, газ кендерин чалгындоо иштерине 10 миллион доллар акча бөлдү. РАО ЕЭС компаниясынын каржылык колдоосу менен «ГЭС» долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Мындан тышкары Миңкуштагы уулуу зат калдыктары сакталган жерлерди тазалоо иштери башталмакчы.

Орусиялык РАО ЕЭС компаниясынын адистери ушу тапта Камбарата ГЭСтеринин курулушун аягына чыгарууга канча каражат талап кылынарын иликтеп жатышканын кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Сергей Кириенко маалымдады.

- «Камбарата – 1, «Камбарата – 2» ГЭС долбоорлору уникалдуу иш-чаралардан. Жарым жыл мурда бул теориялык гана долбоор болсо, азыр ал чынга чыгууда, биргелешкен кыйла иштер бүткөрүлдү. Түштүк Азия рыногунун шарты эске алынды. Пакистан менен Кытайдын түндүк аймактарынын керектөөсү көбөйүп баратат. Ооганстан да бар. Тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Биз азыр бул долбоордун маанисин жакшы билебиз,-дейт Кириенко.

Антип долбоор маанисине өзгөчө басым коюунун маани-жайын Кыргызстандын премьер-министри Феликс Кулов мындайча чечмеледи:

- Биздин боордош Тажикстанда 2 – 3 жылдан эң ири ГЭС курмак болуп жатышат. Андай болсо Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо биз үчүн проблема болуп калат. Ошон үчүн биз ырааттан чыкпашыбыз керек.

Курулушу аягына чыгарылчу эки ГЭСтин техникалык маселелерин тактоого бир жылдык убакыт сарп кылынат. Андан соң гана курулуш иштери башталмакчы. Айтса, орусиялык ишкерлер Каракече жылуулук электр станциясын курууга да куштар. Нарындын өйдөңкү агымында курулчу ири электр станцияларынан Кытайдын түндүк тарабына жөнөтүлчү электр энергиясына Каракече жылуулук электр станциясы да көмөк көрсөтүп турат.

Жалаң эле электр энергиясына көңүл бурулбай, эми орусиялык «Газпром» компаниясы Майлуусуу менен Кочкората шаарларынын жанындагы мунай, газ чыкчу аймактарды чалгындап чыгууга 10 миллион доллар акча бөлүп, бул иштер эмдиги жылдан тарта башталмакчы.

«Газпромнефть Азия» компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин айтуусунда, изилдөөнүн жыйынтыгы кандай чыгарын алдын-ала айтыш кыйын.

- Кен чалгындоо көрсөтөт. Азыр эч ким айта албайт. Алдын-ала айтыш өтө кыйын да. Совет мезгилинде изилденген документтердин негизинде изилденет. Негизинен ушу Кочкоратанын тегереги,-деди Болот Абилдаев.


Мунай, газ тармагында кыйла жылдар иштеп келген ири адис, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов бул иштен сөзсүз майнап чыгат деген пикирде.

- Ошол эле Майлусуунун тегерегинде, ошол эле Кочкоратанын тегерегинде абдан перспективалуу жерлер бар. Ошол жерлерден мунай да, газ да чыгышы мүмкүн. Ошол «Майлусуу – 4» деген жерде илгери газ болгон,- дейт Жумагулов мырза.

Кыйла жылдардан бери кеп болуп, сөздөн ишке өтө албай келаткан ГЭСтер курулушу менен мунай, газ кендерин чалгындоо иштерине эми жол ачылды. Анын жыйынтыгы кандай болорун эмдиги жыл көрсөтмөкчү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG