Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Экономика

Кыргызстандын ХИПИК программасына киришине каршы болгон жаштар тобу нааразылык акциясын адаттагыдай эле бүгүн дагы парламенттин алдында баштап, өкмөт үйүн, Улуттук Банк жана Дүйнөлүк Банк, Каржы министрлигин беттеп жөө жүрүш жасашты. Бул аралыкта расмий өкүлдөр Эл аралык каржы уюмдарынын миссиясы менен Кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү аяктагандыгын кабарлашууда.

«ХИПИКке жок!» деген чакырыктар менен коштолгон бул күнкү нааразылык акциясында пикетчилер Кыргыз өкмөтүн тышкы карыздардан кутулуунун башка жолдорун издебей жатат деп айыпташты:

- Эптеп бир башка жол таап чыкса болот да. Мисалы, мен, карапайым мугалиммин. Мен деле суу ичип, ачарчылыкта калсам да бир айлыгымды берет болчумун, - деди Ысыккөл облусунан келген Коробаева аттуу мугалим.

Демилгечилердин пикирлерине караганда, программага кирүү Кыргызстанды саясий, экономикалык көз карандылыкка кириптер кылат.

-Биздин жарандык коомдордун талабы - Эл аралык валюта коруна да, Дүйнөлүк Банкка да айтып атабыз: бербегиле карыз, себеби, силердин берген карыздарыңар коррупцияны гүлдөтүп атат, жанбакты кылып атат, силердин берген карыздар менен көөп атышат. Бир-эки эле адамдын чөнтөгүнө түшүп атат. Кыргыз элине жеткен жок… ХИПИКке кирсек кайра карызды улантабыз деп айтып атышат. Бул жерде биздин корко турган шарттарыбыз абдан көп,- деди «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова.

ХИПИКке кирүүдөн Кыргызстан зыян тартпайт деген жарандык лидерлердин бири Эдил Байсалов акциянын демилгечилери программанын шарттарын натуура түшүнүп жатышат дейт: - Бир дагы ресурсту ушуну биздин карамагыбызга өткөрүп бергиле же силерди башкарабыз, же мобуну-мобуну менчиктештиргиле, бизге бергиле деген сөз жок ал жерде.

Каржы министри Акылбек Жапаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыргыз өкмөтү эки аптадан бери Кыргызстанда жүргөн эл аралык каржы институттарынын миссиясы менен сүйлөшүүлөрүн аяктады. ХИПИК программасынын мындан аркы тагдырын парламент талкуулап, өкмөт чечим чыгарат.

Пикетчилер болсо сүйлөшүүлөрдүн жабык өткөндүгүн макулдук берүүнун белгиси дешет. Мындай шартта нааразылык акциялары күчөп кетиши мүмкүн. Мындай пикирин «Азаттыкка» «Элдик кеңеш» кыймылынын төрагасы Орунбек Чондоев билдирди:

- Эл анда көп көтөрүлөт. Студенттер мына азыр момунча болуп атат. Студенттер эми парламент добуш берсе окууну таштап, аянтты толтуруп, ушу жерде эч кимди чыгарбай карап турабыз деп атышат. Бул кооптуу жагдай.

Жаш саясатчылар форумунун лидери Адил Турдугуловдун айтымында, ХИПИК программасына кирүүгө Кыргызстан макулдук берсе, алардын кызматтан кетүүсү – пикетчилердин келерки талабы болмокчу:

- Эгер ХИПИКке алар киришсе, бул кыргыз элинин үнүн укпагандык болот. Бул өкмөт – элдик эмес. Эгер парламент макулдук берсе – парламент да элдики эмес. Алар ошондой чечим кабыл алса, анда өкмөт да, парламент да таратылышы керек.

Бул күнкү акциянын жүрүшүндө пикетчилер Дүйнөлүк Банктын имаратынын алдында Эл аралык валюта корунун башчысы Родриго де Ратонун өздөрү даярдаган сөлөкөтүн өрттөп, имаратты көздөй бир нече чийки жумуртка ыргытышты. 29-ноябрдан бери уланып жаткан акциялардын учурунда алар мындай кадамга экинчи ирет барышты.

Кыргызстандын ХИПК программасына киришине каршы болгон жаштардын калың тобу Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар колдоруна «Дүйнөлүк Банк+ЭВФ=оккупанттар», HIPC-Кыргызстандын мойнуна сыйыртмак», «Биз тышкы карызды өзүбүз жөндөйбүз» деген ураан-талаптарды көтөрүп турушту. Бул каршылык акциясын негизинен баш калаадагы жаштар уюмдары уюштурушкан. Ага Бишкек шаарынын тургундары, студенттер болуп баш аягы 400дөй адам катышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG