Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Экономика

7-декабрь күнү Барскоон кырсыгынан жабыркагандар “Кумтөр голд компани” ишканасынын Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Алар ишкана жетекчилигинен мурда убада кылынган компенсацияны толугу менен төлөп берүүсүн талап кылышууда. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү тарабынан "Кумтөр" алтынын казып алуу боюнча мурда түзүлгөн келишимди кайра карап чыгуу зарылдыгы тууралуу сөздөр болууда.

“Коррупциянын башаты—Кумтөр-Камеко! Кумтөр-Центерра, сен экологиябызды талкалап жатасың! Кумтөр, биздин жоготууларыбызды төлөп бер!” деген талаптар жазылган плакаттар менен турган барскоондуктар өздөрүнүн пикетке чыккан максатын төмөнкүдөй түшүндүрүштү:

-Бизге убада кылышкан компенсацияны беришсин! Беш айдан бери алдап келе жатышат. Элдин баары ооруп атышат, ооруканага кайрылып, дарыланууга акча жок. Мүрзөлөрдө жалаң жаштардын мүрзөлөрү толуп кетти. Мунун баары ушу компаниянын сууга төккөн уусунан улам болуп атат. -деди өзүн Закия Чыпаева деп тааныштырган аял

Нааразылык акциясынын катышуучулары Кумтөрдүн алтынын чет элдик ишкерлер өтө арзан баада казып алып, муну менен жергиликтүү жаратылышты, аба менен сууну булгап жаткандыгын да айтып жатышты.

“Карек” коомдук уюмунун жетекчиси Аскарбек Өмүралиев кыргыз өкмөтү алтын кенин казуу боюнча 1992-жылы түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууга тийиш деген оюн билдирди.

Түштөн кийин нааразылык акциясынын катышуучуларына ЖК депутаты Эркинбек Алымбеков келип жолугушуп, барскоондуктардын беш өкүлү анын коштоосунда "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Эндрью Льюиске кирип жолугушту.

“Карек” коомдук уюмунун жетекчиси Аскарбек Өмүралиевдин маалымдашы боюнча, компаниянын президенти пикетчилерге бир жума ичинде 1 млн доллар компенсацияны төлөп берүүгө жана цианидден жабыркаган айылдардын чарбасына жардам берүүгө сөз берген.

Кумтөрдөгү алтын кенин казып алуу тууралуу келишим мурдагы бийлик тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн жана чет элдик ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн гана түзүлүп калгандыгын айрым адистер жана саясатчылар көп эле кайталап келе жатышат. Тоо-кен ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев келишимди кайра карап чыгууга мезгил капкачан эле жеткендигин айтат.

Быйылкы жылы "Кумтөр" алтын казуучу компания тарабынан кыргыз мамлекетинин эсебине төлөнгөн салык өтө азайып кеткендигин, алар үстүбүздөгү жылы мобилдик оператор “Бител” төккөн өлчөмдө гана салык төлөшкөндүгүн каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров маалымдаган.

Министрдин сөзүнө жооп кылып “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы дайыма өзүнө алган милдеттенмелердин баарын аткарып, салыктарды чып-чыргасын коротпой төлөп келе жаткандыгы тууралуу маалыматты басма сөз каражаттарына тараткан. Ишкана маалымат кызматы билдиргендей, компания үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 979 миллион сомго жакын салык төлөгөн. Мындан тышкары Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө, социалдык камсыздоо жана пенсиялык фондуна 75 миллион сом которгон деп жазылат маалыматта.

"Кумтөр" алтын кенин казып алып жаткан “Кумтөр оперейтинг” ишканасы жай айларында ал жерге жакын аймактан дагы 70 тонна алтындын запасын табышканын айтып чыккан. Бирок азырынча бул алтынды казууга алардын укугу барбы же жокпу деген талаш кыргыз өкмөтүнүн өзүндө болуп келе жатат.

Өкмөт алдындагы тоокен, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Владимир Зубков аталган кен “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасына берилген 10 миң 70 гектар жердин аймагында жатат, ошондуктан, аны иштетүүгө канадалыктардын толук укугу бар десе, каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров бул кен канадалык ишкерлерге чейин эле аныкталгандыгын жана ага өзүнчө тендер жүргүзүлүүгө тийиш экендигин “Азаттыкка” берген маегинде баса белгилейт:

-Мурунку мурунку менен кете берсин, бирок азыркы табылган жаңы алтын боюнча биз жаңы келишим түзүүгө тийишпиз. Мурдагы кемчиликтерди кайталабай, келишимдерди түзүп, парламент аркылуу ратифициялашыбыз керек. Мындан ары кыргыздын алтыны кыргыз элине кызмат кылууга тийиш, -дейт Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын эларалык каржы уюмдарынын HIPC демилгесине кошулуусуна жаштар менен бейөкмөт уюмдары каршылык билдирүүдө. Кечээ алар Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында эларалык каржы уюмдарынын аты жазылган каракчыны өрттөшүп, Улуттук банк, өкмөт үйүнүн жанында пикет өткөрүштү.

Тыш карыз, HIPC тууралуу ушу тапта оголе көп сөз болуп, эмнеликтен Кыргызстан дүйнөнүн эң кедей делген өлкөлөрдүн арткы катарынан орун алып калышынын себеп-жөнү, анан да алынган карыздардын эсеп-чоту жайында калыс пикир, ачык маалымат айтылбай келатат.

Жазуучу Ахунбай Кошоев мурдагы, азыркы бийлик иштин негизги чоо-жайын айтпай, баарын жашырып келүүдө, деген пикирде:"Келерки жылдан баштап тышкы карызды төлөш керек. Ошону төлөгөнгө иштеп, өндүрүштү өнүктүргөнгө көздөрү жетпей, булар ХИПИКке бизди киргизип мурда уурдалган 2 миллиард доллардын 1 миллиардын ушул программа менен жаап, чыгып кетүүнүн амалын жасашууда. А.Акаев ушул ахывалга жеткизди."

Ушул эле ойду белгилүү ырчы Сагымбек Момбеков да колдойт:"Төлөй турган адамдарды сурай албай жатышат. Бул Ф.Куловдун алсыздыгы. Бул К.Бакиевдин алсыздыгы."

Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттери Назгүл менен Айбек сабактарын таштап нааразылыгын билдирүүгө келишкен. «Бизди мугалимдер айдап алып антимитингге алып барышчы эле, бул жерге өзүбүз келдик» дешет алар.

Назгүл: "Бул ХИПИКке кирип калсак, көз каранды болуп калабыз да. 500 сомдон стипендиябызды бере алабыз."

Айбек: "ХИПИК деген сөз бул начар, эң өнүкпөгөн мамлекет дегенди билдирет."

Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдындагы пикет эларалык каржы уюмдарынын аты жазылган каракчыны өрттөө менен жыйынтыкталды.

Жол боюна каракчы орнотуп аны өрттөө мыйзамга каршы келерин улам-улам эскертип жаткан Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси Талант Шатманов милиция кызматкеринин эскертүүлөрүнө карабастан, бул жерде өрттөгөндүгү үчүн алар жооп бериши керек деп билдирди.

HIPC демилгесине Кыргызстандын киришине каршы чыккандардын катары күндөн-күнгө арбып баратат. Өз өлкөсүнүн ушунчалык оор абалга кептелгенине нааразы болгон жаштар колунан келген каражатты чогултуп, кыйын абалдан чыгуунун амалын баарылап издөөнү белгилешүүдө. Жаштардын демилгеси азыркы бийлик төбөлдөрүнө жетеби-жокпу, бул да азырынча белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG