Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Экономика

ХИПК программасына каршы нааразылык акциясы бүгүн дагы уланды. Пикет “Кыргызстан ХИПКке киргизилбесин!” деген талап менен 29-ноябрдан бери уланып келе жатат. Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк Банктын миссиясы ХИПК программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

“ХИПКке жол жок!”, “ХИПК Кыргызстандын эгемендигин жана келечегин жок кылат!”, “Биз жашыруун сүйлөшүүлөргө каршыбыз!” деген ураандар жазылган плакаттарды кармаган бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Каржы жана экономика министрлигинин алдына пикетке чыгышты. Ал жерде бир-эки саат тургандан кийин акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин имаратынын жанына келишти. Өзүн Айбек Бусурманкулов деп тааныштырган “Акшумкар” коомдук жаштар бирикмесинин төрагасы пикетке чыккан максатын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

"ХИПКке кирүү деген—жүз пайыз Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюта фондуна малай болуу деген сөз. Алар энергетиканы, суу жана башка кен-байлыктардын баарын алар колуна алышат да, Кыргызстанды толугу менен башкарып калышат. Дүйнөлүк практикадан эле көрүп атпайбызбы, ХИПКке кирген мамлекеттердин баары артына кеткен, өнүгүүдөн калган. Ошондуктан, биз Кыргызстандын ХИПК программасына киргенине каршыбыз."

Пикеттин дагы бир катышуучусу Сагынбек Момбеков Кыргызстанды мурдагы бийлик карызга батырып кеткен, ал эми азыркы бийлик аны өндүргөндүн ордуна кыйынчылыктан оңой жол менен кутулууга аракеттенип жатат дейт:"Бакиев менен Кулов бийликке келгенде ошол Акаевдин адамдарды жеп кеткен акчанын баарын кайрып ордуна апкелебиз деген убадалар менен келишкен. Кана айтылган сөздүн орундалганы. Тескерисинче эптеп өздөрү бийликте турган кезде карыздан кутулууну ойлоп атышат. Биздин ХИПКке кирбей эле төлөй турган эки миллиард доллар жаныбызда эле турат, Акаевдин кадрлары бүт миллиондогон акчаны чөнтөгүнө салып, андан банктарга салып коюшкан. Ошого жетпей жатпайбызбы, кур дегенде.."

Кыргызстанды карызы кечиле турган жакыр өлкөлөрдүн катарында ХИПК программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр 29-ноябрдан тарта кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын атайын миссиясынын ортосунда жүрүп жатат. Өкмөт эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктамайынча кандай шарттар коюлуп жаткандыгын ачыктоого каршы болууда. Ал эми президент Бакиев кечээ парламентке келип сүйлөгөн учурунда ХИПКке Кыргызстан өзү сунуш кылган шарттарда гана кирерин билдирген:"Эгерде Кыргызстан сунуш кылган, биздин талаптар менен ХИПКке кирсек, биздин бир миллиард долларга жакын карыздарыбыз кечилсе, мунун эмнеси жаман..? Эмгек акыларды көтөрүүгө шарт түзүлөт, тышкы карыздарды төлөө токтойт. Эч качан бизди бирөө башкарып калбайт."

Бирок айрым депутаттар президенттин сөзүн кескин сынга алышты. Депутат Азимбек Бекназаров Кыргызстандын ХИПКке кирүүсүнө эң алды менен ошол карыз берген жана аны “кечүүгө” даяр турган тарап кызыкдар болуп жатат деген ойдо: "Биздин таза сууларыбыз бар, ак мөңгүлүү тоолор турат эч бир кол тийбеген. Жакынкы арада эле таза суунун баасы нефтинин баасынан кымбат болот. Ошондуктан, алардын Кыргызстанга кызыга турган жагы бар. ХИПКке Кыргызстанды киргизүүгө эң биринчи алар кызыкдар болуп жатышат."

Азимбек Бекназаров Башмыйзам боюнча жаратылыш, кен-байлыктын баары элге тиешелүү, бийликтин элден жашырып, өз алдынча кандайдыр бир чечим кабыл алууга укугу жоктугун кошумчалап кетти.

Айрым депутаттар кыргыздар мындан да оор кыйынчылыктардан чыгып келген, ошондуктан ХИПКке кирбей эле башка жолдор менен карыздан кутулуп кетүүгө болорун белгилешүүдө:

"Эгерде ХИПКке кирбесек, кандай кылуу тууралуу өкмөттүн альтернативдүү программасы болушу керек эле. Алар эки программаны бирдей элге сунуштоого тийиш болчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн тышкы карыздардан кутулууга ХИПКтен башка дагы ондогон жолдор бар. Бул жолдор татаал жолдор, бирок мындан да оор, мындан да татаал кыйынчылыктардан ата-бабаларыбыз чыгып келген, биз да чыгып кете алабыз",-дейт депутат Тайырбек Сарпашев.

ХИПК программасы боюнча Дүйнөлүк банктын атайын миссиясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү 15-декабрга чейин болот.

Кечээ президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө экономикалык реформага басым жасап, анда энергетика тармагынын ролу чоң экендигин белгилей кетти. Парламентте айтылган энергетикалык демилелер тууралуу кабарчыбыз Венера Сагындык кызы Жогорку Кеңештин депутаты Райымбек Мамыровду кепке тарткан.

- Президент Бакиев экономикалык өнүгүүгө салым кошула турган долбоорлор катары Бишкек жылуулук борборун сатуу, Камбарата ГЭСинин, Нарындагы электр станциялардын ээлерин алмаштыруу сунуштарын айтты. Өкмөттүн бул демилгеси эл турмушун жакшырта алабы?

-Кечээ президент депутаттар менен жолугушуп өздөрүнүн ойлорун бөлүшкөнүнө абдан ыраазы болдум. Президент экономика боюнча койгон маселелеринин ичинен энергетика тармагында жасала турган жумуштарды атап кетти. Ошолордун ичинен Бишкек жылуулук борборун башкарууга берүү, Камбарата ГЭСинин курулушу тууралуу биз менен бирдей эле ойлорун айтып кетти. Мен депутат катары бул маселелерди өзүм да көтөрүп келе жаткам. Ошол эле Камбарата бир, эки ГЭСинин курулушу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кесиптешим Осмон Артыкбаев экөөбүз демилге көтөрүп чыкканбыз. Тилекке каршы, эки-үч айдан бери парламентте, өкмөт тарабынан коё тургула деп каралбай келе жаткан. Кечээ президент ушул маселени депутаттардын алдына коюп, биринчи кезекте карап берсеңер деген сунушун койду. Бул абдан жакшы.

- Бул мыйзамдар кабыл алынса, жаңы жумуш орду ачылып, элдин электрге болгон муктаждыгын канааттандыруу иштери жакшырабы?

-Биринчиден, Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСинин курушулу башталды. Бирок салкын жүрүп жатат. Анын курулушуна республиканын күчү жетпегендиктен чет элден инвесторлорду тартышыбыз керек. Эгер ал мыйзам ишке ашып кала турган болсо чет элден инвестия келгенге жол ачылат. Экинчиден, Каракөл шаарында Нарын гидрокурулушу азыр чоң акционердик коом. Анын көп курулушчулары ишсиз башка жактарга кетип жатканы, энергетикада адистер аз болгондугу бул абдан начар көрүнүш. Менимче сөзсүз кошумча жумуш орундарын камсыз кылыш керек. Ал эми Бишкек жылытуучу борборунда экономикалык маселелер көбүрөөк. Себеби деген жыл сайын БЖБда бир миллиарддан ашык анын жумушуна кошумча каражат бөлүнөт. Ал жылуулук борбордон чыккан электр энергиянын баасы продукция сырттан келип жаткандыктан кымбат болуп, республиканын элине бөлүнөт. Биздин оюбуз боюнча жылуулук энергетика борборун (ТЭЦ)ти электр станцияларынын карамагынан чыгарып, өзүнчө бир ишкана кылып, жаңы же башка бирөөлөрдүн инвестициясына берсе же концессияга окшогон мамилелерди жасай турган болсо иш оңолот.

- Мурдакы президент Акаевдин тушунда өкмөт өзбек газынан биротоло баш тартабыз. Жалаң электр энергиясы менен жылытууга өтөбүз андан тышкары күндүн энергиясы менен жылытуу системасын киргизебиз деген пландарды айтып, тилекке каршы ишке ашпай калды. Эми жаңы бийликтин энергетикалык стратегиясы кандай. Азыр элдин көбү жалаң электрдин күчү менен жылынып, тамак ичип отурушат?

-Чынын айтканда Өзбекстандын газынан 100 пайыз кутулабыз деген туура эмес. Себеби деген газы жок жашоо жок. Анын жалпы салмагын азайта болот. Бизде көбүнчө жергиликтүү көмүрлөрдү колдонуу шарт болуп турат. Бирок 100 пайызга электр энергиясына өтөбүз деген туура эмес. Бул дүйнөлүк практикада да жок.

- Энергетика коопсуздук менен тыгыз байланыштуу тармак. Бшкек жылытуучу борборлорун казак фирмалары сатып алышы мүмкүн, Камбарата ГЭСнин жарым ээси Орусиялыктар болушу мүмкүн деген маалыматтар бар. Башкы стратегиялык обьектилердин коопсуздугун ким көзөмөлдөйт?

-Бул жерде биз Камбарата ГЭСин сатып жибериш деген сөз жок. Камбарата ГЭСи азыр жок. Анын болгону 40 пайызы курулуп бүткөн. Андан башка эч нерсеси жок. Ошону Кыргызстан менен чогуу куралы деген биргелешкен ишкана ачып туруп, келишимди Жогорку Кеңешке алып келип, биз менен макулдашсын деп айтып жатабыз. Бирок контрольный пакети Кыргызстанда калсын деп жатабыз. Ал эми Бишкек жылытуучу борбору жөнүндө чоң маселе турат. Анын сатышы жөнүндө сөз жок. Себеби ал борборду сатып алуучулар да болбосо керек. Анткени бул экономикалык жактан пайдасыз нерсе.

- Энергетика тармагындагы обьектилер каякка өтсө анын коопсуздун кепилдөө кимдин мойнунда болот?

-Кыргыз мамлекети алыш керек. Кечээ президентибиз энергетика тармагында министерство ачуу тууралуу жакшы сөз айтып кетти. Бул маселени биз былтыр да көтөргөн болчубуз. Ал министрлик бир гана электр энергетика эмес, көмүр, суу, газ, нефт ж.б. кендерди иштетүү тармактарынын башын бириктириши керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG